Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:04

Эл үнү

Аялдар укугу: чыркыраган чындыктын ачуу үнү

8-мартта Бишкекте аялдар укугун коргоо боюнча жөө жүрүш өттү. Иш-чарага отузга чукул укук коргоочу жана депутат айымдар катышты. Акциянын катышуучулары оболу Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп гүл коюшуп, андан соң Курманжан датканын эстелигине барып таазим этишти.

Текст көлөмү - +
Активист айымдар мындан соң борбордогу Чүй проспектиси менен жөө жүрүш жасап, бийликтеги эркектерди аялдар укугун коргоого чакырышты.

Жөө жүрүшкө чыккан айымдар “биздин өлкөдө тең укуктуулук барбы?”, “коомдогу ордубузга ичибиз толобу?”, “энелери өз маалында көргөн тең мүмкүнчүлүктөр азыр кыздарыбызда барбы?” деген суроолор коюшту.
Бир аялын балдары менен таштап, экинчи аялына көчүшөт. Ал жерден да балдарын таштап, үчүнчү аялына көчөт.


Укук коргоочулар Кыргызстанда аялдар укугу боюнча абал акыркы 20 жылда кескин начарлап кеткендигине тынчсыздануу билдиришти.

Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева бийлик сересинде отургандарга кайрылды:

- Биз Уркуя Салиеванын эстелигинен келе жатабыз. Бийлик биздин ушундай улуу инсандарга эстеликтерди орнотуп койгону менен, бирок бүгүнкү күндө өлкөдө кыздар менен аялдар кордолуп атат. Бүгүн - 8-март! Баарыңыздарды дагы бир жолу аялдар күнү менен куттуктайбыз. Азыр болсо бугубузду айтабыз.

Коомдо айымдарга карата кемсинтүүлөр жоюла электигин белгилеген айымдар “Зомбулукка жок!” деп чакыруу салышып, Кыргызстандагы жалпы эркектерге кайрылуу жолдошту.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” бул тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Кыргызстандын жалпы эркектерине кайрылабыз. Бийликте тургандардын көбү –эркектер. Андыктан эркектер аялдардын укуктарына, түйшүктөрүнө көбүрөөк көңүл бурушса. Аялдарга карата баягы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жок болсо деген каалообуз бар.

Кордолгон айымдар, көбөйгөн зомбулук

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук акыркы жылы 40% өстү. ИИМ билдирүүсүндө 2008-жылы үй-булөөдөгү аялдарга карата зомбулук боюнча 1 миң 241 иш катталса, былтыр бул көрсөткүч 2 миңден ашып түшкөн. Башкача айтканда, өлкөдө бир жыл ичинде эле аялдарга карата зомбулук дээрлик 40% өскөн.

Кыргызстан аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча Конвенцияны ратификациялап, Миң жылдык декларациясына кол коюп, Гендердик адилеттүүлүккө жетүү боюнча улуттук план, зомбулукка каршы мыйзам кабыл алган.

Бирок кыргыз өкмөтү өзүнө алган бул милдеттерди конкреттүү аракеттер менен өтөй албай жаткан өңдүү. Себеби Кыргызстанда аялдар укугуна шек келтирген ала качуу, көп аял алуу, эртелеп турмушка берүү, үй-бүлөдөгү зомбулук көрүнүштөрү дале күч.

Кыргызстандагы Кризистик борборлор ассоциациясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, сурамжылоого катышкан респонденттердин 83% зомбулукка кириптер болуп турары аныкталган.

8-марттагы акциянын катышуучусу, “Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева буларга токтолду:
Бийликте тургандардын көбү –эркектер. Андыктан эркектер аялдардын укуктарына, түйшүктөрүнө көбүрөөк көңүл бурушса.


- Биз бүгүнкү бийликтеги эркектер аябай эле кутуруп жатат деген ойдобуз. 5-6 аял алышат. Бир аялын балдары менен таштап, экинчи аялына көчүшөт. Ал жерден да балдарын таштап, үчүнчү аялына көчөт. Бизге мындай чиновниктердин кереги жок! Эгерде ушундай жол менен мыйзамга каршы көп аял алышса анда кызмат ордуларынан кетишсин!

Президент Курманбек Бакиев 8-мартты утурлай айымдарга куттуктоо катын жолдоп, анда Кыргызстанда барган сайын башкаруу органдарына аялдар көбүрөөк тартылып жаткандыгын белгилеген. Өлкө башчысы буга Жогорку Кеңеште 28 айым, ал эми өкмөттө министрлик орунду аркалап, элчи жана мамлекеттик орчундуу кызматтарда отурган 25 аялды мисал кылган эле. Бирок "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы "бул мамлекеттик бийлик органдарына жасалма түрдө аялдарды дайындоо аракети" деп сындаган.

