Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:54

Маданият

Ырдан чыккан чыр

Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованын Ош коогалаңы боюнча чыгарган ырына байланыштуу Маданият министрлигинде өткөн жыйында бул ыр кыргыз коомчулугунда кыжырдануу пайда кылганы айтылды. Өзбек ырчысынын чыгармасына байланыштуу атайын эксперттик комиссия түзүлдү.

Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова
x
Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова
Текст көлөмү - +
Комиссияга кыргыздын чыгаан композиторлору, министрликтин өкүлдөрү кирип, Тышкы иштер министрлигине атайын кат жолдоо көздөлүп жатат.

Fergana.ru сайтына жарыяланган Өзбекстандын ырчысы Юлдуз Усманованын Ош окуясына байланыштуу өзбектерге кайрат айтып, “кыргыздарга наалат” деп ырдаган ыры коомдо кызуу талкууну жаратууда.

Эмне үчүн бул төгүлгөн кан?
Эч бир жокпу дилиңде ыйман?
Ах, кыргызым, сатылдың арзан,
Өз берекеңди жок кылдың.
Ар нан берген колго ишенбе,
Жеңиш деп кошо кубанба.
Айт, кыргыздарда жокпу ыйман?
Карап тур, эшигибизди кагарсың,
“Бизди баккан ошол өзбек” деп.
Айласыз калганда көп ыйларсың,
Өзбек өч алса бүтөрсүң,
Керек болсо кечирим сурайсың!

Юлдуз Усманованын ырындагы бул саптар кыргыз коомчулугунда кызуу талкууну жаратууда. Ырчы Юлдуз Усманова “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде “бул ыр элдин жүрөгүндөгү жарат айыкканда гана чыгышы керек болчу, бирок кимдир бирөөлөр тарабынан интернетке жарыяланып кеткен” деп билдирген.

- Чын. Бул ырды өзүм жараткам. Эл арасындагы тиги акындыкы, бул акындыкы деген сөздөр туура эмес. Күзүндө чыгарчу ырлар жыйнагыма кошом деген даярдык менен гана ырдагам. Бирок тилекке каршы, кимдир бирөөлөр тарабынан жарыяланып кетти. Мен бул ырды топумду жаныма коюп, аны үстүнөн карап тургандай абалда жаздым. Кыргызстанда менин күйөрмандарым жок беле? Бар болчу. Эмнеге эки эл тил табыша албады? Ошого кейидим. Кыргыздар бул жаңжалды чагымчыл күчтөр уюштурду деп жатышат. Анда эмне үчүн күнөөсү жок карапайым элден өч алышат? Кыргыз эли кечирим сурашы керек. Ортодо эч кандай күнөөсү жок адамдар курман болду.

Кыргыз өнөрпоздору эмне дейт?

Көп жылдан бери өзбек ырчысы Юлдуз Усманова менен чыгармачыл жактан кызматташып жүргөн “Кыз-Бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын айтымында, ырчылар кайсы бир элди кемсинтип, кайсы бирин көкөлөтүп ырдаганы туура эмес.

- Элдердин ортосундагы ынтымакты чыңдап келген, айрыкча мусулман элдердин ортосундагы ынтымакты баалай билген адамдардын катарында тургандан кийин биз, ырчылар, эч качан билип-билбей туруп, бир жактуу ыр чыгарганга акыбыз да жок. Тескерисинче, эки элди ынтымакка чакырып ырдаганда Юлдуз Усманованын даңкы көтөрүлмөк. Бүгүнкү күндө бир гана кыргыздардын эмес, өзбек элинин да жинине тийип, кыжырын келтирип турган учур. Юлдуз Усманова кыргыз эли алдында кечирим сурашы керек.

Гүлшайыр Садыбакасова учурда “Өзбегим да өзүмдүкү, кыргызым да өзүмдүкү” деген элди ынтымакка чакырган ыр жаратып жаткандыгын белгиледи.

Ырчы Айчүрөк Иманалиеванын айтымында, илгертеден келе жаткан “Ырчы менен элчиге өлүм, сот жок” дегендей ырчылар элдин аброюна шек келтирбеши керек.

- Менин билишимче, ырчылар эки өлкөгө данекер болгон, эки элди элдештирген адамдар болот. Юлдуз Усманова эл аралык деңгээлдеги ырчы болгон соң мындай ыр ырдап чыкпашы керек эле деп ишенген жокмун. Эгер чындап өзү ырдаганы туура боло турган болсо анда ал биз мурда баалап уккан ырчы эмес экен. Демек биз жаңылып жүргөнбүз.

Эки элди ынтымакка чакырган ырчылар аз эмес

Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын пикиринде, ырчылар коомдогу окуяны, жаратылыштын кубулуштарын, махабат жана достук өндүү түшүнүктөрдү ар башкача кабылдап, жүрөгүнөн өткөрүшөт.

- Ар бир ырчы чыгармачылыкка ар башка мамиле жасап келет. Биз аны ырдаба деп айта албайбыз. Тигиндей, мындай жаз деп көрсөтмө бере албайбыз. Болуп өткөн окуяларды туура чагылдырган, туура баяндап берген кыргыз акындары жок эмес. Мен Юлдуз Усманованын ырына жооп катары ырдап чыгыш керек дегенден алысмын. Тескерисинче, уяткарып, эки элди ынтымакка чакыра турган аакындар, ырчылар жок эмес деп айткым келет.

Айрыкча жаштар арасында бул ыр кызуу талкууну жаратып, чоң дүрбөлөңгө салып жатканын Маданият министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сахиба Кадырова билдирди. Анын айтымында, “бул ыр боюнча кандайдыр бир чара көргүлө” деп Маданият министрлигине кайрылгандар көп:

- Маданият министрлигинде атайын чакырылган жыйын өттү. Бул чыгарманын тегерегинде ар кандай кырдаалды эске алып, композиторлордон, маданият ишмерлеринен турган комиссия түзүлдү. Комиссия Тышкы иштер министрлигине кат жолдогону турат. Каттын мазмунунда Өзбекстан мамлекети өзүнүн үнүн жиберүү боюнча чакырык бар. Юлдуз Усманова 2 жылдан бери Түркияда жашагандан кийин, ыр да ал жактан жаралган. Демек бул чыгарма эки мамлекеттин ортосуна эч кандай бүлүк сала албайт.

Маданият министрлигинде түзүлгөн комиссия кандай чараларды колдонооруна убакыт тараза.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 11 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Kyrgyzstan каяктан: Türkiye
19.07.2010 20:50
http://my.mail.ru/cgi-bin/my/audiotrack?file=ecfa33c657ed4aed3e4b0c68ebeec6eb&uid=142620037

Ushul saitka kirsenizde, Jenishbek Toktoruvudun atayin Yulduz Usmonovaga yr turundo aytkan joobu bar.

кимден: ravshan каяктан: uzbek
18.07.2010 17:56
ey qirgiz birodarlar ey aka ukalar hammamiz alhamdulillah musulmonmiz bir bolaylik har hil benamozlarni gapiga kirib bir birimizni koshtimizni yemaylik ollohdan gunohlarimizni kechirishligini suraylik johiliy tunni yechaylik islom tunini kiyaylik musilmon musilmonni uldirishlik qattiq gunoh .hammamiz bir ota bir onadan tugulganmiz .ollohni huzurida ey yahshi odam ollohdan qurqqan odamdir.uzbekmas qirgizmas.rusmas.

кимден: алай тургуну каяктан: владивасток
18.07.2010 15:49
Ассаламу алайкум ушуну окуп жаткан тугандар бул ырга каршы ырдаган ырчылар жокпу бизде россияда кайсыл жерде болбосун угуп жанды кейитип жатат кымыздан айлансын келгиле биздин ырчылар суранам ушуга бирдеме ойлогулачы.тата улан байке озун бирдеме кыл сага ишенем сен кыла аласын,

кимден: KG каяктан: STUDENT
18.07.2010 06:22
Туугандар!!!
1.Бул статия учун Ю.Усманованын хижаб кийип мусулман аялдарына окшош болуп турган суротун коюп коюшуптур,бул мусулман аялдын кылганы ушул деген под текстти ташып тургансыйт,Бирок Юлдуз динди карманбайт!Бул жерге исламдын символ белгилерин аралаштыруунун кереги жок "Азаттыкчылар"!
2."Ыймансыз кыргыз" деген ошол Юлдуз озу ыйман деген эмне экенин билет бекен,Ыймандуу болгондо мурда оз олкосунон Германияга айдалбайт болчу,же азыркеыга окшкоп Туркияга айдалбайт эле да.Ыйман эмне экенин кыргыздардан уйронсун ырчы кыз.
3.Бул ырдын аркасында да саясий оюн жатат.Максат эки элдин ортосундагы тиш кайрашууну кучотуу.Хаос чыгаруунун башкача бир туру.

кимден: Чыныгы кыргыз каяктан: Алaй
17.07.2010 08:26
Юлдуз Усмaновa бир aдaмдын эмeс, бутундой улуттун, элдин, мaмлeкeттин нaмысынa шeк кeлтирип, ыймaны жок, ит кыргыз, озбeк бaгып кeлгeн силeрди дeп ырдaп, дaгы интeрвю бeрди. Кимдин ыймaны бaр, кимдин ыймaны жок aны Юлдуз эмeс Аллa сынaйт. Ким aл озу ырчы болсо озуно ырчы. Кыргыздaр Юлдуздун уйун тоноп, орттогон жок. Фaкт жок, кыргыздaр кол сaлгaн жок, биринчи озбeктeр бaштaды Ош шaaрындa тополонду. Коон, дaрбызды остуруп, сaмсaны жaпкaн озбeк дeп жaзышыптыр. Ошту шaaрды озбeк ээлeп aлсa сaмсaны озбeк жaбaт дa. Жeрди ээлeп aлсa дaрбыз ошолор эгишeт дa. Кимдин aйылдaн шaaргa кeлип жaшaгысы кeлбeсин. Айлa жоктон Россиядaиштeп журобуз. Бут дуйно укту, дуйно элинe жaмaн корсотту Кыргыз элин. Сотко бeриш кeрeк, Юлдузду, фeргaнa.руну. бийликтин кучу жeтпeсe, эл aрaлык дeнгээлдe тaлкуулaп, жaзaгa тaртылыш кeрeк! Кыргыздын нaмысын, коргой aлбaгaн бийликтин элгe эмнe кeрeги бaр. Атa-Бaбaлaрыбыздaн сaктaлып кeлгeн мaмлeкeттуулугубуздү сaктaп, урпaктaргa бeрeли. Кыргыздaр ынтымaк, пaтриот
болуп, өзгө элгe жeм болбойлу!

кимден: Umida каяктан: Andijan
16.07.2010 23:50
Yulduz Usmonovaga men butunlay karsiman.yulduzning vatani,uyi,oilasi bulmagandan kiyin har baloni gapiraveradi.biz andijan kiwlogidagi ayollar bola-4akamiz bilan kirgizistonga borip,pahtalarini terip,4opib tirik4ilik kilardik.endi kanday tirik4ilik kilamiz?wu yulduzga uhsaganlarning dastidan ekkala kuwni mamlakat orasida katta janjal 4ikti. yulduzga naalat bulsin.uning uzbek ekanidan nafratlanaman.u kirgizstonda yawamagandan kiyin,nimaga unaka kuwik aytadi?ekala mamlakatga tin4lik tilayman!

кимден: ozbek каяктан: Andiijan
16.07.2010 17:39
Men ozym ozbek bolsomda kyrgyzcha syiloim,dubaida jashap kundo novestini karap ichim achisshat eki elge,eki el kurbanchilika ketti,bulardi ustol talashkkan chondoor kurbandikka tartti,emi Ulduz Usmanova ejebiz Ozbek elin satkani ychyn ospoi kaldi,al Tyrkmonstanga barip konsert koigondo,Turkmondyn Prizidenti mashina Podarka kilganda jon ele chon rahmat debesten,kana Padishan bolso ushundai bolso degende,Ozbekter kandai kapa boldu,ozunun bir okuchusun yiat kilip jok kildi,sebebi Shahzoda konkirent boldu,Emi kyrgyzdarga jabishbasin,Kyrgyz eline rahmat kaira bizdi kabiil kildi,azir Salimboi bachanin aiyali guldop jatat Uolduzddun ordunda.

кимден: tigr каяктан: america
16.07.2010 16:44
Бизди каргап ырдап жатса Гулшайыр эженин "озбегим озумдуку" деп ыр жазып жатам дегени туура эмес. Кыйын экен юлдузту же жылдызбы каргап ырдабайбы ушул ыры учун.

кимден: KG каяктан: Ош
16.07.2010 14:41
Эми ал ырчынын кантип оз элинде кадыр-барктуу болгону, жыргагандыктан ботон элде жашап жаткандыгы, айласын таппай оз элине кантип бараар жолун издеп жатканы, оз элин бир корууго зар болуп жаткандыгы корунуп турат озбектер деле акылынан тайып калган жок да алар деле анализ жургузуп жатышат болушу керек, бир ыр менен эле кабыл алып калса анда озбектер аябай айкрол эл болуп калат ко ия.Эгерде чындап адамдык касиети болсо бир аз эле малдан айрымасы болсо андай жолго барбас эле.

кимден: Асан каяктан: Алматы
16.07.2010 09:03
Құрметті қырғыз бауырлар, қазақта: "қазақ қырғыз бір туған, өзбек сені кім туған" деген сөз бар. Ит үреді, керуен көшеді. Жулдыз Усманова ырласа ырлай берсін, бірақ Қырғызстанға кіргізбей қойыңыздар!
Жалпы 11 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)