Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:01

Экономика

“Андаш” кени: пайдасы бар, зыянын ким айтат?

Таластагы “Андаш” кенин ишетүүгө жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мурдагыдай эле каршы болушууда. Алар муну экологиялык коопсуздук маселелери менен байланыштырууда. Бирок кенди иштеткени келген жаңы компания экологиялык коопсуздук тууралуу сөз кылуу азырынча эрте деген ишенимде.

Текст көлөмү - +
“Андаш” кени Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын аймагында жайгашкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кенинин жанында жашайт жана ал ачылат дегенден тарта эле бушайман болуп келет. Анын айтымында, союз учурунда “Андашта” алгач жардыруу иштери жүргүзүлүп, анын кесепетинен айылдын ичиндеги тамдарга залалы тийген:

- Мисалы, омонийди салып туруп 6 тоннадан 20 тоннага чейин жардыруучу заттарды салмайынча Андаш кени жарылбайт. Анткени эктоникалык жактан өтө бекем, астынын баары аска, үстү эле топурак. Мына ошон биздин эл пионерден пенсионерге чейин бүт жатка билет. Кенди жардырган мезгилде биздин айыл кыйрайт. Буга далил 1982-жылы алгачкы жолу жардыруу ишин жүргүзгөндө көчөгө чейин келип таштар түшкөн. Мектептин айнекери кыйрап калган, 3 этаж мектепин айнегин кайрадан салып чыкканбыз, менин үйүмдүн айнектери талкаланган.

Сүйүркул Сманкулов кесиби боюнча кыргыз тилчи. Бирок ал тоо кендердин иштетилиши тууралуу китеп, журналдардан маалымат чогултуп, окуп-билгендерин айылдаштарына жеткиргенинен улам көпчүлүгү кендин иштетилишине каршы чыгышкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кени боюнча жаңы бийликтин саясатын сынга алды:

- Эки жыл мурда Роза Отунбаева баштаган мамлекеттик комиссия келген. Калдык сакталуучу жайда, карьерде болуп баарын көрсөткөнбүз. Ошондо биздин каршылыгыбызды Отунбаева туура көргөн. Ал эми азыр кайрадан Астанадагы саммитте “Андашты” да, Жер үйдү да иштетүү керек дегендей сүйлөп калды. Жардырганда сөзсүз таасири тиет. Секундасына 25-30 метрден шамал болгондо биздин Караколдун мөңгүлөрүнө, Талас тоосун пайда кылып турган мөңгүлөргө бир заматта жетет. Бир жылдын ичинде 1 мөңгү ээрип жок болуп, Талас суусу жок болуп кетүү коркунучу бар.

Экономикага салымы канчалык?


Азыркы апта “Андаш” кенин иштетүүгө австралиялык “Кен-тор голд” компаниясы аракет жасап келет. Аталган компаниянын менеджери, адистиги боюнча тоо изилдөөчү инженер, 40 жыл жалаң уран боюнча чалгындоо иштеринде иштеп келген Кадыркан Абдрахманов “Андаш” кени экологияга жана айыл тургундарына тескери таасирин тийгизбейт деп ишенет. Кадыркан Абдрахманов буга далил катары Казакстандын жез казган шаарынын ортосунда кен иштетилип жатканын жана Жаңы Зеландиядагы Марта деген шаарда ачык ыкма менен алтын өндүрүлүп, андагы үйлөр кенден болгон 200 метр жерде жайгашканын мисалга тартты. Адис “Андаш” кениндеги жардыруу иштери жергиликтүү тургундарга эч залакасын тийгизбейт деп ырастайт:

- Жардыруу иши боюнча элдер түшүнбөстүктөн улам кооптуу жагдай чыгууда. Кыска толкун менен жардыруу деген бар. Ал кичине скважиналарды бургулап аз көлөмдөгү жардыргыч салынып, 10 милисекундга жеткен аралыкта жардыруу иши жүргүзүлөт. Ал техникалык коопсуздук боюнча сейсмологиялык таасири 500 метрден ашпайт.

Айыл тургундарынын айрымдары экологиялык коопсуздуктан улам кендин иштетилишине каршылыгын билдирип келсе, айрымдары кен экономиканын өнүгүшүнө салым кошмок деген ишенимде. Бийликтин тоо кендерди иштетүү саясатын колдогон Талас облусунун губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Нусуп Бектенов кендерди иштетүү менен экономиканын өнүгүшүнө пайда кошулат деп эсептейт:

- Биринчи кезекте мамлекеттин, элдин турмушун оңдойбуз десек биз өндүрүштү көтөрүшүбүз керек. Ошондуктан бул кендердин бардыгы иштеш керек! Болгондо ачык тендер өтүп, биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы эске алынышы керек.

Калк ачык суроого ачык жооп күтөт

“Муундардын теңдиги” аттуу экологиялык маселелер менен иштеген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Таалай Арзыкулов эгерде кен иштеткен компаниялар жергиликтүү тургундардын ою менен эсептешкенде нааразылардын саны мынча көп болбойт эле деген пикирде:

- Негизи өзүн сыйлаган, эл аралык стандартты сыйлаган компания болсо, экологиялык багытта иш алып барабыз деген андай компания болсо биринчи келип жергиликтүү калктын ой пикирин, социалдык абалын текшерип, эл-компания-бийлик 3 тараптуу келишим түзүп, андан кийин иш жүргүзсө мен ойлойм жергиликтүү калк каршы болбойт эле.

“Андаш” кени алгач 1962-жылы изилдене баштаган. Негизги изилдө иши 1982-жылдан тарта 6 жылга чейин жүргүзүлгөн. Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары – 1994-жылдан 1997-жылга чейин англиялык ишкерлер “Ала-Тоо майнинг” компаниясын түзүп, изилдөө иштерин улантышкан.

Бирок ортодо иш токтоп, 2004-жылдан 2009-жылга чейин Англияга караштуу «Аурум майнинг ПЛС» негизги каржылоочу булак катары «Андаш майнинг компанисын» түзүп ишти уланткан. Аталган компания бул мөөнөттө Көпүрө-Базар айылына 3 миллион сом өлчөмүндөгү каражатты социалдык тармакка жумшашкан. Дүйнөлүк каржы каатчылыгынан улам 2009-жылы «Аурум майниг компаниясы» ишин токтотуп, 2010-жылдын башынан тарта австралиялык “Кен-Төр голд” аттуу компанияга лицензиясын сатышкан.

“Андаш” кенинде 20 тонна алтын, 70 миң тонна жез бар экени далилденген.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз кызы каяктан: бишкек
18.09.2010 22:33
Иштетсе болот,иштетпеске айла жок,Биздин элдин басымдуу копчулугу жакырчылыкта жашап жатат.Алардын тагдыры менен ойногонго эч кимдин акысы жок! Тендер ачык отсо,Келишимдер так жана утур чекитене чейин КР жана эл учун тузулyп,кароого алынышы керек.Мурда кара нан менен чай болсо азыр нанга ун да алалбай калгандары четтен чыгат!!

кимден: bekjan каяктан: Korea
09.09.2010 20:20
Kumtor achylganyna kancha jil boldu Andan tushkon akchanin baarin ele chondor ichip jep, mamleketke tushkon 1 tyiyny da jok. Akaev kanchasyn jep ketti. Bakiev kanchasyn jep ketti. Jany kendi achkandy koiup, Bakiev menen Akaevdi karmap kelip, ichip jegenderinin baarin tolotpoisunorbu kiyin ekensiner. Kumtordu dagy japtyrysh kerek. Mamleketke akcha tushpogondon kyiyn.

кимден: kuyorman каяктан: tr
09.09.2010 03:51
Oto zaril bolboso azir ishtetpey ele koysokpu deym, sebebi alardan tusho turgan akchanin kobu Sherniyazovdun ele chontoguno ketse kerek dep oyloym. Anin ustuno Talas ayil charbasi menen jan bagat bashka ech kanday ondurush ish kanasi jok, suu azaysa ele eldin abali kanday boloorun elestetkim da kelbeyt...

кимден: ajka каяктан: eu
08.09.2010 18:58
ishtetse bolot,birok mamlekettin eldin kyzykchylygy uchun.al emi as paidasy mamleketke dep kalganyn alyp ketkenderdin kyzykchylygy uchun ichtetish arzybagan ish.alar otchoddordu karjerge salyp,ishtetilgen jerdi rekultivayialap ketken kundo da jardyruu maalynda uchkundary ketet aba arkyluu,toolor uilorgo zyjany oto ele chon bolot.bul ubaktysyncha,al emi pravilany tuura saktabasa 10 jyldan kijin azyrky kyrgystandagy taza abany tabysh kyjyn ele bolot. menimche asyr ekonom kylabyz deship prvilany saktagandan kashyshat.

кимден: Бакир каяктан: Баткен
08.09.2010 17:13
Бизге миллион сом берип, оздору миллиард доллар пайда коруп жатышат, ушул турабы. 20-30 жыл откон сон алар кетет, биз калабыз, экологичлык катастрофага кабылып, миллион сомду жеп ичип. Алтын кендерин азырынча тим коуйп, озубуздун миллионерлерге кандайдыр бир олчомдо налогтон бошотушубуз керек, ички акча резервдерди тартуу абзел, чет олкону карап отура бербей. мына партияларды карагыла канчалаган акчаларын сарптап жатышат, андан коро социалдык тармактарга жумшаса болот да. Элдин акчасын убагында алып алышып,эми кайра оздоруно сарптап жатат.

кимден: kyrgyz
08.09.2010 15:56
Negizi chet olkoluk kompanialar menen ish alyp barganda, mamleket oto kyldat mamile kuluusu abzel. Kyrgyz otmotundogu anminerler patriottuk mamile mene ishteshi kerek. Okmottun 20 jyldyk ters tajryibalaryn korup, bilip jurobuz. Atka minerler jeke oz kyzykchylygyn birinchi iretke koiup jurushot, chon shapke, paralardy alyp jurushot. Ushundai ters korunushtordun esebinen mamleket, anyn ichinde karapaiym el chon jabyr tartyp, zyanga uchurap atat. Mamleket menen chet olkoluk kompania kelishim tuzgondo, kelishimde sozsuz turdo jergiliktuu elldin muktagdyktaryn atkaruu jonundo atayin jobo menen belgilenishi kerek, anan sozsuz turdo ecologialyk masele atain jobo mene belgilenishi kerek dep oiloim.

кимден: бывший кумтор
08.09.2010 13:11
кумтордой катастрофа болот бул жерде. азырынча жыргай тургула. 20 жылдан кийин ушул менин айткан созумду эстейсинер. миллондон ашык тонна уу-химикаттарды тоонун чокусуна алып барып иштетип туруп тогуп атышат. акылы жок бийликтин азабын карапайым калк жейт

кимден: тентимиш каяктан: маскоо
07.09.2010 23:49
кыргыздын кен-байлыктарын бүт сатып жиберишкенби чоңдорубуз инвестиция тартабыз демиш болуп?

Онлайн шерине