Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:34

Саясат

Жалал-Абад азыр ыңкылап борбору эмес

24-мартта ыңкылаптын беш жылдыгы анын баштапкы очогу болгон Жалал-Абадда белгиленди. Ыңкылаптын катышуучуларынын пикири боюнча бийлик беш жыл мурдагы убадаларын аткарбады. Үй-бүлөлүк башкаруу кулаган жок. Бүгүн 2005-жылдагыдай күн сайын облбийлик алдында нааразылык иш чарасын өткөрүү мүмкүн эмес. Бийлик экс-президенттин тушундагы кызматкерлерден арылбай, демократиялык баалуулуктар артка кетүүдө.

2005-жылдагы элдик толкундоолор
x
2005-жылдагы элдик толкундоолор
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Ыңкылап майрамы облустук “Курманбек” стадионунда белгиленди. Майрамдын катышуучуларын жергиликтүү бийлик башчылар менен ыңкылапка бараандуу үлүш кошкон деп эсептелген адамдар ( облустун мурунку губернатору Ж. Жээнбеков, Кыргызстандын Пакистандагы ыйгарым укуктуу элчиси Б. Асанов, Жалал- Абад шаар башчысы Т. Акамбаева, губернатор К. Масиров) куттукташты.

Ыңкылап 2005-жылдагы парламенттик шайлоодогу нааразылыктан улам келип чыккан. Беш жыл мурдагы кырдаалды ушинтип мүнөздөгөн губернатор Кошбай Масиров Жалал- Абад облусу ыңкылап очогу бойдон кала берерин белгиледи. Анткени, жергиликтүү бийлик элдин көйгөйлөрүн угуп, нааразылык иш- чарасын өткөрөм дегендерге тоскоолдук кылган жок.

Беш жыл мурда экс-президенттин бийлигине нааразы болгон 300гө жакын адам областтык бийликти басып алган. 2005- жылдын 4- мартынан 25- мартына дейре алардан сырткары миңдеген кишилер азыркы Эркиндик аянтында күн сайын саясий акцияларды өткөрүп турушкан.

Ошондо облбийликти ээлегендердин өкүлү Төрөкан Алимов ушу тапта облус ыңкылап бешигине айланбаганын айтат. Азыр бийликке нааразы адамдар мурдагыдай жергиликтүү бийлик имаратынын маңдайында каалаган убакта митинг-пикет өткөрө албайт. Нааразылык иш чара өткөрүүгө көздөн далдаа, элден окчун жай бөлүштүрүлгөн.

Бийлик ыңкылаптагы убадасын аткарбады, менчиктештирилген жайлар мамлекетке кайтарылбай, экс-президенттин тушундагы кызматкерлер бийликтен кеткен жок. Революциялык үмүт-максаттар, идеялар толугу менен ишке ашпай калды. Учурда демократиялык баалуулуктар жоюлуп, адам укугу, сөз эркиндиги артка кетти, - дейт республикалык элдик кеңештин облустагы төрагасы Төрөкан Алимов.

Т. Алимовдун жүйөөсүн Жалал-Абад шаарынын мэри Тилек Акамбаев четке какты. Көп жылдан бери жетекчилик кызматта жүргөн шаар башчы президенттин бир туугандары ишине кийлигишпей, кайра элдин социалдык талабын аткарууга үлүш кошуп келаткандыгына күбө экенин билдирди.

2005-жылы 20- мартта бийлик маңдайындагы элди кууп тараткан милиция областтык акимчиликти ээлеген адамдарды жабык автоунаага жүктөп, бир бөлүгүн Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө, экинчи машинадагыларды Базар-Коргон районуна алпарып камаган.

Үчүнчү автоунаа менен Майлуу- Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, сурак бергендердин арасында Арапбай Ураимов да болгон. Анын оюнда ыңкылаптын чыгуусуна, анын бешиги болуусуна облуста жагдай жок, себеби турмуш оңолууда, социалдык – экономикалык кырдаал жакшырды, бардык тармакка тегиз көңүл бурулганда, нааразылык иш чарасын өткөрүү туура эмес, деп эсептеген Арапбай Ураимов чыныгы ыңкылапчылар бааланбай калганына нааразы болду.

Жалалaбаддыктарды ыңкылап майрамы менен куттуктаган Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Бектур Асанов кыйын кырдаал түзүлгөндө мамлекет башчы оппозицияны да эстен чыгарбай, элдин эркине баш ийүүсү зарыл экендигин белгиледи.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: патриот каяктан: Сузак.
28.03.2010 23:33
Мен Жалалабадтан болом, бирок акыркы кундору Жалалабадтан болом деп айта албай калдым. Бизди Бакиев уят кылды. Жөндөп бийлик жүргүзсө да бир жон эле.

кимден: АЙдар каяктан: Сузак
24.03.2010 18:50
Таң каласың аргасыздан күлөсүң,ушул Масиров Акамбаевдер мисалы масиров Акаевдин учурунда Кара -Кол шаарынын мери эле Акамбаев дагы жооптуу кызматта иштечи эле анан уялбай ушулар революционер болуп кеткенде жаның жан таппай күлөсүң да эч кандай ишке ашкан жок кана Бакиевдин үй-бүлөсү алмашты калганы андан да жаман болду

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)