Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:02

Кыргызстан

Кыргызстандагы окуялар дүйнө назарында

Кыргызстанда Курманбек Бакиев кызматын тапшырып берип, чет өлкөгө чыгып кеткени дүйнөдөгү дээрлик бардык маалымат каражаттарында башкы тема болду. Жума күнкү айрым басылмаларга сереп салсак.

Дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы тирешүүгө көңүл кадап турду.
x
Дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы тирешүүгө көңүл кадап турду.
Текст көлөмү - +
Лондондо чыгуучу “Индепендент” басылмасындагы макала “Дүйнө Кыргызстандагы бейпилдикке кызыкдар” деп аталат. Анда “Кудайга шүгүр, НАТОнун Ооганстандагы операцияларына чоң жардамын тийгизген Манас транзиттик борборуна коркунуч жок мындан ары, өлкө тынчый баштады, анткени президент Бакиев элди дүрбөтпөй чет өлкөгө чыгып кетти”, - деп жазат “Индепендент”.

Мына ушул Кыргызстанды тынчытып, Бакиевди алып чыгып кетүү операциясын биргелешип жүргүзгөн АКШ, Орусия, Казакстан ушуну менен өлкөнү ара жолдо таштап койбой, ал жерде биротоло бейпилдик орнотуп, өнүгүү жолуна түшүшүнө ар тараптан колдоо көрсөтүшү керек, деп белгилейт Лондондук бул басылма. “Анткени кедей жана кичинекей өлкө болсо да, Кыргызстан Орусия жана Кытай, Батыш жана Ооганстандын ортосунда жайгашып, стратегиялык мааниге ээ, ошондуктан дүйнө коомчулугу аны көңүлдөн чыгарбай көз салып турганы оң.

“Индепендент” жазгандай, ушул азыр Орусия убада кылган 50 млн доллар менен чектелбей, баарылап жардам берип, Кыргызстандын жаңы жетекчилери пландап жаткан демократиялык өнүгүү жолу тезинен түптөлбөсө, эмкиде исламчыл күчтөр көтөрүлүп, өлкөнү өз таасирине бурат. “Андай окуя Орусияга да, Батышка да жакпаары талашсыз”, - деп жыйынтыктайт “Индепендент” басылмасы башмакаласын.

Ал тапта Казакстандык маалымат каражаттары президент Нурсултан Назарбаев мурдагы кыргыз президенти Бакиевди учакка салып, Казакстанга аман-эсен жеткирген учкучтарга мамлекеттик сыйлык ыйгарууга буйрук бергенин кабарлашты. Назарбаев жума күнү маалымат жыйынын өткөрүп, “биз Кыргызстанды жарандык согуштан сактап калдык” деп айткан. Астаналык кабар агенттиктери андан тышкары Курманбек Бакиев 7-апрель күнү Бишкекте башаламандык башталганда дароо эле Алматыга учуп барганын, бирок ал жерде конууга уруксат албай Бурулдайдагы аскердик аэродромго барып токтогонун кабарлашты. Казакстандын бийликтери ал жерде кыргыз президентинин учагындагы кишилерди жерге түшүрүүдөн баш тартып, ошондо гана Бакиев кайра артка учуп, Ошто конууга аргасыз болгонун жазып жатышат. Navi.kz сайты бул маалыматты атын атагысы келбеген дипломатка шилтеме берип жарыялады.

Аңгыча Түркиялык NTV телеканалы Кыргызстандын бозгун экс-лидери Бакиев Түркиядан башпаанек табат экен деген маалыматтарды төгүндөдү. Анкара бирок, ал тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

“Файненшл Таймс” гезити АКШ Конгресси Кыргызстандагы Манас транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоо келишимдери экс-президент Бакиевдин үй бүлөсүн гана байыткан деген маалыматты иликтей баштаганын кабарлады. Конгрессмендер Вашингтондук чабарман Роберт Блейк менен жолугушуу маалында кыргыз лидери Роза Отунбаева мындан ары келишимдер ачык-айкын иштеши керек деп айтканына көңүл бурушкан.

Орусиялык Интерфакс агенттиги Курманбек Бакиев учакка аялы жана жаш балдары менен түшүп кеткенин кабарлады. “Эхо Москвы” радиосу ишеничтүү булактарга таянып, Бакиев кызматын тапшырганы тууралуу арызды жазаарда саламаттыгы начарлай түшкөнүн, андан улам жума күнү ал догдурга кайрылууга аргасыз болгонун маалымдады.



Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Муka
29.04.2010 00:43
биздин бийлик Бакиевтен акчаларды таптырыш керек ар кимден жалдырап акча скрап жүрө бербей, акчанын баарын ошолордо

кимден: Улан каяктан: Бишкек
17.04.2010 11:58
Жеке адамдын же бир өлкөнүн өз чындыгы болуш керек.Качкын Бакиевдин Кыргызстандан чыгып кетишине Назрбаевдин эле эмес Убактылуу Өкмөттүн да салымы чоң.Роза айымдын Бакиев сот жообунан кача албайт дегени суу кечпейт, жомок, чындыкка коошпойт.Кайраты күчтүү кайран кыргыз элим чет элдик былжырак ММКларга эмес көз м-н көргөн чындыкка ишенгиле.

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
17.04.2010 10:07
Ошондой дейм да. Бакиевди эч бир мамлекет кабыл албай койгондо, айласыздан ыйламсырап Ошко учуп барып, андан кийин Жалал-Абадка барууга аргасыз болду. каза болгондорго конул айтуунун ордуна катын-баланын артына жашынып алып Кыргызстанды экиге болуп эптеп аман калуунун аргасын ойлонду. Мурункусунда манты жеп отуруп президент болуп калса. эмкисин чай ичип отуруп тушуп калды. Баарынан мен эчтекени билбейм, укпай, корбой калыптырмын дегени эле жинди кайнатып накта пас адам экенин далилдейт. кыргызстанда кокон хандыгын орнотом, нарындыктарды эшек мингизем деп, озу ага-инилерин таштап качты.Убактылуу бийлик жакшы иштеп, элдин камын ойлобосо так ушул Акаев, Бакиевдин кийимин кийет. Кыргызстанда болунуп-жарылуу болбой намыстанып экономикабызды тезинен онуктуруп казак туугандарды мактантпай алдыга озуп чыгарыбызга терен ишенем.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)