Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:13

Илим, билим берүү, IT

ОШМУда окуу жылы нааразылык менен башталды

ОшМУнун медициналык факультетинин студенттери окуу шарттарын жакшыртуу талабы менен нааразылык акциясына чыгышты.

Текст көлөмү - +
Университеттин башкы корпусунун алдына чогулган эки жүз чакты студент бир саат бою окуу жай жетекчилерин сыртка чыгышын күтүп, алардын койгон талаптарын чечип берээрине ишенип турушту.

Өзүн Руслан деп тааныштырган медицина факультетинин студенти, жаңы окуу жылынан тарта алар таптакыр шарты жок имаратта окуп жатышканын, мындан сырткары контракттык төлөмдүн суммасы да бир кыйла кымбаттап калганын айтты:

- Биздин имаратта шарт аябай начар экен. Быйыл контракт да кымбаттап калыптыр. Былтыр 25 миң сомдон төлөсөк, быйыл келсек эле 27 миңге чыгып калыптыр. Окуу бөлмөлөрү да аз экен.

Нааразылык акциясына чыккан студенттер, жылына отуз миң сомдон контракт төлөшкөнү менен окуу жай тараптан ошого жараша жакшы шарт жаратылбай, окуу куралдар жетишсиз, материалдык-техникалык база да талапка жооп бербей тургандыгын айтышты. Атын атоодон баш тарткан 3-курстун студенти «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Окуу имаратында эч кандай шарт жок экен, алыс. Эгер которуп бербесе, бүт студенттерди алып чыгабыз. Башка айла жок. Конракт төлөгөндөн кийин шартты түзүп бериш керек да.

Университет жетекчилиги окуу жай алдына чогулган жүздөгөн студенттер менен сыртта жолугушуудан баш тартып, алар менен атайын аудиторияда журналисттердин катышуусусуз жолугушуу өткөрдү.

Ректорат өкүлү Замирбек Божонов жолугушууда студенттер менен жетекчилик бир пикирге келгенин, алардын азыркы билим алып жаткан имаратында бир топ мыкты шарттар бар экенин айтты:

- Алар студенттер шаарчасындагы университеттин “Кампус” аталыштагы корпусуна жылдырылган. Ал жакка жакында атайын медициналык факультеттин студенттеринин билимин терендетиш үчүн клиника курулганы жатат. Аларга баарын түшүндүргөн соң, макул болуп тарап кетишти.

Оштогу мамлекеттик окуу жайдын медицина факультети бул түштүктөгү жападан жалгыз дарыгерлерди тарбиялоочу адистик. Ошол себептүү алардын окуу үчүн келишим акысы да башка факультеттерге салыштырмалуу дээрлик эки эсе кымбат. Бүгүнкү нааразычылык акциясына чыккан студент Кубаныч ректорат менен болгон жолугушууга канааттанбаганын, эгерде жетекчилик окуу корпусун которуудан баш тартса, анда мындан да көп сандагы студенттердин катышуусунда митинг өткөрүүнү пландашаарын айтты:

- Китеп да жетишпейт, азыркы окуу корпусубузда китепкана да жок экен. Досторум айткандай тоокканада эле окуп жатабыз. Бирок азыр жолугушууда ректорат ошол жакта эле окуйсуңар деп чечип койду. Студенттер ага ыраазы болгон жок. Эми абалга карап көрөбүз, дагы сүйлөшөбүз.

Ошентип түштүктөгү эн ири окуу жайда жаны окуу жылы «чү» дегенде эле жүздөгөн студенттердин нааразычылыгы менен башталды. Жергиликтүү серепчилердин айтымында, мындай нааразычылык акциялары билим берүү системасынын туташ кризиске кептелгенинин белгиси. Былтыр да дал ушул ОшМУнун журналистика адистигинин студенттери окуу сапатына өздөрүнүн нааразылыктарын билдирип чыгышкан эле.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: данио каяктан: Москва
27.09.2009 23:03
Гулназдын оюна кошулам бирок пикет менен иш бүтпөйт!бул деген шайлоо аяктаганга чейин дегени.

кимден: Гулназ каяктан: Москва
10.09.2009 23:27
ОшМуда окугандар жакшы кыласыңар контракт төлөгөндөн кийин бардык шартарды түзүп бериш керек. Ар кимиси чөнтөгүн ойлобой студенттерге да шарт түзүш керек. эмне үчүн биздин мамлекетте окуу куралдары жетишпейт? Эмне себептен биздин эски имаратты эч ким көрбөйт? кичинекей Кыргызстанды гүлдөтө турган адам бизде жарала элек. ОшМу шарт түзүп бербесе пикетке чыкыла. ишиңерге ийгилик АЛГААААА

кимден: Т.Кадыров каяктан: ОшМУ
10.09.2009 17:18
Орозбеков, билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана шарт түзүү учун мыкты идеолог болуш керек. Идея болуш үчүн билим керек...

кимден: Айтурган каяктан: Москва
10.09.2009 13:12
Ар кимибиздин өз талабыбыз орундалса экен. Качан нааразычылыгы жок, бири-бирибизди түшүнө билип жашайт экенбиз.

кимден: Ректор каяктан: Ош
09.09.2009 12:51
Студенттер суранам,баары жакшы болот.Президент билип калса,жаман болот.Чыдагыла бир аз.

кимден: Алтынбек каяктан: Ош
09.09.2009 12:10
Медфактын студенттери койгон талап туура. Негизи ректорду министрлик алмаштыруу жагын караш керек

кимден: ex-OshMU studenti каяктан: USA
09.09.2009 11:00
Ai,eng jakshi talap. Univerdin rektoru akchani campustu ongdop, kitepkanani jakshi materialdar menen tolturup andan kyiyn kontrakti kotorushu kerek. Kandai mamlekettik universitet? Mamlekettik bilim beruu degen-akisiz. Medfakta ele emes, bul universitettin baardik bolumdorundo imarattardin shartari jok, eskiligi jetish, jer titiroodon bolungon kanalarda okushat. Bul joruktu men MUKta dele kordum, abdan eskiligi jetken imarattarda okup jatishat jashtar.

кимден: Патриот
08.09.2009 17:14
Биздин убакта дегеле студенттер ушинтип ректораттын алдына чыгышчу эмес, аң-сезими жетишчү эмес, же болбосо окуу жетекчилеринен коркушчу, кийинки жаштар азамат көтөрүлүш керек, контракт төлөгөндөн кийин татыктуу шарт түзүп же билим берүүнүн сапатын жогорулатсын, кээ бир мамлекеттердин жаштары бир эле окуу жайдын ичиндеги проблема эмес, бүтүндөй саясатка аралашып, революция кылууга да жетишишкен.

кимден: Канат каяктан: Ош
08.09.2009 16:49
Силер туура кылдыңар, Пикетке чыгып аз да болсо өз окуу шартыңарды оңдоп алгыла .ОшМУ МЕД ФАК болгону менен аты улук супурасы курук окуу жай болуп кала берет

кимден: Аделина каяктан: Ош
08.09.2009 16:25
биз медфактын студенттери биз кампуста окубайбыз дегендерге кошулбайбыз.Ректор өзү айтпадыбы силерди ал бул жакка убара кылбай бир күндө бир жерге окуй турган кылабыз деп. Юго-востоктобу же ХБкадабы окуйбузбу татыктуу билим алсак болду да.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)