Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:35

Саясат

Түркия премьери Кыргызстанга келатат: маек

Кыргызстанга бүгүн расмий иш сапары менен Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган келет. Эки өлкө ортосундагы алака-катыштар тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов кеп салып берди.

Режеп Тайып Эрдоган Истанбулдагы маалымат жыйынында, 2010-жылдын 12-сентябры.
x
Режеп Тайып Эрдоган Истанбулдагы маалымат жыйынында, 2010-жылдын 12-сентябры.
Текст көлөмү - +
 Ал Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, инвестиция тартуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Абылов: Кыргызстан Түркиядан көптү алса болот

Эки өлкө ортосунда алака-катыштар тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов кеп салып берди.

Абылов:
Совет доорунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда байланыш болгон эмес. Биз Москванын саясий аренасында тургандыктан, өзүбүздүн тилибизди, маданиятыбызды жерий баштаган элек. Эгемендикти алганы түрктөр менен ымала күтүп, улуттук аң-сезимибиздин көтөрүлгөнү байкалат. Себеп дегенде түрктөр өзүнүн улуттук маданиятына, тилине абдан терең караган эл болот экен. Ошонун таасири бизге да тийди.

Азаттык: Түркиянын Кыргызстанда кандай кызыкчылыктары болушу мүмкүн?

Абылов: Сурооңуздун төркүнүн байкап турам. Кыргызстанга келип иштеп жаткан түрк ишкерлеринин бардыгы эле Түркиянын саясатын жүргүзүп жаткан жери жок. Кыргызстанда иштеп жаткан түрк ишкерлерин кыргыз элинин ичинде көп жактырбастык бар. Бул деген түрк мамлекетинин саясатынын кесепети эмес. Бул ошол Түркиядан келген чалагайым иш адамдардын жасап жаткан кылыктары. Ошондуктан Түркия менен Кыргызстандын ортосунда байланышты абдан өнүктүрүш керек, бир тууган боордош эл болгондуктан, алардын мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстанга пайдаланыш керек. Түркиянын саясаты, көзү бизге абдан түз.

Азаттык: Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү канча?

Абылов:
Мен Түркияга элчи болуп 2005-жылы бардым. Мен барганга чейинки он беш жылдын ичинде соода-сатыктын көлөмү сексен миллион доллардан ашкан эмес экен. Мен кетип жатканда үч жүз жыйырма миллионго чыккан. Азыр канча экенинен кабарым жок.

Азаттык: Түркия НАТОдо эң күчтүү армиясы бар мамлекет болуп эсептелет. Андыктан АКШ өз кызыкчылыктарын түрк тилдүү өлкөлөрүндө Анкара аркылуу да ишке ашырат деп айтылып калганы бар.

Абылов: Эми сиздин айтып жатканыңыз геосаясат да, туурабы? Ар бир эле мамлекет кубаты артканда геосаясий оюндарга аралашып калат экен да. Биз деле Орусия, Кытай, АКШ деп отурбайбызбы. Түркияда да ошондой кырдаал болгон. Ошондо булар багытты Америкага ыктап кабыл алган экен башында эле. Ошондуктан, булар НАТОго мүчө болгондогусу да ошол, Америка менен бир топ жакшы иштешет.

Азаттык:
Демек, Американын кызыкчылыктарын Кыргызстанда да алып жүрүшү мүмкүнбү?

Абылов: Биздин өзүбүздүн түздөн-түз эки өкмөт менен тең байланышыбыз бар. Маселен, АКШ менен кыргыз өкмөтү ортомчусу жок эле түздөн-түз байланышат. Ошентсе да, айрым оор маселелерге келгенде мамлекеттер аралык кеңешүү жүргүзүп, бири-бирине кайрылышы мүмкүн. Эми муну факт катары айткан жерим жок, бирок жалпы тенденциядан муну байкаса болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Император каяктан: Ыплас Ыстамбул
01.02.2011 19:59
Бугунку Туркия "Заман" газетасынын берген суроолоруна улуу урматтуу Атамбаев томондогучо жооп бериптир:

"Кыргызстан жетим баладай кыйын кундорго кабылып турганда,Туркия бизге агалык жардам колун сунду.
Кыргызстан Ата-мекенибиз болсо,Туркия эне-мекенибиз.
Турк биримдигине кошуп, орток тил жана орток алфабит алкагындагы журуп жаткан аракеттердин ишке ашарына ишенемин.
Туркия - биздин Алтын-Казык жылдызыбыз. Биз ошого карап багытыбызды аныктайбыз."

Биздин тоболдорубуз баш болуп ушинтип атса, анан муну окуган кээ бир кыска ой турктор ойлоп калат да, булар ким жардам кылса эле ошолорго кошоматтана беришет экен. Булар деле биригип, туркчонун орток тил болушун каалайт экен деп.
Силер Кыргызстанда туркчо суйлойсунорбу? дегендер да жок эмес.
Пикирге жооп

кимден: Jeke pikir каяктан: tezekstan
02.02.2011 11:39
1) atambaev mirza erten uwul sozdorunuz menen kyrgyz telesinen da 4ygyp koyunuz4u surany4, a to tezek4iler bilbei juruwot altin kazygybyz kim ekenin.

2) atambaev liw by suilop koisom boldu dep jurboston ki4ine emneni suilosom bolot jyiyuntygy kandai bolot dep da jurso jakwi bolot ele. tezekstandyn jalpy kyzyk4ylygy u4un.

кимден: Ак-47
01.02.2011 19:54
кеткенден кийин кандай себеп менен келгенин билебиз. Азыр мынча эмне жанылык кылдынар?

кимден: Жаныбек каяктан: Баткенчи
01.02.2011 18:05
Дүйнөлүк интеграцияга Оруска жабышпай Түрктөр аркылуу чыксак туура болот себеби орустарга караганда түрктөр - ислам таанымын өзүнө сиңирген, ошол эле мезгилде адамзат тарыхынын азыркы цивилизациясынын негиздөөчүлөрү болгон "батыш" менен теңата мамиле жүргүзө билген "светтик" багытта жетишээрлик тажрыйба топтоо менен өнүгүү жолунда айтаарлык ийгиликтерге жетишкен боордош эл.

кимден: Император каяктан: Ыплас Ыстамбул
01.02.2011 17:48
Туркия силерге куйумдуу болуп коруно берет.Бирок,алар оздорунун мектептеринде Кыргыздарды кыргыз деп эмес "Турк" деп окутат.Керек болсо сабакта Манасты отуп жатканда турктордун дастаны дегенде башыма чагылган чарт этип тушкондой болуп кетти.Биздин баардык улуттук мурастарыбыз турк,же Кыргыз турктору деп билинет.Дагы эле тегибиз бир дейсинер.Кыргыз бар кезде "турк" деген тушунук жок эле. Баардык нерсе чеги менен болуш керек.Алардын азыркы максаты "Улуу Турк" деген биримдик тузуп,туркчону орток тил кылыш.Башкадан жардам куткончо,озунор аракет кылгыла.Орусиянын жеринде журсонор да эч ким силерди орус дебейт.Бирок,Кыгызстанда журсонор да булар турк деп атышат.
Пикирге жооп

кимден: Бишкек каяктан: Бишкек
02.02.2011 13:43
кыргыз бар кезде турк деген тушунук жок эле, бирок Хун деген тушунук бар эле...Кыргыз Хун элинин бир болугу. Уйгур, азыркы турк, озбек, казак, татар, туркмен, башкырд,алтай, чуваш жана башка улуттар да Хун элинин бир болугу. Алар бугунку туркий (турк эмес, туркий) элдер. Ойноп суйлосон да ойлоп суйло Император!

кимден: БАЛА каяктан: РАША
01.02.2011 17:48
Туркиядан үлгү алатурган мамлекет. коп жагыдан бизге окшошоуп кетет.
бизге жакшы жолдорду корсотушу мумкун алар. эгемендуулукту алганда биринчи болуп Туркия бизге кол сунган. колдон келишинче турктор менен тыгыз мамиледе болуу керек

кимден: Чыракбек каяктан: Бишкек
01.02.2011 17:23
Атамбаевдин жеке мамилеси жакшы турктор менен, бирок бул мамлекеттер арасы мамиледе канчалык таасир кылаары шектүү.
Туркия бизди ар дайым эле колдоп келген Акаев убагында да Бакиев убагында да... Башта ким болгону алар учун негизги маселе эмес, алар Кыргыз элин колдошот жана тыгыз мамиледе болууну каалайт.
Эрдогандан биздикилер сабак ала турган жакшы киши. анын жана ал олкөнүн тажрыйбасынан пайдаланышса / үйрөнүшсө жакшы болот.
Негизи биздин өлкөдө парламенттик башкарууну жактырбайм! бирок мынчалык болду парламенттик системага өттүк Туркиядан улгү алышыбыз керек эми, алар да 2000 чи жылдардан кийин эле туруктуу парламент иштеп баштабадыбы. Эрдоган келгиченди өкмөттөр тез тез алмашып эле турчуу...
Эрдоган менен келген ишкерлер жакшы жемиштүү иш байланыштарын курат деген умүттөмүн, жалгыз гана соода эмес өндүрүшкө багытталган келишимдер тузүлсө экен.

кимден: Илияс Сексенбай
01.02.2011 16:38
Кыргыз менен теги бир Түрк элинин Премьер- министринин иш сапары менен Кыргызстанга келиши мындан ары эки элдин бардык жактан болгон байланышын өркүндөтөт деп ишенем.Анын үстүнө кыргыз Өкмөт башчысы Атамбаев да түрк туугандар менен жакшы мамиледе.Негизинен азыркы мезгилде элдин көбү социалдык-экономикалык жакшы шартта жашоону каалап турган убакта Түрк туугандар менен кыргыз Өкмөт башчысы келечектүү жакшы долбоорлого жетише алат болуш керек.

кимден: Kyrgyz каяктан: Arabiya
01.02.2011 16:15
Tyrkiya bizdin tilibiz,dinibiz,ata-tegibiz,tarihibiz jaktan en jakin,biz uchun chin dilinen kuygon dosubuz bolup eseptelet.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)