Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:49

Саясат

Баткен: кыргыз-өзбек чегиндеги кырдаал курч бойдон

Өзбекстан Баткендин ичиндеги Сох анклавына кошумча аскерлерди, десанттык бөлүгүн жана милиция күчтөрүн киргизгени кабарланууда. Бул арада кыргыз тараптан чогулган тургундар Сохту Өзбекстан менен байланыштырган негизги жолду тосуп чыгышты.

Кыргыз-өзбек чегине чогулган Баткендин Согмент айылынын тургундары, 2010-жылдын 28-майы.
Текст көлөмү - +
Учурда Сохтун Хушяр айылы менен чектешкен Баткендин Согмент, Чарбак айылдарында жергиликтүү тургундар топтолуп турушат. Аймактагы кабарчыбыздын болжолунда, Өзбекстан тарапта үч жүздөй, кыргыз тарапта эки жүз чакты эл чогулган. Алардын ортосун эки өлкөнүн чек арачылары менен милиция кызматкерлери тосуп, кырдаалга көз салып турат.

Баткендин Чарбак айылы өзбек айылдарынын курчоосунда калып, айылды кыргыз тарап менен байланыштырган жол жабылган. Айыл тургундары азык-түлүктөрү күн санап азайып баратканына кооптонушууда.

Кыргыз-өзбек чегиндеги мындай чыңалган абалды жөнгө салуу үчүн кечээ Баткен жана Сох райондорунун акимдери жолугушкан. Бирок андан абал өзгөргөн жок.

Бул арада Кадамжайдын Жаш-Тилек айылына чогулган кыргыз жарандары Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган негизги жолду тоскону кабарланууда. Алардын саны болжол менен беш жүз чакты.

Ошол эле учурда Сох анклавына Өзбекстандын башка аймактарынан кошумча күчтөр киргизилген. Маселен, Өзбекстан районунун ички иштер бөлүмүнөн 60, Фергана облустук ички иштер башкармалыгынан 50 милиция кызматкери бул аймакка жөнөтүлгөн. Ошондой эле Кува-Сай аскердик бөлүгүнөн дагы жоокерлер келип, Хушяр айылы менен Согмент айылы чектешкен жерге аскердик оор техникалар орнотулганын, 700дөй чек арачы, мындан тышкары десанттык бөлүктүн 300дөй аскерлери киргенин жергиликтүү тургундар айтып жатышат. Бирок бул маалыматты азырынча расмий тараптар такташа элек.

26-майда кошуна эки элдин ортосунда чыр чыгып, чоң чатакка айланып кете жаздаган. Кырдаалды жергиликтүү бийликтер эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салабыз дешкени менен маселе толук чечилбей кала берген.

Чыр жайыт талаштан чыгып, 26-май түнү Өзбекстандын Хушяр айылынан өтүп бараткан кыргыз атуулдарына тиешелүү 3 жеңил унааны кошуналар таш бутага алышып, 3-4 саат барымтада алып отурушкан. Эртеси күнү ага нааразы болгон кыргыз айылынын тургундары чек арага топтолушкан эле. Ошондон бери да өзбек тарап кыргыз жарандарына ыдык көрсөтүүсүн улантып, кыргыз тараптан талкаланган автоунаалардын саны онго жеткени кабарланууда. Учурда Баткен облусунун тургундары Сох анклавына кирбей өтүүчү айланма жолдор аркылуу катташууда.


Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун ичинде жайгашып, Ош-Баткен жолу аны кесип өтөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Шерзод каяктан: Узген
03.06.2010 09:50
Мои комментарии не пускают сюда,оставьте свои данные и я свяжусь с вами сам.

кимден: Аты аталбаган
02.06.2010 15:59
Шерзодко

Сен кыргыз жеринде осуп, жашап жатасын - демек сен Кыргыз жаранысын! Туурабы? Туура болсо анда эмне учун кошуна мамлекетин кызыкчылыгын ойлоп жатасын???!!! Эмне учун кыргызча чунуп - кыргызча суйлобой жатасын!!! Кыргыз жеринде жашасан - тилин да элин да урматоо керексин!!!! Кыргыздар - бир бололу, бар бололу!!! Ынтымактуу жана биримдиктуу бололу!!!

кимден: Дитилин каяктан: Бишкек
02.06.2010 10:20
Азыркы УО ичинде генерал ИИ ден башкасы баары кумон кишилер желимге окшоп чоюлушууда.Баш мыйзам кимдер учун жазылган белгисиз, кыргыздын эртенки тагдыры коркунучка багытталгандай.Муну элге тануулоо туура эмес, тоодогу кара кырыгыз муну кабыл албайбыз деп жатыры, айланабызга тулку, чоолор келе баштады, оз убагында акты ак.каранаы кара деп ылгап калбасак кийин кеч болчудай . Уктабастан ойгон КЫРГЫЗ, ош жалалабаттан келсе озбексин, баткенден келсе тажиксин дейбиз озбекстан,тажикстандан келген каны жаны кыргыздарды эмне деп чанабыз, биз ушинтсек кыргызды кантип кобойтобуз, биринчи мурдубуздун тубундо турган тулку чоолорду коро билели. Дагы бир нерсе Рысбек, Баямандарга окшогон илбирстерибизди тулку чоолордун тукуругу менен озубуз жок кылгандайбыз, Эй илбирстер мындан кийин биринчи Кыргыз учун куйуп намысты колго алгылачы арбир кыргыздын бир тал чачы тушпош керек го, а тулку чоолор чач эмес башты тушуруп жатышбайбы.

кимден: Mariyam каяктан: Özgön
01.06.2010 12:26
Alıstan turup ele oyubuzga kelgendi ayta beret ekenbiz da tuugandar aaa? Men nukura Özbekmin.Kırgız tilin Kırgızstandık bolgondugum uchun bilem... Maga bir nerse jakpay jatat Özbekistanda Kırgızdarga Kırgızcha okuu jok degenderge salam bergim kelip olturat.. Ömürümdö birinchi jolu Özbekistanga 2007 jılı bargam... Aga cheyin men da silerge okshop Özbekistandagı Kırgızdar Özbekche okuyt dep jurgöm... Birok alardın baarı jalgan eken... Öz közüm menen körüp keldim.. Oshon ushun oyubuzga kelgendi ottobuylu da... Tınchtık bolushu uchun ar kim Öz kindik kanı tamgan jerdi teren oyloosu zarıl bolboso meken degen tushunuktun keregi emne... Ata babalarıbız basa belglep ketishken eken sogushtu jana chır chataktı eki turdögü adamdar chıgarat dep 1. BAY.. 2. JİNDİ...Bizdin masele mına ushul eköönü tabuu....

кимден: Баке каяктан: Кыргызстан
01.06.2010 10:25
Өзбекстан нени каалап жатат, же 1999-жылы кыргызстандын жоокерлери боевиктер менен согушуп жатканда өзбекстандын армиясы Өзбекстанда туруп алып качып кеткендигин эсинен чыгарып койдубу. 160 000 армиясы менен кыйынсынып атабы. кыргызстандыктар баарыбыз баарына даяр болушубуз керек. Ж.Мамытов айткан "Ата журт кыйын кезге кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга" деп. Мекен үчүн уул-кызың баарына даяр болушуң керек. бул ар бир атуулдун милдети.

кимден: Бош каяктан: Кыргызстан
01.06.2010 10:24
Салам аллекум барыныздарга! Жекеле сох проблемасы эмес. Азыр кыргызстанда абал аябай курч, азыркы бийлик эч нерсе кыла алышпайт. Убактуулу бийликке азыр керек только акча, бийлик элдин камын ойлошпойт. суйлоп жаткандары кур эле соз.

кимден: таалайбек каяктан: москвадагы кыргыз
01.06.2010 03:22
Маркум Бекмамат Осмоновдун кайсы бир сессияда "эй туугандар!!!жер деген бул ЭНЕ, жериңди сатсаң,ЭНЕҢДИ сатканга барабар"деп айтканы азырда көз алдымда турат.саясатка аралашкан канча патриотторубуздан айрылдык кыргыз элим. Бекмамат,Насридин,Рысбек,Баяман.7-8апрелде окко учкан азаматтарыбыздан.

кимден: Шерзод Узбек каяктан: Узген
31.05.2010 22:40
У меня вопрос безымянному земляку, ты говоришь воду нужно продавать соседям,если соседы откажутся принимать воду и скажут уберите свою воду ты что будешь делать? Куда пойдешь? Кому будешь жаловаться? Думай по шире прежде чем что нибудь говорить,страна будет рухнуть изза таких как ты! Извини если задел.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.05.2010 21:36
Jani biyliktin kuchsuzdugunon koshunalar paydalanuuda.Kolunardan ech nerse kelbegen son emnege keldiner. Olkogo kuygonunor,onukturgonunor ushulbu.. Bakievtin uchurunda koshunalar minday kadamga barbayt bolchu.Bakiev bekerge aytkan emes eken

кимден: аты жазылбаган
31.05.2010 21:31
Биздин кошуналар бизге жасап жаткан саясатына караганда достук мамилерин көрбөйсүң! Тышкы коркунучта жана душмандык саясатында – биздин кыргыз элибиз биримдике жана ынтымака жолду алыш керекбиз! Ар бир адам, ар бир кыргыз – Кыргыз мамлекетибизди чыныгы көз карандыкка алып келгендей аракет жасаш керек.
Менин ойумча мындай ишчараларды кылыш керек:
Биринчиден – виза киргизүү
Экинчиден – чек араны жабуу
Үчүнчүдөн – Ош, Жалалабад жана Баткен дубандарда тартипти күчөтүү
Төртүнчүдөн – чочундардан тарткан сыналгы жана үналгыны жабуу
Бешинчиден - жарадай болгон анклаб жерлерди – талаштуу жерлер деп жарыялуу
Алтынчыдан – газдын ордуна ташкөмүр, шамалдын күчүн жана күндүн күчүн колдонуу
Жетинчиден – сууну сатуу – биздин сууну кошуна пахта жана башка нерсе өстүрсө ошонун жалпы баасынын, мисалы, 10 пайзы төлөсүн. М: жалпы өстүрүлгөн пахтасы 4 млрд доллар болсо анда суунун акысын 400 млн доллар болот! Мен ойлойм бул туура деп!!! Суу - жаратылыш берген газ жана нептей эле буюм. Демек анын баасы бар!
Сегизинчиден – казактардан жана казак аркылуу түркмөндөрөн газды сатып алуу
Эч кимди коркпой эле оокат кылыш керек! Анткени кудай шүгүр биз өз жерибизде жашап жатабыз, ар бир мамлекетин өз кызыкчылыгы бар! Ошол кызыкчылыкты биздин эл шайлаган аткаминерлер жана ажобуз аткарыш керек! Дайыма күчүбүздү жана тишибизди көрсөтүп туруш керек деген ойдомун! Кудай шүгүр тишибиз жана күчүбүз бар!
Биз эч кимге керек эмеспиз жана эч кандай мамлекетердин арасындагы достук катнаштар жок! Ар бир мамлекетин кызыкчылыктар бар! Ошону унутпайлы, туугандар!

Уландысы бар
Терең урмат менен,
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)