Жүктөө
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: arslan
10.03.2010 02:56
DAAA UIAT
ar kimibiz ozubuzdon bashtaily emi
yiman bersin kyzdarga

кимден: Бермет каяктан: Санкт-петербург
09.03.2010 23:08
Карамык Жигит деген иниме,
Айланайын иним биринчиден мен кимге капа болушту өзүм билем ,Экинчиден көрүнүп турат чындыкты айтсаң чычалайт болуп эмне эле чычалайсың,Аялыңды багып олтурган болсон сага эмне бүт кыргыз аялдардын жүзүнө шек келтиресиң ? Бет деген барбы сенде деги?Эгер билсең мен бул жерде Техннологический Илимдер Академиясында илим жактап жатам ,Ал эми ушул жерге иштеймин деп келген эже апаларга шек келтиргениң үчүн ошолордон сага чоң наалат ,Деги койчу аялдар менен акыйнек айтышып отурганыңды замандан артта калгансың же болбосо эркек деген наамыңды жутуп жеп койгон экенсиң,Жүзү жок десе,

кимден: Жигит каяктан: Карамык
09.03.2010 14:59
кимден: Oshol каяктан: Бишкек
кимден: Бермет каяктан: Санкт-петербург
Эжекелер эриңер силерди багалбаса бүт кыргыз эркектер күнөөлүбү эми. Көрүп атабыз Россиядагы кыз келиндердин жүрүштөрүн кечиресиздер баары эмес. Эми жазбай эле коёюн намыс деген бар менде. Кудаййга шүгүр колдон келишинче үй-бүлөмдү багып атам. Башкаларына айталбайм. Так что капа болсоңор эриңерге капа болгула!!!!!!!

кимден: Oshol каяктан: Бишкек
09.03.2010 11:24
кимден: Жигит каяктан: Карамык

Кыргызды ким бузат? Кыргызды сага окшогон дардаңдаган куру “намысчыл” адамдар бузат. Карасаң тим эле “эркектер багат, аялдар үйдө отурат” деп чыга келгенин. Ии айтчы, эркектер багып атасыңарбы? Суукта, ысыкта базарларда аялдар отурат. Кечке иштеп келип акча таап келсе, аны жаман эри тартып алып арак ичет. Талтаңдап “эркек” болуп Россияга иштеп келебиз деп кетишет да, 2-3 аялга баш кошуп алат жаман арында. Аял силерге мал болуп калган, илгерки заман жетишпей атат да силерге, “эй катын, кел бери, бутумду жуу” дегендей. Аялдар өз укугун коргошу керек. Иштеши керек. Билим алышы керек. Сага окшогон “эркектерге” кор болбош үчүн. “Намысчылдыгын” кара дегеле....

кимден: Бермет каяктан: Санкт-петербург
09.03.2010 05:11
Карамык Жигит дегенге ,,,,, Ой иним сен элестетпей эле кой,Баары сен элестеткенден да ашып ташып кетти ,Эркектер өз үй-бүлөсүн бага албай аялдардын баары базарга чыгып балдары менен кошо эрлерин кошуп багып жатканын көрбөй турасыңбы?Кыргызстанда бала чаканы карап эркектер үйдө отуруп калбадыбы,Анысы аз келгенсип Россияга келип үйдө олтурат иш жок деп аялы багып отургандар арбын,Америка менен Европага окшосок эмне кылыптыр ?Эмне алар жаман жашап жатышабы ?Ошолорго окшоп жыргап миллионнер илимдүү, билимдүү,заманбап болуп жашаганга кудай өзү жеткирсин,Биздин дагы укуктарыбыз так ошондой болушу үчүн биз аялдар күрөшөбүз,Силер эркектер мени кечиресиңер го чын жүрөктөн кечирим сураймын ,Эмнени кыйраттыңар? 5млн калкы бар мамлекетти башкара албай туш -туштан талап тоноп жейсиңер ,Келечекте өзүңөрдөн төрөлгөн балдарга кам көрбөй көз жумуп келе жатасыңар ,Аялдарды иштеп акча тапканга жада калса саясатка аралаштырып күнүгө митинг ,пикеттерге чыкканга мажбур кылып отурасыңар ,Кайсыл эне мээримин балдарга берип баланын тарбиясы менен жада калса үй иштери менен алек болуп үйдө үйдүн куту болуп отургусу келбейт дейсиң ,Россияга келип иштеп жаткан аялдардын дээрлик баары "койчу эрим акча таап турса ушул жерлерге келип тик аяк туруп 12 ,18 саат идиш жууп ,пол жууп жүрөт белем "деп жашын төгүп ыйлаган аялдардын укугун бүгүнкү күндө ким коргойт,

кимден: arslan каяктан: france
09.03.2010 03:05
bizde dagy bir jaman salt
kyzdardyn ukugun kordogon
kyz ala kachuu turaluu kaisy chon kachan ushul nerseni mamleketik dengeldee kotorup chygat
bizde en jaman korunushtun biri
ushul nerseni toktotu uchun da mamleketik dengelde zakon karasa ish juzundo jazalasa biroo jarymyn

кимден: Barsbek Kyrgyz каяктан: Bishkek
08.03.2010 23:29
Карыя авама айтаарым:
Ава динде ушундай деп эле коп аял алыш керек деген нерсе жок. 1 ден ашыкча аял алуунун да озунун себеби жана шарттары бар. Жондон жон эле ырахат учун аял кишини кийим алмаштыргандай алмаштыруу же коп аял алууну Ислам дини буйурбайт. Ушу силерге окшогон динди толук билип билбей суйлогондор Ислам динин жаман корсотуудо. Кээбир чондор, эмне кысталыш болгондуктан же зарылдыктан улам коп аял алып жатат дейсинерби. Алар жеке оз кызыкчылыгы, оз ырахаты учун ашыкча аял алууда. Анан ошолор Ислам динин айткандарын толук так аткарып жатат дейсинерби. Кечееки бир макалада бир мекендешибиздин айтканындай башка убакта Исламды эстешпейт да, ушу 2 чи, 3 чу аялды алууда гана Ислам динин эстеп калышат. Ислам эч качан 1ден ашыкча аял алгыла деп буюрбайт, жон гана уруксат берилген. анын да озунун зарыл жагдайы шарты бар. Эгерде араларында адилеттуулукту сактай алсанар, болбосо бир аял менен эле жашагыла деп буйурат. Адилеттулук дегенге уй жай, мал-мулкту эле тегиз болушуу эмес, анын жанында ички сезимдер, суйуу да кирет. Мындай адилеттулукту биздин азыркы коп аял алган чондорубуз сактай алышабы деги. Менимче сактай алышпаса керек. Андай болсо бир аял менен эле жашашсын. Исламдагы буйрулган башка маанилуу милдеттерди, маселелерди эстебей эле, жон эле уруксат берилген бир жагдайды динде буйрулган деп жабыла ошол ишке киришип калгандарга жол болсун. Диндеги буйруктарды, негиздерди терен окуп изилдеп туруп, так билсенер анан дин жонундо суйлогуло. Ар кимдин башын айландырып, жон эле тантырай бербей.

кимден: Жигит каяктан: Карамык
08.03.2010 22:44
аялдардын жогорку окууга татыктуу. Деп атат бул жерде. Кыргыздардын бардык жарандары жогорку окуу жайдан билим алуга татыкту.
Эми элестетип короюн эркек адам, кир жууп,тамак жасап, ж.б.у.с. Эч качан болбойт кыргыздардын аялзаты эмне Европа же Американын аялдарына окшойбуз дегениби бул?
Аларды мына кинодон коруп атпайбызбы эринен ажырашып аяшына тийип алгандарын.
БИЗДЕ АНДАЙ БОЛБОЙТ!!!!!!!!!!! Эмне дегенде биздин каныбызга синип калган. Аялзаты уйдо балдарды карап, үй жумуштарын кылыш керек. Эркек адам өз үйбүлөсүн багыш керек. Билбейм эгер аля бош болуп иштейм десе анда башка сөз жок менде. Мен ӨЗ ПИКИРИМ УШУНДАЙ.

кимден: Кенже каяктан: Ысык-Кол
08.03.2010 21:47
Туу ата, дагы 2005-жылдын март ынкылабы жыттанат. Ошондо да ушинтип отуруп 24но жетти эле.Азыр андан да наарызылык коп.Бийлик жеке даректуу деп коебу ошондой кектешкендер толуп кетти. Мисалы соттолгондор олтуруп кеткендердин жакындары. Анын кымбатчылык деген асмандады го чиркин. Ишенчиликтуу адам топтор болсо кочого биз да чыгабыз деген эле кошуна колон туугандар. Ой деги кудай сактагай эле.Болбосо менин бийликте иштеген туургандарым бар да.

кимден: Карыя
08.03.2010 20:06
Кызым, динде ушундай. Өзгөртө албайбыз. Сектанттар гана бирден аял алышат.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу