Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:57

Саясат

Премьер-министр нарындыктарга жеңилдиктерди убада кылды

29-мартта Нарын шаарында премьер-министр Д. Үсөнов эл менен жолугуп, бийик тоолуу аймакта жашаган калкка электр акысы үчүн 50 пайыз жеңилдик берилерин билдирди.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов Нарында, 2010-жылдын 29-марты.
Текст көлөмү - +
Чыгып сүйлөгөндөр Жетим кырка тоосундагы темир кенин чалгындоо, казуу иштерин токтотууну талап кылышты. Өкмөт башчысы өз кезегинде оппозициялык партиянын өкүлүн акимдик кызматка чакырды.

Жыйын өтчү борбордук аянтка эл саат ондордо эле топтоло баштады. Бир маалда айрым тургундар алардын колдорун толгоп күч колдонуу болгондугун маалымдашты.

- Мына ушул жерде турсак, эмне үчүн гезит берип жатасыңар, эмне үчүн гезит окуп жатасыңар деп күч колдонуп жатышат. Эмне үчүн бизге күч колдонушат бизге,- дейт Таалайкүл аттуу жаран.

Саат 11ге жакын жыйын башталып, губернатор Алмазбек Акматалиев Өкмөт башчысы менен бирге үч министр, беш министрдин орун басарлары, статс-катчы, бир нече агенттиктердин өкүлдөрү келгендигин билдирди.

Данияр Үсөнов өзүнүн сөзүндө электр тармагында 20 жылдан бери капиталдык оңдоолор болбогондугун билдирип, тармак оор акыбалга кептелгендигин, ички электр түйүндөрүн ишке киргизүү боюнча аракеттерди белгилеп, жыл сайын 5 миллиард сом электр тармагына берилип келгендигин маалымдады. Натыйжада тарифтерди көтөрүү зарылдыгы келип чыккан. Бирок кемчиликтер да кетирилгендигин моюндап, премьер-министр жаңы токтом даярдалып жаткандыгын билдирди.

- Өкмөттүн долбоору менин колумда. Жаңы токтом менен кандай жардам болот. Биринчиден, мурунку 50 пайыз ордуна келип, жалпы бийик тоолуу жерлерде жашаган элдин бүт баары 50 пайыз жеңилдик алат. Ошол жеңилдик жайкы 5 айга 100, калган 7 айга 220 киловаттан деп эсептеп жатабыз. Экинчиден, бул токтом күчүнө киргенден баштап, биз 1-январдан баштап эсептеп беребиз.

Өкмөт башчысы маалыматын бергенден кийин чогулган элдин арасынан чыгып сүйлөштү.  Нарын районунан келген Төлөгөн Касымалиев: "Беш жыл бою бааны өкмөт чечип келсе, эми эл чечет",- деп билдирди.

Мындай талапка Өкмөт башчысы "бизге көчө демократиянын кереги жок" деп жооп берди:

- Чечилип жаткан маселени, элдин ою менен, элдин көйгөйү менен чечиш керек. Бирок маселелер мыйзамдын, Конституциянын негизинде чечилиши керек. Мына мындай көчө демократия бизге болбойт. Себеп биздин чечимдердин артында бала-чакабыздын келечеги турат.

«Ата Мекен» партиясынын облустагы координатору Адылбек Эсенбеков Жетим-Тоодон изилдөө иштери токтотулсун деп талап кылды:

- Эч качан Жетим-Тоону каздырбайбыз дагы, арендага да бербейбиз. Жетим-Тоодогу кылынып жаткан изилдөө иштери чыгып кетсин. Бул изилдөө иштери чыкпаса биз 7-апрелде митинге чыгабыз.

Мындай билдирүүдөн кийин премьер-министр Адылбек Эсенбековго кызмат сунуштады:

- Ушу «Ата Мекен» партиясынын программасы бар болсо, же болбосо Адыл иним жок дегенде бир айыл өкмөттү башкарып берем десе, давайте ушуну карайлы. Же бир районду берели, колуңдан эмне келет элдин турмушун кантип оңдоп берет,-деди Данияр Үсөнов.

Жумгал райондук кеңештин депутаты Барчынбек Орозобеков сөз ала албай жаткандыгын билдирди:

- Сөз бергиле десем сөз беришпейт. Сөз алайын деп үстүнө чыксам ал жерден сүйрөп түшүшүп, мына колдорумдун кебетесин көрүңүз,- деп канаган колун көрсөттү.

Нарын шаарынын тургуну Нарынбек Орунтаев Өкмөт башчысынын жоопторуна канааттанбагандыгын айтат:

- Бул кишинин жооптору бүт эле долбоор менен болуп жатат. Чечебиз деген маселелери көп. Элдин мүдөөлөрү кандай чечилери белгисиз болуп калды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Максат каяктан: НАРЫН
30.03.2010 22:03
Туугандар мындай учурда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бири бирибизди колдойлу. арта калбайлы. Өз укугубузду коргойлу.
Күч бирдикте.

кимден: мелис каяктан: аксы
30.03.2010 19:45
туура кылат нарындыктар ушинтир эл оз укугун пайдаланышы керек бийлик дагы эле элди алдап жатат жазда куздо алдайт кайра эле озунун билгенин кылат

кимден: Тегирменчи25 каяктан: Москва
30.03.2010 18:33
Кагылайын кандаш Нарындык жердештерим! Даниярдын даамсыз сөздөрүнө ишене көрбөгүлө! Эмне үчүн бийлик тарифтерди көтөрүп, кен-байлыктарды талап тонойт дагы, эл көтөрүлгөндө гана шыйпаңдап келе калып тил эмизип, элди алдап-соолойт. Буга чейин качан өкмөт башчысы бир келип элге жеңилдиктерди беребиз деди эле?! Нарын эли бир чыкпайт, бир чыкса көздөгөн максатына жетмейинче кармашканы кармашкан. Андыктан, Алга Нарындыктар!!! Бар экенбиз го!!!

кимден: RobinguD каяктан: turkiya
30.03.2010 17:41
Ooba yiyk jerdin topuragy altyn.Birok,emnege baardygy erdikti Naryndyktardan kutup jatat.Alardy biylikke 4ette turup alyp tukurgan4a demine dem bolup bawka aymaktarda kowulbaiby.Kyrgyzstandyn warttaryn bilebiz,birok,Narynda abal baary bir oor.Naryndyktar siler menen syimyktanam men.Nukura KIRGIZDARIM menin.

кимден: Тургунбай каяктан: Ош
30.03.2010 15:59
Урматтуу нарындык бир туугандарым! Эми анчалык эмес да!? Силерде бар азап Кыргызстандын ар бир жеринде бар? Кыштын 7-8 ай болоруна азыркы бийликтин эмне тиешеси бар? Энергияны арзандатбыз, социалдык жардамдарды беребиз, иштеймин дегенине акимдикти берейин деп жаткандан кийин, алдынарга келип алты саат баарлашуудан качпагандан кийин силер да кудайды карасанар боло. Менин жеке баамымда, нарын элин тукурган кучтор бар!

кимден: Бишкек каяктан: Бишкек
30.03.2010 10:15
Нарындыктар алданбагыла !!!!!

кимден: 777 каяктан: Нарын
30.03.2010 09:24
Данияр Усөнов эмне үчүн биздин айыл өкмөттөрдү сындаганын түшүнгөн жокмун, Эмне үчүн элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйсүңөр, иштебейсиңер дегени Нарындыктарга катуу тийди - Нарындыктар эч нерсени түшүнбөгөн элби экен, Данияр үчүн Нарындыктар малбы жэ койлорбу, биздин эл баарын тушунуп турат, Нарындыктарга деле Кудай акыл берген. Мен ойлойм Даниярдын өзунө түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек - Кыргызстан боюнча Нарын шаары эң эле суук жер экенин билбейби, бир жылда 7-8 ай кыш болот (суук, шамаал, каар кандай болорун билбейт), Отопление менен жетиштуу жылыбайт кошумча жылыткыч саюууга аргасыз болушат (кабаттуу уйлордо жашагандар) .......!!!

кимден: Nur каяктан: Bishkek
29.03.2010 23:14
Суротту коруп кулкум келди. Жини келген элден коркуп, Д.Усонов калпакты басса кийип, даана кыргызга окшошоюн деп келген кербези экен да.. Байкуш элди алдаш учун кандай гана амалын колдонушкан жок.
Бул кишиге тап-такыр ишенбейм. Уялбай кантип айтып жатат "кочоо демократиясы" деп. Усонов агайдын оюнча алар элди, жерди тоноп жатканда эл унчукпай отура бериш керек экен да "кенешме демократия" (алдым-жуттумдар демократиясын) керек бизге деп.
Эгерде "кочоо демократиясынан" коркушса, анда бийликтегилер оппозициянын олкулдорун да чоогу кошуп, элдин алдына келип, илгери айтыш айтышкансып, эмне учун электир энергиясы кымбаттады? эмне учун ишканалар арзан баага сатылып жатат? эмне учун жерлер элге айтылбастан туруп сатылып жатат? эмне учун жергиликтуу элди 4,5 айылдын жашоочуларын Чуйго кочкуло деп жатат? чет жерлерден жардамга же ар кандай проектилерге деп алган акчалар кайда кеткен? эмне учун? эмне учун? эмне учун? ушундай суроолорго ачык-айкын, ДАЛИЛДЕР менен жооп беришсин.
Антпесе Нарындыктар бул кишилердин созуно такыр ишенгенге болбойт!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.03.2010 21:21
Элди бир жолу алдаса болот, эки жолу алдаса болот, бирок дайыма эле алдай бере албайт. Нарын эли кайратыңардан жазбагыла, ыйык жериңердин топурагы алтын, эч ким ага көз артууга акысы жок.

кимден: премьэр - министр каяктан: талас
29.03.2010 20:43
Бул премьер-министрдин акыркы иш аракеттери сууга чөгүп бара жаткан адамды элестетет. Эптеп эле жашоосун узартуунун аракеттери.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)