Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:28

Эркиндик

Эркин Бөлөкбаев: Сот мыйзам бузуу менен өтүп жатат

Петровкада чыккан улут аралык жаңжал боюнча айыпталып камакка алынган Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев "Азаттык" менен телефондон маектешип, жүрүп жаткан сот ишинин жүрүшү жана өзүнүн камактагы ал-абалы жөнүндө айтып берди.

Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев кезектеги суракка кирип баратат
Текст көлөмү - +
- Эркин мырза, мына сот жараяны жүрүп атат Петровка окуясы боюнча. Кайсы маселелерди карап атат?

- Азыр күбөлөрдү угуп жатышат. 186 күбө келген жок, 70тей күбө келсе... 250-статья боюнча эки айдын аралыгында караш керек. Бирок бүгүн тогуз ай болду, бүгүн сот закондорду бузуп өткөрүп жатат.

- Буга чейин күбөлөр суралды эле. Алар кандай көрсөтмө берди, силдердин пайдаңаргабы, же силерди айыптап атабы?

- Биздин күбөлөр, биздин пайдага көрсөтмө бергендери "соттолуп жаткандарды көргөн жокпуз, башка кишилер кылган" дешти. Мени камаганда көп протоколу дайын экен. Дунаев Валерий деген Петровканын тургуну келип айтты, мени арак ичтиргенден кийин күбө катары көрсөтмө бергем дейт. КГБ Бишкектен алып келип 100 сом, бир бөтөлкө арак берди деп ачык айтты. Ошондо прокурор кайсынысын тааныйсың десе, жок, эч кимисин тааныбайм деп айтты. Бирок ушундай күбөлөр болуп жатат.

- Ал эми соттун создуктурулуп атканына эмне себептер болуп атат деп ойлойсуз?

- Сотту создуктурганы элди чарчаталы, эл келбесин деген ой менен болуп атат. Бир жумада үч жолу - экинчи, төртүнчү, бешинчи күндөрү сот болуп жатат. Бишкектен алып келет, кайра алып кетет МАИнин коштоосу менен 3-4 машине менен алып келип, алып кетет, алдында шопур, спецназ. Канча элдин акчасын жеп жатышат бүгүнкү үй-бүлөлүк криминалдык система.

- Сот Исмаил Исаков сыяктуу көп жылга абака кесүү чечимин чыгарып салышы мүмкүнбү?

- Ооба, сөзсүз ошондой чечим чыгарат. Анткени көрүнүп турат, сот коркуп турат, райондук КГБнын начальниги эртеден кечке ошол жерде жүрөт, бир да ходатайствону канааттандырган жок. Кылмыш Кодексин бузуу менен өткөрүп жатат. Мен ойлоп турам, көп жыл берет. Аны үй-бүлөлүк криминалдык бийлик отурган системадагы сот чечет.

- Силер кайсы СИЗОдо отурасыздар бүгүнкү күндө?

- Бүгүн биз борбордук ГКНБнын СИЗОсунда отураганбыз, эми бери жакка алдырды.

- Ал жерде сиздерге кысым көрсөтүү, уруп-согуу болгон жокпу?

- Андай башында болгон. Колум сынып, анан жардам берип, азыр токтоп калды. Баары бир ал бар бийлик жактан.

- Силер жаткан жериңер жылуубу, абалыңар, ден-соолугуңар кандай?

 -Биз жаткан жер анча жылуу эмес. Биз 20 орундукта 21 киши жашайбыз 355- хатада. Биологиялык норма жок, тамеки тарткандар баары аралаш.

 -Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Таалим каяктан: Петровка
23.01.2010 08:59
4- жашар зордукталган орус кызынын укугун коргогон адамдар 9 айдан бери түрмөдө жатат. Мындай укмуш дүйнөдө болбосо керек. Зордукчу бийлик зордукчуну коргойт экен. Мамлекет болбой эле криминалдардын общагы болуп калдык окшойт.

кимден: Саадат, Мирбек, Алик..... каяктан: Бишкек
22.01.2010 22:16
Эркин байке, сиз Кыргызстандын эркиндиги учун курошкон казак элинин баатыр уулу экенсиз. Бизге кошоматчы, коркок кыргыздардан көрө сизге окшогон кыргыздын нагыз патриоттору керек. Ак ийилет, бирок сынбайт. Тезирээк Бакиевдик криминалдык бийликтин капканынан чыгышыңарды каалап, - Саадат, Мирбек, Асыл, Алик...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)