Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 23:43

Илим, билим берүү, IT

Студенттер – күжүрмөн күч!

29-январда “Ак кеме” мейманканасында республикалык студенттер кошуунунун төртүнчү жыйыны өттү. Анда 2009-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, уюмдун ишмердүүлүгү боюнча сөз козголду.

Текст көлөмү - +
Нурбек Садыгалиев – Кыргыз Агрардык университетинин студенттик кошуунунун башчысы. Ал жай айында өз тобу менен Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна катышып, “Кыргызгидроспецстрой” ишканасында эмгектенди.

- Камбар-Ата-2 ГЭСнин курулушуна үч окуу жайдан студенттер бардык. Бир ай 20 күн эмгектенип, тиешелүү маянабызды алдык. Студенттик кошуундун балдары жатаканада ынтымакта жашап, эмгекк жана өз алдынчалыкка үйрөндүк. Ошол эле маалда өз кесибибиздин жакшы адиси болууга шарттар түзүлдү.

Кыргызстанда студенттик кошуун 2007-жылы демилгечи топ тарабынан кайрадан жанданып, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп түзүлгөн. Учурда өлкөдө 19 жогорку окуу жайдын курамынан турган 428 студенттик кошуун бар.
Мен төрага кезимде депутаттарга Камбар-Атанын курулушу студенттик кошуундарга берилиши керектигин, бул жаштарга жакшы жашаан болорун айткам.


Бул уюмга сегиз миңден ашуун жаштар мүчө. Алар өткөн жылы курулуш, айыл-чарба, кызмат көрсөтүү жана башка тармактарда эмгектенип, 438 миллион сомдук ишти аткарышкан. Ошол эле маалда студенттердин орточо айлыгы 10 миң сомго барабар болгон.

2009-жыл өткөн студенттердин жыйынына өлкө башчысы Курманбек Бакиев катышып, бул уюмдагы жаштардын айлыгынан социлдык төлөмдөр алынбашы керек деп билдирип, бул жобону үч ай убакытта иштеп чыгуу тапшырмасын өкмөткө берген. Бирок арадан бир жылга чукул убакыт өтсө да, бул тапшырма аткарылган эмес.

Студенттик кошуундун демилгечи тобунун өкүлү Жумакадыр Акенеев бийлик тараптан колдоо жок экендигин билдирди.

- Кыргызстандагы окуу жайларда 200 миңге жакын студент билим алат. Биз бул жаштарды уюмубузга кошуп, тарбия көрсөтүп, патриоттук сезимге үндөсөк деген максаттабыз. Бул пландар ишке ашса Кыргызстан үчүн чоң иш болмок. 2009-жылы өз демилгебиз менен студенттерди иштеттик. Өкмөт тараптан эч кандай көңүл бурулган жок. Каражат жагынан да колдоого жеткен жокпуз. Бирок негизинен бийлик ишибизге каршы болгон жок.

Жаштарга – жардам, өлкөгө – ири долбоорлор

Республикалык студенттик кошуундун 4-жыйынына ар түрдүү окуу жайлардан алдыңкы иштерман жаштар чакырылган. Алардын он чактысына уюмдун жетекчилиги тарабынан ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Активдүүлүгүн көрсөткөн үч жогорку окуу жайга алтын тамгалар менен жазылган сертификаттар тапшырылды.
Өкмөт тараптан эч кандай көңүл бурулган жок. Каражат жагынан да колдоого жеткен жокпуз.


Иш-чарага катышкан коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Адахан Мадумаров мындай азем мейманканада эмес, жок дегенде драма театрында өтүшү зарыл болчу деп, бул уюмга эч кандай колдоо болбой жаткандыгына кейиди:

- Тилекке каршы, аткаминерлер түшүнбөй жатышат. Алар кайдыгер болушууда. Мен төрага кезимде депутаттарга Камбар-Атанын курулушу студенттик кошуундарга берилиши керектигин, бул жаштарга жакшы жашаан болорун айткам. Бирок эч ким көңүл бурган жок. Мен кесиптештериме дагы бир жолу кайрылып, бир жумалык айлыгыбызды студенттик кошуунга которолу дедим. Бул ирээт да тоскоолдуктарга ээ болдум. Негизи кандай бийлик болбосун жаштарга таазим этиши керек.

Жыйын соңунда Республикалык студенттер кошуунуна Жогорку Кеңештеги өкмөттүн мурдагы өкүлү, маркум Мурза Капаровдун ысымы ыйгарылды. Ал эми студенттер кошууну бул жылы өкмөттүн колдоосу менен катар чоң тапшырмаларды да күтүшүүдө.

"Азаттыктын" архивинен: Камбар - Ата: Тоо жарылып көл болду

22-декабрда «Камбар-Ата - 2» ГЭСинин жанындагы тоо жардырылып, Нарын дарыясы бөгөлдү. Жаңы тосмого үч күндө суу толуп, андан соң тешкен тоо аркылуу мурдагы нугуна түшөт.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Тобокел каяктан: Бишкек
30.01.2010 21:22
Тагдырдын тамашасын карагыла, Кыргызстандагы Студеннтик отряддардын эң негизги уюштуруучусу жана башчысы Эмил Ибраимов деген өтө иштерман жигит болгон эле. Ал киши кийин Бишкек эркин экономикалык зонасын бутуна тургузду. Бийлик анын эмгегин сыйламак түгүл текшерип иштетпей койгон сон, ал киши кетип калган. Стройотрядда омуру иштебеген Комсомолдун секретары болуп журуп жаштар идеологиясын өлтүргөн Мырза Капаровго стройотряддын атынын берилиши, бери дегенде, маскарапоздук. А Ибраимов ал атты алгысы деле келбейт, бирок акыйкатчылык үчүн айтып коюшубуз керек,кошоматчы кыргыздарга.

Онлайн шерине