Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:25

Саясат

Cтуденттер: же университетке, же курултайга

“Студенттер коррупцияга каршы” жаштар кыймылы өкмөттүн баа саясатына нааразылык иретинде 17-мартта сабактарга катышуудан баш тартып, оппозициянын Элдик курултайына бараарын жарыялады. Кыймыл өкүлдөрү Элдик курултайда кыргыз өкмөтүнө бойкот жарыялоо демилгесин көтөрүүнү көздөшүүдө.

Улан Орозбаев, жаштар кыймылынын лидери.
x
Улан Орозбаев, жаштар кыймылынын лидери.
Текст көлөмү - +
Бул тууралуу билдирүү жасаган жаш лидер Улан Орозбаев “Азаттыкка” маек курду.

- 17-март күнү студенттер массалык түрдө сабактарга катышуудан баш тартып, оппозициянын Элдик курултайына барып катышуу демилгеси кимдер тарабынан көтөрүлдү?

- Мен өзүм да бул тууралуу студенттерден уктум. Курултайга баралы деп мен студенттерди үгүттөгөн жокмун. Башка окуу жайлардын лидерлери менен байланышсам алар кымбаттоолорго каршы өз демилгелери менен эле 17-мартта сабактардан баш тартып, кыргыз өкмөтүнө бойкот жарыялап, Элдик курултайга барышаарын айтып жатышат. Аларды мен же башка бирөө үгүттөгөн жок. Өздөрү ошондой чечимге келишкен. Мен да Кыргызстандын жараны болгондуктан бул маселе мага да тиешелүү. Ошон үчүн мен тарифтердин жогорулашына каршы иш-чараларды колдойм. 

- Студенттер чөйрөсүндө азыркы бийликтин саясатына нааразы болуп, каршылык акцияларын колдоочулардын саны канчалык?

- Саны бир топ эле. Анткени азыр электр кубатына гана эмес, уюлдук байланышка да бааны көтөрүп салды. Анда да студенттер акцияга чыгышкан. Азыр студенттер абдан нааразы. Ошондуктан биздин тарифтерге каршы күрөшкөн акциябызды миңдеген студенттер колдойт. Себеби бүгүн электр кубатына баа көтөрүлсө, эртең нандын баасы өсөт, анан баары кымбаттайт. Ошондуктан биз ушул көрүнүшкө каршы күрөшүп жатабыз.

Азыр маселен студенттер аргасыз окуусун таштап, жумуш издөө менен алек болуп калышты. Орусияга, Казакстанга кетебиз дегендер бар. Анткени аларды ата-энелери камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрү жок болуп жатат. Студенттердин азыркы абалы абдан начар. Эгер бүгүн унчукпасак, анда келерки жылы контракттын суммасын да кымбаттатышы мүмкүн. 

- 17-март күнү сабактардан баш тартып, Элдик курултайга кошулууңарга окуу жай жетекчилиги кандай мамиле жасайт деп ойлойсуң?

- Өзгөчө кысым болушу мүмкүн, бирок биз андан коркпойбуз. Бул биздин жарандык укугубуз. Курултай өткөрүү, ага барып катышууга мыйзам жол берет. Эгер жол тособуз дешсе, биз андан коркпойбуз.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кайрат каяктан: Бишкек
14.03.2010 19:58
Февраль айындагы Жогорку Кенештин отурумунда “Ак жол” фракциясынан депутат Чолпон Абдуллаева Ош мамлекеттик университетинин студенттери окуу жайдын ректору Муктар Орозбековдун үстүнөн арызданып нааразы болуп “Ош МУнун ректору Муктар Орозбеков стденттердин жатакана төлөмдөрүн 400 сомго, контракты 24 миң сомдон 28 миң сомго негизсиз кымбаттатканына студенттер жана ата-энелери кайрылышты. Анысы аз келгенсип ректордун кабыл алуусуна кирүү мүмкүн эмес. Ага кириш үчүн кезекте көптөгөн саат коридордордо турушат экен”,- айтып чыкты эле Ч.Абдуллаева. Ал өкмөттүн өкүлүнөн бул маселени тиешелүү органдар тарабынан териштирип, чара көрүүсүн өтүндү.
12-марттагы отурумунда да депутат Д.Молдошева ОшМУда финасылык тартип бузуулар арбын экендигин, аны таза текшерүү керек деп өкмөттүн өкүлүнө айтты. Кымбаттолор асмандаган сайын Орозбеков да кычады. Бул ректор жөнүндө тынымсыз эле айтылып да, жазылып жатат. Өткөн жылдын этегинде ОшМУнун студенттери Орозбековдун төлөмдөрдүн түрлөрүн негизсиз көтөрүп алгандыгына нааразы болгон студенттер аны кетсин митингдерге чыгышкан эле. Митингде ал төлөмдөрдү мурунку калыбына келтирем деп убадасын берип аличейин аткарбай жүрөт. Ат тезегин кургатпай комиссиянын артынан комиссия текшерип эле жатат. Бирок алаоды басып коюп жатат. Депутат Ч.Адуллаева парламеттин чоң трибунасынан Орозбеков жөнүдө кыйганда ал Бишкекке бир чоңго барып кызматын сактап калыптыр "Агым" гезити жазып чыкты. Өкүмат, Министирлик эмнени карап отурат?

кимден: Табылды
13.03.2010 22:33
Бакиевдин ректорлорунун айлыгы 1000 доллар, мугалимдердин айлыгы 100 доллар. Ошол мугалим кайсы билимди берип жыргатат дейсиң.

кимден: Studentke joop каяктан: Austiradagy
13.03.2010 19:04
Austriadan bir studenttin koz karashtaryn okudum. Eger sen da karshymyn desen elchiliktin aldyna baryp piket jasa. Aga da ukugun bar. Austriada jok bolush kerek birok elchilik, Germaniyada bar. Chet olkodogu kyrgyzdardy uguttosh kerek.

кимден: Москвадан саясий аналитик каяктан: Эн Ыйык Кыргызстаныбызга
13.03.2010 18:08
Кыргызстанда саясий кырдаал күн сайын кескин түрдө курчуй баштады.2005-жылы 24-мартта Бекназаровду КТРден көрүп, бийлик алмашканына көзүм жеткен эле.Жакында кадимки генерал, өзүнүн тажрыйбасы, билими, патриоттуулугу жана болуп көрбөгөндөй жөнөкөйлүгү менен Кыргыздын кыйласынын сый-урматына татыган Исмаил Исаковду КТРден көрөбүз.Азыр ар бир көз ирмем, сааттын соккон ар бир жебеси генерал Исаковдун, Кыргыздын пайдасына иштөөдө.

кимден: student каяктан: Austria
13.03.2010 17:28
Azamatsynar, ech kachan korkbogula chygysh kerek,eger unchukbai juro bersener,dagy tarif emes baaardygy kymbattait. Studenttik ukugunardy koldongula, baaardygy jalpy massada chygyshsa, ancha koop eldi toktoto albait, biz da siler menen ........
Azattyktyn jamaaty, Viennaga kelip da tartyp,balkim interviu alyshsa jakshy bolmok, bul jakda da kyrgyzdar koop.Bizdagy Kyrgyzstandyn kelechegi uchun kuroshobuz.Bul biyilikde jalan gana kondoi bashtar oturushat,alardyn kolunan kelbeit Kg kotoro alyshbait, naoborot kanchalyk tomondotup jiberishti..............:(:(:(

Онлайн шерине