Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:11

Эл үнү

Жер талаштан чыккан чыр басылды

Бишкектин түндүк тарабындагы жер талашка байланышкан кырдаал көзөмөлгө алынып, бүгүн абал тынчып калды. Кечээки тополоңдон 5 адам каза таап, Маевка айылында 7 үй өрттөлдү, дагы бир канча турак-жай талкалаган. Мындан сырткары 40 чакты адам жаракат алганы кабарланууда.

Жер басып алганы чыккандар
x
Жер басып алганы чыккандар
Текст көлөмү - +
Бишкектин ылдый жагындагы Маевка айылынын жабыр тарткан тургундары менен 20-апрелде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчал жолугушуп, убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү аркылуу кырдаалды жөнгө салууга аракеттенерин билдирди. Ошондой эле жабыркагандарга элчилик тарабынан материалдык жардам берилээрин айтты. Жергиликтүү тургундар жер талаштын артынан 19-апрелде түнү 7 үй өрттөнүп, бир канча турак-жай жана автоунаалар талкаланганын айтышууда.

Кечээ аталган айылдын ылдый жагындагы айдоо аянттарын миңден ашуун адам ээлеп алууга аракет жасап, ал эми жердин ээсибиз деген тарап жерлерин коргоп калууга чыгышкан. Натыйжада эки ортодо чыр чыгып, тополоңдо жалпысынан 5 адам каза тапканын бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ошол эле айылдын бир четинде жашаган кыргыздардын өкүлдөрү болсо айылдын түрк улутундагы тургундарынын айрымдары кечээ өздөрү ок атып, кырдаалды курчутуп жибергенин белгилешүүдө.

Маевка айылында түрк, күрт, орус жана кыргыз улутундагы 7200 түтүн жашайт. Айылдын тургуну Шейшенбек мырзанын айтымында, буга чейин улуттар арасында араздашуу, тирешүү болгон эмес. “Бул окуя кайдан, эмнеден чыкканын түшүнбөй калдым”. - дейт ал.

- Балдардан коркуп үй-үйүбүздөн чыга албай калдык. Баардыгыбыз бала-чакабыз менен эшиктин алдында турдук. Анан сырттан тарсылдап эки сааттай атышканын уктук. Маевкада кыргыз-түрктөр бир туугандай болуп, сен деп урушпай жашайбыз. Кошуналарым түрк.

Ал эми ушул эле айылдын тургуну Сои айым кечээ чогулгандар мал-жандыктардын бардыгын тирүүлөй өрттөштү дейт:

- Менин баламы топтой кылып ыргытышты. Ал учурда ооруканада оор абалда жатат. Жашап кетеби, жокпу врачтар абалы кадай экенин толук айтпай жатышат.

Атын атагысы келбеген түрк улутундагы аял, өрттөнүп кеткен үй кайнагасынын үйү экенин, бирок азыр аларды үй-бүлөсү менен таппай жүргөнүн айтты.

- Билбейбиз эми эмне кылабыз, билбейбиз. Дагы эмне кылмак элек. Эмне болгонун өзүңөр көрүп турасыңар.

Ушул эле күнү Бишкектин түндүк тарабындагы Төмөнкү Ала-Арча айылындагы айлампа жолдо түштөн кийин миңге жакын митингчилер менен атайын даярдыктагы 500 чакты милиция кызматкерлери тирешип митингчилерди бир топ артка сүрүп келди. Бул жерге чогулган жер басып алуучулар кечээки тополоңдо милиция кармап кеткен эки жүзгө чукул адамды бошотуп берүүнү талап кылышкан.

Жер талап кылгандардын арасындагы Назгүл айым, чогулгандар чындап жерге муктаж экенин айтып, бийлик өкүлдөрүнүн келбегенине нааразы болду.

- Жерди иштеткенге аэропорт жактан бергиле. Элдерге жашаганга ушундай жерлерден бергиле да. Шаардын чети болуп атат, тамдар курулуп атат.

Ал эми Турсунай айым оюн мындайча билдирди:

- Алты балам менен Бишкекте батирден-батирге көчүп жүрөм мен. Кээ бири акчасын таба алабй, бере албай калсак кубалап чыгышат. Азыр да батир издеп жүрөм. Элдердин баары кыйналган, ушинтип жер алабыз деп чыкканбыз. Баары батирде жашайт. Жер берет экен дегинен келдик.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматтулло Ахмедов абал жөнгө салынып, көзөмөлдө экенин кабарлады.

- Азыркы учурда Маевка айылында кырдаал стабилдүү. Ички иштер органдары тарабынан көзөмөлдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук биргелешип түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатат.

Аламдүн районунун акимчилигинин аппарат жетекчиси Манас Касымбеков болсо бул маселе иликтенип жатканын бидирип, Маевка айылында берилчү жер жок экенин кошумчалады. Анын айтымында, учурда башка жерден жер бөлүп берүү маселесин атайын комиссия иликтеп жатат.

Бул окуяларга байкоо салып турган айрымдары жер талап кылгандардын арасында улут аралык мамилени бузгусу келген, үчүнчү топ да бар деп айтып жатышат. Ал эми жер талап кылгандар айдоо жерлерди бөлүштүрүп, өздөрүнүн белгилерин коюп коюшкан. Алар бул маселе чечилмейин аягына чейин катуу турушаарын да белгилешти. Ал эми бүгүнкү тополоңдо Бишкектин ири базарларынын бири “Дордой” да чала-чапкыт иштеп жабылды.

Мындан сырткары ушул эле күнү Бишкектин түштүк тарабында да жер басып алгандар чыкты. Алар менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов жолугушту.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Kyrgyz Jigit каяктан: Turkiye
25.04.2010 23:56
Bul jer basip aluuchulardi ayabay ele, bir ekoosun atip salish kerek oshondo tinchip kalishat... Bul emne degen tarbiyasizdik! Uyu jok bolso baska elderdin emne kunoosu bar... Ooba, Kyrgyzstan akirki tongtoruston ulam Turkiyaga ele emes butun duynogo, dagi bir jolu atin uguzdu. 80den ashik jash kyrgyzdar kaza bolustu. emi emne uchun, dagi Kyrgyzstandin atin bulgap jatishat bul jer talap kilgandar... Kyrgyzstandiktar mindan ari ozunun ele kizikchiligin oyloboston butun Kyrgyzstandin kizikchiligin oyloso bolmok... Ayrikcha biz, chet olkodo jurgondor, bashibizdi kotoro albay kaldik bul kee bir kyrgyzstandiktardin kilgandarinan ulam. Men dele 5-6 jil murda uyubuz jok jurgonubuzdu bilem. Birok minday biroonun je Kyrgyzstanga karastuu jerdi basip albadik biz. ak emgegibiz menen, pesene teribiz menen uy aldik. Uybulomdogu baribiz tirisip istedik uy alis uchun. Kudaydan ar kunu tiledik... Akirinda kuday nasip kilip uylu da bolduk. anin artinan baylik da keldi. Men da bul turkiyaga okugani keldim. Maga koro bul jer basip aluuchular kyrgyzstandin atin bulgagan akmaktar. Chin KYRGYZMYN degender minday kilbashi kerek.

кимден: MEDEROVA каяктан: USA
21.04.2010 10:16
Кырчындай болгон жаш балдар балапан кезинде өмүрүн силер үчүн кыйганын айгине билип туруп,кантип бутуна тура албай телчгип турган журтуңду бүт дүнүйөгө шерменде кылган эси жокторго аё жок

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.04.2010 08:11
Акча берип, арак берип куш куштоп жатышат деп уктук. айдалып кете бергендей малсыңарбы, кичине мээни иштетиш керекго дейм. 60ка барып калган апаларга балээ барбы, небереңди эркелетип олтур үйдө. 16 жаш кыздай болуп саксаңдабай. Кыргыздар кой десе намысыма келчүмүн, эми ошол сөздүн бираз чындыкка жанашып баратканын байкадым. Жер талашпа баарыбызга жетет жер. 1.5 метр жерди кучактап, чөнтөгү жок кепинге оролуп жер тиштеп эле жатып калабыз шашпай сабыр кылып тургула. Уят башка элдерге, 500 жүз сомду эми көрдүңөбү? Силердин баш аламан жасаган ишиңерден адамдар өлүп жатат. Акылыңарга келсеңер боло !!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.04.2010 04:46
Оо калайык журтум,эмне болуп жатасыңар?Ойлонуп иш кылсаңар боло! Мыйзамсыз түрдө басып алган жер,ал сага буюрбайт да! түшүнөм үйүң жок,жериң жок,Кыргызстан кыйын абалда турган кезде тескери үгүт жүргүзгөндөрдүн тилине кирбей өз башыңарды иштетип
көчөгө чыгып жүргүлөчү!Биз мал эмеспиз го,адамбыз,биздин үстүбүздөн дүйнө ,кошуна өлкөлөр күлүп жатат.7 апрел күнү курман болгон жаштар,ушундай башаламан,бардак,даагы кан төгүлсүн деп өз жандарынан,өмүрүнөн айрылышкан жок да.Баардыгыбыз саясатчы болуп кеттик.Жаз жарыш башталды, үйүңөрдө оокатыңарды кылбайсыңарбы! Бул көтөрүлүш болгонго дейре кайда жашадыңар,көтөрүлүш болбосо кандай кылат элеңер? Аракети бар адам,ар кандай кыйынчылыктан түз жол менен чыгууга болот. Жер басып алууну бакиевчилер уюштуруп жаткан болсо,биздин ата бабалардын жана Манас баатырдын арбактары уруп кетсин! Элимди,сабырдуулука жана жети өлчөп бир кесип оокат кылганга чакырамын.

кимден: алике каяктан: германия
21.04.2010 03:05
койзоңорчу эми эл журт,ушунчалык еле каапыр болдуңарбы?Бизде бүгүн кыргыздар кыргыз еместерди өлтүрүп атат деп көрсөттү.Уят нерсего бул.Урматуу Азаттык эфирден ар улуттун өкүлдөрүнө сөз берип елди ынтымака үгүттөбөйсүңөрбү?Силерден сураныч .Ырыс алды ынтымак дейт бизде.Есиңе кел эл журт.

кимден: Aynura каяктан: America
21.04.2010 00:33
Oy el-jurt, degi emne bolup bara jatabiz? Ushunchalik ele sabatsiz bolup baratkanbizbi, ushul jerdi kuch menen basip alip, palatka tigip alsam ele jer meniki bolup kalat degidey. Emnege oulonushpayt. Tigi Tursunay ayim aytkanday jer beret degeninen keldik dep ele, aydagan jakka koydoy churuldap kete berebizbi? Oy bashtari barbi, kichine oylonushsa bolo, ushunum turabi dep. Ozu ele olkobuzdo kirdaal oor bolup turganda bir jaktan churu chuu kilishpay. Bul Bakievderdin kishilerinin uyushturup jatkan ishteri da. Alar "biz jok bolsok Kyrgyzstandagi kirdaaldi ech kim kontroldoy albayt, kordunorbu" desh uchun ulam bir buzuku ishterdi uyushturup jatishat. Oshol mitingchilerdin barin basa turgan kanday kuch bar boldu eken.

кимден: табышмак каяктан: санкт-петербург шаары
21.04.2010 00:18
ушул кишилерди ордуна кое турган адам жок калганбы кыргызстанда. басмачылык менен оокат өтмөк беле. айылына барып жашасын и так эле баткен ошто үйлөрүн таштап кеткен жерлерге өзбек тажиктер отурукташып алып атышат. же россияга келип иштешсин. тажаалданып атып жер алып анан байларга сатып ушул аялдардыкы өттү.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.04.2010 23:16
бакиев турганда эмне талашкан жоксунар акмактар!!!!! силерди жер талашсын деп олгон жок кайран Баатырлар!!!!

кимден: murat каяктан: praga
20.04.2010 23:13
Kyrgyz eli tynchyilyk,ushundai bolo berse ech onukpoibuz,kudai tabiigattyn kyrsygynan alys kylsyn el jeribizdi.but duino juzuno uiat bolduk,ar kim oz jerinerge baryp ookatynardy kylgyla.jer basyp algandardy el aldynda korgozmo sot menen jazaloo kerek,bash alamandyktan paidalangan tuura emes.

кимден: pragadan kyrgyzdar каяктан: praga
20.04.2010 22:59
salamatsyzdar,biz abdan kabatyr bolup jatabyz,myndai ech kutulbogon okujalarga,bash alamandykka.Aidoonu basyp alyp,jer tartyp algandarga,alar kelechekti, erten ele kirip kelchuu kyshty oiloboi ish kylyp jatyshat,ushundai bolo berse kyrgyz eli kachan onolot,''BITKE OCHOSHUP KOINOGUNDU OTKO SALBA''degendei esinerge kelghile kalaiyk kalk.borbordun tegeregi saman uilorgo(kepelerge)tolobu???Andan koro tynchyp jai kelejatat jailoogo boz ui menen chygalyk,KYRGYZ ELI>!!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу