Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:41

Саясат

М. Макфол: ЕККУ күчтөрүн киргизүүнү кыргыз өкмөтү колдоду

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол кыргыз өкмөтү Ош менен Жалал-Абадга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы эместигин маалымдады. Анын ырасташынча, Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялар эл аралык иликтөөгө алынышы керек.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 4-майы.
Текст көлөмү - +

Эл аралык полиция күчтөрү келет дейби?

Майкл Макфол Кыргызстандын түштүгүндө өткөн кайгылуу окуялар кылдат иликтениши керектигин, жагдайды жөнгө салуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эларалык полиция күчтөрү киргизилиш зарылдыгына токтолду.

- Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эл аралык полиция күчтөрүн Кыргызстандын түштүгүнө, Ош менен Жалал-Абадга киргизүү жөнүндөгү президент Обаманын демилгеси кыргыз өкмөтү тарабынан колдоого алынганы мен үчүн күтүүсүз болду.

Эларалык полиция күчтөрүн жөнөтүүнүн эреже-тартиби эмдиги жумада Казакстандын башкалаасы Астанада өтчү Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жөнжай жолугушуусунда талкууланмакчы. Майкл Макфол Кыргызстанда адам укугунун сакталышы жаатында айрым проблемалар бардыгын белгилеп, жаңжалды жөнгө салууда коопсуздук күчтөрүнүн жөнжай адамдарды негизсиз басмырлабай, мыйзам эрежелерин так сакташы керектигин айтты. Бул маселе Кыргызстандын Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу маалында кенен-кесир талкууланганын белгиледи.

- Кошмо Штаттар Кыргызстанда адам укугунун сакталышы, айрыкча өлкөнүн түштүгүндө, өзгөчө кыргызстандык өзбек улутундагы жарандардын укугунун сакталышында биртоп өксүктөр бар экендигине тынчсызданууда.

М.Макфол Кыргызстанда демократиянын жайылышы, адам укугунун сакталышына АКШ өкмөтү өзгөчө көңүл бура тургандыгын ырастады. Бул жаатта алдыда өтчү парламенттик шайлоодо атаандаш саясий күчтөрдүн текши баарына бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарылдыгына токтолду.

Өлкө тагдырын эл өзү чечиши керек

Антип Батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы демократиялык принциптердин так сакталышына өзгөчө көңүл буруп жатышы, саясат таануучу Уран Ботобековдун ырасташынча, өлкөдө мыйзамдуу бийлик орногон соң оожалууда.

- Борбордук Азияда аларга стабилдүүлүк керек. Стабилдүүлүктү кармаган расмий бийлик керек. Ал бийлик кандай жол менен келди? Эң негизгиси ал шайлоо жолу мененби, референдум жолу мененби, айтор бийликти мыйзамдаштырган бир процесс болуш керек эле. Мына ошол процесс болду деп алар эсептешип атат.

М.Макфол мурунку бийлик тушунда “Манас” абамайданындагы америкалык авиабазанын турушунан улам АКШ өкмөтү Кыргызстандагы адам укугунун сакталышындагы одоно мыйзам бузууларга көз жумуп коюшканы жөнүндө көп сындар айтылганын маалымдады.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ушу тапта айрым эларалык уюм, маалымдоо каражаттарынын, кээ бир расмий өкүлдөрдүн аракети менен Ош менен Жалал-Абаддагы окуялар боюнча бир жактуу коомдук пикир түзүлүп, жаатташкан тараптардын бирөөн зордукчул, экинчи тарап жөн жерден ыксыз азапка туш келип жатканы айтылып жатканына токтолуп, өлкө проблемасын кыргызстандыктар сырттан кийлигишүүсүз өздөрү чечиши керектигине токтолду.

- Кыргызстандын тагдырын кыргызстандыктар чечиши керек. Кыргызстан турмушун, кыргыз элинин турмушун кыргыздар оңош керек. Башка бирөөлөрдү сыртта күтүп отурбайчы. Бизге жардам алып келет деп отурбай. Негизги максат ушул философияга өтүш керек.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү жаңжалды жөнгө салуу үчүн Орусиядан аскер күчүн сураган. Расмий Маскөө ал маселени Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн талкуусуна коюп, соңунда аскер күчү эмес атайын техника, жарак-жабдык жагынан жардам кылынары маалымдалган. Ал эми ЕККУнун эларалык полиция күчтөрү кандай шартта киргизилери азырынча белгисиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: КЫРГЫЗ каяктан: БИШКЕК
17.07.2010 20:28
ЕККУнун КЫРГЫЗСТАНГА КИРИШҮҮСҮНӨ ТОЛЛУК КАРШЫЫБЫЫЫЗ!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: АСЫЛБЕК каяктан: БИШКЕК
16.07.2010 22:18
ал кучторду киргизип алып кайрадан чон казатты баштап албагыла Роза еже озубуздун кыргыз палициялары не иштебей атышабы. чын чынын айтайын кыргыз ели ошол кучко мойун берет деп ойлойсузбу. орусия ошону туура кабыл алабы албетте албайт сиздин елиниз жарымы россияда аларга тоскоолдуктар болуп калбайбы ушунун айынан дагы бир жанжал чыгырып албаныз. озубуздун ер азаматтарыбыз жок бекен мекенине кызмат кылчу.
КИРГИЗБЕГИЛЕ ЕКУУНУ КЫРГЫЗСТАНГА ОЗ ТАХДЫРЫН ОЗУ ГАНА ЧЕЧИШ КЕРЕК КЫРГЫЗ ЕЛИ!!!!!!!

кимден: Кылым каяктан: Бишкек
15.07.2010 17:53
Урматтуу кыргыз элим! Мен деги акыркы күндөрдөгу болуп жаткан окуяларга толук көзүм жетпей жатат. Бийликте отургандар элдин пикирин жакшы кабыл албай жатат. Азыр чындыгында эле мамлекетибиздин толуктугу, эркиндиги жана келечеги чон суроо алдында жатат. Жакшыраак ойлонсок, тунук коз караш менен бизге эч кандай ЕККУ, БУУ, ЖККУ ж.б. ушундай сыяктуу уюмдардын аскердик кучу же полициясы кереги жок. Эгер кирсе чыкпайт жана биз сырткы башкаруу алдында кул болуп калышыбыз мумкун. Техникалык окмот дейт, аты эле озгорбосо, баягы эле жеп-ичип, элди кыйнагандар отуруптур. Бизге жетишет паракорлор, ачыгын айтканда тажадык жана чарчадык. Биз сырткы куч киргизбесин деп бийлик алдына чыгып бере алабыз, тагдырыбыз озубуздун колубузда. Отургандар, экранга чыгып суйломуш болгондор оздорун оздорун элден акылдуумун дегенин токтотушсунчу. Биз бир элбиз, бир өлкөбүз.

кимден: Красноярскийдеги кыргыз каяктан: Россия
15.07.2010 16:58
Сырткы кучторду киргизбоо учун Бишкекте кайрадан митингдерди уюштуруу керек тезинен. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чуй, Ыссык-Кол жана Бишкек биздин жерибиз. Сырткы кучтор кылгылыкты кылып анан териштиргенинин кереги жок. Озбек Кыргыз эч качан урушкан жок. Башка кучтор жана алардын финансылык каражаттары кунолуу. Бийликтегилер кунолуу. Оштук озбектер кыргыздар менен чогуу митингдерге чыгууну сунуш этер элем.

кимден: АТА МЕКЕН каяктан: Алыстан
15.07.2010 15:38
кимден: мекенчил кыз каяктан: ВашингтонГО
Вашингтондо жашасан эле ошолордун обону менен болуп калгансынбы.Сага окшогондор андан коро ошол жактын жарандыгын алып эле кала бергениңер оң.Атыңа жараша затын болбой калыптыр.

