Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:03

Кыргызстан

Москвада өз баласын өлтүргөн кыргыз эне соттолду

Орусияда өз наристесин таштап, кээ бирлери өлтүрүп кеткен фактылар көп каттала баштады.

Москвага поезд менен Борбор Азия өлкөлөрүнөн жүздөгөн кыздар бакыт издеп келип жатышат
Текст көлөмү - +
Эки эркек эгиз ымыркайларды энеси Москвадагы төрөт үйлөрүнүн бирине таштап кеткен. Энеси кош бойлуу убагында ичин жашырып, таңып жүргөндүктөн наристелер оорукчан болуп төрөлүшөт.

Орусиядагы мигрант аялдарга ар тараптуу жардам берүү максатында түзүлгөн “Аруужан” коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекованын айтымында, балдарды алып кетүү үчүн эгиздердин өз энесин көндүргөнгө аракет кылышат.

Бирок эне ымыркайлардын зордуктоонун артынан келгендигин айтып, баш тартат. Эгиздерди асырап алуу үчүн төрөт үйүнө эки үй-бүлө келип, бирок алардын оорулуу экенин көрүп баш тартышат. Акыры бактысы ачылып, үч айдан соң ымыркайлар ата-энелүү болушат. Аларды кыргыз үй-бүлө асырап алат.


Айрым маалымат булактары Орусияда эмгектенген мигрант аялдардын балдарын төрөт үйлөрүнө таштап же болбосо өлтүрүп ыргыткан фактыларын жазып келишет. Алардын көбү кыргызстандык кыз-келиндер экени да баса белгиленген. Мисалы, 2007-жылдын декабрында Кыргызстандын жараны жаңы төрөлгөн баласын тумчуктуруп өлтүрүп, өзү белгисиз жоголгон.

2009-жылы Москва шаарында өз наристесин көчөгө таштаган кыргыз келинди милиция кызматкерлери кармаган.

Ал эми жакында эле ушундай окуя боюнча Москвада сот болуп, кыргыз келин камалган. Бактыгүл Сейитбекованын айтымында, акыркы 1-2 жылда кыргыз кыз-келиндердин балдарын таштап кеткен фактылары азайган. Анткен менен баласын өз колу менен өлтүрүп, үрөй учурган окуялар да жок эмес.

- Жакында бир кызыбыз ошентип соттолду. Ал өз баласын ваннада төрөп, алып чыгып балкондон ыргытып жибериптир. Текшерүүдө бул үчүнчү төрөтү экен. Ал балдары да кайда экени белгисиз, - дейт Б.Сейитбекова.

Миграция маселесин иликтеп, изилдеген адистер мигранттар арсынан айрыкча аялдар көбүрөөк кыйналганын белгилеп келишет. Айрымдары зордуктоого тушугуп, боюнан алдырууга өз убагында каражат таппай баласын таштаганга мажбур болуп жатат деген пикирлерин айтып жатышат.

Москвада бойдон алдыруу 4 миң рублдан жогору турат экен. Бул айрымдардын бир айлык маянасынын жарымы да болуп калат.

Москва шаарында гинеколог болуп эмгектенген Пазилат Насипова азыр мурдагыга караганда төрөт үйүнө таштап кеткен кыргыздар азайгандыгын тастыктап, азыр көптөрү Орусиянын жарандыгын алгандыктан көп нерсеге укуктуу экенин айтат. Ошол эле маалда канчалаган жаш кыздардын бойдон алдыруу үчүн кезекте турганын “Азаттыкка” айтып берди.

- Төрөп, таштап кеткен бир гана кыргыз кыз-келиндер эмес. Тажик, өзбек башка улуттагылар деле бар. Көпчүлүк жаш кыздар бойго бүтүп калганын же андан сактануунун жолдорун билбейт, маалыматы жок. Биз аларга болушунча маалымат берүүгө аракет жасап жатабыз. Москва шаарынын Павелецкая метросунда арзан эмканада ачылган, ал жерде бойдон алдыруу үчүн жапжаш кыргыз кыздарынын кезекте турганын көрөм. Болгондо да наркоз менен алдырашат. Бир эмес, үч-төрт жолу алдыргандар бар. Врачтар өздөрү таң калып, коркуп “болду жетишет” деп айдап чыгышат, - дейт П.Насипова.

Чындыгында, Москвадагы балдар үйүндө күн кечирип жаткан кичинекей мекендештерибиз тууралуу кеп көптөн бери эле козголуп келет. Бирок мамлекет тарабынан атайын кадамдар жасала электигин адистер айтып келет.

Социолог Топчүгүл Шайдуллаева кандай гана проблема болбосун анын кесепеттерин жоюудан мурда, маселенин келип чыккан себептерин иликтеп, такташ керектигин айтат. Анын айтымында, мигранттардын эмгегин коргогон укуктук-агартуучулук маалымат бергендей эле репродуктивдик укугун коргогон маалымат да берүү зарыл.

“Бул алардын эскертмесинин бир бөлүгү катары кириш керек”, - дейт Т.Шайдуллаева:

- Сыртка иштегени кеткендердин көбү бойго жеткен, репродуктивдүү курактагы кыз-келиндер кетип жатпайбы. Ошондуктан, аларга керектүү медициналык маалыматты берип, керек болсо курстардан өткөрүп, керек болсо жөнөп жаткан кыздардын курстан өткөн тастыктаган кагазды талап кылышыбыз керек. Экинчиден, булар барганда бир бөлмөлүү батирде 10-20дан ашуун тааныбаган эле эркек, аялдар менен чогуу жашап калып жатышпайбы. Мындай учурда кыз-келиндердин көбү зордуктоого да туш болуп, жыйнтыгында төрөп, баланы жок кылууга мажбур болушууда.

Адистер болсо качан гана аялдардын репродуктивдүү укугу мыйзам чегинде корголмоюнча мындай көйгөйлөр чыга берерин эскертишет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Айтурган каяктан: Москва
10.10.2009 12:57
Бул маселе качантан бери талкулаанып жатат. Биринчи мен дагы Москвага келгенде кулагым менен укчу элем. Барган сайын көзүм менен көрүп жатам. Көчөдө кыздардын, аялдардын башка улуттагы эркектер менен жүргөнүн көрүп зээнин кейийт. Алар ичкилик ичишип, тамеки тартышат. Бирок беш кол тен эмес. Өзүнүн абийири менен жүргөндөр да бар. 1кыргыз кызы 10догон 100дөгөн кыздардын абийирин кетиришет. Көчөдө кетип бара жатсаң өзбек, тажик ж.б. улуттагы жигиттер жолуңду торошот. Кыздарыбыз аларды көндүрүп коюшкан турбайбы. Баарыбызга кудайым абийир, нысап берсин демекчимин.Айтаарым жеңил ойлуулукка алдырбайлы урматтуу кыргыз кыз-келиндери. Өз элибиздин, жерибиздин абийирин төкпөйлү, кетирбейли!!!

кимден: Доктор каяктан: Россия
29.09.2009 23:11
Урматтуу Азаттыктын ишкерлери! Сиздерден сураныч, ушул кыз келиндер жөнүндө малымат чогултуп (аудио, видео), кыргызстандагы бардык телеберүүлөр аркылуу обого чыгарсаңар жакшы болмок. Бүт орус жана башка улуттарга ушунча уят кылып аткандан кийин, алардын тууган уруктары, ата энелеринин билгени жакшы эмеспи. Алардын тапкан акчаларынын тазалыгы ошондо билинип, ата - энелер ойлонушаар. Бул боюнча Москвадагы элчилик жана башка шаарлардагы консулдар да иштешсе жакшы болмок. Кызыгы кыргыздар Россияга келе жатканда эч нерседен дареги жок эле жолго чыгышат экен, иш барбы , жокпу, кантип учетко турат ж.б. кызыктырбайт. Бул жакка келсе эле акчаны шыпырып алчуудай сезишет. 21 кылымда жашап аткандан кийин, аң - сезимдүү болуш керек. Урматтуу ата - энелер! Балдар кыздарыңарды бирөөгө ишенип жөнөткөнүңөр менен, ал 1 - 2 күн эле жардам берет, андан кийин ал кёлдёгу калагы жок кайыкка окшоп калат. Ушулар жөнүндө элге тез арада жеткирбесе, улутубуз уят болуп, жер карап калат!!! Күйгөндөн айтып атам.

кимден: Munar каяктан: Bishkek
22.09.2009 12:03
http://www.mk.ru/social/publications/349191.html

кимден: Жоробаев СС каяктан: РФ
21.09.2009 17:08
Бул тема аябай эле бат-бат көтөрүлүп акыркы күндөрдө айыгышкан мүнөзгө ээ болуп баратат. Бузулган аялдар бардык улутта бирдей пропорцияда эле кезигет, кыргызда ал сан көп да, аз да эмес. Улутту басынтыш үчүн, духун түшүрүш үчүн улуттун душмандары ушундай ыкма колдонушат. Бул теманын көтөрүлө бериши кыргызды ич ара ишенбөөчүлүккө алып келет, улуттук ынтымакка, биримдикке доо кетирет. Бул ыкманы кыргыз улутунун душмандары өтө чеберчиликте колдонуп жатаышт. Ошон үчүн мындай провокацияга берилбейли. Кыздарыбыз биздин генефондубуз, улуттун келечеги, алардын ден соолугу ошонун негизи туугандар. Биз кыздарыбыздын, аялзаттарыбыздын акылмандыгына ишенебиз.

кимден: Чоро каяктан: Москва
21.09.2009 16:19
Ушундай ишке барып аткан кыздарыбыздын тартипсиздиги. Өзүм алыста жүрөм, өзүн тартиптүү алып жүргөн кыргыз кыздар бар. Мамлекетибиз күчтүү болсо элибиз чет мамлекетке жөнөйт беле, акча тапканы? "Балык башынан сасыйт".

кимден: Назима каяктан: Баткен
21.09.2009 13:56
Айабай танкалыштуу. Ойлонгула жаштар!!!

кимден: Назима каяктан: Баткен
21.09.2009 13:47
Кечиресиздер, урматтуу улуу кыргыздын урпактары! Биз арты-алдыбызды карабай иш жасап, биз сыймыктанып жашаган кыргыз элинин атын бугап койбойлу! Аз убакыттык кумар деп артыбыздагы урпактарга зыяныбызды тийгизип койбойлу! Ойлонгула жаштар!!!!!

кимден: Ома каяктан: Баткен
21.09.2009 10:27
Кыргыздар эсиңерге келгиле, кыргыз кыздарын эч качан бирөөлөрдүн жеринде кор кылып таштаган эмес.

кимден: мирбек каяктан: ош
20.09.2009 18:10
Менин ойумча ушул нерсени ата энэси ойлонбойбу, кызын талаага чыгарып жатканда кантип жан багат деп анан шаарга келип алышып оңой тамак табыштын жолун ойлошот ошол кыздар ойлонушабы экен эртең мени кайсы шору куруган эркек алат деп менин айтаарым напсисин тыйышсын

кимден: Матазим каяктан: москоо
20.09.2009 14:55
Албетте чоңдорубуз бийлик талашып, күн алыс митинг уюштуруп жатса биздей жаштарыбыздын келечегине балта чабылганы ушул да!!!
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине