Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:04

Кыргызстан

Жаныш Бакиев элиталык аскердик бөлүк түздү

Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев “Арстан” аттуу өзгөчө аскердик бөлүк түздү. “Арстандын” негизги максаты - өлкөнүн жогорку жетекчилерин аскердик коргоого алуу болмокчу.

Текст көлөмү - +
Президент Курманбек Бакиев сунуштап аткан баш мыйзамдын жаңы редакциясында эки миңдей кызматкери бар Улуттук гвардия жоюлуп, анын милдеттери президенттин иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматына жүктөлүүдө.

Эми Жаныш Бакиев жетектеген ошол күзөт кызматы “Арстан” аттуу элиталык бөлүк түзүп, аскерлерин Улуттук гвардиянын “Пантера” аттуу мурдагы өзгөчө аскер бөлүгүнүн машыгуу базасында даярдамакчы. “Сый-урматым сага – Кыргызстан!” (Честь имею – Кыргызстан!) журналы жазганга караганда, “Арстан” ошондой эле башкы командачынын кеңири тапшырмаларын да аткармакчы.

Ошентип президенттен башка эч кимге баш ийбеген Мамлекеттик күзөт кызматы өзүнчө эле ири куралдуу күчкө айланып барат.
Т.Акеров

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун айтымында, негизи өзгөчө аскердик бөлүктөрү Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги сыяктуу күч органдарынын алдында түзүлүшү керек эле. Ал эми Кыргызстанда президенттин иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматынын күчтөндүрүлүп атканы, бийликтин 2005-жылдагыдай окуя болуп кетишинен чочулагандыктан улам болууда:

- Абал өтө курчуп кетсе генералдар өтө чечүүчү ролдорду ойноп калат. Бүт командачылык генералдарды гана угуп калат. Эгер генералдар “аскерлерди элге же бирөөлөргө каршы чыгарбагыла” деп өз-ара сүйлөшүп алышса, андай курчуп кеткен жагдайларда ак үй коргоосуз калышы мүмкүн. Ошондуктан атайын күчтөрдү бардыгын бир адамдын, ишенимдүү адамдын колуна топтоп аткан болуулары мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун пикиринде, 2005-жылы 24-мартта Ички иштер министрлиги менен мамлекеттик маанилүү жайларды кайтарып келген Улуттук гвардия өзүнүн алсыздыгын көрсөткөн. Андыктан Мамлекеттик күзөт кызматынын чыңалып атканы, анда атайын аскердик бөлүктүн пайда болуусу туура көрүнүш:
Б.Абдрасаков

- Ар бир мамлекет өзүн сакташ үчүн күчтүү болушу керек. Жалгыз эле Ички иштер кызматын, Улуттук коопсуздук кызматын, Улуттук гвардияны эмес, бул жагын да карашы керек. Чет өлкөнү мындай коюп, өзүбүздөгү мисалдарга эле келелик. Мына, 2005-жылдын 24-мартында эмнелер гана болуп кетти... Ал дагы биздин Улуттук гвардиянын, Ички иштер министрлигинин жана коопсуздуктун начарлыгынан болду. Ошолордун бардыгы биздин ошондогу мамлекетибизди сактай албай калды. Ошол себептүү күзөт кызматын күчөтсөк туура эле болот болушу керек.

Президенттин Катчылыгынын кызматкерлери болсо “Арстан” аттуу жогорудагыдай элиталык аскердик бөлүктүн пайда болушу тууралуу маалыматтары жоктугун, күзөт кызматы аларга такыр маалымат бербеген өзгөчө орган экенин айтууда.

Белгилүү саясий серепчи Орозбек Молдалиевдин айтымында, Борбор Азияда эң эле жан сакчылары көп, абдан катуу кайтарылган президент – бул Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Бирок кийинки кездери Кыргызстандын президенти да коопсуздугуна көп көңүл бөлүп атканы байкалууда.

Ошондой эле талдоочунун пикиринде, соңку кездери өлкөдө биринчи ишти жазап алып, андан кийин гана аны мыйзамга тууралап коюу көрүнүшү пайда болду. “Арстан” аскер бөлүгү да ошого окшойт:
О.Молдалиев

- Негизи бардык демократиялык мамлекеттерде коргонуу жана коопсуздук тармагын парламент көзөмөлдөйт. Бюджет ж.б. аркылуу аларды тескеп, “ушунча акча короткондун кереги барбы, дегеле жаңы нерселердин зарылчылыгы канча” деп аныкташат. Бул өзүнчө эле илим. Ар ким эле өзүнчө аныктап, түзө берсе анда ушундай мыйзам ченемдүү суроолор пайда болот. Элге да түшүнүксүз болуп калат. Эми мындай аскердик бөлүктөрдүн түзүлүшүн парламент деле бекитип бермек. Бирок аны кичине мыйзамдуу жолго салымыш болуп коюшса болмок.

