Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:23

Кыргызстан

Улуттук университетте "студенттик көтөрүлүш"

Кыргыз улуттук университетинин студенттери окуу жайдагы мыйзамсыз акча жыйноо фактыларына каршы биригип күрөшө баштады.

Текст көлөмү - +
Жылдын башында Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин 1-2-курсунун студенттери окуу жайдын жаштар комитетине дене тарбия сабагынан берген Түгөлбай Базакечев мыйзамсыз 100 сомдон акча топтоп жатканын айтып кайрылышкан. Окутуучу ал акчалар спорт залына керектүү нерселерди жана жаңы спорттук форма сатып алуу үчүн керек деп түшүндүргөн. Ошондой эле окуу жайдын студенттери жатаканадан орун алуу үчүн ар бир студенттен 200 сомдон талап кылганын белгилешкен.
 
Нааразы болгон 50дөй студент Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке арыз менен кайрылышкан. Окуу жайдын жаштар комитетинин мүчөсү Улан Орозбаевдин айтымында, бул маселелер чечилбесе Ленин райондук прокуратурага да арыз менен кайрылышмакчы. Студенттер үч талап менен чыгып жатышат.

- Мыйзамсыз акча чогултууларды токтотсун. Кээ бир 1-курстун студенттери билбестен жылына 100 сомдон, үч жылга 300 сом берип коюшуптур. Ошол акчаларын кайра кайтарып беришсин. Экинчиден, жатаканада ордерди 200 сомдон сатканды токтотсун. Бул дагы мыйзамсыз. Окуу жайдын администрациясы ушул фактыларды изилдеп, тактап күнөөлүү адамдарды, мугалимдерди жоопко тартсын.

Анда ашыкча акча чогултууларга каршы чыккан студенттердин айрымдарынын оюн уксак:

Нуриза: - Акча чогултууга албетте каршыбыз. Студент болгондон кийин биз үчүн деле акча табыш кыйын да. Жылына 100 сомдон толөнөт, үч жылдыгын бириктирип 300 сом берип койгула деди. Биз чогултуп баштаганбыз.

Карачач: - Бизге көк өндүү карточканы көрсөттү. Силер 300 сом берсеңер мен силерге ушундай карточка берем, силер спорт залга кирип машыкканга уруксатыңар болот деди. Тизмеге жазып бардыгыңар сөзсүз бересиңер деди.

Дене тарбия мугалими Түгөлбай Базакечев болсо студенттерден чогултулган акча чын эле спорт зал үчүн зарыл нерселерди алганга керектелерин билдирди.

- Биз андай акчаларды озүбүз билип эле чогулта беребйбиз. Бизге атайын ошондой тапшырма болгондо гана жасайбыз. Ал акча университеттин ичиндеги спорттук мелдештерге, залга керектүү нерселерди алганга чогултулган. Ал акчаларды мыйзам боюнча эсеп-кысап бөлүмүнө өткөрүп беришибиз керек. Мен студенттерге чогултуш керек экенин айткам, бирок чогулта элек болчумун.

Университеттин алдындагы “Атлет” деген клуб 2005-жылы түзүлгөн экен. Ал юридикалык жактан мыйзамдуу түрдө каттоодон өтүп, атайын лицензия алган. Клубга бир гана улуттук университеттин студенттери эмес, башка окуу жайдан, мекемелерден да келип машыгып кетишет.

Университеттин биринчи проректору Абдисатар Эргешов 100 сомдон топтоо ошол башка жактан келгендер үчүн чыгарылган нерсе экенин бүгүн студенттер менен болгон жолугушууда билдирди. “Бул жерде түшүнүксүз нерселер болуп кетип” деген проректор дене тарбия сабагынан окутуучуларга буга чейин топтолуп алынган акчаларды кайрадан студенттердин өздөрүнө кайрып берүү тапшырмасын берди. Проректор жатакана маселеси боюнча маалымат тактала электигин, бул жөн гана жалаа жабуу экенин айтып жатат:

- Бул жерде тушүнбөстүктөр болуп кетиптир. Бизге жакын жайгашкан окуу жайлардын айрымдарында, мекемелерде атайын спорт залдары жок. Алар бизге кат менен кайрылат, суранат. Ошолорго мүмкүнчүлүк берүү үчүн кабыл алынган устав болчу. Бул жерде түшүнбөгөн окутуучулар студенттерден чогултуп баштаптыр. Муну биз азыр тактап атабыз, бул боюнча керектүү жазаларын алышат.

Нааразы болгон студенттер тобу окутуучулар тарабынан арыз жазба же жатаканадан чыгарам, окуудан айдатам деген коркутуулар болуп жатканын билдирип жатышат. Эгер мындай көрүнүш улана берсе жалпы студенттерди көтөрүп акция өткөрүүгө да даяр экенин кабарлашты.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Menden
12.10.2009 21:57
balik baschinan sasijt

кимден: Умарали каяктан: Россия
27.09.2009 18:22
Азаматсыңар студенттер! Келечек силердин колуңарда, ошондуктан ушул учурдан баштабасаңар, парокорлуктун деңизинен эч качан чыга албайсыңар. Парокорлук: 1. силердин ата - эненердин финансы жагына терс таасирин тийгизет; 2. силерди басмырлаганы (рекеттин эле өзү); 3.силердин билимиңердин төмөндөн нольго барабар болгону; 4. өздөрүнө окшогон кесип ээлерин даярдоо; 5.мамлекттин абалы бардык жагынан төмөндөйт; жана кандай жаман жагы бар экенин ойлонуп көргүлө. Бардык окуу жайларында студенттердин комитети бар, ал ким үчүн иштеп атат? Кыргыз эли тарыхий эл, өзүнун тили, жери, үрп - адаты болгондон кийин, эмне себептен дүйнөдө 150чу орунда туруш керек. Ар намысыңар болсо, мамлекетти көтөрүү силердин колуңарда!

кимден: Мамат каяктан: Ош
27.09.2009 12:16
Азамамтсыңар! Студенттер биз бирбиз. Бизде Ошто дагы ушундай көрүнүштөр көп, куда кааласа оңдоого аракет кылабыз. Мисалга, ОШ МУда контрактты көтөрүп салды, эч кандай себепсиз эле?

кимден: кол каяктан: нарын
27.09.2009 10:41
биз силерди колдойбуз

кимден: E.S. каяктан: Istanbul
26.09.2009 15:22
Azamatttar!
Ech kim mynday korunushko kaidygerlik kylbash kerek. Buyrusa baary onolot. Al emi mynday jashtar bizdin kelechegibiz! Mamlekettin kelechegin korgun kelse jashtarga kara dep aitylat ko. Bizdin kelechegibiz ken! Adiletsizdikke bash kotoruu ar kimdin ele kolunan kele berbeyt. Koldoybuz.

кимден: Эра каяктан: Бишкек
26.09.2009 10:00
Менин студенттиик кезимде дагы мыйзамсыз турдо акча чогултуулар коп болгон. Биз арыздангандан коркуп унчукпай калчубуз. Азыр ойлосом туура эмес кылган экенбиз. Силер азаматсынар оз укугунарды коргоп, мындай нерслерге каршы чыкканынар. Келечек жаштардын колунда, алга жаштар, артка кадам жок.

кимден: Асан каяктан: Москва
26.09.2009 08:34
Азаматсынар. Силер мамлекеттин келечегисинер. Кичине нерсе болуп корунгон менен мындай эрдикке ар ким эле бара бербейт. Окуунарды ийгиликтуу аяктап, мамлекеттеги коррупцияны да туп-тамыры менен жоготкулачы ЖАШТАР.

кимден: Bozulan каяктан: USA
26.09.2009 03:25
para alaiyn dese azyr sessia ubagy emes
anan oshol ykmany oilop taptyda
karangy ( Profesorlorubuz )
jashtar ar daiym chyndyk uchun alga !!!

кимден: Венера
26.09.2009 03:01
Налоговый испекция текшерип, тиешелуу чараларды коруусу зарыл!

кимден: ??????
26.09.2009 02:59
Жашыруун марафонбу бул!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)