Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:22

Эркиндик

Т.Сариев: “Азыр бийликке жалпы эл оппозиция”

Алайдагы жол тосуу жана Бишкекте Исмаил Исаковдун бошотулушун талап кылган ачкачылык акциясы тууралуу “Азаттыкка” “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Алайда ачкачылык акциясы башталды. Бүгүн да алайлыктар чогулуп чыгарын айтышууда. Кечээ жол тоскондорду кууп таратышты, Бишкекте да ачкачылык акция уланууда. Сиз ушул саясий окуяларга кандай баа бересиз? Ушул нааразылык акцияларынан натыйжа чыгабы?

Темир Сариев: Ачкачылык жарыялоо - бул саясатта акыркы чек болуп эсептелет. Анткени буга чейин айтылып аткан сөзүбүз, жасалык аткан иш, же болбосо кандайдыр талаптар мыйзамдуу аткарылбай жатканынан айласыздан барган иш.

Көптөр туура эмес сүйлөп атышат, элдин ден соолугу керек деп. Биринчиден, укук, мыйзам сакталуу керек. Сопу-Коргондо 300-400гө жакын адам жыргаганынан чыккан жок. Ал жерде азыр кыш суук. Ошого карабай боз үйлөрүн тегеректеп, ошого түнөп аткан элдин убалын да бийлик ойлош керек. Албетте негизги нааразычылык кылынган иш менен тартылган жаза экөө шайкеш келбей жатат.

Исмаил Исаковду беш маселе боюнча күнөөлүү деп айыпташып, ошонун төртөөн жок кылып, бирөө калыптыр. Ошону менен сезиз жылга эркинен ажыратып койгону көп элдердин кыжырын келтирип, кандай болуп кетти деп айтып жатышат.

Эми ал чыккынчы же мамлекеттин душманы болбосо эмне үчүн мындай катуу жазага тартты? Анын үстүнө иш да бир жактуу болуп атпайбы. Ошону менен чогуу болгондордун бардыгы мөөнөтү чыгып кетти деп куткарылып атат. Мыйзам бардыгына бирдей иштебей жатат.

- Буга чейин оппозиция өкулдөрүн биримдик, ынтымак жок деп сындап келишчү эле. Ушул окуялар оппозиция арасында шериктештикти, тилектештикти жаратышы мүмкүнбү?

Темир Сариев: Адамдардын баарын бир бөлмөгө камап, "силер биригесиңер" дегендей болуп атат. Мен ушундай жагдайлар бириктире алабы, же бириктире албайбы – билбейм. Анткени ар түрдүү адамдардын ар түрдүү ойлору бар. Кээ бирөө бийликте жүргөн, кээ бирөө бийликке эч качан барган эмес. Бардыгын тең бир бөлмөгө байлап эле “силер биригесиңер” дегендей доомат коюш туура эмес.

Негизгиси, мен ойлойм, бүгүн бийликке оппозициячыл көз карашта жүргөн адамдардын негизги талаптары биздей. Анткени алар мыйзамдуулук, акыйкаттык орносун, ачыктык болсун дегендер. Анын жолдору ар түрдүү, кээ бирөө башка жолду издейт. Түшүнүгү, байкоосу башка болуп атат, бирок беш-алты адамды оппозиция деп айтыш туура эмес. Азыр бийликке жалпы эл оппозиция болуп турат. Жалпы эл - бул кыргыз эли. Ал ар дайым биримдикте. Биз ушуну туура түшүнүшүбүз керек.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Акбар каяктан: РФ
22.01.2010 00:42
Ырыс-сенде ич күйдүүлүк,тар,бир жактуу көз караш көп экен.Сенин көз карашыңа кошулбаймын!А Сариев Темир-партия лидерибиз.Анын өз көз карашы,ою,позициясы,саясатта өз орду бар.Лидер деген ушундай болуш керек!

кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
19.01.2010 07:57
Акбар, Нурбек, Билал,
силер Бишкектик Бакытты окугулачы, ал абдан туура жазды! Чындыгында эле, 2006-жылы Текебаев Спикерликтен кеткенде, Сариев Темир Ак-Yй менен сүйлөшө коюп, "мен Спикер болом" деп жулкунуп жатып оппозицияны бөлүп-жарбады беле! Же силер муну унутуп калдыңарбы? Андан сырткары, Чүйлүк Эркин жазгандай, Темир Сариевтин балдары Президенттик шайлоо учурунда эле кыпыңдап, элдин баарына мактанып жүрүшкөнү жалганбы "биздин шеф Премьер Министр болот" дешип? Так что, силер көп эле сасык шилекей чачыратып эмне кыласыңар?

кимден: Ruslan каяктан: ankara
18.01.2010 21:18
tuugandar bul adam dele eshimkanovdun biri da bul shayloodo bilinip kaldi go,men bul adamdi jana eshimkanov melisti en kuchtuu kadr dep bilet elem korso bular da satilip ketet eken da siler aman ele bolgula dep men.

кимден: эркин каяктан: чуй
18.01.2010 14:58
эми туугандар чычалабай эле койгула да темир президенттик шайлоодо акүйгө кызмат кылганын аны өзү деле танбайт болуш керек анткени жардамчысы нияз деген бала шеф шайлоодон кийин пм болот деп мактанып жүргөн бирок азыркы пикирине кошулам

кимден: Мурат каяктан: Бишкек
18.01.2010 02:13
Бул шеринени да чон боксердук рингге айланткан карышкыр, Бакыт, Ырыс - силерге чон "рахмат"! Аман болгула

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
17.01.2010 23:49
Кырдаал чыналып , кылда чокусуна жеткенде, бийликтин бал созуно
башы тегеренип, капшыттан чыга калып, жалпы агымды алсыратмай
Сариевдин саясий жузунун негизи корсоткучу экендиги буга чейинки
бир нече чон фактылар менен далилденет. Ал 2006 жылкы спикерлик
шайлоо. 2009 жылкы Президенттик шайлоо ж.б.

кимден: Билал каяктан: Москва
17.01.2010 20:54
Сариев жөнүндө Россия саясатчылары да жакшы ойдо. Темике сизге Россиядан салам!!!

кимден: Нурбек каяктан: Бишкек
17.01.2010 20:49
Карышкыр жүзүн ачыптыр да жарым-жартылай!!!Шоу кылбай эле ачык жазбайсыңбы,Ы-рыс!!!

кимден: Акбар каяктан: РФ
17.01.2010 20:45
Ырыс!Менин атым Акбар.Мен Темикени колдойм!Темикени жондон-жон а-бу дегенин жон эле коро албастык,ичи тардык!Кыскасы кемчиликти озундон издебей,бироодон издегенин бул жаман касиет.Тилеке каршы,азыр бул ооруу менен копчулук ооруйт!!!А сен озундун чыныгы атынды жаз мага окшоп!Бирок ага сенин духун жетпейтко!...

кимден: Акбар каяктан: РФ
17.01.2010 20:44
Ырыс! Менин атым Акбар. Мен Темикени колдойм!Темикени жөндөн-жөн а-бу дегенин жөн эле көрө албастык, ичи тардык! Кыскасы кемчиликти өзүңдөн издебей,бирөөдөн издегениң бул жаман касиет.Тилеке каршы,азыр бул ооруу менен көпчүлүк ооруйт!!!А сен өзүңдүн чыныгы атынды жаз мага окшоп !Бирок ага сенин духун жетпейт ко!...
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)