Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:48

Саясат

Өзбекстан кармап кеткен кыргыз чек арачыларын бербей жатат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы бейтарап аймактан Өзбекстандын аскерлери кармап кеткен Кыргызстандын Чек ара кызматынын эки өкүлүн кайтаруу аракеттеринен азырынча майнап чыга элек. Алар 31-августтун кечинде алдын-ала макулдашууга ылайык, өзбек тарап менен сүйлөшүүгө барган учурда кармалган.

Баткендеги кыргыз-өзбек чек ара тилкеси.
x
Баткендеги кыргыз-өзбек чек ара тилкеси.
Текст көлөмү - +
31-август күнү чек аралардын убактылуу жабылуусу, жайкын тургундардын чек арадан өтүү тартибин макулдашуу багытында алдын-ала телефон аркылуу сүйлөшүлгөн соң, эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушууну чечишкен.

Сүйлөшүү үчүн чакырып, тузакка түшүрдүбү?

Бул жолугушууга кыргыз чек ара кызматынын өкүлү, полковник Зиядилла Бегматов жана Айдаркен чек ара бөлүгүнүн кызматкери, подполковник Исатилла Анарбаев барышкан. Жолугушуу эки өлкөнүнүн чектешкен аймагындагы бейтарап аймакта өтмөй болгон. Бирок кыргыз тараптын өкүлдөрү болжошкон жерге барганда Өзбекстандын чек ара кызматынын атайын багыттагы ыкчам тобу аларды эки өлкө ортосунан кармап, “чек араны мыйзамсыз бузуп өттү” деген күнөө менен өз аймактарына тартып алып кирип кеткен.
Биздин өкүлдөр ошол макулдашууга ылайык, аталган жерге барып күтүп турушкан учурда артынан келген ыкчам топ кармап, үйлөрдү аралата өз аймактарына алып кирип кетишкен. 
Т. Эшалиев

Бул окуя тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев буларды билдирди:

- Өзбекстан тарап Водил жана Пүлгөндүн ортосундагы чектешкен жердеги бейтарап аймакка келгиле, ошол жерден сүйлөшүп, чек арадан өтүү тууралуу макулдашабыз деп, телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда сунуш кылышкан. Биздин өкүлдөр ошол макулдашууга ылайык, аталган жерге барып күтүп турушкан учурда артынан келген ыкчам топ кармап, үйлөрдү аралап өз аймактарына алып кирип кетишкен. Эми “алар мыйзамсыз чек араны бузуп өтүштү, ошондуктан кармадык” деп чагым уюштуруп жатышат. Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Кадамжайга келиши керек, Өзбекстандын чек ара кызматы менен сүйлөшүп, маселени чечишет деп үмүт кылып турабыз эми.

Мындан эки жума мурда Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлү Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз соода жүргүзүп жүргөн жеринен кармалып, кылмыш иши козголгон эле. Баткен облустук бийлигинин өкүлү Таштемир Эшалиев кошуналардын күч кызматтары ошол кармалган коопсуздук кызматкерин бошотуу үчүн ушундай аракеттерге барышы мүмкүн деген пикирде:

- Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү биздин аймактан 150 миң сомдук товарды чек арадан мыйзамсыз алып кетип жаткан учурда кармалган. Ал автоунаасынын документтерин көрсөткөн эмес, эч кандай докментсиз жүргөн. Анын жанында Өзбекстандын үч бажы кызматкери да болгон. Ушул окуя ошого байланыштуу болуп жатат да. Андан сырткары биздин жөнөкөй атуулдарыбыздын автоунаасын текшеребиз деп, дөнгөлөктөрүн кескилеп,өткөндө да төрт жайкын тургунубузду чек арадан ары алып кирип кетишкен. Мындай окуялар көп эле болуп жатат.

Барымта оюну: жайкын тургундардан чоң кызматтагыларгабы?

Жергиликтүү айрым серепчилер эки өлкө ортосундагы күч кызматтарынын минтип барымтага алуу оюну, аны алмаштыруу аракеттери мыйзамга жатпастыгын, андан арада карапайым атуулдар жабыркаганы аз болгонсуп, эми колго түшүрүү чоң кызматтагыларга жасалып жактанын айтышууда.

Чек арадагы кырдаалга баам салып жүргөн баткендик серепчи Базарбай Маасейитов кошуналар мындай мыйзамдан сырт аракеттери менен кыргыз бийлигинин алсыз болуп турган учурунан пайдаланууда деп эсептейт:

- Таксисттерди, жөнөкөй атулдарды кармап жатышат. Мына эми кызматта иштеген кишилерди кармап жатышат. Өзбекстан тарап бул нерселердин баарын мыйзамдан сырт жасап жатат деп ойлойм. Кошуналар мындай аракеттерин биздин бийликти алсыз, жооп иретинде чара колдоно албайт деген ойдо жасап жатышат деп ойлойм.

Эки өлкө ортосундагы чек ара маселелери Кыргызстанда апрелдеги бийлик алмашуусунан бери жакшы жолго коюлбай, улам бир тирешүү, же пикир келишпестик чыгып, чек ара жабылып, кайра ачыла калмайы көндүм көрүнүш болуп калды. Ал эми минтип барымтага алуу аракети болсо август айындагы Өзбекстандын атайын кызмат өкүлү кыргыз аймагында мыйзамсыз аракеттери үчүн кармоого алынып, кылмыш иши козголгондон кийин күчөдү.

Ошол окуядан кийин Өзбекстан Жабагы чек ара бекетинен өтүп бараткан жөнөкөй атуулдардын автоунааларын тинтүү үчүн дөңгөлөгүн кескилеп, уюлдук телефондорун тартып алуу менен эле чектелбей төрт жөнөкөй атуулду өз аймактарына алып кирип, атайын кызматтын өкүлүнө алмаштырабыз деген сунуштары да айтылган болчу. Жогоруда айтылгандай, ушу тапта Өзбекстандын бир коопсуздук кызматкери жана үч чек ара , бажы кызматкерине Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жаткан учуру.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нуртилек каяктан: Кыргызстан, Ош
04.09.2010 16:06
БарсКЖ деген немеге айтып коеюн: Кыргыз эли бир жарым кылымдан бери коз каранды болуп жашап келе жатат. Так что, "Олум артык" деп тантыраба. Элди тантырак создорун менен туура эмес жакка угуттобо!!! Кудай сактасын, бир деме болуп кетсе сага окшош атын жашырып жазган бетбактар 1-болуп тоону коздоп качышат. Бизге учурда кур намыстуулук, эрдемсинуу эн зыян. Алсыздыгыбызды, бейбаштыгыбызды, жасалма патриоттугубузду, жана эн жаманы, коралбастыгыбызды мойнубузга алуугу аргасызбыз.

кимден: barskg каяктан: Кадамжай
04.09.2010 12:15
Озбекстан бизге тийишип жаткандай корунот. Бирок мен кесе айткым келет кыргыз эли учун коз каранды болуп жашагандан олум мин эсе артык. Кыргыздын катардагы жигити катары айтайын элим учун азыр жанымды кыйганга даярмын. Биз кыргыз эли эч кимден корккон эмеспиз. Озбекстан эмес башка доо-шаа мамлекеттер менен согушууга кучубузда, духубузда жетет. Кыргыз элим сенин келечегин учун жанымды берейинчи. Озбекстан от менен ойноп жатат. Менин элим коркпойт, ата-бабамдан калган эркиндикти эч качан жоготпойт. Кыргыз бар учун дуйнодо. коркпос, кайтпас, эр журок, эркиндик деген тушунуктор жашап келет.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Россия
04.09.2010 10:26
Бул жонундо али биздин чондор ойлоно элек алардын ойу кантип бийликте калышы керек байкуш чек арачыларга кыйын болуп жатат эгер биздеги бийликтегилер ушундай боло берсе жакында кыргызстан жок болуп кетиши мумкун

кимден: maratix каяктан: BATKEN-USA
04.09.2010 07:40
Han sen Trda jurup Kyrgyzstandin abalin unutup kalgandaysin. Men da kaalaym ozbek-kyrgyz intimakta jashayli dep birok kee bir nerselerdi bashtan suyloshup aluu kerek. Intimak kaalagandar kimder bar. saga maga okshogon jonokoy adamdarbi je sayasatchilarda intimakti kaalaybi?
Anan Batkenge korsotkon kilgiliktari uchun kantip Ozubekistan menen intimakta jasay alam? KANTIP? korgon jerinde kir korsotup, kolunan kelgen kiliginin baarin kilip kelet. Ozbekistandin kiliktari 18 jashindagi jash biykechtin kiliginan da ashti. kachanga deyre ushunday jurobuz. Ushintip atsa kantip intimak dep ayta alabiz. INTIMAK jakshi nerse birok eki jaktuu boluusu kerek. Ozbekistan intimak emes kir korsotuunu kaalap atat sen emnge degen suroonu Ozbekistanga surasan bolot?

