Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:54

Экономика

Газга – европалык баа, ГЭСке – эларалык экспертиза

Ташкенде кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүндө Өзбекстан “Камбар-Ата –1” ГЭСинин курулушун эларалык экспертизадан өткөрүүгө Бишкектин макулдугун алууга жетишти. Жаратылыш газынын баасы боюнча Ташкен Бишкекке бир жаңсыл жооп айтпай, аны европалык баа менен сата турганын гана билдирип, эмдиги жылды күтө турууну сунуштады.

Текст көлөмү - +

Алыскы туугандан жакынкы кошуна

Өзбекстан «Камбар-Ата –1» ГЭСин эларалык экспертизадан өткөрүү, Көл кылаасындагы пансионаттардын башын ачып алуу талабын коюп, бирок да кыргыз тарапты кызыктырган газ баасын Жаңы жылдан кийин макулдаша тургандыгын ырастап берди. Беш жылдан кийин ишке киришкен эки өлкөнүн ортолук өкмөттүк комиссиясынын ишинин жыйынтыгы кандай чыкты?

Өзбекстандын суу башындагы коңшулары менен проблемасы ГЭС курулушуна барып такалат. Сугат суунун кадырын жакшы билген өлкө эртеңки күнү экономикалык кысымга кабылып калыш коркунучунан чочулайт.

Азырынча Өзбекстандын газы Тажикстан менен Кыргызстанга таасир көрсөтүүнүн ыктуу куралы катары ийгиликтүү кызмат кылууда. Беш жылдан бери бары-жогу билинбеген кыргыз-өзбек өкмөттөр ортолук комиссиянын жыйынында деле мына ушул маселе жайында арбын кеп болгонун Ташкенден алынган үзүл-кесил кабарлардан улам боолголосо болот.

Ташкенде талкуланган маселе

Ташкендеги чоң жыйында талкуулаган энергетикалык маселелердин баары газ баасына такалып жаткан. Курула элек ГЭСтин убайымына баткан расмий Ташкен газ баасына келгенде аны европалык баа менен сата турганын айтып, эмдиги жылды күтө турууну табыштоо менен чектелди. “Кыргызгаз” акционердик коомунун пресс-катчысы Айзада Тойгонбаеванын айтуусунда, мындан ары газ боюнча жаңы баа саясаты жүргүзүлмөкчү.

- Анткени деген дүйнөлүк, европалык мунай-газ биржасында ошол баа болот экен. Өзбекстан ошол баа менен быйыл сатканга киришиптир. Анан ошол европалык биржа баа январдын башында аныкталат.

Кыргыз тарапты жубантканы эмдиги жылкы баа быйылкы 240 доллардан көп болбош ыктымалдыгы болууда. “Акшумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев быйыл Түркмөнстан Орусияга европалык баа менен газын сатууга келишим түзгөнүн мисалга тартты.

- Ушул Түркмөнстандан европалык баа менен алабыз деп келишимге кол коюшту. Бул ошол Түркмөнстандын чек арасынан 175 доллардан алабыз деген баа болду. Орточо ушундай баага биз ориентир кылсак болот.

Газ баасы боюнча жуп Жаңы жылга чукул башталчу сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын энергетика министри Илияс Давыдов катышкан. Анын ырасташынча, газ баасы чечилбей калды деп айтыш туура эмес.

- Биртоп проблемалар болду. Мен ал жакка жума күнү баргам. Бул маселелерди жогорку деңгээлде, ошондой эле катардагы жетекчилер менен чогуу талкууладык. Айрым өзгөрүүлөр бар. Өткөн жылга караганда жакшы чечилет, деген үмүтүбүз бар.

И.Давыдов Өзбекстандан алынчу газ көлөмү аныкталып, баа саясаты такталганын кошумчалады.

Газ баасы

Айрым маалымдоо каражаттарында эмдиги жылга газ баасы 220 доллардан турушу мүмкүн экендиги болжолдонууда. Былтыры деле жыл жыйынтыкталарга чукул Өзбекстан газын дүйнөлүк баада сатары байма-бай белгиленип, кыргыз өкмөтү 1000 кубометрин 240 доллардан 650 миллион кубометр газ сатып алууга келишим түзүп кайткан. Бирок да оголе кымбатбаа газды колдонууга көпчүлүк ишканалар даабай, мына жыл аягына чейин макулдашылган көлөмдүн жарымына жетпеген “көгүлтүр отун” сатылып алынды.

Парламенттин мурдагы депутаты Анаш Сейитказиев эки өлкө ортосунда теңата экономикалык мамиле-катыш орнотула электигин белгилеп, коңшу Өзбекстан көпчүлүк учурда өктөмдүгүн көрсөтүп келатканына токтолду.

- Өзүбүздүн энергетикалык коопсуздугубузду сактай албайбыз. Мына бүгүнкү күндө чыгып жаткан бирдиктүү энергетикалык системадан алар чыгып кетсе эртең транзитке төлөгүлө дейт.

Бул ирет Өзбекстан газ баасына кошуп кыйладан бери коюп келаткан биртоп экономикалык-саясий маселелеринин башын ачып алууга жетишти. Аларга “Камбар-Ата –1” ГЭСинин курулушун Дүйнөлүк банктын аты менен эларалык экспертизадан өткөрүү зарылдыгы, Көл кылаасындагы пансионаттардын башын ачып алуу, ортолук чек араны аныктоо, тактоо жумуштарын илгерилетүү, Кыргызстан аркылуу күргүштөп кирип жаткан Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирбеген өлкөнүн товарларын ташып өтүүнү ыраатка салуу кирет.
 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Рудбек каяктан: Нарын
30.12.2009 21:48
2005-жылы газдын элге сатык баасы100% ашык көтөрүлгөн азыр дагы ошончо болжол менен көтөрүү белгиленүүдө ,свет жана башкалардын баалары көтөрүлсө маяана мурдагыдай калса бийлик элдин ишениминен такыр чыгат. Карапайым калкка маалымат жетпеген менен баардыгын көрүп билип турат.Азыркы тапта бир кана тараптуу маалымат берилүүдө элге бул аябагандай коркунучтуу, муну түшүнбөгөнүнө өкмөт башындагыларга таң каласын же бир нерсе болсо Аскар Акаевдин артынан кетип калышабы?

кимден: Кыргыз каяктан: РФ
30.12.2009 15:54
Пансионаттарды, ортодогу чек араны чечебиз деп жатса өзбектер, эч бир чиновник унчукпайт.Эч кимибиз билбей калсак керек 1920-жылдары улуттук жер бөлүшүүдө Фергана өрөөнү (андижан,фергана,наманган жиззак ж.б.у.с) бүт Кыргыз ССРине өткөн аны билгендер эч эстегиси келбейт, газды коюп ушул проблеманы көтөрүшсө болмок.

кимден: Мекен каяктан: рф
30.12.2009 13:26
Кудайга шүгүр,кыргыздын суунун башында жашап калганына.Эгер тетирисинен биз суудан ылдый жашап калганыбызда эмне болор элек элестете аласыңарбы? Алар мүмкүн болушунча ал шарты колдонушмак,аямак эмес,точно.Биз газга канчалык муктаж экенибизди ким билет?Менин оюмча көп деле эмес,бир экономист эсептеп көргөн цифра барбы? Алган газды уурдаттык деп эле отурушат,а урдаган ким?Билбейм туугундар суроо эле көп.Биздин делегацияны бир табак аш менен эле алдап солдоп кайра жолго салгандай сезилет.

кимден: Болот каяктан: Баткен району
30.12.2009 12:52
Билсенер керек - Баткен Тажикстан, Озбекстан менен да чектешкен Кыргызстандагы жалгыз район. Мен ушул райондо чоңойуп, тажик, өзбектин менталитетин жакшы өздөштүрдүм. Бирок аларда патриоттук духу өтө жогору. Акырындык менен болсо да маселени өзүнүн кызыкчылыгына бурат. Себеби алардын жетекчилери эли жерин сүйөт, колунан иш келген инсандар. Биздин ажо - Салынын небереси Каримдин неберси менен тең ата сүйлөшө албайт. Эгер бийлик кыргыздын намысын коргобосо, биз ар кандай жол менен болсо да коргоп алабыз

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия, Москва шаары
30.12.2009 11:34
Биздин жетекчилер эмне себептен тең ата болуп сүйлөшө алышпайт? Эмне себептен биз көл кылаасындагы пансионаттарды берүүбүз керек? Деги эле эмне үчүн Кыргызстан Өзбекстандан көз каранды болуусу керек? Алар бизде курулуп жаткан ГЭСти экспертизадан өткөрүүгө кандайча акысы бар? Бизде эмне Өзбекстанга талап кое турган шарт жокпу? БАР. Болгондо да бакыйган суу маселеси турат. Сууну сатпайсыңарбы анда. Дүйнө жүзүндө суу сатылып жатпайбы. Газсыз жашоого болот, бирок суусуз жашоого болбойт. Газ канча турса суу андан кымбатыраак болуусу керек. КЫРГЫЗСТАН КЕЛЕЧЕГИ КЕНЕН, БАКУБАТ ӨЛКӨ БОЛУУГА ТАТЫКТУУ. КУДАЙ ТААЛА БИЗГЕ СУУНУН ТАЗАСЫН, БЕЙИШТИН АБАСЫН, ЖЕРДИН КООЗУН ТАРТУУЛАГАН.

кимден: Joomart каяктан: KOL
30.12.2009 07:47
Bakit, kyrgyzda namis kalbai kaldi. JOK NAMIS!!! tuwunosunbu?? Baarin sindirip, talkalap, buzup butuwtu. munun baari genofondko ziyani tiet, korosun. Stokgolmdo jawaisinbi? bilesinbi baalar kandai kotoruldu? eldin waii oop baratat.. owol anda

кимден: Shom каяктан: Talas
29.12.2009 23:58
Мунун баары биздин атка минерлердин тең ата болуп сүйлөшө албагандыкы. Өзүбүздүн жарандарга суунун башында туруп алып, жогорку баа менен электроэнергияны, ал эми коңшу мамлекеттерге ылдыйкы баа менен сатсак, өзбектер туура эле кылышат. Көрөсүңөр дагы кымбататат. Өзбек тарап биздин сууга муктаж да, жайдын чилдесинде Токтогул суу сактагычын жаап, суунун баасын кымбаттаткандын жолун тапсак болмок да. Азыр дүйнөдө глобалдык проблема Газдын жетпегендиги эмес, суунун жетпегендиги проблема. Негизинен биздин чиновниктерге баари-бир эптеп өкмөттүн айлыгын жеп, ичип алып жата бермей. Элдин камын ойлоо элим, жерим деген патриоттук сезим көпчүлүгүндө жок болуп жатпайбы.

кимден: Marlen каяктан: Turkiya
29.12.2009 21:17
Ozubekter gazdin baasin kotoro turgan bolso, suu menen korkutush kerek.

кимден: bakit каяктан: Stockholm
29.12.2009 21:01
Эх туугандар, биздин кошуналар бизге ар дайым өз талаптарын коюп өз кызыкчылыктарын ишке ашырып келе жатышат. Эми биздин мамлекет башчылары газды жогору баага САТЫП АЛУУ үчүн ага кошуп пансионаттарды беришет дагы анан келип биз уттук деп мактанышат. Биз качан өзүбүз талап коюп баштайбыз?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)