Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:42

Эркиндик

УТРКны коомдук башкарууга өткөрүү идеясы кайра тирилди

Убактылуу өкмөт Улуттук телерадио корпорациясын коомдук телекөрсөтүү кылып кайра түзүү ниетин билдирди. Ага ылайык мындан ары, УТРК каржы маселесин албаганда бир дагы мамлекеттик органга баш ийбей, эркин болот.

Улуттук телеканалга реформа жүргүзүү маселесин башкы каналдын жамааты далай жолу көтөрүп, ар кандай акцияларга чыгып келди
Текст көлөмү - +
Айрым эксперттер Бакиев бийлиги учурунда деле бул маселе байма-бай көтөрүлүп, кийинчерээк теңирден тескери чыгып, сунуштар кумга сиңген суудай жок болгонун айтып келишет. Деги УТРКны коомдук телеканалга айлантуу ишке ашабы?

Улуттук телерадио корпорациясы буга чейин, Акаевдин тушунда да, Бакиевдин тушунда да бийликтин арыгын чаап, жалаң гана бир тараптуу маалымат таратып жатат делип катуу сындалып келген. Ал тургай Акаев бийликте турган кезде “кара куту” атка да конгон. Ушул себептүү Бакиев бийликке келген алгачкы жылдары УТРКны коомдук телеканалга айлантуу аракеттерин байма-бай жар салып келгени да белгилүү.

Бирок медиаэксперттер Бакиев бийлигинин бул аракеттери тескери ооп, басма сөздү ооздуктоо, кысым, басым, ал тургай курч жазган журналисттерди өлтүртүп, ачык эле радио, гезиттерди жаптырып салуу менен алмашканын белгилешүүдө. Кийинчерээк ММКларды каттабай коюу, катталгандарын кайрадан каттоо зарылдыгы да айтыла баштаган. Ушулардан улам да эл аралык уюмдардын иликтөөсүндө Кыргызстан соңку жылдары эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошулган болчу.

7-апрелден кийин түзүлгөн Убактылуу бийлик да УТРКны коомдук телеканалга айлантаарын айтып жатат. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев бул багытта иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеген. Ага ылайык эки-үч жумада документтери иштелип чыгып кабыл алынса, УТРК үч айдын аралыгында коомдук телевидение болуп толук кандуу иштей баштайт:

- Биз эки принципти айкалыштыралы деп жатабыз. Телевидениены бюджеттен каржылоо калат, ал эми башкаруу системасы алынат. Ал жерде Байкоочу кеңеш бүт аткаруу бийликтерин, коомдук телевидениенин саясатын аныктайт.

Өткөн жылы апрелде парламент “Телеберүү жана радио уктуруу жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алгандан кийин Кыргызстанда мамлекеттик башкы каналдын базасында коомдук телеканал түзүү идеясы дагы биротоло токтогон. Бул мыйзамга ылайык улуттук каналдын Байкоочу кеңешин да бүтүндөй президент сунуштайт, жетекчисин да түздөн түз президент дайындамай болгон. Ошол себептүү медиаөкүл Акмат Алагушев бул багытта мыйзамдар толук бойдон каралып чыгышы керек деген пикирде:

- Албетте, аны коомдук телеканал кылыш керек. Көп нерсени кайрадан карап чыгыш керек. Мыйзам түрүндө коомдук телевидение болгон, Бакиев кол койгон. Анан кийин эле башка бир мыйзамдын ичине бир берене кошуп туруп, аны жокко чыгарып жатпайбы.

Ал эми “Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бийликтин бул багытын катачылыкты оңдоонун бир жолу катары баалайт. Ошондой эле ал бул маселени парламент бекитип бериши керектигин белгилейт:

- Коомдук телевидение болгондо мамлекетте коомдун кызыкчылыгы коюлат. Бул таризден алганда УТРК коомдук болоору менен мамлекеттик-коомдук кызыкчылыкты алып кете берет, бийликтин өз кызыкчылыктарынын таасири минималдашат деп ойлойм. Чынын айтканда ал канчалык деңгээлде тез ишке ашат, ал башка кеп. Эмнеге дегенде бул мыйзамды парламент кабыл алып бериши керек. Бирок жаңы курулган парламенттин күн тартибиндеги алгачкы маселелерден болушуна биз дагы аракет жасайбыз.

