Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:15

Эркиндик

Алайда ызгаар суук, ыйлаган эл

Сегиз жылга кесилген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган жүзгө чукул киши кышкы ызгаарга карабастан Алай райондук акимчилигинин алдында жети сааттан ашык пикетте турушту. Ара чолодо акциянын уюштуруучулары район акими менен жолугушуп, генералдын жердештерин коркутуп-үркүтүүнү токтотууну суранышты.

Текст көлөмү - +
Сегиз жылга кесилген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган жүзгө чукул киши кышкы ызгаарга карабастан Алай райондук акимчилигинин алдында “Генерал Исаков бошотулсун!”, “Биз Исаковдун акталып, бошотулушун талап кылабыз!” деген плакаттарды көтөрүп жети сааттан ашык пикетте турушту.

Ара-чолодо акциянын уюштуруучулары аймак жетекчилиги менен жолугушту. Анда Исмаил Исаковду коргоо комитетинин Алайдагы мүчөлөрү жергиликтүү бийликтен генералдын жердештерин коркутуп-үркүтүүнү токтотууну катуу суранышты.

Аким Алмазбек Осмонов
Бирок райондун акими Алмазбек Осмонов мындай маалыматты четке какты:

- Эч ким эч кимди коркуткан жери жок. Мунун баары жалган. Бул күндөр дагы өтөт, ошондо жолугушабыз.

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири район башчысын чындыкты жаап-жашырып, элге жалган маалыматтарды таратып жаткандыгы үчүн айыптады:

- Алмазбек, сен бир жылдан бери суудан курук чыгып келатасың. Бүгүн дагы ошенттиң. Кудай бар!

Акцияны уюштуруучулардын бири жолугушууга катышып жаткан укук коргоо органдарынын чоңдорунан карапайык калкты кууугунтуктоону токтотууну талап кылды.

Буга карата райондук бийликтин жетекчиси Алмазбек Осмонов төмөнкүчө жооп катты:

- Кантип суудан курук чыгып атыпмын? Мени эл менен, укук коргоочулар менен жолуктуруп же телефон аркылуу сүйлөштүргүдөй, аларга сурак кылдырткыдай сиздер тергөөчү эмессиздер да. Мен каерде болбосун, ошол эле элдин алдында айткан сөзүмө кылчактабастан жооп берүүгө даярмын.

Ушундай кайым айтышуудан кийин кайрадан сүйлөшүү уланды. Акциянын активдүү катышуучусу Азимбү Осуева аны милиция эки күндүн биринде чакыртып, кыйнап бүткөндүгүн билдирди:

- Малыбызды жайытка айдагалы жатсак, үйүбүзгө үч милиция барды. “Жол тосупсуз, пикетке чыгып жатыпсыз, сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголду” деп тынбай чакыртып мукуратышты.

Ал эми камалган генералдын бир тууган эжеси Шайырбү Исакова Алайдагы наарызычылык акцияларына байланышкан бүтүндөй жоопкерчиликтин азабын жалгы өзү тартууга даяр экендигин ачыктады:

- Милицияга түшүнүк кат жазып бердим. Бул жерде эл-журт айыпсыз. Эмне үчүн бийлик бир жылдан бери арыз-муңубузга кулак төшөгөн жок. Президенттин уулу Максим Бакиев 14-январда Кытайда жүргөн экен. Жанагы Кытайдан КАМАЗга тартылган жүктөр ошону экен деп укканбыз. Ош-Эркеч-Там автожолун тоссом, үнүмдү Ак /й эшитээр деген максатта мына ошол кылыкты мен жасадым. Бир тууган иним үчүн башым тартуу. Элди эмес, мына мени камагыла!

Эки тараптын беттешүүсүн Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин жетекчиси Айтпай Жээналиев жыйынтыктады:

- Биз, Исмаил Исаковдун таламдаштары, мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыккан жерибиз жок. Эл оозунда элек жок, жанагындай сөздөрдү балким, бирөө-жарымы айткандыр, аны үчүн биз жооп бербейбиз. Дагы бир ирет эскертип коеюн: эгерде айыл башчылары жана өкмөттөр тарабынан жердештерибизге кысымчылык күчөсө, анда биз расмий түрдө “Аким кетсин!”, “РайКеңеш төрагасы кетсин!” деген маселени кабыргасынан коебуз.

Сыртта тургандардын алдында сүйлөгөн эмгек ардагери Турдукан Жусуева Исмаил Исаков сот тарабынан толук акталмайынча, нааразычылык акциясын токтотушпай тургандыгын жарыялады:

- Көпчүлүгүбүз ооруп атабыз, суука кайыгып турабыз. Антсе да, баарына кайылбыз. Исмаил Исаков толук акталмайынча, акцияны улантабыз. Мына, бир жылга аяк басты, миңдеген адамдар көчөдө толкуп атат, а түгүл Президентке дагы бир нече ирет Кайрылуу жолдодук. Укрманбек Бакиев унчугаар түрү жок. А киши элдин үнүн чымындын үнүнчөлүк көрбөдү. Күн кичине жылыса, “элдин баары чыгабыз, Бакиевди кетирибиз!” деп атышат.

Анткени менен райондун акими Алмазбек Осмонов Исмаил Исаковдун тарапкерлеринин кебин четке кагып, алардын аракетин мыйзамсыз деп эсептейт.

- Мына, азыр булардын тургандары эч кандай мыйзамга сыйбайт. Аны үчүн эртедир-кечтир жооп берип калышы ыктымал. Райондун жетекчилерин отставка менен коркутушууда. Билесиздерби, Алайда 73 миң калк жашайт. Бул ошончо кишинин пикири эмес, болгону элүү чакты кишинин сөзү. Эң башкысы мени президенит ишеним артып бул кызматка дайындаган, андыктан, бир ууч топ менин маселемди чечүүгө акысы жок, - деди Алай районунун акими Алмазбек Осмонов.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Мухаммет каяктан: Москва
22.02.2010 02:52
Таза кандуу.Алай жердештер.артка чегинбегиле.алыстагы.Алайлык кулундарынар силер менен

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕКТЕН
19.02.2010 22:39
АЛАЙЛЫК ТУУГАНДАР!
СИЛЕРДИН ҮМҮТҮҢӨР ТАШ КАПТЫ, БИЙЛИК СИЛЕРДИ УРУП ОЙНОГОН ЖОК.ЭМИ ЖАҢЫ ТҮЗҮЛГӨН АРЫСТАНДАРГА ЖЕМ БОЛБОЙ ЖАЙЫҢАРГА
ТАРАГАНЫНАР ЭЛЕ ОҢ ГО. УЧУРУ КЕЛГЕНДЕ ТАРЫХ ӨЗ БААСЫН БЕРЕР, АЗЫР КЫЗУУ КАНДУУЛУКА АЛДЫРСАҢАР АРТЫ МУҢГА АЙЛАНБАСЫН.

кимден: kурманжан датка каяктан: гулчо
17.02.2010 16:44
Алайлыктар,башыңарды бийик көтөргүлө!!!Биз намысы,бийик таза кандуу элдерлен болобуз!!!!!!!!!!!Жеңиш бизде болот!!!!!!!!!!

кимден: Кыргыз
17.02.2010 13:10
Алайдын акими азыркы бийликтин нукура бетин көрсөтүптүр. Эшегине жараша тушагы, дегендей. Феодализм жакындап келатат. Президентти ЭЛ шайлабаса, тезек терсе. Өкмөт үчүн ЭЛ ким?! Кул! Каалагандай кылып салык салып жатышпайбы. Канча бир убакыттан бери Алай эли президенттен жооп күтүп атат, бакиев болсо '' кабагым кашым'' деген жок.

кимден: Асман каяктан: Жер
17.02.2010 11:19
Суу ичкен кудугуңа түкүрбө Осмонов Алмазбек. Сен Алай эли бар үчүн аким атың бар. Элиңе күйбөсөң акимдигиңен не пайда?

кимден: патриот каяктан: Аксычы
17.02.2010 09:33
Алайлык туугандар! Кыргыз эли сиздер менен. И.Исаковду колдогонуңар, КЫРГЫЗДЫ колдогонуңар,чындыкты,калыстыкты колдогонуңар, КЫРГЫЗДЫН келечеги деп күрөшкөнүбүз. Алайда баатыр мүнөз, каны таза КЫРГЫЗДАР жашарын билем. Намысыңарга бек тургула ! И.Исаков бүткүл КЫРГЫЗ элинин сыймыгы, накта генералы. Жакында акимиңер өзү баш болуп качат, же болбосо, мен ЭЛ мененмин деп туруп берет. Аксылыктар Акаевдин түбүнө жетсе, Алай эли Бакиевдин түбүнө жетет. Чамдагыла, чыдагыла боордоштор ! Жеңиш эл тарапта.

кимден: Бакай каяктан: Ош
16.02.2010 22:21
Биринчи ушул окшогон Акимдерди кетириш керек! Силер менин тагдырымы чече албайсыңар дегени да ал! Мындай болсо күн жылыганда 73 миң адамдын баары чыгат пикетке. "Мага Президент ишеним көргөзгөн"- дейт, а элчи? Эми эл Алмазбек Осмоновко окшогон АТКАМИНЕРЛЕРГЕ ишенбейт! Ал эми урматтуу Президентибиз Курманбек Салиевич Алайдын элинин арызын канааттандырат деп ойлойм!

кимден: Кыргыз каяктан: Лондон
16.02.2010 21:54
Урматтуу Кыргыз элим! Урматтуу айылдык карапайып кандаштарым! Эгер Бакиев Генерал Исаковдун ишинин мыйзам чегинде болушун камсыз кылбаса, жеке мен Бакиевди сотко берүүнү ойлоп жатам.Мен сотко берсем көптөгөн беренелер боюнча сотко кайрылам.Ата мекенден алыста жүрүү оңой эмес экенин билесиңер.Биз алыста мекенди сагынып куса болуп жүрсөк, бийликтин кылганын карагыла.Курманбек Салиевич, дагы да кеч эмес, көзүңүздү ачыңыз!!!

кимден: Абай Бишкек каяктан: Бишкек
16.02.2010 21:28
Башкасын билбейм, Алайлыктардын добушун элге жеткизип жаткан айтылуу Алишер Токсонбаевге данк! Урматтуу "Азаттыкчылар"! Ушул кишини бир суроту менен бакыйтып сайтынарга чыгарып, маек уюштуруп койбойсунарбы? Угушубузга караганада азыр Токсонбаевке Бакиев ото чон кызмат сунуштап, ага Алишер мырза баркымы кетирбейм деп барбай койгон имиш.

кимден: Алайдан кат...
16.02.2010 19:14
..."Алайда бороон кар калын,
Адам жок угаар арманын.
Акимдер журот кубалап,
Пикетке чыккан балдарын"...
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)