Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

АКШ Ооганстанга жүгүн Өзбекстан аркылуу ташыйт

Америкалык аскерлер өзбек жерине кайра кайтышат өңдүү

Америкалык аскерлер өзбек жерине кайра кайтышат өңдүү

07.04.2009

Өзбекстан аркылуу Ооганстанга аскерий эмес жүктөрдү жеткирүү үчүн АКШ расмий Ташкен менен 3-апрелде макулдашууга жетишти. Кыргызстандын аймагынан АКШнын аскерий базасы жарым жыл ичинде чыгарылышы керек. АКШ болсо Бишкектеги базанын ордун толуктай ала турган башка мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатканын билдирген эле.

Өзбекстан менен жетишилген макулдашууда сөз аскерий эмес жүктөр туралуу болууда. Башкача айтканда, азык-түлүк, дары-дармек жана курулуш жабдуулары тууралуу айтылып жатат. Пентагондун өкүлү билдиргенине караганда, Ооганстанга Пакистан аркылуу жүк ташуу кооптуу болгондуктан жана Кыргызстандагы базанын тагдыры арсар болуп жаткандыктан, АКШ башка жолдорду издеп жатат. Ал эми Москвадагы “Саясий маалымат борборунун” башкы директору Алексей Мухин Кыргызстандан базанын чыгарылып жатышына АКШ кайгырбайт деле деп “Азаттыкка” билдирди.

“Кыргызстандан базанын чыгарылып жатышы АКШ үчүн оңтойлуу эмес көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул чечим Вашингтонду Орто Азия регионундагы башка өлкөлөр менен сүйлөшүүгө козутту жана бул багытта ийгиликтерге жетишти десек болот. Ошондуктан АКШ Кыргызстандагы базаны сактап калууга жан үрөп далалат кылган жок. Себеби алардын максаты терроризмге каршы операциясына мүмкүн болушунча көбүрөөк мамлекетти кошуу. Анын ичинде Орусия жана Кытай. Албетте мындай иш аракетте АКШ үстөмдүк кылып жаткан тарап катары бул өлкөлөрдүн позициясына таасир этүү мүмкүнчүлүгүн алууга дилгир”, - дейт орусиялык аналитик.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” базанын чыгарылышы тууралуу маек куруп жатып, базаны чыгаруу чечимин кабыл алуу менен Кыргызстан дүйнөлүк аренада өзүн олуттуу эмес өлкө катары көрсөттү деген оюн билдирди. Анын айтымында, Ооганстандагы оперцияларга коңшу бардык өлкөлөр көмөк көрсөтүүгө ниетин билдирип жатса, Кыргызстан далысын салып жатышы таң калаарлык.

“Тажикстанда Франциянын аба аскерий базасы бар. Жүктөрдү Орусиянын аймагы аркылуу темир жол менен алып өткөнгө АКШ менен макулдукка келген. Казакстандын парламенти үч базаны берүүгө дароо колдоп беришкен. Өзбекстан да даяр. АКШнын генералы Дэйвид Петреус менен Ислам Каримов өзү сүйлөшкөн. АКШ мындай бир топ маселелерди чечип келе баштаган. Эми мындан кийин биз менен олуттуу маселелер боюнча эч ким сүйлөшпөй, Москва менен эле сүйлөшүп чечип алса болот дегенге өзүбүз алып барбадыкпы”, - дейт ал.

Айрым серепчилер Кыргызстан базаны жабуу тууралуу чечимин Орусиянын кысымы астында кабыл алган деп билдирип, буга жүйөө катары Орусия Кыргызстанга эки миллиард доллар насыя сунуш кылганын келтиришкен эле. Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ак Жол” фракциясынан депутат Автандил Арабаев Кыргызстан базаны чыгаруу тууралуу чечимди Орусиянын кысымы астында кабыл алды деген пикирди четке какты.

“Бул жерде үчүнчү мамлекеттердин кызыкчылыгы бар деп аралаштырууну саясий көз карашта туура эмес деп ойлойм. Бул чечимди Кыргызстан суверендүү өлкө катары өз элинин кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алды”, - деп ишенет депутат.

Ал ортодо айрым маалымат каражаттары “Манас” авиабазасы боюнча Кыргызстан менен АКШнын ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалыматты таратышты. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кошмо Штаттары менен Өзбекстандын ортосунда кол коюлган макулдашуу жана “Манас” авиабазасы боюнча сүйлөшүү тууралуу маалыматы жок экендигин жана эч кандай түшүндүрмө бере албасын билдирди. “Манас” авиабазасынын өкүлдөрү болсо мурдагыдай эле тартипте иштеп жатышкандыгын айтып, жаңы макулдашуулар тууралуу эч кандай маалымат бере алышпасын айтышты.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.



Тасмада: Базада бир күн: Далилдер жана аргументтер

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу програмасы көрсөтүлүп, Ооганстандагы анти террордук иштерге негизги таяныч болгон АКШнын Кыргызстандагы “Манас” базасы тууралуу бир катар маалыматтар айтылган. Бирок база жетекчилиги булар менен макул эмес. ES, MiT, SA
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Google
06.05.2009 21:44
Кыргыздын баары АКШ га кетип атат. Анткени бул жакта жыргал экен.

кимден: aibek каяктан: germania
05.05.2009 21:44
kurguzdar saiasatka jakyn kalk, birok saiasat emne ekenin bilbegen kalk.

кимден: Акбар каяктан: РФ
30.04.2009 02:52
Кыкелерим-саясат десе,кыйынсынар!Жер титиреген жерге жардам берейик деген бирин жоксун?!

кимден: Акбар каяктан: РФ
29.04.2009 00:51
Россия менен дос болушубуз керек.АКШдан алыстаган жакшы.Куру намысынарды катып,реалдуулукту тиктегиле,туугандарым!!!

кимден: Expert
27.04.2009 17:39
Орус утту. АКШ да утту. Кыргыз утулду.

кимден: Бакай каяктан: Бишкек
26.04.2009 07:06
Москвада жүргөн Вахага. Орусияда иштеп жүргөн кыргыздар үчүн орустар рахмат
айтыш керек.Силер болбосоңор орустун көчөлөрү тазаланбай,базарлары иштебей,
курулушу токтоп, оокаты өтпөй калат.
"Орус менен дос болсон,айбалтаңды ала жүр"-дейт кыргызда."Сенин огородуна кошунаң кызыгат"-дептир дагы бир кыргыз. Баары менен сый болсок бизге пайда көп болот.

кимден: Baxa каяктан: Moskow
25.04.2009 15:32
Негизинен бардык айтылган ойлорду туура же туура эмес дештен алысмын.Бирок Москва м-н кызматташтык кылганыбыз оң. Кыргыздын баары Роосияда эмгектенип нанын таап жүрөт. Бул нерсеге эле Роосияга кошомат кылуу эмес. Бул дагы болсо экономикалык жактан алсыз мамлекеттке чоң жардам. Буга түшүнгөн адам болсо туура көрөт деген ойдомун. Ал эми Америка океандын нар жагынан келип Кыргызга жардамы тийет дегенге ишенбейм. Обама өз жолу да, ал деле Буштун жердеши өңү эле кара болбосо. Кандай гана саясат же оюну болбосун баары бир Америка бул Америка. Дагын бир макал бар "Алыскы туугандан, Жакынкы кошуна артык деген" Кыргызда.

кимден: тарабек каяктан: бишкек
23.04.2009 22:34
Бешимов туура ойду айтты эле ошонун оюн тушунбоду. Кыргыз саясий элитанын ичинен бир эле акылы тунук адам бар экен. Шордуу эл.

кимден: Алмаз каяктан: бишкек
21.04.2009 18:41
АКШнын ою жаман буларды бир минут да биздин мамлекетке койбош керек.Тынч чыгып кетсе кыргыз эли учун пайда.

кимден: жоробек каяктан: теңыртоо
21.04.2009 18:01
кыргызыстан абалына карап ыш кылганы оң. чоң өлкөлөр менен алышам чалышам десе асылып селкынчек аткандан башка пайда жок. ошого аргачан ар убакыт өзүн алардан алысыраак кармаганы дурус болор. абал оңшолуп ел катары болгондо ал башка кеп. а к ш армыйасынын кыргызыстандан чыгып кеткены ең еле жакшы.
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)