кимден: АТА МЕКЕН каяктан: Алыстан
15.07.2010 15:27
Кагылайын кыргыз элим, Сырттан күч киргизүүгө эч жол бербешибиз керек. Биздин алтындай болгон азаматтарыбыз сырттан күч киргизүү үчүн жандарын берген эмес.Ушунча нерсени башыбыздан откордук, эми дагы тиштенип туруп баардык кучубузду ушуга жумшайлык.АТА МЕКЕНИБИЗ дагы бир коркунучтун алдында турат.Ал эми сырттан куч киргизгиси келгендер,ошол сыртка барып ошол күчтүн алдында өзүлөрү жашасын дегим келет.

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
15.07.2010 12:10
Эгер ЕККУнун кучторун кире турган болсо Роза Отунбаевди оставкага кетириш керек. Сырттан кучторду кийирген олколор азыр кандай абалда турушат? Грузия 2ге болунду, Югославия болунгондон кийин эмне болду? Корея эмнеге 2 мамлекет болуп болунуп калган??? Тезинен Роза эже бул маалымат "чын" же "жалган" деп тастыктап бериш керек. Жаштар Кыргыз мамлекетинин бутундугу учун биригели, мамлекетибизди болуп жарганга жол бербейли!!!

кимден: Талантбек каяктан: Кыргыз
15.07.2010 11:44
Эми Аллах баардык чондорубузга ыйман берсин !!!

кимден: Канымжан каяктан: кыргыз
15.07.2010 10:47
Ырас болот биздин кыргыздарга. Акча менен арака алдынып жур деген жака кете беребиз. ВНнын ириги дагы коп чыгат. Кандай кана бейпил жашоодо элек. Мен дагы айтам Бакиев мага эч ким эмес терээн ойлонгондо ал келмейин Россияга же АКШга жем болобуз. Келечектеги муундарыбыз эмне болот? ВПга акча кресло болсо эле болду. Алар кыргызды эмес оз уй булоолорун кана ойлоп жатышат. Кыргыздын жузу ушул алтоонукундай беле?

кимден: мекенчил кыз каяктан: Вашингтон
15.07.2010 10:13
Кадырлуу кыргыздар,
ОБСЕнин полициясы кирсе Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылат. Антпесе, итке минген жакыр кыргыз армиясы, эси ооган милициясы менен коопсуздук кызматтарынын чама-чаркы Апрелден бери ташка тамга баскандай эле көрүнбөдүбү? Жөн эле куру ПАТРИОТ боло бергенден эмне пайда – «айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат» деген эле болот.

ОБСЕнин полициясы дүйнөнүн бир канча жеринде ошол жердеги элдин бейкуттугун камсыз кылып турат. Маселен: азыркы Косова. Полиция эч кандай тиги же бул өлкөнүн ички ишине кийлигишпейт – эл аралык миссия катары келет. Ал эми азыр СИЗ жактырган, БИЗ ишенген Кыргызстандын ГЕНЕРАЛдары чоң саясатчыга айланып, кыялында Жогорку Кеңеште отурат. Аларга ызы-чуу болуп турса, саясий упай топтойт. Ошон үчүн бирөөсү «танканын алдына чыгып элди токтоттум», десе, экинчиси – «Ошту мен тынчыттым», башкасы – Коргоо министри экенине карабай – «Мен эле иштей беремби, саясий партия түзөм» деп чыкты!

Эй, туугандар, КИМге ишенесиң? «Өзүбүз!» деп айтыш оңой. Ал эми иш жүзүндө түштүктү куралчан топтор башкарып калганын унутпайлы, ары жакта Баткен турат. ОБСЕнин полициясы абал тынчыганда эле тынч чыгып кетет, ал деген эл аралык күч, Орусия же башка өлкөнүн күчү эмес, кирип алса чыкпайт деп коркпогула. ОБСЕ үчүн анын чөлкөмүндө ТЫНЧТЫК керек!!!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)