кимден: konkovae каяктан: krosnayar
04.09.2010 00:50
30000000-4000000=26000000oylon tak shto.

кимден: Армия учун! Тартип учун!
03.09.2010 11:50
кимден: МИР каяктан: КЫРГЫЗСТАН
02.09.2010 20:56

Мир, сен айтканга кошулам. Орустар айтат эмеспи "лучший союзник - армия и флот" деп. биз кыргыз армиясын кайра курушубуз учурдун талабы. жон эле показуха эмес, накта КЫРГЫЗ армиясын. биздин башкалардан айырмаланып озубуздун спецификабыз болушу керек. Тоолу аймак болгондон кийин ушу шартка жараша армия тузбозосок болбой калды. Бул бир. Экинчиси, менимче 21чи кылымда ар бир(башка улутту билбейм) АР бир кыргыз армияда кызмат отуусу бул мораллдык, укуктук жана руханий милдет болсун. Мына, Оштогу окуялар коргозду, биз ар дайым даяр болушубуз керек экен. Менимче кыргыздын армиясына аял затын да чакыраш керек. Албетте аялдар барбайт, бирок каалагандар болсо созсуз аларга мумкунчулук бериш керек. Ал эми аягында дагы бир жолу айтайын. Баткендин элине мылтык ок-дары таратып бериш керек. Ошондр башка жактан келген бандитте коркот. Мисалы Америкада элде мылтык толтура. Алар бири биринен коркот анткени атып салат дейт., озгочо мулкко же уй булого кол салгандан коркушат экен. Рахмат

кимден: Мамашарип каяктан: Москва шаары
02.09.2010 23:40
Урматтуу, кадр маселесин калчаган бардык бийлик окулдору сиздерден бирден-бир суранарым коп кечикпестен Мамат Айбалаевди Баткенге губернатор кылып алып келиниздер. Азыркы губернаторго каршы болгонум учун эмес туура тушунгуло, учур талабы болуп жатат. Билсенер Кадамжайдан Кызыл-кыя тарапка баратканда Ферганага бурулган жолду убагында Айбалаев ачкан болуучу азыр кайра жабылыптыр. Ал жердин озбектерге эч кандай тиешеси жок экендиги кор адамга белгилуу.

кимден: МИР каяктан: КЫРГЫЗСТАН
02.09.2010 20:56
Кыргыз армиясы кучту ыкчам жан,ы курал жарак аскер техникасы м/н камсыз болгондо, чек араны бекемдегенде ички тартипти козомолдогондогана мындай иштер азаймак. КЫРГЫЗ АРМИЯСЫНА БОЕВОЙ ДУХ жетишпей жатат. биздин келечегибиз бул КЫРГЫЗ АРМИЯСЫ(((

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярскиден
02.09.2010 20:46
Каримов бир нерсени корголо калды. Бул кишини Гаагский трибуналга тартыш керек. Бул кишинин айынан канчалаган кыргыздар озбек чек арачылары тарабынан олтурулгон жана кармалып кеткен. Ош коогаланы буга аздык кылып калган окшойт. Озбекстан Кыргызстанга бир кадам таштаганда эле, Орто Азияда Озбекстандын куну бутту эле. Бул куу баш аны алдын ала тушунгон экен, Озбекстанды кандуу кагылыштан сактап калбадыбы. Эми дагы акылынан кете баштаган шекилдуу. Ойлонбой иш кылып атат.

кимден: кыргыз каяктан: казан
02.09.2010 18:33
Урматтуу баткендик эл жапырт которулуп М. Айбалаевди губернаторлукка шайлашыбыз керек. Ошол киши гана Баткенге керек азыркы кыйын абалда.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)