Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

“Эл үнү”: "Карапайым калк бөлүнүп-жарылбайт"


Аксынын тургундары. 2008-жыл 17-март
Аксынын тургундары. 2008-жыл 17-март

“Эл үнү” программасына кайрылган угармандар түндүк-түштүк маселесин көтөрүп жаткан адамдарды жоокерчиликке тартууну, Убактылуу өкмөттү өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга чечкиндүү чара көрүүсүн өтүнүштү.

Өткөн аптада Түштүктө федеративдүү Кыргыз мамлекетин түзүү демилгеси коомчулуктун кыжырын келтирип, карапайым калк бөлүнүп-жарылууга жол берилбестигин айтышкан угармандар “Эл үнү” программасына кайрылышты.

1-май Эл аралык эмгекчилер күнү.Бишкек.2010-жылдын 1-майы
Рыскүл Карыпбаева:
Түндүк-түштүккө бөлүнүү боюнча талкуулап атышпайбы. Менин оюмча, карапайым калк бөлүнүп-жарылбайт. Муну сасык саясатчылар жасап жатышат. Алакандай өлкө экиге бөлүнүп калганга жеке мен жол бербегиле деп айтаар элем. Илгертен эки тарап кыз-алышып, куда-сөөк болуп туугандашып калган.

Болот Жапаркулов: Мен Оштон келгениме эки күн болду. Ал жакта экиге бөлүнүү тууралуу агитация жүрүп жатат деген жалган маалымат. Оштогу эл биримдикте эле жашоону каалайт. Дагы айтаарым, жаңы бийлик Ош тарапка көңүл буруп койсо. Мисалы, 4 сомдук цемент 7 сом 50 тыйын, 8 сом болуп, азык-түлүк кымбаттап баратат. Чукул арада түштүктөгү маселени жеринде чечкенге Убактылуу өкмөт аракет кылышы керек. Болбосо элдин нааразылыгы күчөйт.

Үрүлкан: Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлгөн адамдардын иш аракетине мен каршымын. Буга тыйуу салып, аны уюштурган белгисиз адамдарды таап аларды жазага тартыш керек.

Мамат: “Ит өлөөрүндө кайышчыл” дегендей бул Бакиевдер жарга такалып, айласын таппай калганда жасаган аракеттери. Алар жан далбас кылышып, элге акча беришип түштүктү бөлүп кетебиз деген сөздү таратышып, анан буга Бакиевди колдогон адамдар дагы себепкер болуп жатышат.

Бектурсун Жандаралиев: Мен бөлүнүүгө караманча каршымын. Элде түндүк-түштүккө бөлүнөйүн деген ой деле жок. Бул бир эле адамдын - Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарынын ойлогон ою. Себеби дегенде Бакиев өткөндө телевизордон аксакалдарды тукуруп жатканы көрүнүп калды эле. “Таластан Молдомуса Конгантиевди сабап салышты. Анан биз кол жайып отура беребизби” деген кыязда бири-бирин кайраштырып жатпайбы. Мен 6-7-апрелде ошол Таласта аянтта окуяга күбө болгон киши катары айтсам, Конгантиевди эл сабаган жок. Конгантиевди абакта жаткандар бошогондон кийин ошолор сабашты. Ал жерде жалаң эле Конгантиев эмес форма кийген милиция кызматкерлеринин баары сабалды. Илгертеден түндүк-түштүк бир тууган эл болуп жашап келгенбиз. Биз бөлүнүүгө жол бербейбиз.

Ошондой эле коомчулукта Убактылуу өкмөт сунуштаган Конституциянын жаңы долбоору кызуу талкууга алынып, “Эл үнүнө” кайрылган угармандар да Баш мыйзамдын долбооруна өз пикирлерин кошушту.

Бактыгүл: Он күндүн ичинде эле жаңы Конституцияны жаза калдык дегендин өзү туура эмес. Андан көрө легендарлуу парламент 1993-жылы кабыл алган Баш мыйзам боюнча шайланышып, андан кийин өзгөртүп, толуктоо киргизүүнү тыкат иштеп чыгып шашпай
Кыргызстандын Конституциясы. 21-январь 2010-жыл.
кабыл алыш керек. 5-6-киши чала-була жазып мына деп коомчулукка сунуштай салганы туура эмес. Анан жанагы жаштар "мен министр болом, мен бул кызматта иштейм" деп көкүрөк какканы туура эмес. Ошолордун арасында морадер болгондору деле бар болуш керек. Анан кантип алар мамлекетке жетекчи болушат. Мына азыркы президент ууру болгондуктан ушул окуяга туш келип отурабыз.

Асылбек: Жаңы Конституцияда мамлекеттик тил деп бир гана кыргыз тили жазылышы керек. Расмий тил деген орус тилди алып таштоо зарыл. Азыр кыргыз тилинин өнүгүп-өсүшүнө ошол орус тили тоскоол болуп жатат. Анткени Кыргызстанда орус тили өтө басымдуу болуп баратат.

Гүлжамал Сыдыкова:Өмүрбек Текебаев Конституцияны кыргызча жазганга адистер жок деп жатпайбы. Бул туура эмес. Менимче, кыргыз тилдүү юристтер жетиштүү. Качанкыга чейин эле кыргыз тилдеги адисттер жок орусча жазабыз, анан орусчадан кыргызчага которобуз дейт. Текебаевдер да Баш мыйзамды шашылыш жазып, тил жагына маани бербей жатат. Биз мына ушунусуна нааразыбыз.

7-апрел ыңкылабында аялдардын ролу зор болгондугу тууралуу “Эл үнүнө” кайрылган угармандын бири Абдылас Исманов буларга токтолду:

- 7апрелде Токтогул районунда эл чогулуп бийликке даабай турганда Айылчинова Жамила эже келип, аянтта чогулган элдин демин көтөрүп, Бакиевдин бийлигинин кетирген каталарын ачык айтып, жаңы демократиялуу мамлекет курууга, коррупцияга каршы күрөшкө чакырык таштап, чогулгандарды шыктандырды. Анын айткандары элге дем берип, элдик ыңкылап болуп Бакиевдин бийлигин райондо оодарып түшүштү. Албетте Кыргызстанда Элдик ыңкылапты ишке ашырууда аядардын ролу абдан зор болду. Алардын бири Токтогулдан ушул Айылчинова Жамила эже деп айтаар элем.

Токтогулда Элдик ыңклаптын башында турган Жамила Айылчинова менен байланышканыбызды, ал бир катар жүйөөлүү сунуштары менен Убактылуу өкмөткө кайрылып, оңдуу жооп ала албай жүргөнүн билдирди.

-Убактылуу өкмөткө жазган катымда Токтогул районунун координациялык кеңеши “2005-2010-жылдагы ыңкылапта Роза Отунбаева локомотив болсо, Токтогулда өткөн 7-апрелдеги ыңкылапта Жамила Айылчинова детенатор болду” деп баа беришти. Жыйырма күндүн ичинде Роза Отунбаевага, Исмаил Исаковго, Эдил Байсаловго, Элмира Ибраимовага, Каныбек Иманалиевге, Эмилбек Каптагаевге, Асел Кодурановага кайрылдым. Убактылуу өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Дыйканбаев Курманбек бир саат мени менен аңгемелешүү өткөрдү. Сөзмө сөз келтирейин: "Вашу кандидатуру я поддерживаю руками и ногами” деп ыраазы болду эле. Эми бир эле кудайдын кабылдамасына киришим калды. Көрсө ыңкылапты бизге окшогон фанаттар жасайт экен да, убайын башкалар көрөт экен. Токтогул районунда Топчукеден бетер чечендик жорго тил менен образдуу сүйлөп жатканда видео тасмага тартып жатышкан. Көрсө бул видео кассета эки саат ичинде Улуттук коопсуздук кызматынын үстөлүнүн үстүнө келип түшөт. Эгер ыңкылап өз максатына жетпегенде, түрмөдө сөөгүбүз чиримек. Биз өмүрүбүздү тобокелге салып, башыбызды баталгага коюп, ыңкылап жасаган элек. Көрсө күч менен мыйзамдуу бийликти кулатууга массаны чакырууга болгон үндөө Кылмыш Жаза Кодексинин 297-беренеси боюнча 2 жыл эркинен ажыратылмак. Эгерде ыңкылап өз максатына жетпесе биз бүгүн түрмөдө жатмакпыз. Биз өзүбүз шайлаган өкмөткө, өзүбүз кире албай, моминтип сөзүбүз өтпөй калды.

Ошондой эле “Эл үнүнө” кайрылган угармандарыбыз ар кандай маселелер боюнча пикирин билдирип, Кыргызстанга Орусиянын премьер-министри В.Путинге окшогон адамды сырттан алып келүү сунуштарын дагы айтышты.

Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо, кубанычтуу кабарлар же жеке көз каршыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз 0312 коду менен 31-61-53 жана 31-61-71 телефондоруна чалыңыз.

XS
SM
MD
LG