Өз кезегинде УТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кубат Оторбаев башында эле ушул идеяны жактагандардын бири болгонун, бул иш-чараны ара жолдо калтырып, бийликтин сөзүн сүйлөгөн канал болтурбоого аракеттер көрүлөөрүн айтып жатат:

- Коомдук телеканал болуш керек. Мен, албетте, бул идеяны колдойм. Журналистиканын стандарттары менен эч кимдин абийирине шек келтиребей калыс, так маалыматтарды берген, ошол эле убакта эч бир күчтөрдөн, ошол эле бийликтен да көз каранды болбогон телеканал сөзсүз болуш керек.

Медиаөкүлдөр да ушул багытта өзүнчө долбоор даярдап жатат. Ал жакынкы убактарда Убактылуу өкмөткө сунушталмакчы. Анткен менен ушул убакка чейин коомдук деп эсептелип келген ЭлТРдин айрым кызматкерлери азыркы бийликтин эмитен эле тигини жаз, муну жазба деп көрсөтмө берип жатканына нааразы болуп келет.

Ал эми Убактылуу бийликтин сациалдык тармагын жетектеген өкүлү Элмира Ибраимова бир гана УТРК эмес, өлкөдөгү башка телеканаларды көзөмөлдөп турчу өздөрүнүн чакан кеңеши болоорун бышыктады. Ошондой эле ал басма сөз эркин болушу керектигин, обьективдүү маалыматтар жалпы элге да, өкмөткө да пайда алып келээрин белгилеп жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бакыт каяктан: Орусия
23.04.2010 17:31
5 жыл мурун деле ушинтишкен. КТР эч качан коомдук болбойт. Бир телеканал бийликтин созун суйлогонун эч коркунучу жок. Иш кылып, башка ММКлар коз карандысыз жана объективдуу маалымат таратса эле болду.

кимден: Zak каяктан: AKW
23.04.2010 11:26
men nurlandyn sozuno kowulam, albette bizde face controldu otkoruw kerek, UTRKkada emi jakwy teleproekter 4ygyw kerek, al emi sayasat4ylarga atayin dialog (Azattyktagyday) bawka canaldarda boluw kerek!

кимден: Нурлан каяктан: Ош
23.04.2010 10:13
Коомдук болуп калса жакшы болот эле, бирок КыТыРыга "фейс-контроль" деген нерсени киргизиш керек. Кээ бир адамдарды теледен такыр көрсөтпөй эле коюш керек (арыгын, майрыгын, мурду кыйшыгын), кээ бир кадрларды оператор-монтажерлор өздөрү кошобу - көрсөң көңүлүң айланат. Түркмөндөрүн телеканалын карагылачы, көрсөткөнү токчулук, ыр-күлкү, майрам.

кимден: немис
22.04.2010 23:05
Коомдук телеканал болушун мен дагы колдойм, себеби элге так жана туура маалымат жетиш үчүн эркин телеканал керек. Эгер телеканал өкмөткө көз каранды болуп калса, анда баягы эле бир жактуу маалымат берилип калат. Эгерде Кыргызстанда президенттин жана парламенттин жасап аткан иштерин эркин ММКры аркылуу көзөмөлгө албаса, анда Акаев жана Бакиевдин учурундагы мамлекеттик мүлктү талап-тономой, ичип-жемейлер кайра эле улана берет, бул шексиз. Бийликтин кылып аткан иштерин эл көзөмөлдөп (контролдоп) туруш үчүн сөзсүз түрдө эркин ММКры керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)