Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Жаштардын “Биз биргебиз” бирикмеси түзүлдү

Жаштардын келечеги үчүн ким күйөт?

Жаштардын келечеги үчүн ким күйөт?

03.11.2009

Кыргызстанда “Биз биргебиз” деген жаштардын коомдук бирикмеси иштей баштады. Аталган бирикме Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак Жол” партиясынын мүчөсү, маркум Санжар Кадыралиевдин элесине арналып түзүлгөн.

«Биз биргебиз» жаштардын коомдук бирикмеси жети багыт боюнча иштейт. Биринчиси – бул жаштарды коомдо болуп жаткан окуяларга тартып, алардын бардык экономикалык, саясий, социалдык, укуктук жана маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакыруу. Ошондой эле спорт, кайрымдуулук, ишкерчилик, маданият жана жаштарды маалымат менен камсыз кылуу багытында иш алып барышат.

Мындан сырткары жаштарды диний толеранттулукка тарбиялоо да бирикменин башкы пландарында турат. Бирикме Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак Жол” партиясынын мүчөсү Санжар Кадыралиевдин элесине арналып түзүлүп, аны маркум депутаттын карындашы Ыргал Кадыралиева жетектейт. Ыргал бирикменин максаттары тууралуу “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Бул бирикме жөн эле ачылып калган жок. Биздин максат – Санжар акемдин жетпей калган максаттарына жетип, бизге да белгилүү болгон пландарын улантып, ишке ашыруу болду. Ал саясий жактан же ишкерчиликке кире албай жаткан жаштарды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого көңүл бурчу эле. Ушул маселелерди кайрадан улантууну көздөдүк.

«Биз биргебиз» жаштардын коомдук бирикмеси өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана бул тармакты реформалоо багытында да бир катар сунуштары менен чыгышкан. Ыргал Кадыралиева мектепке медициналык сабак кирсе деген ойдо.

- Азыркы тапта мектепке барбай, окубай калган балдар көбөйдү. Мектеп жашындагы кыздар-балдардын айрымдары ар жерде бала багып, базарларда соода кылып иштеп жатышат. Билим берүү тармагында көптөгөн реформалдарды жүргүзүш керек. Мисалы, акыркы убакта жаш кыздардын бойдон алдырган учурлары көп болууда. Анын зыянын, андан кантип сактануу кеерктигин билбегендер көп. Ошондуктан мектепте сексуалдык тарбия же медицина деген сыяктуу сабак кириши зарыл.

Республикалык жаштар бирдигинин президенти Юсупов Рустам “Биз биргебиз” коомдук бирикме менен иштешип баштаганын айтты. Ал бул бирикме алдыңкылардан болот деп ишенет.

- Эки уюмдун башчылары чоң масштабдагы керектүү программаларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Ага ылайык жакын арада сегиз программа өз ишин баштайт.

Бирикменин ачылыш аземине катышкан “Ак Жол” фракциясынын төрагасы, депутат Улукбек Ормонов анын программалары, пландары мыкты экенине токтолду. Ал “Башкысы – ара жолдо калган айрым уюмдардай болбой, ишин улантса”, - дейт.

- Кыймылды бирөө алдыга сүрөш керек. Бул бирикменин да иштеп кетер-кетпеси ошондой кишиге байланыштуу. Себеби көптөгөн уюмдар түзүлгөн боюнча калып калууда. Бирок бирикмени С.Кадыралиевдин өзүнүн карындашы жетектеп жатканы, анын программаны так, айкын айткандыгынан улам менин бул бирикмеден үмүтүм чоң. Эгер ошол программалар аткарылса, анда бирикменин келечеги чоң болот.

Ушул тапта “Биз биргебиз” жаштардын бирикмесинин ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн турган 200 мүчөсү бар. Алар жаштардын маселесин жаштар өздөрү гана чечет деп ойлошот. Ошол себептүү жаштарды ар кандай коомдук иштерге активдүү катышууга чакырып келишет.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Азат каяктан: Ыссык-Кол
01.12.2009 21:07
Ак-жол дебей эле кыйын жаштар болсоңор өзүңөр эле чыкпайсыңарбы, же силерге акча эле керекпи? Жаштардын проблемасы толтура, боюнан алдырып жатышкандарды эмне кыласыңар, эмне үчүн алдырып жатат ошонун түп нускасын билбейсиңерби. Кадр саясатында коррупция толтура, студенттер арасында чечилбеген көп маселелер болуп жатат, жаштар арасында кылмыштуулук көбөйүүдө мына ушундай маселелерди көтөрбөйсүңөрбү "Ак-Жол жаштары".

кимден: Позитив каяктан: Баткен
06.11.2009 12:46
Ак-Жол партиясынын жаштар канатынын бирикмеси, мындайча айтканда дежурный, бийлик эмне десе ошону аткарган, суйлогон, ашынып мактанган, оздорунан кобук чыккан, жаштар жыргап жатат, онолуп атабыз, проблема жок деп жооп берген уюм. Андан коро оз алдынча, коз карандысыз эле коом ачпайсынарбы, жаштарды алдабай. Силерге окшогондор мамлекетти сатып, коррупцияга жол бергендер.

кимден: Болот каяктан: Москва
05.11.2009 06:22
Кыясы бул Россиядагы "Наши" дегенди туурагандагылары го?Айрымасы бизде кри-
миналдуураак болушу мүмкүн.
Туу.. туткандары Акматбаев,Кыдыралиев ж.б.саясат таанычуула-
ры Сариев,Казакбаев ж.б.окумуштуулары Жоробеков ал эми саясатчылары
Атамбаев.Орозалиев ж.б. болгон элдин кайдан келечеги болмок эле.

кимден: Zhakshylyk каяктан: Kitay
04.11.2009 14:42
Salamatsinarbi. Kechirim suraym latin aribi menen jazip jatkanim ychyn, bizdin arib menen jazganga shart jok. Bul birikmenin elektronduk daregi bar beken? Chet Olkodogy jashtar mychoo bolo alishat beken?

кимден: наргиза каяктан: вуз
04.11.2009 09:32
саламатсыңарбы бул бирикмеге кирүү же мүчөсү болуу үчүн кандай дарекке кайрылсак болот? идеялогиясы абдан жакшы келечектен чоң үмүт берген бирикме деген ойдомун. деп силерди терең урматто менен Жусуева Наргиза Жолдошбековна
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)