Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:16

Эркиндик

Эрки күчтүү, жаш лидерлер барбы?

Мындан жыйырма жыл мурда жаштар, студенттер коммунисттик режимге каршы чыгып, марш өткөрүшкөн. Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна ошол кездеги студенттердин да салымы зор экени айтылып келет. Серепчилер азыркы студенттерде жыйырма жыл мурдагыдай дарамет да, эрк да жок экенин айтып келишет.

1990-жылы демократиялык реформаларды колдоп, 100 миңден ашуун киши Москвада чогулган.
x
1990-жылы демократиялык реформаларды колдоп, 100 миңден ашуун киши Москвада чогулган.
Текст көлөмү - +
1985-жылдары Михаил Горбачевдун тушунда айкындуулук, кайра куруу кезинде элде жандануу пайда боло баштаган. 1990-жылдардын башында өлкөдө Кыргызстан Демократиялык кыймылы жаңыдан түзүлүп, анын башкы талап, максаттарынын бири – эгемен мамлекеттин пайдубалын түзүү болгон.

Мындан сырткары социалдык теңсиздикке каршы чыккан демилгечи жаштар алгач эле ачкачылык жарыялоо менен баштап, алардын саны жүздөп саналган. Аларды өлкөдөгү студенттердин көбү колдоп чыгышкан. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Жыпар Жекшеев айтты:

- Бизден кийин 112 депутат өзүнүн демократиялык тобун түзүштү. Ал эми бизди артыкча Улуттук университеттин студенттери Тынчтыкбек Чоротегиндин демилгеси менен арабызга кошулуп, активдүү катышып, колдогон.

Жыпар Жекшеев
Кысымдан корккон жаштар, лидерге үмүт


Серепчилердин баамында, ошол кезде бийлик жаштардын ой-пикири, сунуштары менен эсептешчү, ал тургай айрым кыймыл-аракеттеринен сестенип да турчу. Жаштардын кандайдыр бир маселени ишке ашырууда эрки да, дарамети да чоң болчу. Башкача айтканда, ал жылдары студенттер, жалпы эле жаштар чоң күч катары каралчу. Бирок Ж.Жекшеев азыркы жаштарда мурдагыдай чечкиндүүлүк байкалбайт деген ойдо:

- Азыркы студенттерден, жаштардан мурда, 1990-жылдагыдай коркпой, эрктүү, чечкиндүү аракеттерин көрө элекпиз. Себеби кандайдыр бир кысымдан коркобу, окуудан куугунтукталабыз дешеби, айтор ал убакта кылчактабай, дароо ишке киришип кетээр эле.

Жыпар Жекшеевдин айтымында, кыргыз тилинин мамлекеттик тил болуп калышына да дал ошол жаштардын таасири зор.
Бизде, мисалы, орус тилинен берген эки окутуучу бар, алар биздин жоопту угуп күлө беришет.


Улуттук университеттин жаштар комитетинин лидерлеринин бири, “Жаштар коррупцияга каршы” тобунун жетекчиси Улан Орозбаев учурда жаштардын айрым иштерге кайдыгер экенине ынанганы менен, ал кезде башкача система, идеология болгондугун айтат.

Анын айтымында, учурда жаштардын арасынан алдыга үндөп, сүрөй турган, ишеничтүү лидер жок:

- Ал убакта башка система, башка идеология, башка менталитет, башка баалуулуктар болчу. Азыр жаштар материалдык байлыкка өзгөчө көп көңүл бурушат. Бир жагынан жаштарга да жакшы мисал болбой жатат. Эгер андай лидер болсо башкача болмок. Базар экономикасы убагында ар бири өз улуту, өз үй-бүлөсү жөнүндө ойлойт. Чындыгында индивидуалдык аң-сезим болуп калды. Балким мыкты лидер бар, бирок азырынча жаштар аларды көрө албай турат, же лидерлер иши менен өздөрүн көрсөтө албай турат.

Жаштар өз укуктарын билишпейт

“Азаттык” жыйырма жыл мурдагыдай студенттердин маршын өткөрүүгө азыркы жаштардын эрки жетеби деген суроо менен студенттерге кайрылды:

Аскар: Биз азыр 1-курста окуйбуз, андай деле маселе боло элек.

Зарина: Бары бир кандай болсо да окутуучулар жеңип кетет да, ошондуктан унчугушпайт.

Мирлан: Азыр эч кимде эрк жок. Чыгышпайт го.

Эркин: Азыр корккондон чыкпайт го дейм. Азыр көптөрү эле акча менен бүтүрүп калбадыбы. Коркушат да, балким декандын “крышасы” барбы, ким билет, андайлар көп эле болуп жатпайбы.
Азыркы студенттерден, жаштардан мурда, 1990-жылдагыдай коркпой, эрктүү, чечкиндүү аракеттерин көрө элекпиз.


Чолпон: Биз өзүбүздүн укугубузду коргой албайбыз. Бизде, мисалы, орус тилинен берген эки окутуучу бар, алар биздин жоопту угуп күлө беришет. Алардын күлгөнүнөн билген нерсебизди да айта албай калабыз. Аларды эмнеге күлүп жатасыңар деп айта албайбыз да. Биз айтсак алар өчөшүп окуудан айдап жибереби деген да ой пайда болот.

Бишкек шаарында билим алган айрым студенттердин көбү алдыга сүрөй турган, эрки күчтүү лидердин чыгышын күтүп жаткан өңдүү. Аны да убагы келгенде сөз кыларбыз...

Тасмада: Алгачкы анти-коммунисттик каршылыкка - 20 жыл

Мындан 20 жыл мурда 25-январда кыргызстандык жаштар, студенттер алгачкы жолу өз укуктарын коргоп, Ала-Тоо аянтына демонстрацияга чыгышкан.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Асылкан каяктан: Ош
29.01.2010 12:08
Азыркы жаштар алсыз, күчсүз деген сөздөргө мен толугу менен кошулам, мен ага өзүмчүл, эгоист деген сөздөрдү да кошкум келет. Буга мен улуу муундарды күнөөлөйт элем биз жаштар ошолордун тарбиясын алып, ошолордун эл сатканын, жер сатканын, пара алганын көрүп чоңоюп жатабыз. Мектептерде болсо мурдагыдай күчтүү, патриот мугалимдер жок. Мугалимдин авторитети да жок, билимдери да төмөн болуп жатпайбы. Анча-мынча окуучулар кээ бир мугалимдерден жакшыраак билет көп нерсени. Мурда окуучулар билимине карап бааланса, азыр кийимине, байлыгына карап бааланып калган. "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деген заман азыр. Мурда билимдүүлөр билимсиздерге үлгү болуп тарбияланчы эле, азыр билими "0" болгону менен акчасы көп ошолор "үлгү" болуп калышкан. Окууучулар менен сүйлөшүп олтуруп келечекти көрө албай, туман болуп кайда кетип жатабыз деп чочуп кетем. Жаштардын арасында лидер, патриот чыгуусу үчүн тарбияны күчөтүшүбүз керек. Тарбия үйдөн туура болуусу керек. Мугалимдерди туура тандап, беделин көтөрүшүбүз керек. Ошол эле учурда мугалимдер да татыктуу үлгү боло турган адам болуусу керек. Азыр өз билими менен окуп жаткандар аз, азыр акча окуп калган. Ошон үчүн өзүнө ишенип чыга албайт. Бир деме десе айдап жиберет. Арыздана албайт, себеби башында эч нерсе жок боппош, жапжаңы бойдон. Азыр эң начар окуган баласын "мугалимдикке" окутуп калышкан. Ыйман, ызат деген сапаттар жаштардын 90 процентинде жокко эсе. "Балык башынан сасыйт" демекчи тарбия берүүчүлөр "сасып" атпайбы анан кайдагы эрки күчтүү, патриот жаштар чыксын.

кимден: koldyk kyz
29.01.2010 06:44
Урматтуу Нурлан, сиз айткандын баары туура, бирок ошол талаптарга күрөшүш керек болуп жатпайбы.

кимден: Нурлан
27.01.2010 21:16
Кызык экенсиңер.Жаш лидер чыкса эле эмнени кыйратмак!Ал лидер эмне деп чыгат?Коомго бул азыр керек эмес.Коомго жумушчу орун,иш,жакшы айлык,арзан турак-жай,бала-бакча,жакшы машина,укугу корголгондук керек.Реалдуу турмушка жакындагылачы,замандаштар!Кайдагы жок нерселерди айтпай.

кимден: нуртаза каяктан: бишкек
27.01.2010 00:07
жаштардан лидер болуп бироо чыкса, эртеси киллер болуп бироосу олтуруп кетип жатпайбы. Анан дагы азыркы кундо жаштардын материалдык каражаты жок. Жыпар мырза сизге коркунуч туулса Америкага качып кетесиз, менин уйго барып келгенге жолкирем жок олтурам. Жаш лидер чыкса чогулуп уй алып бергиле, коопсуздугун камсыз кылгыла. Силер жашынарда мамлекеттик чиновник болуп, байлыкты басып койгонсунар. анан эле жаштар жаман дейсинер. олгондо корго алып кете тургансыбай жаш лидерлерди келечек учун колдогула, ЧЫГАЛЫ.

кимден: немис каяктан: Германия
26.01.2010 20:22
Эмне үчүн азыркы жаштардын жыйырма жыл мурдагыдай студенттердин маршын өткөрүүгө азыркы жаштардын эрки жетпейт? Себеби, мурда, союз учурунда орустар сыяктуу жакшы турмушка жеткенге аз эле адамдардын колунан келчү. Көпчүлүк кыргыз эли шаарда кара жумушта, айылда жер иштетип, же мал багып оокат кылчу. Орустардын жаш адистери Кыргызстандын шаар жерлерине атайын багыттама менен СССРдин булуң бурчунан чакыртылып, жакшы, башкаруучу жумуштарга койуп, баардык жашоого жашы шарттарды түзүп беришчу. Мурдакы Фрунзеде 90 пайызын орустар, славяндар ж.б. улуттар түзүп турчу. Кыргыздын шаардагы негизги санын студенттер эле түзүп турчу. Алардын кээ бир бөлүгү орустун батирлеринде жашашчу, көпчүлүгү жатаканаларда турчу. Айылдан келген жаштар мурдакы Фрунзеден жер алган жөнүндө ойлосо керек, бирок кыйалдарын да эле болсо керек, а чынында менчике жер алуу мүмкүн эмес болчу. Өзүнүн жеринде кыргыздарды орустар "национал" деп аташчу. Мына ушул сыяктуу коммунистик бийликтин терс көрүнүштөрү 70 жылдын ичинде элди басынтып, чыдоонун чегинен ашып кеткенде, анан жаштардын чоң кыймылы болгон. Азыр Бишкектин тегерегинде аябай көп жаңы конуштар курулду, кыргыздын саны мурдагы Фрунзеге салыштырмалуу көп эсе өстү, азыр кыргыздардын саны орустарга ж. б. улуттарга караганда көп. Азыркы учурда жаштар көрүп атат, улуу муундагылардан түзүлгөн оппозициянын күчү тайып калганын, ошол лидерлердин арасында саткындар көп болгонун көрүштү. Улуулардын колунан келбеген, азыркы жаштардын колунан эмне келмек эле деп отурушат. Акыркы 4 жылда, ушул сыяктуу терс мисалдарды көрүп атып, жаштардын духу түшүп калган. Азыркы жаштардын духун көтөрүп, эрчите турган, акыл-эстүү, эр жүрөк, эч нерседен тайманбаган, күчтүү лидер керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине