Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Илим, билим берүү, IT

Ош: ЖОЖ мугалимдерине бойкот жарыялоо демилгеси

26-октябрда ОшМУнун студенттери келишим акы кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясына чыккан.
Жарыяланган учуру: 19.11.2009

Ош шаар бийлиги жогорку окуу жайлардагы коррупцияга бөгөт коюу максатында, жалпы студенттерди пара алган мугалимдердин сабагына бойкот жарыялоого чакырды. Шаар башчысы студенттердин массалык түрдө сабактарга катышпай коюусу аркылуу окуу жайлардагы паракорлукту азайтууну көздөп жатканын билдирди.

Ош шаарында миңге чукул студенттин катышуусунда өткөн жаштар форумунда, студенттер шаар мэрине аларды экзамен учурундагы коррупция кыйнаганын айтып даттанышты.

Шаар башчысы Мелис Мырзакматов Оштогу бардык окуу жайлардагы коррупцияны ооздуктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдап, ага студенттердин өздөрүн да мүчө болууну сунуштады. Мындан сырткары, алдыдагы кышкы сессияда пара алган мугалимдердин сабагына студенттерди массалык түрдө катышпай, бойкот жарыялоого чакырды:

- Мага келип, пара алган мугалимдердин тизмесин бересиңер, мен силер менен кошо барып алардын сабагына бойкот жарыялайбыз! Алардын сабагына жалпыбыз катышпай коюшубуз керек! Мен бул маселеде силер менен кошо жүрөм. Ага жетекчи катары сөз берем! Это не выход, но борьба!

Шаар жетекчисинин мындай чакырыгы иш-чарага катышкан жаштардын колдоосуна ээ болду. Атургай студенттердин айрымдары жалпы жаштарга кайрылып, мэрди «биздин атабыз» деп да атап жиберишти.

Окуу жайлардын биринде 4-курста окуган Алибек Адылбеков, эгерде шаар башчысы берген убадасын эсинен чыгарбаса эле, анда студенттер кышкы экзаменде пара алган мугалимдердин сабагына бойкот жарыялоого даяр экенин айтат:

- Көпчүлүк жетекчилер ушундай маселени айтып чыгышат, бирок аягына чыгарбай коюшат. Жыйынтыгында аларга ишенген студенттер өздөрү кыйынчылыкка кабылышат. Демек жетекчилер сөз берсе, анда биз бойкот жарыялоого даярбыз, себеби мен коркпой эле айта алам, азыр көпчүлүк мугалимдер пара алат.

Деген менен жергиликтүү бийликтин ЖОЖдордогу коррупция менен күрөшчү мындай ыкмасын, окуу жай мугалимдери нааразылык менен кабылдашты.

Алардын көпчүлүгү, окутуучулук профессордук курамдын, жалпы эле мугалимдердин беделин кемсинтүү деп баалашса, айрымдары бул ачык эле провокация деп айтышты. Окуу жайлардын биринин мугалими Кайрат Даминов «Азаттыкка» буларды айтты:

- Бул туура эмес. Студенттер өздөрү мындай кылбайт, аны бирөөлөр уюштуруп жатат да. Коррупцияны жоюш керек, бирок сабака катышпай коюудан башка жол караш керек. Мындай ыкма мугалимдерди сыйлабаганга жатат. Бул башаламандыкка да алып келиши мүмкүн. Башка, конкреттүү бир программа сунуш кылыш керек.

Студенттердин айтымында, буга чейин да Оштогу жогорку окуу жайлардагы коррупциядан арылуу, жок дегенде аны азайтуу үчүн бир канча иш-чаралар өтүп, убадалар берилгени менен, кымындай да майнап чыккан эмес.

Шаар башчысы жаштарга бойкот жарыялоо сунушун айтып жаткан чакта, студенттер коррупцияны ооздуктоону кыргыз чиновниктеринен баштоону сунуш кылышты.

- Биринчи Жогорку кенеш, биздин бийлик тазаланса, анан жаштар тазаланат. Биздин түшүнүк боюнча, азыр акча берип гана чоң кызматка отурасың. Эл да бекер айтпайт да.

Ошентип соңку жылдары өзгөчө оожалган окуу жайлардагы паракорлук өнөкөтүн тыюуга шаар бийлиги билек түрө киришип турган чагы. Ошто буга чейин да экзамен учурунда түрдүү уюмдар, партиялар «Жоголсун паракорлук» сыяктуу иш-чараларды өткөрүп, жаштар болсо «Коррупцияга жол жок» ураанын көтөрүп, көчөлөрдө акцияларды уюштуруп келишкен. Эми бул иш-чаралар быйыл шаар бийлигинин демилгеси менен студенттердин «массалык сабактарга катышпай коюу», «бойкот жарыялоо» сыяктуу иш-чаралары менен коштолгону турат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
    Алдыга 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.11.2009 16:39
Мелис мырза, бул чоң жаңылыштык.

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
24.11.2009 00:47
Баракелди. Жигит болбосон кое кал. Кудай билет Ош шаарынын
мерлигине чейин чылгый оз кучу менен жеткен го? Бирок бизде
андай болчу эмес эле? Ай, кызматтан алынып каласын го? Бирок
канткени менен, мына реформалардын узуру. Эми ал орунга алиги
Жоробеков дегенди алып барышат да, калган реформалар иштик-
туу уланат.
Жаны менталитеттин жузу дал ушулар. Алга.

кимден: Жаркын каяктан: ХБК
23.11.2009 14:06
Суук башталды. Балдар үшүп, ооруп жатат. Урматтуу мэр, Сиз болсо студенттер менен байкотко чыгам деп жүрөсүз. Жылуулукту качан бересиңер ХБКга?

кимден: Жонокой окутуучу каяктан: Салиева кочосу
23.11.2009 13:35
Менин ЖОЖдон алган айлыгым 4600 сом. Бул турмушта көп нерсеге жетпеси баарына түшүнүктүү да. Мисалы, жакында менин 3 баламды Оштун балдар бакчасы албай жатып, акыры пара берип анан алдырттым. Ошону менен эле чектелип калбай ай сайын ар нерсеге акча топтой беришет экен. Мисалы килемге, оюнчуктарга ж.б. Албетте балдар бакчасы мэриянын карамагында болгон соң, ЖОЖду коюп, алгач бул жагын карап албайбы.

кимден: профессор каяктан: Ош
23.11.2009 11:43
Биз мугалимдер күрүчтүн күрмөгүн гана жейбиз. Мэриядагылар силер деле жөн турбаган чыгарсыңар? Урматтуу мэр, алгач мэриядагы коррупцияны жоюп, анан ЖОЖду сүйлөсөң кантет.

кимден: Мугалим каяктан: Ош
23.11.2009 11:37
Эгер мэр мугалимдердин айлыгын турмуш-тиргиликке жете тургандай көбөйтүп берсе, мугалимдер ансыз деле пара албайт. Андай кылыш колунан келбесе, мэр ЖОЖдордун ишине кийлигишпей өзүнүн ишин кылыш керек. Андай жеңил популизм жасоо ар кимдин колунан келет.

кимден: Жолборс каяктан: Западный
23.11.2009 10:47
Идеялар туура бирок чындыкка туура келбейт. Мэр эч качан студенттер менен сабакка байкот жарыялабаш керек. Андан башка да толтура иштер бар, шаар жылуулук менен камсыз боло элек, электр энергиясы баш аламан өчүп жатат. Алдыда кыш келе жатат.

кимден: Танабай каяктан: Ош
23.11.2009 10:40
Ош бийлигинин студенттерди байкот жарыялоого чакырышы туура эмес чакырык болуптур. паракорлук менен күрөшүүнүн башка жолдорпу да толтура. Анын үстүнө 5-6 сом алган бечара мугалимдердин алганы чиновниктердин алганынын алдында түккө турбайт. Бакиев зорго камсыздап, араңдан-зорго жеткен стабилдүүлүк менен ойнобош керек. Менин оюмча, азыр бизге баарынан биринчи, баса белгилейм эн негизгиси тынччылык, стабилдүүлүк керек. Болбосо ынтымагы жок үй-бүлөдөй ушу кейпибизден жазалбай жүрө беребиз. Ошондуктан каны суюк жаштардын психологиясы менен ойнобой колунда бийлиги бар болгондон кийин паракорлук менен күрөүүнүн башка жолдорун ойлонгону оң.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Osh
20.11.2009 20:52
Negizinen mugalimderge baikot emes,alarga toluk kanduu shart tuzuluu kerek biilik tarabynan.Algan ailygy 2000 som bolgon mugalim emne jonundo oilonushu kerek?Bugunku koomdogu mugalimdin ordu,abroiu oto tomon bolup jatat.Studentterge toluk kanduu sabak beruu uchun mugalim ozunun ustunon ishtesh kerek,a aga sozsuz chon karajat kerek.Egerde urmattu mer
ushul jonundo oi jugurtso tuura bolmok.Bugun shaardyn kochosun tazalagan,subbotnikke chykkan ,any bechara mugalim karap turup ozunun bir bechara ekenine keiip ketet.Studenttin ordu kocho shypyruu emes ekenin tushunup,sabakka oz ubagynda kelip,mugalimden sabaktyn sapatyn talap kylsa anda koruptsya ozunon ozu jok bolot.

кимден: Темирбек каяктан: Ош
20.11.2009 12:25
Биз Мырзакматовдун демилгесин колдойбуз, биринчи ректордун ишине бойкот жарыялаш керек, себеби жетекчи таза болмоюн кызматкерлер тазарышы кыйын!
    Алдыга 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +