Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:15

Эл үнү

Конституциянын жаңы долбоору эки тилде гана чыгышы керекпи?

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору кыргыз жана орус тилдеринде гана чыгышы керек”. Мындай ойлорун бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү 3-июнда маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, Конституциянын долбоору өзбек тилинде чыга турган болсо, өлкөдөгү калган улуттардын укугу басмырланат.

“Манас Эл”, “Ак Шумкар Кут” уюмдарынын өкүлдөрү маалымат жыйынында, 3-июнь, 2010
x
“Манас Эл”, “Ак Шумкар Кут” уюмдарынын өкүлдөрү маалымат жыйынында, 3-июнь, 2010
Текст көлөмү - +
Ошол эле учурда Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү Кыргызстанда өзбек улутундагы жарандар көп болгондуктан долбоордун калктын калың катмарына жетиши үчүн мындай иш жасалганын белгилешет. Ал эми кээ бир серепчилердин пикири боюнча Конституциянын жаңы долбоорунун үч тилде чыгышында саясий себептер да болушу мүмкүн.

“Манас Эл”, “Ак Шумкар Кут” өңдүү бир катар жаштар уюмдары элдин калың катмарына жайыла турган Кыргыз Республикасыны Конституциясынын жаңы долбоору кыргыз жана орус тилдеринде гана чыгышы керек деген ойду карманышат. “Ак Шумкар Кут” уюмунун өкүлү Мирхамид Токтогул уулунун пикиринде, жаштар долбоордун үч тилде чыгаарына нааразы болушууда:

-Кайсы бир деңгээлде саясий упай топтош үчүнбү, же болбосо жагынуу ирээтиндеби, же чындап эле ынтымакка келтирүү ирээтиндеби - булар так белгисиз. Кыргызстанда уйгур деген улут бар, дунган улуту бар. Алардын да талабы бар, алардын да суроо-сопкуту бар. Ошон үчүн ушул сыяктуу аракеттерди биз чагымчыл аракет катары тааныйбыз. Биз долбоордун өзбек тилинде да чыгарылышы биринчи кезекте бул Конституцияны бузгандыкка жатат деп ойлойбуз.

Мындай ойго жаш активист Мавлян Аскарбеков да кошулат. Ал долбоордун үч тилде чыгышын саясий оюн катары баалайт:

- Кандайдыр бир саясий оюн болуп жатышы мүмкүн. Келе жаткан күздө бизде, буйруса, шайлоо болот. Ошол шайлоого кандайдыр бир топ топтоо, үн топтоо же кандайдыр бир саясий рейтингин көтөрүү максатында Текебаев Өмүрбек Черкешович ушундай туура эмес жолдорго түшүп жатат деген ойлор бар.

Жаштар кыймылдарынын өкүлдөрүнүн айтымында, алардын талап жана сунуштарына Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жооп бериши керек. Мындан сырткары алар Кыргызстанда өзбекче билген адамдар айтылгандан алда ганча аз экендигин, долбоорду өзбекче чыгарууга муктаждык жок экенин белгилешет.

Ал эми Убактылуу Өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаевдин кеңешчиси Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, долбоордун өзбек тилинде чыгышы эч кандай деле саясий максатты көздөбөйт:

- Өзүңөр билесиңер, Кыргызстанда миллиондон ашык өзбек улутундагы жарандар бар. Ошондуктан алар да толук кандуу боло турган референдумга жаран катары катышып өзүнүн добушун бериши керек. Албетте юридикалык маселелер көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок мыйзамда, башка тилдерде чыгарууга болбойт деп жазылган эмес. Болгону гана бизде кыргыз тили мамлекеттик тил, орус тили расмий тил деп жазылган. Конституциянын жаңы долбоорунун үч тлде жарыяланышын Кыргызстандын келечегин көздөгөн кадам катары кабыл алыш керек.

Бирок кээ бир саясий серепчилер Конституциянын жаңы долбоорунун үч тилде чыгышында саясий себептер бар экенин, бул аракет кайсы бир адамдар тобунун өзбек улутундагы жарандардан добуш топтоого багытталганын баса белгилешет. Саясий серепчи Табылды Акиров бул багытта мындай оюн билдирет:

-Азыркы бийликтеги партиялар парламенттик шайлоого даярданып жатышат. Ошондуктан бул нерсени кайсы бир деңгээлде өзбек калкынын да көңүлүн өзүнө тартып, алардын добуштарын алууга жетишүү аракети деп да айтсак болот.

