Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:28

Саясат

А. Бекназаров: "Сот чечими Ак үйдүн айтканындай болот"

10-февраль күнү Республикалык аскер соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун апелляциялык арызын карай баштады. Генерал Исмаил Исаковдун абактагы абалы өзгөрөбү деген үмүт менен келген 400гө чамалаш жарандар кыштын кычыроон суугуна карабай, гарнизондук соттун ичин-сыртын бербей жаалап турушту.

x
Текст көлөмү - +
Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен ажыраткан Бишкек шаардык аскер сотунун чечимине каршы чыгып ачкачылык уюштургандар бул күндөрү саясый акцияны убактылуу токтотуп, Исаковго адилеттик сот болоруна ишеним артышып, “Саясый куугунтук токтотулсун” деген сыяктуу чакырык плакаттарды кармап турушту.

Азимбек Бекназаров биринчи планда, артында Исмаил Исаков
Исаковдун жактоочусу Азимбек Бекназаров сот башталганга чейин сотко келишкендерге мындай маалымат берди:

- Исмаил Исаковдун сотунун жыйынтыгын Алай, Сопу-Коргон, Аксы эли чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бишкек шаардык аскер сотунун Исаковго чыгарган чечими жакшы жагына өзгөрөт деп үмүт бар. Айрыкча, айыл аксакалдары, ак саамайлуу байбичелер, жарыктык кишилер десе Ак үйгө чейин үмүт жандырышып, жакшы болот эле деп жатышат.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун камалышын саясый куугунтук деп санаган жактоочусу Азимбек Бекназаровдун Бишкек аскер сотунун чечимин талашкан арызы Республикалык аскер сотунда судья Тилек Абдрашитовдун жетекчилиги  астында каралып жатат. Бишкек гарнизондук соту 11-январда Исмаил Исаковду коргоо министри кызматында турганда уулу Руслан Исаковго эки бөлмөлүү батирди мыйзамсыз берип койду деп айыптап, сегиз жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. 

Азимбек Бекназаров сотто сүйлөгөн сөзүндө Исмаил Исаковдун аскер кызматындагы уулу Руслан Исаковго убактылуу берилген батир үчүн күнөөлөп, сегиз жылга камап салуу акылга сыйбай турган иш болду деп билдирди:

-Мен Бишкек шаардык аскер сотунун чыгарган өкүмүнө таянып, Исаковду айыптаган мисалдарга иликтөө жүргүзүп жатам. Урматтуу соттор, сиздер Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаковго үй кандайча берилди? Себеби эмне? Ал үй азыр кимде? Үй кимдин балансында турган? Ага өкмөт канча акча сарптап, чыгым болду? Бул маселени Бишкек курулуш ишканасынын жетекчиси Аскар Молдобаев, коргоо министринин мурдагы орун басары Барис Югай, дагы министрдин орун басары ошондогу Мырзалы Бөрүбаев сыяктуу белгилүү аскерий кызматкерлер бар. Ошолорду сурап, ар биринин сөзүнө кылдат маани берсеңиздер. Исаковго коюлган айып текейге арзыбайт. Айтып коеюн. Бишкек аскер сотундагы сурак кагазында жазылгандар менен чыгарылган чечимдин ортосунда айырмачылыктар бар. Жасалмалуулук, бурмалангандык бар. Маселен, күбө Борис Югайдын сотто берген жообу менен өкүмдө жазылган жообун салыштырып көрсөңөр, соттун кандай жүргүзүлгөнүн билесиздер..

Исаковдун канчалык деңгээлде күнөөсү бардыгын так далилдеш үчүн Коргоо министрлигинин тийиштүү кызматкерлерин күбө катары чакырып суроо жөнүндө А. Бекназаровдун сунушу колдоо тапты.

Коргоо министринин мурдагы орун басары Мырзалы Бөрүбаев Исмаил Исаковдун баласы Руслан Исаковго аскер офицери катары убактылуу үй берилип, кайра алынганын, эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун айтты:

-Адамкерчилик деген бар да. Сиздер туура түшүнүңүздөр урматтуу соттор. Министрдин баласы, квартирасы жок, үйлөнгөн, эки баласы бар. Убактылуу турат, берели деп штабдын башчысы Югай айтып атса, анан мен жок, андай болбойт дейинби. Бир үй эми. Ошого эле күнөөлөп, соттоп жибергендик, кандай эми бу?

Бөрүбаев мырзанын сөзүн министрдин мурдагы орун басары Борис Югай дагы колдоого алып, Исмаил Исаковду баласына үй берди деп күнөөлөп жаткандык таптакыр туура эмес деди. Анткени бардык эле чиновниктердин балдары аскер кызматына тартыла бербейт. Бул өңүттөн алганда аскер кызматкери катары Руслан Исаковго батир берүүгө неге мүмкүн эмес деген суроону кабыргасынан койду:

-Мындай карасак жаш үй-бүлөлүү. Өздөрүнчө жашаганды каалабай коебу. Бирок айтып коеюн, Ушул үй тууралуу Исмаил Исакович менен сүйлөшүп же атайын жасалган жок. Бир баласын үй менен камсыздап алганга эмне кудурети жетпейт беле? Кеп анда эмес да. Бул боюнча чайналган суроолорго жооп бере берип тажап бүттүм. Мына Башкы прокуратурада колума кишен салып, бир чыккынчы кептентип мени, айткандарыма ишенбегендей, укугумду тебелегендей мамиле болду мага. Акыры мен көчөдө жүргөн киши эмесмин го. Мына Исмаил Исаковдун жактоочусу айтып жатпайбы, Югай Башкы прокуратурада башка көрсөтмө, бул жерде башка көрсөтмө бергени кандай деп. Мен башынан бери эле эмнени билсем ошону айтып келатам. Ага ишенбесе эмне кылайын. Же ушунчалык эле коркунучтуу кылмыш иш боюнча суракка кириптер болуп жатыппызбы?

Югайга суроолор жаадырылып, Бишкек шаардык аскер сотундагы айрым көрсөтмөлөрү тууралуу дооматтар айтылды. Бишкек шаардык аскер соту жүргүзгөн сурак кагазындагы көрсөтмөлөрү менен бул жерде айтып жаткан көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбейт деп, айрым жерлери сөзмө сөз окулду. Югай өз кезегинде Башкы прокуратурада кысым жасалып, айтылбаган сөздөрдү айтты кылып жазылган сурак протоколунда бурмалангандык бар деди.

Исаковдун жактоочуларына жык толгон сот залында күбө катары чакыртылган Бишкек курулуш ишканасынын жетекчиси Аскарбек Молдобаев менен темир тор ичинде отурган Исмаил Исаковдун айыптоо чечимине карата тактоо иретинде суроо жооптор айтылды.

Исаков: -Үй боюнча келишимге мен кийлигишип катыштымбы?

Молдобаев: - Жеке мага сиз телефон чалган да жоксуз, айткан да жоксуз. Жок, үй боюнча сиз менен эч кандай бир нерсени келишип сүйлөшкөн эмеспиз.

Исаков: - Рахмат. Тимирязев көчөсүндөгү батир кимдин балансында турган эле бизге бергичекти. Мамлекет ошого акчасын коротконбу?

Молдобаев: - Мамлекет бир тыйын да короткон эмес. Биздин ишкананын эле балансында турчу. Азыр деле ошондой.

Исаков: - Ал мамлекеттин менчигинде беле?

Молдобаев: - Жок, биздин эле ишкананын балансында болчу.

Исаков: - Рахмат. Мен ушуну соттордун алдында тактап коеюн дедим.

Исмаил Исаков өзүн салабаттуу кармап, күнөөсүз экендигин күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү аркылуу айгинелеп, саясый куугунтуктан улам сегиз жылга кесилдим деген мамилени туюндурду.

Азимбек Бекназаров: "Саясый куугунтуктун мүнөзү боюнча Исмаил Исаковго соттун чечими Ак үйдүн айтканындай болот",-деп билдирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Айзат каяктан: Алай
11.02.2010 17:12
Урматтуу Курманбек Салиевич! Сизди ушул комментарийлерди окуйт деген умут менен жазып жатам, Исмаил Исаковдун актыгына бир гана Алай эли гана эмес бутундой кыргыз ишенээри айдан ачык болду. Туштук аймагындагы озунуздун беделиниз менин оюмча дурус эле болчу. Ушул жалган куноо менен Исаковду камоо Сиздин беделиниздин тушушунун эн негизги себеби болуп калды. Мен Исаковду аябай колдойм, эч кандай тууганчылыгым жок болсо да анын тайманбас, от журок, чыныгы генерал, патриоттуулугун сыйлайм. Азыркы учурда эч кандай Исаковду бошотууга арналган, митинг, жол тосуу ачкачылыктарга катышкан жокмун, себеби Исаков акталат деген умутум бар. Эгер сот туура эмес чечим кабыл ала турган болсо мамлекеттик кызматтардын биринде отурсам да, кызматымдан коркпой, Исаковду жактап чыккандарга кошулам. Бул ой жеке менин эле оюм эмес, мен суйлошкон адамдардын 90 % зы ушундай ойдо тураарын эскертким келет. Дагы деле кеч эмес "жети олчоп, бир кесип" туура чечимге келиниз. Арканды узун таштаныз. Алайга келе албай турган болуп калбаныз. Эгерде Исаков чындап куноо иштерди кылса, мамлекетке чон зыян келтирсе, эки жуздуу, куйту киши болсо мага демектен бир тууганым болсо да "олуп кет" демекмин. Мен бул создорду жердеш катары эмес жалпы кыргыз патриоту катары айтып жатам. Эгер Исаков Кыргызстандын башка аймагынан болсо дагы ушул пикиримден жазмак эмеспин.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)