Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:15

Маданият

Омар: “Биринчи айлыгым 100 сом болгон”

Жакында гана АКШда окуп келген ырчы Омар “Азаттык плюс” уктуруусунун коногу болуп, чет өлкөдөн топтоп келген тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын пикиринде Кыргызстандагы ырчылык өнөрдүн деңгээлин көтөрүү үчүн которулган ырларга жол бербөө керек.

Ырчы Омар
Текст көлөмү - +
 Азаттык+: Бир гана Кыргызстанда эмес чет өлкөлөрдө да атын таанымал ырчылардын бирисиң. Сен үчүн ырчылык өнөр деген эмне?
Омар: Биринчиден, ырчы бул мыкты артист. Өз кесибинин майын чыгарган адам. Таланттан башка да көптөгөн талаптар бар. Заман агымынан артта калбашы керек.

Азаттык+: АКШга барып келип, эки өлкөнү салыштырууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн экен. Ал жактагы жарандар которулуп ырдалган ырларга кандай көз карашта?

Омар
: Чынын айтсам, АКШда андай көрүнүштөр жокко эсе. Бир ырчынын көзүн карашпайт. Ырчылар түрдүү багыттарда ырдашат. Ал эми бизде бул өндүү көрүнүштөргө өзүңүздөр билгендей көзөмөл деле жок.

1-угарман: Ырчылык сиз үчүн хоббиби, акча табуунун жолубу же талантты көрсөтүүнүн бир ыкмасыбы?

Омар: Адам ар түрдүү болот. Мисалы мага ырчылык өнөр көбүрөөк берилген. Бирок бир эле жерде туруп калуу туура эмес деп ойлойм. Өзүндү ар тараптуу сына деген көз караштамын. Ошондо гана чон ийгиликтер жаралса керек. Ошондой эле өзүң үчүн да рахат алууга болот.

Азаттык+: Кыргызстандагы шоу-дүйнөсүнө кандай баа берет элениз? Мындан да өнүгүшү үчүн эмне жетишпейт?

Омар: Кайсы бир нерсе жетишпейт деп айтуудан алысмын. Ушул эле кадам менен иштей берсек, баары өз ордуна келет деп ишенем. Ал эми өнүктүрүү үчүн ар бирибиз аз да болсо өз салымыбызды кошсок жакшы болот го деген ойдомун.

2-угарман: Кайсы акын жана композиторлор менен иштешесиң жана ыр жаратуу көрүнүшү кандай ? Дегеле ыр жаратуунун сыры эмнеде?

Омар: Ыр чыгаруу учуру ар кандай болот. Кээде илхам келип, дароо ак баракка түшүрүп калайын деп аракет кыласын. Айрым учурларда акындар менен иштешесин. Менде көп учурда көчөдө бара жатканда бир обон оюма келе калып дароо диктофонго түшүрүп калам.

Азаттык+: Музыка тануучулар айтып келишет. Айрым жаш ырчыларга орусча акцент менен ырдоо модага айланып бараткандай сезилет деп. Бул багытта кандай оюң бар?

Омар: Мен ойлойм, эң туура эмес көрүнүш деп. Анткени кыргызча ырдап жаткандан кийин нукура кыргыз тилинде ырдашыбыз керек. Бул көрүнүш өз тилин сыйлабагандыкка жатып калат го.

Азаттык+: Эң алгачкы эмгегин тууралуу айта кетсен? Ким болуп иштедиң эле ?

Омар: Негизи көп эле жумуштарда иштеп калдым. Эң биринчи эмгегим эч оюмдан кетпейт. Машина жууп иштеп калгам. Биринчи айлыгым жүз сом болгон.

Азаттык+: Рахмат, анда! Ийгилик!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Nurgul каяктан: Kanada
27.08.2010 10:39
Kyrgyz tili olyp, unutulup bara jatkan til. Kyrgyz tiline da salymyngdy koshsong. Iygilikter saga.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)