Конституциянын жаңы долбоорунун үч тилде чыгышына Бишкектин тургундары кандай карашат? Деги эле долбоор кайсы тилде чыгышы керек? Бул суроо менен Бишкек тургундарына кайрылдык:

Руслан: Кыргызча эле чыгыш керек го...

Азат: Өзүбүз Кыргыз мамлекетинде жашагандан кийин өзүбүздүн тилде эле болгону жакшы го. Орус тилди болсо расмий болгондуктан колдонууга болот.

Гүлмира: Орусча, кыргызча, англисче деп ойлойм.

Ал эми Бишкекте окуп жаткан өзбек улутундагы кыргыз жарандары Конституциянын жаңы долбоорунун өзбекче чыгышы долбоордун аймактардагы өзбек улутундагыларга жетиши үчүн пайдалуу экендигин айтышат. Студент Сардордун айтымында, долбоор өзбек тилинде чыкса жаман болмок эмес:

-Мен да өзбек улутундагы Кыргызстан жараны болуп, ошол Кыргызстанда жашагандан кийин, мыйзам укуктары бизге да тең байланышта бөлүнгөн үчүн өзбек тилинде чыкса жакшы болот. Албетте кыргыз тилинде чыкса жакшы болот, орусча чыкса да жакшы болот. Ал эми өзбекче чыкса андан да жакшы болот. Эмнеге дегенде Ош, Баткен жактарда өзбек туугандар көп.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору бир жарым миллион нуска менен өрөөндөргө 7-июндан баштап толук түрдө таркатыла баштайт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: кыргыз каяктан: Австралия
13.06.2010 11:39
Кыргызстанда эки тилди мыйзам катары коргондон кийиин эки тилче эле чыгыш керек ...Кыргызча жана орусча ...

кимден: эже каяктан: оштон
09.06.2010 09:46
Өзбекче чыгаруу бул дагы бир катачылык, биздин чоң катабыз бардыгы кыргызча болбогонунан, анча мынчаларды башкаларга билип кереги деле жок, алар өз бизнеси байлыгы менен өз жанын багып жүргөндөр, биринин кылы кыйшайбайт бизде бир кырсык болсо. Ушунчалык жагынуу кимге керек, ким көрүнгөндүн этегине намаз окуп келе берген кайран шорлуу эл.

кимден: Темирчын каяктан: Россия
07.06.2010 23:03
Озбектерге биринчиден жер бердик,отурукташышты,оз тилинде мектеп ачып,газета чыгарып,телевидение бердик.Бул аз келгенсип, Баш мыйзамды озбекче чыгарып жатабыз.Эртен мамлекеттик тил кылабыз,анан автономия сурашат,беребиз.Автономия болгондон кийин,эгемендуулуко жарым кадам калат. Эгер ушуну кете берсе,андай нерсе жакында кутулот.Убактылуу Окмоттун башчылары кыргыз учун кечирилгис тарыхый ката кетиргенин билбей жатышат.Же Текебаев президенттик шайлоону озбектердин
добушу менен женууго кылган,жагымпоз амалы.Бийликте кыргыздын кадырын,келечегин ойлогон улутчул инсан бар бекен.

кимден: Janybek каяктан: Uzak
05.06.2010 12:25
Ay kyrgyz tuugandar, birinchiden ozubuz kyrgyzchasni jakshylap uyronup albaylibi, anan ozbekterge da kyrgyzcha uyrotuugo shart tuzboylubu? Kuru namys degendey, kuru kuru ele jok ozbekche bolbosun, kyrgyzcha bolsun deysiner? Anday eken, baary kyrgyzcha bolsun!

кимден: Аза каяктан: Бишкек
04.06.2010 21:55
ТЕКЕБАЕВ деле озбектерди бир аз тынчытып, олкодо тен салмактуулукту сакташ учун жасап жатпайбы... Тушунсонор

кимден: мен кыргыз а сенчи каяктан: ош
04.06.2010 20:58
Озбек тилинде чыкпаш керек,мен 100% каршымын.Озбектерге жакпаса озбекстанга барып жашасын.Биринчи кыргыз тилин жакшы уйронуп алсын озбектер кыргыз тилин да жакшы билбейт,ал биздин мамлекетти сыйлабагандыгы.
Биздин лидерлер мынча еле жагымпазданат билбейм.Кыргыз ели учун куйгулочу кудай учун суранам мен сиздин ордулрынызда болсом олгонго чейин болсо да кыргыз учун адал арекет кылар елем
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу