Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:56

Эркиндик / Сөз эркиндиги

Медиа эксперттер: Ош коогалаңы бир тараптуу чагылдырылууда

Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар дүйнөдөгү маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылууда. Бирок айрым адистер көпчүлүк учурларда маалымат бир беткей болуп берилгенин айтып жатышат.

Оштогу тополоңдон кийин, 17-июнь.
x
Оштогу тополоңдон кийин, 17-июнь.
Текст көлөмү - +
Адегенде эл аралык маалымат каражаттарында Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар боюнча кандай сөз болуп жатканына көз салалы.

Эл аралык "Аль-Жазира" каналынын кабарчысы кыргыз-өзбек чек арасынын жанынан миңдеген өзбек улутундагы кыргызстандык жарандар Өзбекстандан баш паанек табуу үчүн өтүп жатышкандыгын маалымдап жатат. Кабарында ал Өзбекстанга кетип жаткан өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга көбүрөөк басым жасап, өзбек улутундагы адамдардын өлтүрүлүшүнө кыргыз аскерлеринин да салымы бар деп айыптады. Бирок бул кабардын соңуна дейре кыргыз аскерлери ок аткан, атпагандыгы тууралуу тастыкталган маалымат берилген жок.

Дагы бир мисал: “Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деп Би-Би-Синин кабарчысы Рейхан Демитри Ошто жүргөн кезинде кабарлаган. Бирок кыргыз тарап тууралуу кеп кылган эмес. Мунун себебин ал Ош шаарындагы кырдаалдын өзгөчө кооптуу болуп тургандыгы менен түшүндүргөн. Бирок эл аралык эрежеге ылайык жагымсыз кесепеттерди алдын алуу максатында бир тараптуу маалымат обого чыкпашы керек.

Мындай бир тараптуу маалымат таркатуу дүйнөлүк маалымат булактарынын дээрлик көпчүлүгүндө байкалып тургандыгын "Интерньюс Нетворк" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мария Райснер да айтат:

- Кыргызстандын түштүгүндөгү болгон коогалаң интернетте дээрлик бир тараптуу ,ал эми андан башка булактарда үстүртөн чагылдырлып жатканын байкадым. Муну менен дүйнөлүк медиа Ош, Кыргызстан жөнүндө аз билет экендиги көрүндү. Мисалы, Кыргызстан жөнүндө жазган журналист чет өлкөдө отуруп, аймактагы кабарчыларынын айткандарынын негизинде макала жазышы мүмкүн. Ал Ошто болуп көрбөгөндөн кийин улуттар аралык маселени билбеши да мүмкүн. Мына ушундай учурларда көп нерсе туура эмес айтылып калат, себеби кайсы конфликт болбосун анын ар кандай себептери бар. Маселен саясий, экономикалык, социалдык жана башка себептери болушу мүмкүн.

Тактык, адилеттүүлүк, тең салмактуулук жана көп кырдуулук дүйнөлүк журналистиканын өзөгүн түзүүчү эреже жана стандарт болуп саналат. Медиа-эксперт Султан Жумагулов да Кыргызстанда болгон окуяларды чагылдырууда дүйнөдөгү алдыңкы маалымат булактары бир беткейликке орун бергени өкүндүрүп жатканын айтат:

- Эл аралык этика, эл аралык журналисттик стандартта иштеген журналисттер аябай ирээнжип калдык. Дүйнөлүк стандартты бизге үйрөтүп, үлгү болуп келген институттар момундай коогалаң болуп жаткан учурда өздөрү ошондой эрежелерди тутуна албагандыгын көргөзүп койду. Ошол азыр жанды кейитип атат.

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад аймактарындага коогалаң башталган алгачкы күндөрү айрым дүйнөлүк теле жана радио, интернет жана гезит барактарында кыргыздарды өтө агрессивдүү көрсөткөн сүрөттөмөлөр берилип, кээ бир макалаларда кыргыздар өзбектерди тукум курут кылып жатышат деген өңдүү сөздөр айтылганы кабарланган. Мына ушундай маалыматтарга чет өлкөдөн күбө болгон кыргыз студент Марат Жаанбаев үстүртөн маалымдоо чыныда орун алганын бышыктады:

- Мисалы, европалык массалык маалымат каражаттарын алып карасак алар үстүртөн эле берип жатышты. Эң негизгиси бул окуяга мурунку бийликтин кийлигишүүсү бар экени айтылган жок. Негизинен өзбек тарап гана жабыркап жатат, кыргыз жаш балдары ичип алып, колдоруна курал жарак алып, өзбектердин үйлөрүн өрттөп, өзбектерди өлтүрүп атат деген эле маалыматтар көп айтылып жатты. Ошондон улам Европа өлкөлөрүндө кыргыздар өзбектерге геноцид уюштуруп жатыптыр деген ой жаралып калды.

Массалык маалымат каражаттарында кеңири колдонулган “геноцид” термини туурасында медиа эксперт Султан Жумагулов мындай пикирде:

- Журналистикада, ал турсун саясатта колдонулбай турган геноцид, тукум-курут саясатын кыргыздар кылып жатат деп айтышты. А геноцид деген – бул бир улуттун экинчи улутка карата атайын иштелип чыккан тукум курут кылуу саясаты. Ал эми бул кан төөгүүлөрдө эки тарап бирдей эле өлдү да, эки тараптан тең бирдей ок чыкты. Анан ушуну геноцид деп айтып чыгышканы өкүндүрөт. 

Султан Жумагулов ошондой эле коогалаң маалында маалымат согушу болгонун, бул согушта Кыргызстан утулганын кошумчалады. Мунун себебин ал маалымат согушу Өзбекстан аймагынан жүргүзүлгөнүн жана Өзбекстанга салыштырмалуу Кыргызстандын медиа ресурстарынын аз болгондугу менен түшүндүрдү.

Деген менен маалымат согушу Кыргызстан үчүн саясий гана эмес, экономикалык жаатта да терс таасирин тийгизерин айрым батыш адистери айтышууда. Бир мисал, Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн туристтер көп келет жана алар керек. Соңку окуяларды эске алганда 2010-жылдагы туристтик сезон андай деле оптимисттик маанай жаратпайт өндүү.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: октавиан каяктан: нарын
24.06.2010 18:50
менин журогум мекен деп соксо сенин журогун мекен деп соксо анын журогу мекен деп соксо, анда биз чон кучбуз мен сен ал бул биздин мекен учун ордубуз чон эенин унутпашыбыз керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.06.2010 22:58
11 йюнь туну озбек тарап саат 12 ден кийин мечиттен азан айтуп куран окуп анан тополонду башташты,ошондуктан Ошто м ечиттерди текшериш керек,

кимден: Акыйкат каяктан: Учун
19.06.2010 22:33
я знаю мир: в нём вор сидит на воре,
Мудрец всегда проигрывает в споре, с глупцом,
Бесчестный - честного стыдит,
а капля счастья тонет в море горя... Омар Хайям бул созду 900 жыл мурда айткан. Ак ийилет бирок сынбайт! Ким эмне десе ошол десин КЫРГЫЗ ЭЛИ кылымдарды карыткан УЛУУ ЭЛ!!!


кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.06.2010 19:15
Urmattuu Aytpay. siz da al jakta kiymildaniz "bardik kirgizdar toskool bolunuzdar" debey. Baaribiz choguu araket kilali duyno elinin bizdi japayi dep kabil alip jatishi da ushul tuura emes maalimattarga karata boluuda. A biz aga toskool bolushubuz kerek.

кимден: Ак ийилет каяктан: Бирок сынбайт!
19.06.2010 19:14
Бишкек, 19-июнь. (КАБАР). “Ош жана Жалал-Абаддагы окуялар бул акылга сыйбас нерсе. Күнөөсүз адамдарды, балдарды, кош бойлуу аялдарды өлтүрүүнү мыкаачылык деп гана баалоого болот. Бул кылмыштын бети ачылып, мыйзам чегинде баа берилиши керек”, - деди Өзбекстан республикасынын президенти Ислам Каримов Бухара облусуна болгон иш сапары учурунда.

Ал “канга-кан” деген принципке каршы экендигин, мындай ойлорду айтып жаткандардын өзү элдин душманы экендигин белгилеген.

“Оор кырдаалда кыраакылык керек, болуп жаткан иштердин баарына туура баа берип, акыл эстүүлүк менен иш алып барыш керек. Учурда алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө башка бир нерселерди көздөп өзүн дос катары көрсөтүп жаткандар да жок эмес. Силер чыныгы досторду аныктап алышыңар керек”, - деди ал.

И.Каримов Кыргызстандагы улуттар аралык кагылышуу кыргыз жана өзбек элинин согушу деп айтуудан алыс экендигин айтты.

“Болуп өткөн окуяга кыргыздар да, өзбектер да күнөөлүү эмес. Бул сырттан башкарылып, уюштурулуп жаткан нерсе. Бул кагылышууну уюштургандар Өзбекстанды да бул карама-каршылыкка аралаштыргысы келген”, - деп айткан И.Каримов. (Т.Курбанов)

кимден: Sweety каяктан: Malaysia
19.06.2010 19:12
Dostor Yahoo.com'dogu "Kyrgyzstan charges rights advocate with incitement" degen maalimat menen astindagi koomentariylerdi okup korsonor Kirgizstan duynogo kanday taanilip jatkanin korosunor. A bizdin kirgiz jurnalistter oozdoru achilip otura berishsin. Ech nerse jazbay netpey. Albette bir ay murda Bakiyevdi kubalasak 2 ay otpoy kayra izi-chuu kilsak duyno eli bizdi varvar debey emne deshet? Kirgizdar kachan akilibizga kelebiz? Ansiz dele olko kedey kimbatchilik. Al az kelgensip at tezegi kurgay elekte topolon chigarabiz. Duyno elderinen kichine uyalsak bolo. Toobo, kayda ketip baratabiz?...

кимден: Нурбай каяктан: Екатеринбург
19.06.2010 18:40
Кармалган көзгө атаарлардын арасында Тажикстандын жаарандары да кармалды деп айткан сөз учун кечирим сурагыла деп чыгышты,бут кыргыз элин канкорлорго айландырган СМИ ди кечирим суратаар аткаминерлерден барбы өзу Кыргыздарда жэ жалан папка учун келгенсинерби Урматуу УӨкумот???

кимден: Emir каяктан: Germaniya,Berlin
19.06.2010 16:09
Президент Узбекистана считает события в Киргизии не этническим конфликтом, а провокацией
19.06.2010 01:54 msk
Фергана.Ру
Беспорядки в Киргизии были организованы третьей стороной и имели своей целью вовлечь Узбекистан в конфликт c Киргизией, заявил президент Узбекистана Ислам Каримов, которого процитировала РИА Новости пресс-служба узбекистанского лидера.
«Я не считаю произошедшее этническим конфликтом, так как у узбеков и киргизов не было на это причин», - приводит пресс-служба слова Каримова.
В произошедшей трагедии, по его словам, «нет вины ни узбеков, ни киргизов, так как эти кровавые события были организованы со стороны третьих сил».
«Главная цель организаторов провокации была - вовлечение в этот конфликт Узбекистана. Однако Узбекистан никогда не будет вмешиваться в подобные конфликты на территории других стран и не допустит этого. У нас достаточно сил и опыта, чтобы самим решить эту проблему с Киргизией», - сказал узбекский лидер.
Отметим, что данное весьма важное заявление Ислама Каримова транслирует пока только российское информагентство. На узбекских лентах новостей оно отсутствует.

кимден: Гулшан каяктан: Россия
19.06.2010 12:24
эми мамлеккетик ишкерлер жакшы туруш керек

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
19.06.2010 11:04
Убактылуу Өкмөттүн эл менен иши жок. Аларга бийлик эле керек. Кылымдарды карыткан айкөл, меймандос КЫРГЫЗ элимди дүйнө жүзүндө мокочо, кан ичээр айбан кылып көрсөтсө да кылы кыйшайган жок УӨнүн. Жалданмалар тажик улутунан экен деген сөз үчүн эле Тажик бийликтери Кыргызстан дүйнө эли алдында кечирим сурасын дешүүдө.
Аттиң ай, Кыргыздын чыныгы улуттук лидери болучу адамы жок (!) беле?... КЫРГЫЗым канчага чейин сеники туура деп жашайт экенбиз?!... КЫРГЫЗСТАНДА КЫРГЫЗЫМ КАЧАН ЧЫНЫГЫ КОЖОЮН БОЛОТ? ...
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)