Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:46

Кыргызстан

Кубат Оторбаев: Эфир үзгүлтүккө учураган жок

23-апрелде УТРКнын “Ала Тоо” программасынын 70ке жакын кызматкери иш таштап, бүгүн да кызматка чыккан жок деген маалымат бар. Мунун чоо-жайын билүү үчүн “Азаттык” УТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев менен байланышты.

x
Текст көлөмү - +
Кубат Оторбаев: Саат жети жарымдагы жаңылыгыбыз орус тилинде болчу, ошол кечигип, саат 11де чыкты. УТРКнын бюджети өтө тартыш экен, буга чейинки жетекчилик январь, февраль, май айларында бизге бөлүнгөн гонорар фондунан сырткары жарым миллионго жакын акчаны ашыкча төлөп келген экен.

Биздин финансисттер сүйлөшүп, мартта 700 миң cомдун тегерегинде гонорардык фонддун ордуна 1 млн. 300 миң сом төлөш керек болуп калды деди. Ошондо 500 миң сом ашык төлөш керек. Бирок мындай каражат бюджетте каралган эмес. Биз ошону жамаатка айтсак нааразычылык чыкты.

Эгерде мындай темп менен ашыкча төлөсөк анда августта 2010-жылга бөлүнгөн акча түгөнөт. Мындай кылууга болбойт. Ошондуктан биз азыр жолдорун карап атабыз. Кыргызда жакшы сөз бар “жылкыңа карап ышкыр, же төшөгүңө карап бутуңду сун” деген. Ошого жараша иш кылыш керек.

- Ал эми бүгүн “Ала Тоо” программасы чыктыбы?

Кубат Оторбаев: Азыр саат 12ге чыкты. Сүлөшүүлөр жолу менен ишке ашырып атабыз. Ушундай шартта ультиматум менен иш кылуу туура эмес, муну дагы айттым. Бирок жалпысынан УТРКда бардыгы өз жолу менен кетип атат. Эфир үзгүлтүккө учураган жок. Азыр иштеп атабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Gylsana каяктан: Italia
27.04.2010 11:37
Urmattuu Bilgich!
Sizdin Kubat Otorbaevichke akti ak karani kara kilip maalimat jetkirip turunuz degeniniz abdan tuura.!Kubat Otorbaevich ozynyz bilgendei Azattik radiosunun Bishkektegi bolymyn jetektep kelgen Al kishinin akti ak karani kara kilip maalimat berip turganin murun ele baikaganbiz demek azirda ozynyn taza ichki dyinosy oshol boidon kala beret degen oidobuz.Koptogon chet mamlekette jashagan kirgizdar Azattik radiosunun jniliktarin okup turabiz anan biri biribizge oi-pikirleribizdi bolushobyz azattik radiosunun kizmatkerlerinin jazgandarina ishenip okiubuz.demek Azattikta jetekchi bolup ishtegen Kubat Otorbaevichke ishenim korsotobyz dep bildirip ketkim kelet...

кимден: Билгич каяктан: Бишкек
26.04.2010 19:30
Кубат мырза Россиянын маалымат телеканалдарын билебиз, жалаң эле Медведев менен Путин эле байдын кара кызындай мактай беришет.Эми Сиз андай болбоңуз, маалыматты так жана ак бергенге аракет кылыңыз.Антпесе эки айдан кийин эле 86 Баатырга берген таазимиңиз жокко чыгат.

кимден: Жунус каяктан: Бишкек
26.04.2010 17:36
саламатсызбы Кубат мырза!! Сиз азаттыкта иштегенинизде кыргыз элине ачык чындыкты жеткиргенге аракет кылаар элениз!! Бирок азыркы ордунузда Кыргыз элине Акаев жана Бакиев доорундагындай бир тараптуу гана маалымат берип жатасыз!! ММК эркин болуш керек, бийликтегилердин эмес, элдин кызыкчылыгы учун кызмат кылыш керек!
Элдин маселелерин которуп чыгыш керек!1 ушул УТРК да элдин салыгы менен жашап жатат!! Эркин ММК чыгылдырган Улуттук канал кылысыз деген умуттобуз!!

кимден: Билгич каяктан: Бишкек
26.04.2010 09:01
Кубат мырза сындаш оңой, түзөш, жасаш, оңдош кыйын.Сынчынын сыңар өтүгүн көрө жатарбыз. Жетекчиликке койсо эле арзыматтар Акаевдердин, Бакиевдердин ырын ырдап келишкен, эми Сиз Атамбаев, Сариев, Текебаев, Отунбаевалардын ырын ырдабаңыз.Элге акты-ак, караны-кара деп туура маалымат жеткириңиз.антпесе кан менен келген бийлик кан менен кетерине ишене бериңиз.

кимден: Gylsana каяктан: Italia
26.04.2010 00:16
URMATTUU KUBAT OTORBAEVICH!
Men Siz jonyndo abdan jakshi pikirdi koptogon kirgizdardan ukkam.Bul fakt!!!Bishkeke bargan sain kolum bosh bolso ele Sizdin alip bargan korsotyyny koryp Sizdin talanttuu jurnalist ekenizdi baikagam.Men Sizdi Italianin abdan talanttuu jana ardaktuu jurnalisti jana RAI-din alip baruuchusu Fazio Fabbio menen salishtiram. Sizge zor ijgilik kaalaim!
Salamim menen Gylsana Baidildaevna

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.04.2010 22:55
Кубат Мырза, эн биринчиден сиз да эми башка жетекчилерге окшоп азыркы бийликтин созун суйлотпосонуз болду ошол оз акчасын ала албай жаткан кабарчыларга, алар да ичи куйуп жатса керек, дал ошо кабарчылар - Убактылуу бийлик акча айлык пенсия маселесин чечти узгултуксуз баардыгы берилет деп айтып жатышса, анан оздору ала албай турса, куйот да. Балким акчаларын кыскарытымыш болуп, жумушсуздукту кобойтуу максатыбы?

кимден: Жыпар каяктан: Ош
24.04.2010 17:33
Сиздин ынгайсыз суроолорунузду коруп, иштин козун билген мыкты менеджер деп ойлоп жургонбуз. Эми КТРден Сиздин чындыгы турмушта кандай адам, кандай жетекчи экенинизди таанып-билебиз. Суроо берип жарга такаган кандай оной, ал эми ошол ишти уюштуруу кандай кыйын экенин коруп жатасыз. "Жылкыбызга карап ышкыралы" деп мурдагылар айтса эч макул болчу эмессиз. Эми ошол цитатаны озунуз колдонуп калыпсыз да. Ийгилик болсун!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)