Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:03

Эл үнү

Кочкордо төрөттөн төрт аял каза тапты

Кочкордо беш айда төрт аял төрөттөн ажал тапты. Алардын үчөө 20-21 жаштагы тун энелер экенин укук коргоочу Чынара Тургуналиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүш райондук төрөт бөлүмүндөгү дарыгерлердин шалаакылыгынан улам чыгып отурат.

Текст көлөмү - +
Төрөттөн каза тапкан келиндердин жакындары Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жогорку Кеңеш депутаттарынын дарегине кайрылуу жолдошуп, акыйкаттык таппай жатышканын айтып, “Азаттыкка” кайрылышты. Алар аймактык оорукана жетекчилигин жоопкерчиликке чакырып, өз ишин билбеген дарыгерлерди кызмат ордунан алуу талабын коюшууда. Булардын таламын талышып жаткан Чынара Тургуналиева “Азаттыкка” маек курду.

Чынара айым, сиз Кочкордо беш айда төрт аял төрөттөн ажал тапканын айттыңыз. Бирок сиз ушу күнү да дарыгерлердин кош көңүл мамилесинен ымыркайлардын өлүмдөрү катталып жатканын айттыңыз. Мисал келтирсеңиз.

Чынара Тургуналиева: 2009-жылдын 28-ноябрь күнү Көк-Жар айылынан жаш келин толготуп келип, ушул кыштын күнү дарыгер төрөт бөлүмүнө кабыл албай, сыртта, сууктун күнүндө 2 саат үшүп туруп, жолдошу дарыгер таппай, аралыгы бир-бир жарым саат убакыт өтүп кетип, качан гана келин чыдабай калган кезекте дарыгер келип, анан ошондо да аны кабыл албай, келин сыртта тура берген.
"Бала тирүү калмак экен, сиздердин кайдыгер мамилеңерден улам бала 3 килограмм 900 грамм төрөлүп, ичинен өлүп калган" деп айтты.


Чыдабай калган кезде жолдошу дарыгерге кайрылганда "Балыкчыга барып төрөйсүңбү, кайсыл жакка барып төрөсөң ошол жакка барып төрөй бер" деп кайдыгер мамиле жасаган. Ошондо жолдошу "эгер жолдон төрөп салса эмне кылам" дегенде, Кадыркулова деген врач кошулуп барган экен.

Андан кийин Балыкчы шаарынын төрөт үйүнүн дарыгери "райондук төрөт бөлүмүнө келгенде, тез арада төрөткө кабыл алганда, бала тирүү калмак экен, сиздердин кайдыгер мамилеңерден улам бала 3 килограмм 900 грамм төрөлүп, ичинен өлүп калган" деп айтыптыр. Бирок ошол кезекте дарыгерди "сиз өзүңүз алып келиптирсиз, эми аягына чейин операцияга катыш" десе катышпай Кадыркулова качып кеткен экен.

- Бул фактылар боюнча сиздер кайсы жерлерге кайрылдыңыздар?

Чынара Тургуналиева: Биздин төрөт үйүндөгү Зуура Мураталиева ошол энелердин өлүмү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине 16-сентябрь күнү арыз менен кайрылган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин министрлик тарабынан эч кандай чара колдонулган жок. Текшерүү барып атат дейт, бирок жыйынтыгын азыркы күнгө чейин уга элекпиз.

Андан тышкары Зуура Мураталиева төрт эненин өлүмү жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусовго кайрылган. Сессияда каралган, бирок азыркы күнгө чейин жообун уга элекпиз. Жообун беребиз дешүүдө, биз ошону күтүп жаткан кезибиз.

"Азаттыктын" маалыматы: Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Кыял Мамбеталиевдин билдиришинче, соңку учурда укук коргоо органдарынын сурагына алынган акушер-гинекологдор кысымга чыдабай иштерин таштап кетип жатышат. 2009-жылы эле отуз төрт акушер-гинекологдун он төртү жумушун которгон.

"Азаттыктын" архивинен: Жаш айымдар эне болууга даярбы?

"Азаттык +" сыналгы берүүсүнүн бул чыгарылышында "Жаш айымдар эне болууга даярбы?" деген көйгөйлүү маселе талкууга алынды. Андан сырткары "Эмне үчүн айрым жаш энелер төрөттөн көз жумду? Буга ким жоопкер?" деген сыяктуу орчун суроолор козголду. 19.10.2009

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нурсултан каяктан: Норвегия
11.01.2010 18:21
Bul jerde komissia tuzup toorot uylorun but teksherip chigish kerek. Azir torot uyloru da eski soyuzdan kalgan emerekter menen jada kalsa sistema eski boydon kalgan. Bul sistemaga azir kirgiz kelinderi jana bolochok eneler uchun ingayluu jana jetishtuu turdo torot uyloru kurulushu kerek. Jetihstuu turdo akcha karajati bolunushu absel. Jana ushul akchalardin tuura jana maksatina jarasha koldunulushu kerek. Bul jerde dagi dele mamlekettin birinchi adaminan bashtalat. Al lider jana bashchi bolgonduktan jalan gana eline "ulgu" bolushu anin moynuna alingan ish. Emnde degende al ministirlikke b.a. ministirge tapshirma beret jana belgiluu ubakit ichinde ishtelip chigilsin deyt. Ministir da glavvrachka tapshirma beret, oshontip barip kunooluu adamga cheyinb jetet. Jetpese ministir ishtin alinat, kozomol jana ish tak atkaralbagani uchun. Bizdin azirki sistemalar - chala!

кимден: ШамАй каяктан: Астана
11.01.2010 16:08
Эптеп эле болгон байлык менен бийликти ээлеш керектен башкага акылы жетпеген азыркы төбөлдөргө төрөттөн төрт аял эмес,бала-чакасы менен бүтүндөй кыргыз кырылып калса да баштары ооруп,кылдары кыйшайбайт. Алардын баштарын ооруткан азыркы орчундуу маселеси жана максаты бул.Колго илингенин сатып,илинбегенин катып,чалмакейин чыгара чачып,ага каршы тургандарын тирүүлөй өрттөп же атып,айтты-койду дебегиле,артынан жоо куугандай шашып,акыры айлалары куруп артын карабай качып,житип жок болушат.Себеби таза жерлери калган жок,кызылдай канга чыланып бүтүштү. Акаевди болсо качырып,колдон чыгарып жибердик, а бирок буларга андай "шанс" берип, качырып жиберсек анда бизди КУДАЙ да кечирбейт. Николай Чаушескилердин тагдырын "именно"дал ушул биздин бүгүнкү "безпредельщиктерге" кайталап көргөзсөк кандай гана куп жарашып калат эле. Булардын башкача жолу жок жана эч качан,эч кандай кечирим болушу мүмкүн эмес. Өтө катуу айтылган сын,бирок кашкайган чындык.Мына ушундай кыйын кырдаалда биздин болгон "азаттыгыбыз" ушул, силер аркылуу чындыкты айтыш,а силер мултуйта чаап,кыскарта көрбөгүлө,эркин ойду эл уксун,суранам!?......
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу