Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:19

Саясат

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Таласта болду

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 5-июнда Таласта иш сапары менен болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Сапары маалында ал Талас шаарынын жолдоруна жана мектептердин курулушуна өкмөттөн акча бөлүнөөрүн айтты.

x
Текст көлөмү - +
Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева иш сапарын «Өзөн Ата» сыр заводунан баштады. Заводдун башчысы Бакыт Турганбаев өндүрүлгөн продукцияны экспортко чыгаруу, Казакстанга сатуу боюнча айрым учурда чек арага байланыштуу проблема болоорун билдирип, бир күндүн ичинде элден 20 тоннадай сүт кабыл алышаарын айтты:

- Бизде Талас облусунда 6 завод бар, ошонун бешөө сыр завод, бирөө кургак сүт чыгарат.

Роза Отунбаева жалпысынан жер-жерлердеги ишкерлерге мындан ары өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди.

Андан кийин Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин жыйындар залында жергиликтүү акивисттер, дыйкандар менен жолугушуу өтүп, анда 7-апрелде окко учкандар эскерилди.

Алгачкы сөз Юстиция министринин милдетин аткаруучу Аида Саляновага берилип, ал Конституциянын жаңы долбоору тууралуу кеп кылды. Калктын көпчүлүгү сынга алып жаткан Жогорку Кеңештин курамы 120 депутаттан турганы туура деп, ага төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

- Канчалык депутаттар көп болсо, ошончо элде өз өкүлдөрүн парламентке киргизүүгө мүмкүнчүлүк болот. Мындай парламентте жаштардын, аялдардын саны да көбүрөөк болот.

Андан кийин сөз кезеги жергиликтүү тургундарга берилип, айыл чарба тармагы боюнча төө бурчак, картошканын бааларын жогорулатуу, жолдордун начардыгы, банктарда насыялар жогорку пайыз менен берилип, аны 12 пайызга түшүрүп берүүнү суранышып, кыргыз-казак чек арасы боюнча суроо узатышты. Айрым аксакалдар өткөөл мезгилдин бийлик өкүлдөрүнүн бири-бири менен келишпей жаткандарын сынга алышып, өз кеңештери менен да кайрылышты. Бакай-Ата районунун тургуну Масалбек Шабданов буларды айтты:

- Өлкөнү элибиз башкарсын дегенбиз. Акыры сокурларды сакчы кылып албаңыз, дүлөй, дудуктарды таяныч кылып албаңыз.

6-7- апрелдеги ыңкылапка активдүү катышкан Курал Усубалиев өткөөл мезгилдин бийлик өкүлдөрүнө ыр менен кайрылды:

- Акыл бербей акча бердик ким элге?
Ала-Тоодо тешик барбы кирерге?
Жан кеччилер сатып кетип баратат
Жадакалса жер калтырбай сийерге.
Ачкан курсак акырындап тоюнар,
Акыл жетсе баары ордуна коюлар…

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева жакында убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү Туркияга барып, төө буурчакты ортомчулар жок түз экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирип, мурдагы бийликтин кара, көк схемаларын жок кылуу аракети болууда дейт:

- Мурда күнү эле Алмаз Атамбаев Түркия барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын негизинде силерден алып, ортомчуларсыз Түркияга жибергенге аракет жасап атабыз. Ортомчулар жок болсо баасы силер үчүн өйдө болот.

Мындан тышкары Отунбаева Талас шаарынын ичиндеги жолдорду жана эмдиги жылдан баштап мектептердин курулушуна акча каражаттар бөлүнөөрүн айтып, Конституциянын жаңы долбоору тууралуу кеп кылды. Ал жаңы Баш мыйзам боюнча президенттин укуктары кыскарганын айтып, Жогорку Кеңештин жаңы курамы тууралуу кеп кылды:

- «Ата мекен» 80 орунга ээ болсо да, биз «Ата мекенди» чектеп коебуз, парламентте 65 гана орунга ээ болушат. 65 орун менен өкмөттү түзгөн бул азчылык болот. 120дан - 55, болбосо башка партиялардын колунда болот. Демек абдан туруктуу өкмөттү түзгөнгө азырак болот. Ошон үчүн, мисалы, «Ата мекен» келсе, башка партиялар менен ошол жерде коалицияга кириш керек.

Роза Отунбаева сапарын 6-7-апрелде талкаланган облустук акимчиликтин жана ички иштер башкармалыгынын имараттарын көрүү менен улантты. Отунбаева тартип коргоо кызматкерлеринин айлыктары дагы 80 пайызга көбөйтүлүп жатканын айтып, мындан ары бийликке же бир адамдын кызыкчылыгына эмес, карапайым элге кызмат кылуусун өтүндү. Андан соң Роза Отунбаева Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту. Студенттер жатакана болбогонун айтышып, окууга төлөнгөн акчаны азайтып берүүнү өтүнүштү.

Роза Отунбаева менен бирге Таласка Юстиция министринин милдетин аткаруучу Аида Салянова, Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Эркин Исаков да келип, иш сапар «Манас ордо» улуттук комплекске зыярат кылуу менен аяктады.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Тайбас каяктан: Озгон
08.06.2010 18:08
Азаттыкка: Эмне үчүн Роза айымдын Талас мамадминистрациясынын имаратын оңдоого 130млн акча бөлгөнүн жазбадыңар? Муну теледе айтышты го.Эмне имаратты немистер талкалады беле ага мамлекет акча бергидей? Ким талкаласа жоопко тартылбайбы?Же Роза айым таластыктарга карызбы? Уят иш!!!

кимден: Эр жигит каяктан: Ош, Озгон, Москва
07.06.2010 12:09
Башкасын сындасанар да ушул оор кырдаалда Роза эжени сындаганынар жигитчиликке жатпайт.Кудай турат, менин эч бир саясатчы менен тууганчылык дагы, алака кантаным да жок.Мен Москвада оз тиричилигимди кылып журом.Жогорку билимим бар.Роза эже олкобуздогу туруктуулук учун иштеп жатат.Ал эжени сындагандар кудайдын каарына калат.Роза эже Кыргызга кыянат иш кылган жок.Роза эже эл башы.Айнанайын Кыргыздар, эл башын сыйлаганды уйронгулочу.ушинтип журуп жоголуп кетпейли.Ансыз да туштукко кошуналарыбыз коз артып турат.Олкону талкалаган Акаевге, кылмышкерлер менен колтукташкан Бакивеге жетишинче кошомат кылып журуп, эми майлуу-суттуу кызматанардан айрылып калып, бюджетке эч бир салык толобогон ишкананардын келечегин ойлоп оз элинерге чыккынчылык кылып болгону бир жарым жылга тактыга олтурган чын дилинен иштеп жаткан Роза эжеге асылбагылачы.

кимден: Медер каяктан: Бишкек
07.06.2010 11:27
Ай жердештер! ушул ичи тардыгынарды, ич-күйдүлүгүнордү, көрө албастыгыңарды койбойсунарбы? Минтип отуруп кантип кыргызстан онолот? Роза эжекебиз тегерегине ар жакты караган 14 эркекке баш көз болуп, акырындык менен өлкөнү түз жолго чыгарып жатат ко. Адегенде эле Ошко, Баткенге, Жалалабадка барбады беле? Эгер Розе эжекебиз жок болгондо алдагы отурган 14 жетекчибиз бири-бирине баш ийет беле? Ар кимиси билген богун жеп эки экиден кресло талашып кырылып калбайт беле! Азимбек азыр деле эчкимди көзунө илбей ар-кимге "иш козгойм" деп, прокуратуранын балдарын тымызын текшерүүгө жиберип жатат, да миллиондогон долларларды чөнтөгунө салып жатат дейт. Азыр иштеген мекемелерди текшерүүгө тыйуу салынганына карабай жа дегенде курулуш мекемелеринен баштап арак чыгарып, мамлекеттке миллиондогон салык тологон заводдорду иштетпей "шапкесин" алып жатат. Бакиевдин убагында текшерип, "шапкесин" алган ошол эле финполиция, салык, прокуратура кызматкерлери ошол эле ишин кылып, бирок, көлөму 10 эсеге өсүп кетпедиби. Же болбосо аларды кетирген киши жок. Эмне учун финполицияга, ГАИге, же прокуратурага жумушка кириш үчүн дагы эле "шапке" бериш керек? Манызы өзгөргөн жок да бул кызматта иштеген паракорлордун болуп өткөн апрель революциясыныан кийин деле. Анткени, бийлике аран жеткен азыркы жетекчилердин арасынан дагы эле паракорлор чыгып жатат. Эмне үчүн иштеп жаткан бирин -экин заводтордун иштегени буларга кереги жокпу? Салыкты кайдан чогултат андай болсо? бюджеттеги кызматкерлерге маяна кайдан алынат? Айта берсе арман көп. Азыр мамлекетибиз бутуна туруп. стаблидүүлүкө жеткенче иштеген бир да мекемени текшерүүнү токтотуп, финполициянын түбү менен жоюп, экономикалык кылмыштарды текшерүү бир эле мекемеге жүктөлсө баарына жакшы болот эле. Себеби азыр текшеримиш болуп келегн прокуратурага да, финполицияга да, счетный палатага да жана МВД га да "шапке берүү керек. Алардын баарын бир мекемеге чогултуп "единый окно" кылыш керек. Текшерүүчүлөрдү кыскартыш керек. Азыр андай мезгил эмес, азыр өндүрүштү өнүктүрүп, жаны өндүрүштү түзүү керек. Андан кийин, 1-2 жылдан кийин өндүрүш бутуна тургандан кийин каалашынарча текшере берсин бир гана мекеме. Азыр өндүрүш аран жан багып жатса, ага 3-5 текшерүүчү келип алып алардын канын сорот. Жөн эле анализ жасап көргүлөчү биздин финполициянын , салык инспекторлорунун, прокуратура жана эсеп палптасынын кыхзматкерлеринин жашаган үйлөрүн. Жалан айлыка жашаган кызматкерлердин үйлөрү андай болбойт. Андай үй салгандар декларация толтуруп, көрсөтүп беришсин андай үй салганга каражатты кайдан алгандарын?

кимден: Билим каяктан: Ош, Карасуу р.Баш-булак а
07.06.2010 10:27
Роза эжеге сын таккандардын жазгандарын оукп коруп катуу жиним келди.Сындагандар биринчиден билимсиз, туркой жана моралдык жактан да мандеми барлар ондонот.Экинчиден, алар Роза эженин неберелеринен да кичуу болсо керек.Ойду тоону суйлой беришет экен.этика, маданият дегенди билишпесе колунан сындагандан башка эмне келмек эле.Кыргызстаныбызда туруктуулукту, ынтымакты жана онугуугу каалабаган, тополон-тоз уюштуруп, олконун ыдырап кетуусун энсегендер, керт башын ойлогондор жетиштуу экен.Роза эже, убактылуу да.Бийликке жармашып, туугандарын алып келип, байлык топтоп, тоталитардык система куруп аткан жок да.Жанындагылар интригадан арыла албай атышса Роза эжеге да оор болот да.Ар бир сынды ойлонуп анан жазсанар.

кимден: Тамара
06.06.2010 23:21
Жалал-Абад,Баткенде ото кыйын абал.Ал жакта жаратылыш кырсыктары да коп болот.Буга чеинки олко башчылары да кайдыгерлик мамиледе болуп келишти.Баткен чек ара маселесин жакшылап чечип,ал жакта жашаган элдин кызыкчылыгын коргоп,жакшыраак шарт тузуп беришсе болот эле.Ал жакта жашаган элге чон баа бергим келет.Кандай болгондо да алар чек араны оз кучтору менен коргоого аракетин жасап келишет.УО ушул коптогон жылдар чечилбей келген маселени чечсенер кандай жакшы болот эле.
Атамбаев болсо аман болсун,ал чет олколорго кана барганды жакшы корот.Элдин жашо шарты аны коп кызыктырбаса керек.

кимден: Туруктуулук каяктан: Ош
06.06.2010 23:21
Акаев, Бакиев дешчу...Ал эми Сизди Кыргыздын баары жакшы корушот жана жон эле Роза эже дешет.Сиз элге жакынсыз. Роза эже, эл менен бирге бар болунуз.

кимден: Тамара
06.06.2010 22:58
Урматтуу пикирчилер,баарынар эле оз жеринди айтып эмне ал жака барбайсын,бул жака келбейсин деп Р.Отунбаеваны критикалап атасынар.
Деминерди ичинерге алып,тынчтанып,маанилуу ой пикирлеринерди жиберсенер.Окуган кишиге да кызыктуураак, азаттыктын да убактысын албай.
Эсинерде болсо Роза эже Ошко барган,Сокулука барды.Анын ар бир кунго план расписаниеси бар.Биздей эле эки буту ,эки колу,бир башы бар.Анда тапкыла,ашыкча мучосу бар кишини,бир кундо силер айткан жерлердин баарына барып жетишсин.Маселе барганда эмес, а койгойлуу мамлекеттик маселени чечуудо.Буюрса деп туралык,Роза О баардык жерге барып ,эл менен тыгыз байланышта болуп иш жургузот деп умуттонолук.
Ойлобогула мени Р.Отунбаева менен табакташ экен деп.Жоок.
Роза эжеге ишеничим бар.

кимден: Арстан каяктан: Ош
06.06.2010 18:03
Бакыт сен ойлонуп жазчы туштукта абал оор дагы эле кара кепка кийген спортсмендер кайтарып жатат аларга акча толоп жатат, куч органдары иштебей жатат азыр миллион дагы астык кылат тынчылык учун Атамбаевди жоопко тартыш керек ушундай ушакты таркатып жаткан учун Биз туштук эли Бекназаров учун турабыз ,биз Исаковду Бекназаровду колдойбуз.

кимден: Bakyt каяктан: Bishkek
06.06.2010 15:49
ROZA EJE EMNE UCHUN T.SARIEV MENEN A.BEKNAZAROV JOOPKO TARTYLGAN JOK, JE ALARGA 1MILLION DOLLARDY JEP KOISO BOLO BEREBI.? BALKIM SIZ DA BOLUSHKON KORUNOSUZ 1MILLION DOLLARDAN.?

кимден: Bakyt каяктан: Bishkek
06.06.2010 15:43
ROZA EJE SIZDI KOPCHULUK EL PREZIDENT PEREXODNOGO PERIODA EMES, PREZIDENT PEREXODNOGO VOZRASTA DEP ATAP JURUSHOT.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)