Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 00:39

Кыргызстан

Айымдар - өмүрдүн гүлү, жаздын жарчысы

Жылуу күн нуру менен 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы да келди. “Азаттык” үналгысы Кыргызстандын энелерин, айымдарын, селкилерин чын жүрөктөн Жаз майрамы менен куттуктайт. Сулуулук, тазалык жана жаз күнүндөй жаркыраган маанай тартуулаган аялзатына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайт. Ар күнүңөр күлкүгө, сүйүнүчкө, сүйүүгө толсун!

Текст көлөмү - +
Майрамыңыздар менен!

"Азаттык" үналгысынын жалпы жамааты

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бермет каяктан: Санкт-петербург
09.03.2010 06:06
Урматтуу жалпы кыргызстандык мээримдүү апалар ,эжелер ,ак жоолукчан женелер ,сиңдилер силерди баарыңарды 8-Март аялдардын эл аралык майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктаймын ,Ар дайым жаз гүлүндөй жайнап жүзүңөрдөн кубаныч күлкү кетпесин,Ошону менен бирге ОШ шаарында жашап жаткан алтындай болгон апамды майрамы менен куттуктап сагынычтуу салам жолдойм, Алтындай болгон апаке жапкан наныңызды сагындым ,Сизге узун өмүр чексиз бакыт чын ден соолук каалаймын ,Эч качан оорубаңыз жана каарыбаныз жолдошуңуз сизге жандаш болсун,
Жашоодо апакем тоо болду,
Калкалап мени жамгырдан,
Жашылын көргөндө тоолордун,
Апакем тургандай алдымда,

Нур ширесинде мээримин,
Тереңинде пейлиңдин,
Миң түркүн талап көрсөм да,
Таманыңдан өпсөм да,
Мен карызмын апакем ,

Таазим кылам алдыңда талбай,
Көкөлөтүң тактында ,
Талашы жок апакем бактыңда,
Жаным болуп апакем жандап,
Коруй жүрчү көлөкөм,
Тизе бүгөм алдыңда берекем,

Майрамың менен алтын апакем!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Кайратбек каяктан: Чымкент
08.03.2010 15:40
Урматтуу кыргызстандык ак жоолук апалар, кара көз карындаштар, өрмө чач эжелер. Сиздерди 8-март аялдар майрамы менен куттуктайм. Өмүрүңүздөр узун, чың ден-соолукта болуп жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, өмүрлүү жана бактылуу болушуңуздарга тилектешмин. Бар болуңуздар урматтуу кыргыз айымдары.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.03.2010 14:10
Урматтуу менин сүйүктүү жарым, балдарымдын сүйүктүү энеси Жыпара!!! Сени бүгүнкү жадыраган жазда келген айымдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Жаздай жайнап,ар дайым биздин жаныбызда бар бол,биз менен өмүрлүү бол,бактылуу бол.

Сүйүктүү жарың СОЮЗБЕК,уулдарың НУРДАН,ШАБДАН.

кимден: Zama каяктан: TURKEY
08.03.2010 13:31
Urmattuu eneler, apalar, ejeler jana karyndashtar, baarynadyn el aralyk ayimdar kunu menen kuttuktaym. Ar dayim bar bolunuzdar.

кимден: Uzgen каяктан: Myrzaki
08.03.2010 12:22
Jalpy Kyrgyzstandyk Ayimdarga kelip turgan 8-Mart mairamynyzdar menen Kuttuktaim. Sizder chynyn aitkanda Omurdun gulu Uydun Kutu jana Jazdyn jarchysysyzdar. Sizderge duynodogu baardyk Jakshylyktardy tileymin !!!

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)