Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:47

Эл үнү

Чечилбей келаткан чек ара маселеси

Жалал-Абаддын Чек айылында өзбек чек арачыларынан огунан жарадар болгон кыргыз жоокери сегиз күн делгенде араң Кыргызстанга кайтарылды. Соңку мезгилде өлкөнүн түштүк чек арасындагы мындай чыр-чатактуу окуялардан улам серепчилер Кыргызстан үчүн чек ара маселеси дале кооптуу бойдон калып жатканын белгилеп келишет.

Текст көлөмү - +

Чек ара маселеси Кыргызстан эгемендикти алгандан бери талылуу маселелердин бири бойдон калууда. Айрыкча өлкөнүн түштүк аймагында бул маселе курч. Серепчилер буга соңку мезгилде чек ара бекеттеринде орун алган бир канча чыр-чатактуу окуялар далил экенин белгилеп келишет. Алар чек арага жакын жашаган аймактарда мал-жан мында турсун, адамдын өмүрү кооптуу экенин да айтып жатышат.
Делимитация боюнча мамлекеттик комиссиянын жумушу көп десек болот. Бизде алтымышка жакын чечиле элек маселелер бар.


Үстүбүздөгү жылдын 17-январында Жалал-Абаддагы Чек айылына кирип келген куралчан эки өзбек жоокери менен кыргыз чек арачылары ортосунда чыр чыгып, натыйжада өзбектер кыргызстандык чек арачынын бутуна ок атып, аны өз тарабына алып кетишкен.

Ушул убакка чейин Анжиянда ооруканада дарыланып жаткан кыргызстандык сержант Нурбек Орункулов 23-январда мекенине кайтарылып берилип, учурда ал Оштогу госпиталда дарыланууда.

Соңку мезгилде мына ушундай чырлуу окуялардын арбын кездешип жатканын белгилеген жергиликтүү серепчилер чек ара маселеси дагы да кооптуу экенин айтып, коңгуроо кагышууда.

Курч маселе, талаштуу жер


Оштогу "Тартип жана мыйзам" укук коргоо уюмунун жетекчиси Изатулло Рахматуллаев түштүк аймагында чек ара маселеси курч бойдон калып жатканын ырастап, жогорудагыдай окуялар арбын кездешерин белгиледи:

- Фергана облусу менен чектеш жерде эки кыргызстандык жаран Өзбекстандын аймагына балык уулаганы өтүп, аларды өзбек чек ара кызматкерлери кармап кеткен. Балдар тикен зымдын ары жагында унаасынын калып кеткенин айтканда, өзбек чек ара кызматкерлери ачкычын алып, машинесин да айдап кетишкен. Кийин эки баланы соттоп, административдик жаза берип чыгарыптыр. Бирок унааны өзбек тарап өздөрү алып кеткенине карабай, бербей, конфискациялап коюптур. Чек ара аянтында жашаган эки жактагы эл үчүн элдик дипломатия түзсө жакшы болот эле.

Коопсуздук боюнча серепчи Леонид Бондарец өлкөдө чек ара копсуздугу аксап атканын айтып, өзгөчө өзбек чек арачыларынын мыйзамсыз иш-аракеттерин ооздуктоо үчүн ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдар аркылуу аракет жасоо зарылдыгын “Азаттыкка” белгиледи:

- Биринчиден, Шаңхай Кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюмдарында бул маселени көтөрүү зарыл. Экинчиден, эки тараптуу, үч тараптуу ар кыл келишимдердин так аткарылуусун көзөмөлдөө керек. Албетте дипломатиялык тил менен сүйлөшүү зарыл деңизчи, бирок катуурак турбасак мындай чатактар бара-бара эки эл ортосундагы ири кагылышууга алып келиши толук мүмкүн.

Сүйлөшүүлөр жүрүүдө...жүрүүдө...

Деген менен айтылган маселе бир күндө, бир эле убакытта чечиле койбосун Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” берген маегинде билгилеген. Анын айтымында, ушул багытта мамлекет бардык күч-аракетин жумшоодо:

- Делимитация боюнча мамлекеттик комиссиянын жумушу көп десек болот. Бизде алтымышка жакын чечиле элек маселелер бар. Бүгүнкү күндө 1375 чакырым Өзбекстан менен чектешкен жердин үч жүздөн ашуун чакырым жер аягына чейин бекитиле элек. Бул бүгүнкү күнү чечиле турган жумуш эмес. Мунун түп-тамырына чейин чыгыш үчүн канчалаган күч, канча деген дипломатиялык сүйлөшүүлөр керек.

Саясат таануучу Бакыт Мааткеримов чек араны бирден-бир оор жана жоопкерчиликтүү маселе катары баалап, аны көптөрү моюнга жүк катары алгысы келбей жатса керек деген ойдо. Анын айтымында, кыргыз аткаминерлери бул маселени чечүүгө белсенип, чыгынып киришпей жаткан өңдүү.
Шаңхай Кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюмдарында бул маселени көтөрүү зарыл.


- Ал жерде бир гана мамлекеттин ортосундагы талаш эмес, экинчи мамлекеттин катышындагы карым-катнаш, талаш-тартыштар пайда болушу мүмкүн. Өлкөлөр арасында, эл арасында түшүнбөстүктөр жаралышы ыктымал. Муну биздин чиновниктер толугу менен тактоого аракет кылбай жатышат. Ошондуктан да оор абал жаралууда. Ошентсе да бул маселени чечүүгө да убакыт келип жетти көрүнөт.

Бийлик өкүлдөрү чек ара оңой-олтоң чечиле койчу маселе эместигин, ага убакыт керектигин белгилеп келет. Демек жогорудагыдай окуялар эми катталбайт деп азырынча эч ким кепилдик бере албайт.

"Азаттыктын" архивинен: Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен бир катар айылдарда жылма (сойломо) миграциясы жүрүп келет. Аймакта жылма миграциянын эсебинен бүтүндөй айылдар кошуна мамлекетке өтүп кеткен учурлар бар.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Bekbolot каяктан: China
27.01.2010 09:01
Өз элин душман көргөн бул бийлик, журт башкарчулар тигинтип жойпуланып бир орустун, бир кытайдын этегин кармап отура берсе акыры жакшылык менен бүтпөйт. Өзбек бийлигинин кыргызга карата иштелип чыккан кандай жашыруун саясаты бар экенин иликтеп билейин деген киши жок. Менин айтаарым, кытайың дагы, ишенген орусуң дагы азыр колун сунбайт, керек болсо аларга биздин мамлекет катары сакталып калбаганыбыз маанилүүрөөк. Бул кейпибиз менен акыры жүрүп отуруп жери жок, кагазда аты эле бар улут жана мамлекет болуп калбасак болду. Бийликтегилер азыр ушул эң көйгөйлүү болгон чек ара жана тышкы саясатты оңдобосо чоң конфликтке айланышы мүмкүн. Эгер бийлик бул маселени создуктура берсе аягы жөнөкөй элдин кыжыры кайнап чегине жеткенде өз алдынча жерин коргогонго өтөт, анан ошондо эки чектеш элдин кылчылдашканын эч ким токтото албайт. Өзбек менен кыргыздын ортосунда өрт тутана албай эле араң турат. Дагы эки тараптан аксакалдары тыйып турганы үчүн токтоп турат, болбосо 90-жылдагы баягы өзбек-кыргыздын тирешүүсүнөн дагы 3-4 эсе чоң масштабдагы кыргын башталып кетиши мүмкүн. Мен муну Түштүктөгү 3 областта тең иштегендиктен өз тажрыйбама таянып айтып жатам. Муну билүү үчүн өтө терең акылдын деле кереги жок бир караган кишиге оркоюп эле көрүнүп турбайбы проблема!

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: РФ
26.01.2010 21:18
Экейгенге эңкейгин энеңден калган кул эмес, какайганга какайгын пайгамбардын уулу эмес. КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ 3000 жылдан ашуун тарыхы бар, кезегинде кыжылдаган КЫТАЙды кылт эттирбей кармап турган, Манастай баатырлар, Бакайдай акылмандар чыккан, доско күйүмдүү жолдош, душманга каардуу жоо болуп келген. Эми эле өзбектерге кулдук уруп олтурабыз. Ооба, мен улутчулмун, мен өз элимдин, КЫРГЫЗдын атуулумун. Кыргыз дегенде ичкен ашты жерге коюп, улут кызыкчылыгын баарынан өйдө коемун. Бул жерде биздин улуттук кызыкчылыкты тебелеп-тепсегендер жооп берүүсү керек. Качанга чейин ЧЕК АРА маселеси элди кыйнай берет. Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер, таш менен урганды аш менен ур деген заман өтүп кеткен. Таш көтөргөнгө таш, аш көтөргөнгө аш менен жооп берүү керек. Качанга чейин биз экинчи сорттогу мамлекет болуп жүрө беребиз. Качан Кыргызстандын башчылыгына чыныгы КЫРГЫЗга күйгөн, жүрөгү КЫРГЫЗ деп соккон маркум БЕКМАМАТ ОСМОНОВго окшогон атуул келет. Биз ишенген, медер туткан ажобуз Курманбек Салиевич Манастан Чубак кем бекен дегендей айтылуу ажобуз Аскар Акаевден да өтүп кетти. Теңир биздин элге бейиштей жерлерди, улуу тоолорду, толгон кендерди берген. Эмне себептен, КЫРГЫЗ тентип жүрөт. Кыргызстандын калкы 5 млн 382 миң адам дейсиңер, ошонун канчасы калды КЫРГЫЗСТАНда? Кыргызстанда келечекте КЫРГЫЗ улуту азчылыкты түзгөн улут болуп калбайбызбы? Канчалаган улан-кыздар Россиянын атуулдугун алып, ошол жакта жашап калууда. Жери жок мамлекет, эли жок хан болбойт. Элди да ойлогула Эл БАШЧЫЛАРЫ!!! Манастын арбагын сыйлагыла жок дегенде. Кеч болуп калбасын...

кимден: jek. abramovich.kyrgyz. каяктан: bishkek
26.01.2010 14:24
Salamatsynarby Kyrgyz elim.
Ushunun baaryn chondor bilet .
Birinin kozyn biri chukubai ,ushul maseleni chechpeibi..
Bashka kyrgyzdy sottoshkondon koro (texnikany satty dep) bir melech ychyn .Kilteigen Kyrgyz jerin basyp kelatyshat .Kozdoryn choon achyp ,kochyktoryn kotoryp osholishterdi birinchi bytyrso bolot eleda.
Chondor oigongulachy .
Degi gezit okup, maalymattardy ugup,teledegi janylyktardy korosynorby?



кимден: немис каяктан: Германия
26.01.2010 06:17
Бүгүнкү күнү кыргыз менен өзбек жана тажик мамлекеттеринин ортосундагы чек араны эртерээк делимитациялап чечип албаса, бул кыргыз мамлекети үчүн кийинчерээк ого бетер оор маселе болуп калат!!! Эмне үчүн чек арада ушундай оор кырдаал бар экенин баары эле көрүп, сезип, билип турушат. Мурдагы учурга салыштырмалуу, өзгөчө азыркы мезгилде, көптөгөн кыргыздын ишке жарактуу жарандары чет өлкөгө, Кыргызстанда оор турмуштун айынан акча табам деп, өзгөчө Орусияга ж.б. өлкөлөргө миграцияга туш болуп кетип атышат. Ошол эле учурда, моментти пайдаланып өзбек менен тажиктер ортодогу кыргыз менен болгон чек араны кичинеден бузуп келе жатышат, б.а. кыргыздын жери күндөн күнгө, кичирейгенден кичирейип баратат. Эгерде азыркы бийлик, ажо баш болуп даагы эле ушинтип, ар кайсы шылтоону айтып, чек ара маселесин создуктуруп отура берсе, кыргыздын келечектеги муундары өзбек менен тажиктердин кулу болуп калат, бул аттын кашкасындай белгилүү нерсе. Бир эле мисал, эсинердеби, баягы союз учурундагы Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө калып калган кыргыздарды. Саны миллионго жакын кыргыздардын паспорттору өзбек элинин ар кандай басымынын негизинде, улуту деген жеринде аргасыздан өзбек деп жазылып калган. Ал эми жакынкы эле кездеги окуяны билесиңер, өзбек кыргыз чегарасындагы кыргыз чек ара сакчысын бутка атып кетишти, өзбектер жакшы эле зордук зомбулук көрсөтүп атышат. Бул окуя кыргыз мамлекетинин территориясында болуп атат, ал эми кыргыз өкмөтү, өзүнүн жарадарын коргой алган жок, тескерисинче кыргыздар өзүңөр күнөөлүсүңөр деп коюп отурушат. Анан ушундай өзүнүн элине наадандык кылган бийлик элди жыргатмак беле???
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу