Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:17

Саясат

Оппозиция Таласта болду

Талас шаарына Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров баштаган оппозиция лидерлери барып, оппозициянын жергиликтүү өкүлдөрү менен жолугушту. Анда таластыктар нарындыктардын чакырыгын колдоп, 7-апрель күнү бийликке каршы өз үндөрүн билдирмей болушту.

Элдик курултай, Бишкек, 17-март, 2010-жыл
x
Элдик курултай, Бишкек, 17-март, 2010-жыл
Текст көлөмү - +
26-мартта оппозиция лидерлери Өтмөк ашуусу аркылуу Талас шаарына кирип келатканда аларды жергиликтүү милиция кызматкерлери токтотуп, облустук ички иштер бөлүмүнө алып барышкан.

Лидерлерди ташып жүргөн эки унаанын айдоочуларынын күбөлүктөрүн «жол эрежесин буздуңар» деп алып, Азимбек Бекназаровду облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кабыл алды.

Көп өтпөй оппозиция лидерлери “Ата мекен” партиясынын штабына барып, 50дөн ашык жергиликтүү аксакалдар, жаштар менен сүйлөшүп, жыйын өткөрүштү. Жыйында энергетика, чек ара, жерлердин сатылышы тууралуу маселелер козголуп, Элдик курултайда бийликке коюлган талаптардын бири да аткарылбаганы айтылды.

Азимбек Бекназаров кийинки кадамдар тууралуу карапайым калк менен сүйлөшүп, кеңешүү максатында Таласка келгенин айтты:

- Нааразылык жер-жерлерде болот. Региондордо кишилер чогулуп, ар ким өзүнүн бийлигинен, акиминен, айыл өкмөттөн, губернатордон талап кылат.

Азимбек Бекназаров менен чогуу Таласка келген Дөөлөтбек Шадыбеков “Талас элинде Манас атанын деми байкалат, карапайым элдин ичинде көйгөй жарылганы турат” деди.

Ал эми "Ата мекен” партиясынын катчысы Асыл Мамырова жалпы Талас элинин ичинде бийликке болгон нааразылык күч алып, алар өз үндөрүн айта албай турган учурда оппозиция лидерлеринин Таласка келиши менен эл биригет деген пикирде:

- Нааразычылыгыбызды билдиребиз деген адамдар даяр, анткени ар бир киши азыр кыйналган, ар бир кишинин көйгөйү болуп атпайбы.

Талас облусунун губернаторунун басма сөз катчысы Бакай Садыров оппозиция лидерлери өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, элди мыйзамсыз жолго үндөп жатканын, бийликтин энергетика жана башка саясаттарын эл убакыт өтүп түшүнөөрүн белгиледи:

- Энергетика боюнча биз бул кадамга барбасак 3-4 жылдан кийин такыр эле Тажикстанга окшоп энергиясыз калышыбыз мүмкүн. Бул арга жоктон болгон кадам деп эсептейм. Анын үстүнө электр кубаты кымбаттаганы менен аз камсыз болгон, каражаты жетишсиз үй-бүлөлөргө кайра кошумча төлөмдөр берилип жатпайбы. Менимче, бул көп деле элдик толкундоолорду жарата турган маселе эмес.

“Ата мекен” партиясынын Таластагы штабында болгон оппозиция лидерлеринин эл менен жолугушуусунда таластыктар да Нарын калкын колдоп, 7-апрелде бийликке каршы өз үндөрүн билдирип, акцияга чыгышаарын айтышты.

Жыйында Азимбек Бекназаров менен “Ата мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотонов жана аксакалдар кеңешинин мүчөсү Оморбай Нарбеков да сөз сүйлөдү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: патриот каяктан: кыргызстан
29.03.2010 16:29
бакиевдин саясатына мен каршымын,биз бул жол менен барсак 10 жылдан кийин монархия болобуз!анан кыргыздын келечегин емес тарыхын дагы таппай калабыз!ошол еле учурда бизде татыктуу дагы президент жок!азыркы оппозициянын өкүлдөрү баары мурунку системага б.а. бакиевдин акаевдин саясатына түздөн түз катышы бар жана баардыгы коррупцияга,мыйзам бузууларга түздөн түз катышы бар деп есептейм!бизге езыр жаштардан,булганбаган,чыныгы кыргызга күйгөн,бир тууган,аке байкесин мекенинин келечегинен бийийк койбогон кадрлар керек!!!!

кимден: Талип каяктан: талас
28.03.2010 14:49
Бекназраров азамат экен,башка оппозициядагы жигиттер эмне унчупай алар дагы кыдырса болмок, менин жердешим Шернияз жоголуп кетти же Боке шайлоодо эле Таласка келмей болгонсузбу? Озу оппозиция ынтымагы жок болуп жатса керек алар жакшылап бириксе эл суроп кетет эле, эл даяр болуп туру

кимден: Тилек каяктан: Ош
28.03.2010 13:55
оо мына ушинтип жер жерге аймактарды алыш керек биринчи, озу Бекназаров ЭР эй

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала Тоо
28.03.2010 13:01
Азимбек байке, Сиз бактылуу адамсыз.Эл алдында, кылым карыткан Кыргыздын алдында Сиздин жузунуз жарык.

кимден: Бакыт каяктан: Ош
28.03.2010 11:59
Азим аке ишке өзүнүз жарайт окшоп калдыныз. Бизге Кыргызстанга сизге окшогон жүрөгү таза, эр жүрөк адам керек. Билимдуу, илимдуусун коруп жатпайлыбы. Алар билим илимине жараша куу да болуп калышат экен.Бийлике жеткиче оздорун башкача корсотуп.(хамиллиондонуп) Кыргызстанды оңдош учун сиздей жигит керек. Бизде тартип болсо эле, баарысы жай жайына келчудой.А мен сизди тартип орното алат деп ишенем. Сиз эл башында турсаныз эч бир чиновник (шакал) эл мулкун уурдай алмак эмес.Ошто сизди колдогондор кундон кунго көбөйүүдө. Эл сизди ээрчийт.Кыргыз элин куткарып калың.

кимден: Роллан каяктан: Москва
27.03.2010 22:47
Мен айта турган созум Бакай Садыровго тийиштуу. Ушул созду уялбай кантип айтып жатасыз. Оппазиция мыйзамдуу эле иштеп жатат. Азыркы бийликтеги адамдын баарысын алып жаштарды же элдин койгойун ойлогон жаш кадрларды алышыбыз керек. Болбосо Бакай байкеге окшогон чиновнитерибиз, кыргызды керек болсо, сатып жибериши мумкун.

кимден: Мирлан каяктан: Тогуз-Торо
27.03.2010 22:37
Азим байке Эл 2005- жылы сизди эрчиген . дагы деле эрчийбиз .

кимден: Курманбек каяктан: Алай
27.03.2010 22:32
Азимбек ака биз сиз мененбиз, сизди эл колдойт. Бакиев жана уй-булосуно ишенбейбиз.

кимден: Нарынбек каяктан: Нарын
27.03.2010 22:27
Бакиев башында турган бул бийлик беш жылда ,жакшы ийгиликтерге жеттик, Акаевтин чириген бийлигинен кутулдук деп эле мактанышат ( артка кетип атканы менен иштери жок),
Жургузгон саясаты туура болсо Бекназаров, Текебаев, Отунбаевалардан эмеге коркушат ???
Коркон СЕБЕБИ уй-булолук, кошоматчылар , жеп -ичер алдамчылардын куну буторуно аз калды. Бакиев К .С билип алыныз Кыргыз эли эч качан кул болгон эмес , кулдай болуп жашай да албайт, сиздин тандап алган жол бизге ( карапайым Ата-Мекенин ,эркиндикти суйгон элге) туура келбейт .
КЕТ же ЧЫН шайлоо болсун. Азимбек байке азаматсыз , аман болунуз, сизге куч- кубат берсин бизди жараткан КУДАЙЫБЫЗ колдоп

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала Тоо
27.03.2010 22:01
Бул бийлик чек-ара маселесине кайдыгер карап, Аксы окуясына кунолуулорду жазалабай, генералды каматып, анысы аз келгенсип, жакыр элдин толоо мумкунчулугун эске албай толомдорду кескин кымбаттатып жибериши, маалымат каражаттарына кысымдын кучошу, адам олтуруу сыяктуу оор кылмыштардын бети ачылбай жатышы - бул Кыргызды жакшылыкка алып барбайт.Ушундай кырдаалда Азимбек Бекназаровду тикеден тик туруп колдошубуз керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)