Буга чейин айрым оппозиция өкүлдөрү Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин кол алдында аракеттеги 700 чамалуу адамы бар экенин, Улуттук гвардия кошулганда 3000 чамалуу кишини башкарып каларын айтып келишкен. Бирок аталган жашыруун кызматтын чынында канча куралдуу кишиси бар экени, бюджети канча экени белгисиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Абудаби-лик Сейит-ке каяктан: Урмат, Бишкектен
25.02.2010 08:01
Сейит, айтчы мага: эгерде чыныгы Исаковдой Генералдарды 8 жылдап турмого отургузуп жатса, сен айткандай "саясий сабаты жогору, патриоттук сезими өтө жогору армияны" ким түзөт ???
Исаков мамлекетке залака (ущерб) келтирбесе, анда эмнеге аны турмого камап жатат? Айткылачы мага!

кимден: Абдулла каяктан: Ош
20.02.2010 12:22
Мындан чочулоонун, таң калуунун эч кимге кереги жок. Кадыресе эле көрүнүш. Ар кайсы мамлекетте мындай коргоо амалдары жолго коюлган. Эми бирөөгө кине таккандан көрө, пейил-мүнөзүбүздү өзгөртүп, оңдоп алалы. Биз кандай кооптуу, катаал заманда жашап жатканыбызды жонубуз менен сезмейинче бакубат өлкөгө айлана албайбыз. Бийликтин жалпы улуттук коопсуздукту, бейпил турмушту орнотуу үчүн ак ниет менен жасап жаткан иштеринен, ар бир кадамынан кине издеп, тескери жакка жоруй берсек бизде нарк-насил калчуу беле. Кудайдан ынсап, ыйман жана тынчтык тилейли.

кимден: Патриот каяктан: Аксычы
19.02.2010 23:25
Урматтуу пикирлештер ! Урматтуу Кыргыз эли !
Ооба Жаныш элиталык күзөт кызматын элди коргойун деп түзгөн жок. Анысы талашсыз. Баардыгы бийлик менен байлык талаштан, келип чыккан иш чара экени айдан ачык көрүнүп турбайбы. Жаныш жада калса акесин, президентти коргойун деп түзгөн жок. Эгер ыгы келсе бийликти колума алып калайын деп түздү деп ойлойм. Болбосо өзүңүздөр ойлоп көргүлө, акесинин президенттин көзу тирүү турат, а булар (кимиси экени белгисиз) эгер президент бир нерсе болсо , оордун ким басат деген баш мыйзамды оңдоштун камын көрүп чукап жүргөндөй. Булар алда качан элди унуткан. Жаныш маа демектен миң элиталык күзөт кызматын түзсүн, жеке мен коркпойм. Корко турган эч нерсе калган жок. Кыргыздын баарысы коркок , кошоматчы болуп кеткен жок. Керек болсо ошол Жаныш түзгөн элиталык күзөттүн ичинен да чыгат кыргыз деп күйгөн жигиттер. Жаныш Салиевич сиз оболу элдин убалынан, каргышынан коркуңуз. Элдин каргышын сиздин элиталык күзөт тосо албайт.

кимден: Дамир каяктан: Ош
19.02.2010 15:29
Бул аскердик бөлүм кыргыз элине каршы түзүлгөн коркконунан, не болсо да аягы жакшылык менен бүтсүн

кимден: Жаркын каяктан: Ак үйдөн
19.02.2010 12:41
Эмне эле жөөлөйсүңөр 15 жыл Акаевге унчукпай эле олтурбадыңар беле. Дагы он беш жыйырма жыл олтурсаңар эч нерсе болбойт. Акелер деле тоюнуп калышты. Эми экономиканы жолго коюп алышса эле жашоо жакшы болуп кетет деп ишенем. Булар деле иштейин деген ойлору бар. Бирок жанагы Гуревич, Надель, Белоконь (Валерий Белоконь Борис Березовскийдин коздой адамдарынан болот) деген жалпы Кыргызстандын досторунун көңүлүн карап калып жатабыз. Буга кошумча Кытайдан жакында чоң смуммадагы акча келе жатат кыргыздар. Только күткүлө...

кимден: Aske
19.02.2010 09:01
Баатыр чыга турган убакытка
келе жатат окшойбуз.
Кудай сакта!

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
18.02.2010 19:35
Мен дагы Ларисага кошулам. Биз бир лидерди алдыга сүрөп чыгарып ошону жалпы журт колдоп, бул бийлик менен күрөшүш керек. Ошол элитный аскерлер эч качан элге ок атпайт-деп ким кепил боло алат. Эгерде ок атса анда Кыргызстанда Таджикистандай болот. Бул бийлик кетет. Ошондо бул бийликке кошомат кылып жүргөндөрдүн баарын жана урук- туугандарын бийликке жолотпой, эл душманы катары карашыбыз керек. Туура бул өтө эле оор жана кайгылуу бирок биз мамлекетибизди ушинтип сактап калбасак кийин кеч болуп калат. Бийликке И.Исаковко окшогон аскер адамы керек.

кимден: Тилек каяктан: Аксы
18.02.2010 17:37
Көргөнбүз ОМОН Тайфундарды эл толкуса Элита мелитаны кошуп шыпырып кетет

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.02.2010 17:23
tolko oppazitsyanyn oylorun gana koyosunar bu 4yndykka jatpayt

кимден: kyzmat4y каяктан: ak uy
18.02.2010 17:18
baarynar ouynar jaman eken pozitif oylogula
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)