Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:40

Саясат

АКШ: Четте жашаган кыргыздардын кыймылы түзүлдү

30-январда АКШда чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын башын бириктире турган кыймылдын уюштуруу жыйыны өттү. Анын максаты - Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү менен мыйзамдуулуктун сакталышына колдоо көрсөтүү жана өлкөдөгү үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө.

Текст көлөмү - +
Кыймылдын негизги аракеттеринин бири - заманбап технологиялык каражаттар аркылуу Кыргызстандын ичинде жана сыртында кеңири маалымат жайылтуу болмокчу.
 Биздин чогулушка Кыргызстанда экономиканын артка кетиши, журналист Павлюктун өлүмү жана генерал Исаковдун камалышы себеп болду.
Р. Жээнбеков

Ошондой эле жыйындын катышуучулары өткөн жылдын этегинде Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмү жана оппозиция лидерлеринин бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун 8 жылга эркинен ажыратылып, камакка алынышына байланыштуу Кыргызстандагы жана четтеги өлкө жарандарына кайрылуу жолдошту.

Вашингтон шаарынын коомдук китепканаларынын биринде өткөн жаңы кыймылдын уюштуруу жыйынына АКШнын булуң-бурчунан келген отуздан ашуун кыргызстандыктар катышты.
Равшан Жээнбеков

- Жалпы эле мамлекетибиздеги саясий жана экономикалык абал азыркы күндө астрономиялык ылдамдуулук менен артка карай кетип атат. Экинчиси, оппозициялык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү менен Кыргызстандагы авторитеттүү лидерлердин бири Исмаил Исаковдун камалышы биздин ушул чогулушка түрткү берди, - дейт “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков.

Үч саатка созулган талкууда ар кандай ой-пикирлер, сунуштар каралып, жаңы уюшулган кыймылга - дүйнөлүк маалымат желеси аркылуу өлкө ичинде жана сыртында Кыргызстандагы чыныгы турмушту чагылдырып туруу милдети коюлду.

Кыймылдын уюштуруучуларынын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаков эң ириде Кыргызстандын сыртында жасалма жандооч аркылуу обого чыкчу сыналгы уюштуруп, анын тармактык бөлүктөрүн чоң кыргыз диаспоралары жайгашкан Түркия, Германия, Орусия, Улуу Британияда жана АКШда ачууну сунуштады.
Руслан Исаков

- Биздин кыймылдын негизги куралы болгон маалымат технологиялары – интернет, радио каражаттары Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү үчүн дайыма жаңыртуунун, өркүндөтүүнүн үстүндө болушу керек. Бул көнүл борборундагы негизги маселеге айланат. Анткени ушул жол гана учурдагы анти-демократиялык жана кылмыштуу бийликтин эмне менен алектенип жатканын эл аралык коомго жеткирет.

Жыйынга Нью-Йорк шаарынан келген “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Уланбек Канатбеков жаңы кыймыл Кыргызстандагы кандайдыр бир өзгөрүүлөргө өбөлгө болооруна үмүттөнөөрүн мындайча билдирди:

- Азыркы режимди эч качан өзгөртө албайбыз, бирок кандай жол менен биз Кыргызстанга демократияны түртө алабыз, демократиянын туура өнүгүшүнө кандай салымыбызды кошо алабыз? Ушулар жөнүндө өз ой-пикирлерибизди айттык.
 Башка жерде түзүлүп, өз өлкөсүнө таасир эткен уюмдар өтө эле аз.  Негизги күч - өлкө ичинде болот.
И. Мирсаидов

Ошол эле учурда алыскы чет өлкөдө түзүлгөн уюмдар өлкө ичине таасир тийгизе албастыгын айтып, муну жөн гана айрым адамдардын коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары баалаган пикирлер да жок эмес.

- Тажрыйба көрсөткөндөй, башка жерде түзүлүп, өз өлкөсүнө таасир эткен уюмдар өтө эле аз. Ал эми жанагы түстүү ыңкылаптарды мисалга алсак, чет өлкөдөн идея гана келиши мүмкүн, ал эми негизги кыймылдаткыч күч өлкөнүн ичинде болот”, - дейт Президенттин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун эксперти Икболжан Мирсаидов.

Мурдагы маалыматтарда жаңы кыймылдын уюштуруу жыйынына четте жашаган, тактап айтканда АКШда убактылуу башпаанектеп жүргөн саясий оппозициянын өкүлдөрүнүн катышаары да айтылган. Бирок бул чогулушка негизинен кыргызстандык жаштар катышканы жана жаңы кыймыл түзүү алардын демилгеси экени белгилүү болду.

Келечекте кыймыл жалаң гана саясий багытта иш алып барбастан, социалдык колдоо жана гуманитардык жаатта да долбоорлорду жүргүзүү пландары сунушталды.

Кыймылдын кийинки жыйыны европалык өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда февраль айында өтөөрү, ага Кыргызстандын АКШдагы элчилиги да чакыруу алаары маалымдалды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Арстан каяктан: Москва
02.02.2010 16:28
Мен кошулам, Равшан акелер туура кылып жатат бүт дүйнө билсин Кыргызстанды кимдер башкарып жатканын...

кимден: Эркин каяктан: Измир
02.02.2010 16:03
Жарайсыңар Жигиттер Равшан ага Руслан силер менен кантип байланышса болот?

кимден: Медет каяктан: Чуй
02.02.2010 15:33
Булардын жумшак кресло,кофени,кабинетти эңсөөсү дагы эле калбаптыр да.Үмүт үзбөгүлө...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.02.2010 10:40
Равшан байке.. сиздин сөздөрүңүзгө ишенет элем, бирок сиздин өткөн кылыктарыңызды эске салып эле жаным ачыйт. Акаевдин убагында, бардык демокартиялык институттар ирип-чирип жатканда эмне кылып жүрдүңөр эле?

кимден: Адилет каяктан: Бишкек
01.02.2010 18:04
Албетте мындай ишти колдоого алуу керек Равшан байке, болгону баштоочулар аягына чейин турушса. Азыр өлкөдө абал кыйын. Калайык өзүнүн калыс сөзүн айтып тикеден тик туруучу мезгил келди. Бир гана өкүнүчтүү нерсе эл баштай турган адамдар кадырын жоготуп алышты. Ошондуктан элдин үмүтү жаш лидерлерде. Сиздин айткандарыныз толугу менен жүйөөлүү.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)