Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,4825
KGS / 
EUR
60,246
KGS / 
USD
44,736

Сөз таануу

Адам укуктары

Кулчулуктан кутулса да, азаптан кутулбады

08.10.2009

Орусияга кулчулукка сатылганы тууралуу даттанган оштук тургун Абитжан Муралимовду 7-октябрь түнү белгисиз бирөөлөр аесуз сабап кетишти.

Кулчулук азабына кабылган Муралимов «Азаттыкка» курган маегинде аны чет өлкөгө соодалап жиберген аял азыр да телефон аркылуу коркутуп жатканын, прокуратурага жолдонгон арызын да жаптырып салганын билдирген эле.

Учурда облустук миграция кызматтары чет жерге жүздөгөн адамдарды сатуу менен алектенген деп шектелип жаткан Уулкан Умарованын үстүнөн тергөө иштерин баштады. Ал ортодо жергиликтүү укук коргоочулар болсо, Умарованын ушул күнгө чейин жазага тартылбай эркиндикте жүрүшүн, тартип коргоо органдарынын коррупциялашып кеткендигинде деп сындап жатышат.

Мындан дээрлик эки ай мурун Орусиянын Тюмен шаарында кулчулук азабын тарткан Абитжан Муралимов бүтүндөй үй-бүлөсү менен ал жактан мекенине качып келүүгө аргасыз болгонун билдирген. Муралимов ошондон тарта бул окуя тууралуу Оштогу бир катар миграция боюнча эл аралык уюмдарга, укук коргоочуларга жана прокуратурага даттанып келген.

“Чет өлкөгө соодалап жиберген аял эми өз жеримде да коркутууда” деп тынчсызданган Муралимовду 7-октябрь түнү белгисиз бирөөлөр эс-учун жоготкончо ур-токмоко алган. Оор абалда жаткан Муралимов "Азаттыкка" буларды айтты:

-Караңгы кирип калганда үйгө келаткам. Аларды тааныганга да үлгүрбөй калдым, үчөө-төртөөлөп эле сабап киришти. Эсимди жоготуп коюптурмун, эшиктин алдына таштап кетишиптир. Азыр туралбай жатам, турайын десем башым айланат. Колум дагы ооруп жатат. Менин душмандарым деле жок болчу, кимден көрүшүмдү деле билбейм.

Белгисиз бирөөлөрдөн катуу токмок жеген Абитжан Муралимов мындан туура эки күн мурун "Азаттыкка" берген маегинде буларды айткан:

- Ал мага ен жанагы кишисиңби? Мындан ары мага келбей эле кой, мен сенин прокуратурага жолдогон арызыңды жаап койдум. Иш жабылды. Сенин колуңдан эч нерсе келбейт. Эсиңден чыгарба, Орусияда сенин жээндериң бар" деди. Мен ошондон корктум.

Учурда өз үйүндө дарыланып жаткан Муралимов жакынкы күндөрү бул иш тууралуу укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууну болжоп жатат. Ал эми Ош аймагынан бир нече адамды Орусияга сатып жиберди деп шектенип жаткан Уулкан Умарова, ал эч кандай адам сатуу менен алектенбегенин, тескерисинче, Муралимовдор ага өздөрү жардам сурап кайрылгандыгын айтат:

- Мен аны сабатып эмне кылам, Талап-тоноп кетти дегени менен аны далилдеп бере аласыңарбы? Менде андай кызыкчылык да, ой да жок. Мен кудайдын алдында да, органдарга да, кимге болбосун жооп берем. Мен адам сатуу менен эч качан шугулданган эмесмин.

Умарованын ырасташынча, ал Орусиядан жумуш издегендер үчүн болгону өз жардамын берип келет. “Башкалар сыяктуу эле Муралимовго да Тюменге барып таштандыда бөтөлкө чогултуп иштейсиң деп башында эле айткам” дейт Уулкан айым. Анткен менен Оштогу "Тартип жана мыйзам" укук коргоо уюмунун жетекчиси Изатулло Рахматуллаев жабырлануучу Муралимов мындан эки ай башта тиешелүү органдарга кайрылган менен, прокуратура эмгиче Умаровага тиешелүү чараларды колдонбой келгенине нааразы:

-Бул иш боюнча ушул күнгө чейин кылмыш иши ачылып, аягына жеткен жок. Мунун биринчи эле себеби укук коргоо органдарындагы коррупция! Экинчиден, бул аял боюнча 2007-жылы да ушундай эле маселе боюнча кылмыш иши козголуп, кайра жабылып калган экен. Демек бул аялды жогору жакта кимдир-бирөө колдоого алышы мүмкүн деген ой туулат.

Азыркы тапта Оштогу миграция кызматтары, ошондой эле «Тартип жана мыйзам» укук коргоо уюмунун өкүлдөрү бул иш боюнча Орусиянын Тюмен шаарында да иликтөө иштерин жүргүзүп жатышкан чагы.

Эскерте кетсек, аталган аймакта беш жүзгө чукул Кыргызстандыктар таштанды арасынан бөтөлкө чогултууга мажбурланып иштеп жатканын айтып, оштук он чакты тургун качып келишкен эле. Укук коргоочу Рахматуллаевдин билдиришинче, учурда бул ишти териштирүү үчүн Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борборунун өкүлдөрү Тюмен шаарында иш алып барышууда.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: mahabat каяктан: usa
10.10.2009 06:29
Urmattuu Abitzhan Muralimov! Siz Russiadan kelgeninizde beker militciya bolumuno kairylgansyz, 1-zhanagy ayalga kairadan zvonok kylysh kerek bolchu men 10-15 kishi taptym kanday kylyp saga zhetkirsem bolot dep, eptep aldap kolgo tushurush kerek ele al shaitandy. Ushintip keltek zhep kok ala bolup dushmanyndan, achyk zhashagandan koro any oz kolun menen olturup turmodo zhashagan artyk emespi zhe oshol "ayban" menen alyshyp zhatyp olgon artyk emespi??!! Men sizdi any oltur dep uguttop zhatkan zherim zhok, al ayaldyn kylgan kylygyna achuum kelip zhatat. Eeeh adam ozu dagy kichine tirigireek bolush kerekda zhanduuraak bolup, srazu kelip ele aryzdanyp-panikovat' etip bashtabay oilonush kerek bolchu, 1-ozunuz araket kylyp korushunuz kerek ele anan taptakyr bolboy baratsa okmotko otkorushunuz kerek ele! Emi Kuday sizge zhardam bersin Inshallah! Iygilik,,,
P.S. Azyrky zamanda cheres chur momun bolgon bolboyt, zhon ele bashkalar tepselep ketishet. "Tash koigongo ash koy" degen al eskirgen, azyr anday zhok, tash koigongo andan da chon tash koup koush kerek.

кимден: Arman каяктан: usa
10.10.2009 04:54
Kyrgyzstanga bargandan korkom, adam olturguchtor olkosuno ailanyp baratat bizdin kichinekey mekenibiz.

кимден: gylsana каяктан: Italia
09.10.2009 16:55
Urmattuu Alimbek!Chet olkodo ar kandai jumushtarda ishtegen kirgizdar bar.Misali Italiada birtop kirgizdar ishtep jatishatda ozylorynynda ekonomikalik sharttarin ondop oshonu menen birge tuugandarinada jardam berip jatishat.Alardi men tentigen dep aita albaim!Siz tentigen jeriniz jok,Siz ishtep jatasiz.Sizdin ak niet menen ishtegen ishinizdi biz baaribiz baalaibiz.Al emi menim oiumcha Kirgiztan buiurup ekonomikalik jaktan jakshilap onykkondo kop chet jerde ishtegen kirgizdar kaitip mekenine barishat.
Urmattoom menen Gylsana

кимден: ermek каяктан: isatmbul
09.10.2009 15:19
andan bashkada tolgon tokoi myizam buzuular jatat ushunu ele kim karasayn bizde ozu myizam degen tushunuk jok akcha bersen oshol bashta olturgandar butundoi eldida kulchuluka satyp jiberet

кимден: Алымбек каяктан: Москва
09.10.2009 13:52
Чет өлкөгө тентип оокат кылганыбыз качан бүтөөр экен?

кимден: GYLSANA каяктан: ITALIA
09.10.2009 13:02
Urmattyy janarbek Akaevich!
Urmattuu Abitjandi sabap ketishken jerdeshterimdi Bishkekten urmattuu Nur jazgandai "Ak JOL","Ata Meken","Ak Shumkar"j,b.partialarda kairilip koiushaarina men ishenem,Mymkyn Abitjan jonyndo Sizdin jazganinizdi okushup partialar kirishe bashtashti.
Abitjanga okshop kijin ahvalda kalgan jerdeshterime chinimdi aitishim kerek boor ooruit eken.Eger Italiada jumushka chakiruu degen dekret keelerki jili chigat dep kalishsa anan men taanigan italianin bir yi-byloosy kontrak tyryndo chakiruu jibere alabiz deshse (misali kargan kishini bakkan je bolboso babby-sitter,je bolboso yi jijnagan,ushundai gana jumushtarga kontrakt katari chakirishsa bolot)anda men mymkyn Abitjan jonyndo aitip korom.Eger italianin yi-byloosy makuldugun berse jana Abitjanda makuldugun berse anda italiaga kelip ishtegenge jardam bergenge araket kilat elem.Italiada oshol kizmat bergen yigo jatip ishtegender aina 700-800 evro zarplat alishat.Tamagi beker.Anan kontrak menen ishtegenderge zarplattan tishkari pensiasina degen kontribut INPS degen jerge ai sain togylyp turat.
Eger Italiada ishke degen dekret chigip kalsa (bilbeim kachan chigat mymkyn kelerki jili je andan kijin...)anda Janarbek Sizge kabar berem.
Uramtoom menen Gylsana



кимден: Дайырбек каяктан: Бишкек
09.10.2009 11:37
Озу Уулкан деген аялды эмнеге кармабай жатышыптыр? Жазага тартпайбы аны, далилдер тургандан кийин! Же буга дагы Жаныш Бакиевдер крыша бекен?

кимден: Nur каяктан: Bishkek
09.10.2009 01:55
Менин оюмча "Ак Жол","Ата-Мекен","Ак Шумкар" дагы башка партияларга,Жаштар Уюмуна да кайрылып коюнуз.
Алар деле сиздин,элдин добушун алаарда суранып жатышпайбы.Кантсе да олкону жалпы карап,эл башкарабыз деп,бийлик талашкандар ошолор да.Уялышса бир аялды баарылап кармашаар!? Айрыкча мен Мадумаровдон сурайт элем.Ал киши кыргыздардын баарын Орусияга жибергенге суюнуп журбоду беле бир кезде.Эми мындай окуяга эмне деген жооп берээр экен, мага абдан кызык.
Башынызды жерге салбайnyz..Oз укугунузду,жакындарыныздын укунун коргоп жатканынызга мен баа берем жана колдойм.
Сизге ден-соолук,аманчылык жана ушул баштаган ишинизде ийгиликтерди каалайм.
Ал эми Уулкан эже бул ишти сизге жазаган жок ,озуно жазап жатканын тушуно элек.Ал кишинин жашоосу адамдыкындай эмес, айбандыкынан да жаман экени корунуп турбайбы.Кээде айбандар адамдардан артык иш кылат.
     
Текст көлөмү - +

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)