Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:48

Эл үнү

Кыргыз-өзбек жарашууда, качкындар кайтууда

Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырыспай Абдраимов кыргыз-өзбек чек арасындагы качкындардын абалын көрүп, алардын ой-пикирин угуп кайтты. Качкындардын алды кайтып келе баштады, калгандарынын дагы кайтуу ниети бар, бирок дагы эле коркуу сезими кете элек.

Качкындар кайтып келүүдө
Текст көлөмү - +
Алар өлкөдө тынчтык орнотууну, чагымчыл күчтөргө бөгөт коюну, үй-жайы өрттөнүп талкалангандарга жардам көрсөтүүнү мамлекеттен талап кылышууда.

- Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сузак районуна караштуу Арык деген айылынан кайттым. Кыргызстандан ал жакка качып барып, кайткан адамдардын өзүнүн маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө төрт жарым миңге жакын адам кайтты. Ал эми качкындар менен маектешкенимде, алар Кыргызстан тарапта абал калыбына келип жатканын угуп, кечээ аларга облустук губернатор  (Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов) баргандан кийин жакшы маанай түзүлгөндүгүн билдиришти.

Ошондой эле айрым качкындардын үйлөрүнүн өрттөлгөнүнө байланыштуу мамлекет аларга камкордук көрүп, андан тышкары Кыргызстанда тынчтыкты калыбына келтирсин, ошондой эле улуттар арасында эч кандай чыр-чатак болбосун, элдерди бөлүүгө ажырым салбасын деген талаптарын айтышты.

Ошол жерде турган Сузак районунун дарыгерлери өз жардамын кылып, дары-дармектерин берип турушат. Ал эми ошол эле чек арада эл аралык дарыгерлер уюму Өзбекстандан кайтып келаткан качкындарга дары-дармек менен суусундуктарды таркатып турушту.

Көпчүлүк адамдарды кайтарыш үчүн Жалал-Абад облустук бийлиги маршруттук таксилерди да уюштурган. Дал ушул сааттарда мен алган маалыматтар боюнча, кыргыз-өзбек чек арасынын Базар-Коргон районуна караштуу Сейди-Кум айылында райондун акими Кубатбек Артыковдун маалыматы боюнча, миңге жакын качкын турат, ал эми башка бейрасмий маалыматтар боюнча 3-4 миңге жакын качкындар болушу мүмкүн.

- Сиз качкындар менен жолугушуп сүйлөшүптүрсүз, кайра ушундай окуялар кайталанып кетет деген кооптонуу барбы?

- Качкындар дагы, башка адамдар дагы коопсуздугуна кабатырланууда. Анткени кандайдыр бир ар бир адамда коркуу сезими дагы эле үстөмдүк кылууда. Ошол коркууну жоготуш үчүн мамлекеттик уюмдар, коргоо уюмдары жакшынакай элди кайтарып, коопсуздугун камсыз кылсын деген ойлорун айтышты.

Буга чейин Базар-Коргон райондук акимчилиги менен элдик кошуундун өкүлдөрү Базар-Коргон районунда элдештирүү акциясын өткөрүштү. Анда кыргыз-өзбек улуттары 14 адамга ак калпак, ак чепкен кийгизишип, жакшынакай тамак берилип жараштыруу келишимине келишти. Мындан ары ар кандай коопсуздуктарды келтирбеш үчүн, элдин кыжырын келтирбеш үчүн өткөн окуяларды кайра-кайра козгобой, унуталы дагы тынчтыкка карай өкүм сүрөлү, мындай жөрөлгөлөрдү ар бир айылда өткөрүп, көчө комитеттерин түзүү менен тынчтыкка гана үндөп, элди жакшылыкка үндөйлү деген ниеттер айтылды. Ошондой эле базаркоргондуктардын Кыргызстан калкына тынчтык сактап калууну үндөгөн кайрылуулары болду.


"Азаттык видеотасма": Жаатташкандар жараша баштады

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Асатилла каяктан: Австрия(оштук)
26.06.2010 03:37
Урматтуу мекендештер силердин болуп жаткан жанылыктарга ар тараптуу ой-пикиринерге кошуламын.Ар бириндин элибиз учун куйуп колундан келген оюнду максатынды окуп ыраазычылыгымды билдирем. Ошону менен бирге Шериктештерибиз (ОЗБЕКЧЕ) жагына кирип Озбек туугандардын ой- максаты алардын пикир алышууларына конул буруунарды отуном менимче кобунорду кайдигер калтырбайт деп ойлойм.Мен оштук болгондуктан озбекче жакшы тушуном окуйм.

Журналистик этика болуш керек го.Бут дуйно жузундогу ЖУРНАЛИСТЕР маалымат Чөйрөсунун адамдары АКТЫ АКТАЙ кылып угуучуга окурманга жеткирүү алардын түздөн- түз милдети же АКТЫ КАРА кылса да болобу.? Маалымат берерде терең салмактап эки элге тең зыяны оору тийбей турган кылып берүүңөрдү КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК журналистеринен суранар элем. Элдердин алдында силердин ЖООПКЕРЧИЛИГИҢЕР өтө чоң ушул кыйын кырдаал учурда.

кимден: Wolf каяктан: New Zealand
24.06.2010 19:11
Бул качкындар каяка бармак эле, эки көзү төрт болуп КЫРГЫЗСТАНГА кайра келип жатышат. Негизи КЫРГЫЗ эли абдан мээрман, жөнөкөй эл экенбиз. Алга Кыргыздар, окуйлу, чокуйду, билим алалы, маданияттуу бололу. Бизди чоң келечек күтүп турат.

кимден: БАЛА каяктан: РАША
24.06.2010 18:16
Азаттыка ыразычылык билдиргим келет.Кыргыз-Озбек проблемасын четке кагып кобунчо ынтымак жонундо соз кыласынар.дагы 1 нерсени байкадым,кыргыздардын коменттерин окусанар кобунчосу тынчтык,озбек-кыргыз бир тууган,бирибирибизди кечирели сыяктуу создор айтылат,билинип турат кыргыз эли ырайымдуу,кечиргенди жакшы коргон адамдар экени

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.06.2010 17:49
Азаттыктын негизги бетинин томон жагындагы видеороликти корсонор биздин чек арачылар кандай иштеп жатканын коруп угасынар. журналистин суроосуна берген чек арачынын жообун карагыла
Озбекстандын граждандары ото албайт анткени озбекстандын чек араылары катуу текшерип откоруп жатат дегенин кара уялбай. Эмне Озбекстан текшерип жатканда сени да чакырып карап тур биз катуу текшерип жатабыз дешип жатабы же сенин козун ачыкпы? мумкун алар менен шылтоо кылып террорчуларды откоруп жаткандыр. Ушул посттун начальнигинин ото шалакылыгы, жоопкерчилигинин жоктугу, мекенге болгон суйуусунун жоктугу,!!!! посттун начальнигин ишткен алыш керек!!! Ушундай чон тополондон кийин да ушундай шалакы аскерлер болсо эч качан онолбойбуз.позор!!! Манкурт болгон чек арачылар ды койгонсунар го. Менин пикиримди чыгаруунарды катуу отуном. Кыргызга куйсонор силер да журналистер, ушул маегимди чыгаргыла
Исмаил исаковко ишенип жатсак сиздин чек арадагы солдаттарыныздын ишин корун. Бул эн откон шалакылык. кандай айтып жатышат кээ бирлеринин фамилиясын жазганга улгурбой жатабыз деп. улгурбосон алар кутуп турсун керек болсо. Чара корушунорду отуном.

кимден: Асангайгы каяктан: Тенир-тоо
24.06.2010 17:39
кыргызыстандык жарандарым емне еле убактылуу өкүмөткө ыраазы болбой тургандырсыңар. силерди бир бүтүн ыраазы кылуу үчүн убакыт керек. баардык ишти бир еле күндө жасай койголу болорбу. алар башканы кылып бере албасада кыргызыстан елин тирорчулардан азат кыла алдыго. ал силер айтып жаткан иштерди кылып берү үчүн убакыт,көптөгөн шарттар кетишин кантип еле билбей калат елеңер,билесиңер.билип туруп еле сүйлөп атасыңар. теги силердин максатыңар емне. ачык айкылачы. ак ийилет бирок сынбасын бардык еле кишилер билет болуш керек.каранын үстүнөн актын жеңишке жетерин деле билесиңер. каранын иши кара екенго. ал арганча күчтүү болгону менен амааны акыйкат астында алсыздыгы аныкталып жатбайбы. алдырабасаңар баардыгын убакыт көрсөтүп берет. кыйынсынгандарды ошондо көрөбүз. кылмыш өткөрүп жазаага тартылбай калуусу мүмкүн емес. баарына ишенип сабыр кылып тургулачы.

кимден: Мен
24.06.2010 16:09
Ким болсонор да кыргыз элин сыйлап жашагыла!Кыргыз эли айкол баардыгын батырат.Кыргыз тилин сыйлап кыргызстандын патриоту болгула. озбекстандан гору кыргызстаным жакшы дегендер коп эле болду корунот? Ынтымакта жашайлы кыргызстандык болуп кыргызча суйлолу!!!!!

кимден: Садыкмурат
24.06.2010 15:07
УО эмне болсо да кандуу кагылышты баштап берди. Эми элдин оозунан 3 -дуйнолук согуштун Кыргызстан "баштоочусу" болуп калышы мумкун деп атышат. Эмики Кыргызстанга окшогондук баш аламандыктын кезеги Озбекстанга анан Казакстанга экен. Кана колуман келсе ушул эки мамлекеттин Президенттерине айтып коет элем.

кимден: Гулжан
24.06.2010 15:02
Кыргызды кыргыз жамандап, кыргызды кыргыз алдап эмне эле болуп бара жатабыз, обаа улут аралык жанжал эмне себептен келип чыкса да УО "лам" дебестен отурганы бул чон жанылыштык. Учурда кыргыз эли билинбегени менен жок болуп кетуу коркунучунда турат (албетте оозума таш болсун). Анткени бизди сырткы кучтун локтору карап отуруп алып, чабыштырганы бул чон кайгы. Ал эми мамалекетти гулдотуп оркундотом деген УОнун кылганы бир тыйынгы жалчыбай калды. Булардын максаты кыргыз элинин кызыкчылыгы эмес, бийлик кресло анан оздорунун кызыкчылыгы экен. Мына канчалаган адамдардын каны тогулуп кетти, отурат , кимден ызы чыкканыны жаап жашырып, актык учун Курманжан датка баласын олумго тике каратпады беле, УОну кан кечирбейт.Озунун элин кыргызды кыргыз жамандап чет олколоук СМИлерге жамандап берип жатат, анда биздин таламды ким талашат. Путин менен Медведевби? Биздин эртенки келечегибиз эмне болот? Биздин кыргыз деген улуу атыбызды, ар намысыбызды сактап берген Манас атанын кылган мээнети кайда калды? Азыр буткул дуйно кыргыз элине кулуп жатат.

кимден: Территория - башкы байлык каяктан: План - А - Мамлекеттуулук
24.06.2010 14:11
Урматтуу Кыргызстандыктар! Канткен менен карапайым озбек туугандар да, кыргыз элибиз да мынчалык оор азапты корбош керек болчу.Кыргыздын да, озбектердин да кайсыл бир проблемаларды тынчтык жолу менен чечуусуно бардык мумкунчулуктор бар эле.Бирок сырттан келген улуту да, гражданствосу да жок, абийири да жок арам тамак террорчулар карапайым калкты ары- бери угуттоп, озбек туугандарды тымызын турткулоп ушул алааматка алып келди.Бирок карапайым озбек туугандарыбыз да кайсыл куч аларды согушка туртуп жатканын байкабай калышты."Сен озбексин, башынды котор" деп лардын башын айландыргандар чынында озбектердин да озбекстандын да кыргызстандын да душмандары эле.Муну дароо ачыкка чыгара албаган УКК кеч болсо да ЧЫРКЫРАГАН ЧЫНДЫКТЫ ачыкка чыгарды. Мен УККнын чыгарган жыйынтык кашкайган чындык экенинен кумонум жок.:
По версии ГСНБ, к событиям на юге страны причастны международные террористические организации "Исламское движение Узбекистана" (ИДУ) и "Союз исламского джихада" (СИД), при активном участии членов семейно-кланового режима бакиевых.

Стратегической целью террористических организаций "Исламского движения Узбекистана", "Союза исламского джихада" является свержение конституционного строя в Кыргызстане, Узбекистане, Таджикистане, Казахстане с целью построения исламистского государства ХАЛИФАТ. С перспективой переноса зоны нестабильности на территорию Китая и России. Данные организации поддерживают прямые контакты с движением "Талибан" и "Аль-Каидой".

кимден: Бироо каяктан: Санкт-Петербург
24.06.2010 13:40
Азаттыктын жамааты Кыргызстандагы акыркы окуяларды ар тараптуу чагылдырып,"Азаттыктын" озбек болумунун айрым кызматкерлеринен озкесипкой, сабырдуу калктын окулу экенинерди дагы бир жолу далилдединер, ал учун рахмат.
Албетте Кыргызстан, кыргыз калкы учун орду толгус жоготуу, тарыхтын кара тагы болуп калды бул окуялар. Каза тапкандар кайсы улуттун окулдору болбосун бутун бир Кыргызстандын атуулдары, замандаштарыбыз эле. Жакындарына кайрат айткандан башка эмне дейбиз. Бардыгын мезгил таразалайт.
Ошентсе да "кепти кеп келгенде айтпаса кептин атасы олот" дейт кыргыз. Жабыркадык деген озбек атуулдарыбыз, аларга пикирлештер, биз суктанган Батыштын айрым ММКлары баш болуп "геноцид"деп, дуйнону дунгуротуп бет тырмады. "Геноцид" атайылап бир улутту тукум курут кылуу саясаты экендигин эске алсак 30 млн озбек элинин бир бутагы, Кыргызстандын жараны болгон озбектерди тобо чачынан кармап санасан аран 3млн го жеткен кыргыз кырган атат деген кеп акылган сыябы. Логика кайда.
Ошол дуйно жалган чууга толгон учурда ундобой туруп берсек да, кыргыз бар чындыгын бооруна кыскан байыркы эл экенибизди бир далилдедик билген жанга. Эми уч кундо азып-тозгон жердештерибиздин 70 мини уч кундо кайтып келип, бир жагынан журогубузду жылытса, бир жагынан сынып турган башыбызды ойдо каратты билген жанга. Чачылган табылат, булунгон уланат. Кыргыз кор дуйного кор болгон улут эмес экенибиз дагы бир билинди. Кыйраган туштук калыбына келет, тагы калса да жара айыгат. Канча улуттун окулун бооруна кыскан кыргыз калкы байыркынын урпагы, тон муноз тоолуктун урпагы экенибиз жалганбы. Ошол тон мунозубуздон улам чындыгыбызды дуйного далилдегенге аракет да кылган жокпуз. Ошон учун байыркы элбиз. Ошон учун кыргызбыз. Ошон учун кыргыздын бир гана Ата Журту бар. Ал-Кыргызстан.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу