Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:02

Спорт

Канат Арпачиев: “Жаштар кышкы спортко кызыгышууда”

12-февралда Канаданын Ванкувер шаарында ачыла турган XXI Кышкы олимпиадалык оюндарга учурда ар бир өлкө спортчуларын даярдап жаткан кези. Кыргызстан да бул кышкы оюндарга өз спортчуларын жөнөтмөкчү. Алардын даярдыктары, деги эле өлкөдөгү кышкы спорттун абалы тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин башкы адиси Канат Арпачиев айтып берди.

x
Текст көлөмү - +
Канат Арпачиев: Азыркы күндө эки спортчубуз барууга камданып жатат. Алардын бири - Ольга Решеткова 10 чакырымга лыжа тебүү боюнча, экинчиси - Терелевский деген жигитибиз гиганттык слалом боюнча катышканы жатышат. Андан тышкары Андрей Вакурин сноуборд боюнча азыр лицензиянын нормаларын толтуруу үчүн Европада жүрөт. Кудай буюрса, ал да илинип калат деген ойдобуз.

- Лицензия канчасына чейин жүрөт?

Канат Арпачиев: Январдын аягына чейин болот. Азыр Европада лицензиялык таймаштар жүрүп жатат. Ванкуверге болсо биздин спортчулар 5-февралда жөнөп кетишет.
Кышкы олимпиада оюндарына үч спортчубуз катышып калса, бул да жетишкендик деп ойлойм.


- Вакуриндин мүмкүнчүлүгү канчалык?

Канат Арпачиев: Канчалык деңгээлде экени белгисиз, машыктыруучунун айтуусуна караганда, илинебиз деген үмүт бар.

- Былтыркы жылга караганда кандай?

Канат Арпачиев: Буга чейин ашып кетсе эки адам катышчу. Биз үчүн деле жаңылык болуп атат. Анткени Кышкы олимпиада оюндарына үч спортчубуз катышып калса, бул да жетишкендик деп ойлойм.
- Кыргызстанда канчалык деңгээлде кышкы оюндарга басым жасалууда?

Канат Арпачиев: Азыркы күндү айтсам, бир-эки жыл болуп калды Хоккей федерациясы ачылган. Ал да жандуу иштеп атат десек болот. Анан да 2011-жылы Астанада Азиянын кышкы оюндары болот. Ошого үмүттөнүп, даярдык көрүүдөбүз.

- Жаштардын кышкы оюндарга кызыгуусу канчалык? Алар үчүн шарттар жетиштүү элеби?

Канат Арпачиев: Шарт боюнча кыш 2-3 ай эле болот. Анан да тоого барыш керек. Тоодо азыр жеке менчик базалар бар. Ошол жактан спорттук мелдештерге даярданып турган жаштар бар. Мындан тышкары Караколдо, Нарын шаарында өзүбүздүн да спорттук мектептерибиз бар, кышкы оюндары боюнча. Салыштырмалуу элдин деңгээли ылдыйыраак да.

- Демек кышкы спорт азыркы жаштар үчүн жеткиликтүү эмес экен да?

Канат Арпачиев: Жеткиликтүү эмес деп айтсак болот. Бирок жакында эле шарда муз аянтчалары ачылып, хоккей боюнча кружоктор иштей баштады. Ошол жакка жаш балдардын кызыгуулары пайда болууда. Андыктан бизге чоңурак базалар керек, чоң муз аянттарын салса жаш балдар көбүрөөк тартылат эле.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)