Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 16:03

Эл үнү

Токмок: ынтымак жана биримдик

Кыргызстанда 80 улуттун өкүлдөрү жашайт. Жакында эле Ош, Жалал-Абад аймагында болгон окуялардан улам аларды да коопсуздук маселеси тынчсыздандырууда. Көп улуттун өкүлдөрү жашаган Токмокто учурда абал кандай?

Текст көлөмү - +
Токмок шаарындагы “Булак” базарында ар улуттардын миңге чукул өкүлдөрү эмгектенет. Алардын бири соода, экинчилери кызмат көрсөтүү жаатында эриш-аркак иштешет. Кыргызстандын түштүгүндө болгон коогалаңдуу окуянын таасири бул шаарда жашаган башка улуттун өкүлдөрүн да тынчсыздандырган. Ушундан улам Токмок шаар тургундарынын арасында ар кандай айың-кептер айтылып, жакында бул аймакта тополоң болот деген сөздөр да тарап кеткен.

Мындай кептерди жокко чыгаруу үчүн ири базардын жетекчилигинин атайын ыкмасы бар. Алар ар бир 20 мүнөт сайын элди ынтымакка чакырып, чагымчылыкка жол бербөөгө радио түйүн аркылуу үндөп турат. “Булак” базарынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Шырдаков буларды айтат:

- Шаарыбыздай болуп, базарабызда да көп улуттун өкүлдөрү иштейт. Биздин ич арабызда бөлүнүү деген нерсе жок. Бирок айың-кептердин айынан ар кандай кооптонуулар болуп жатат. Биз радио түйүндөн кулактандыруу катары чагымчылыкка жол бербөөгө чакырып жатабыз.

Токмок шаарынын 60 миңден ашуун жашоочулары бар. Алардын арасында татар, өзбек, кыргыз, дунган, орус, казак жана башка улуттардын өкүлдөрү бар. Шаар тургундары абал туруктуу экендигин белгилеп, тынчтык керек деген пикирлерин айтышты.

Азам Азимов: Бизде улут аралык мамиле туруктуу. Бирок кээ бир учурда элдер дүрбөлөңгө түшүрүп жатышат. Негизинен ишибиз токтогон жок. Эмгектенип эле жатабыз. Токмокто бир нерсе болот деп уккан жокмун. Карапайым элге тынччылык гана керек. Референдум өтсө, бийлик мыйзамдашса жакшы болмок.

Файя Абыканова: Көп улуттуу шаарда жашагандыктан эл арасында ар кандай туура эмес сөздөр болуп жатат. Мен бул шаардагы кыргыз, өзбек, дунган улутундагы туугандарга эч кандай чагымчылдыка алдырбай, күнүмдүк жашооңорду өткөрө бергиле деген оюмду айтат элем.

Махмуд Мадиев: Азырынча баары тынч. Күндүзү жана түнкүсүн милиция кызматкерлери тынчтыкты көзөмөлдөп жатышат. Жекшембиде мал базарга чыктым, бардык жерде эле бейпил жашоо уланууда. Мындай учурда баары балдарын багууга жан үрөп жатышат. Биздин достугубуз мурун кандай болсо азыр дагы ошол бойдон. Конокко чакырып, аларды да тосуп жатабыз. Эч кандай келишпестик болгон жок. Негизгиси тынчтык жана бейкутчулук болсун. Бизге башка нерсенин кереги жок.

Улут аралык ынтымак күчтүү

Токмоктун жашоочулары кооптонгонунун бир себеби - жакында эле шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан “Мега Полис” ресторанында жана “Мега Сити” соода борборлорунда жардыруулар катталган.

Ар кандай айың-кептерди алдын алуу жана тургундардын коопсуздугу үчүн мэриянын алдында элдик кошун түзүлүп, укук коргоо органдары менен биргеликте иш жүргүзүлүүдө.

Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Асан Карымшаков коопсуздук маселесине токтолду:

- 150 адамдан турган кошуун түзгөнбүз. Буга чейин дунган, өзбек улутундагы атуулдарыбыз имараттарын өз алдынча кайтарып, коопсуздугун сактап келишкен эле. Эми алардын бардыгы жаңы түзүлгөн кошуундун курамында турушат. Бул мисал биздеги улут аралык ынтымак күч экендигинен кабар берет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ELKa каяктан: NARYN
23.06.2010 14:22
chtoby eto u nas bylo Referendum nujno provesti !!!
Nujno srochno zakryt FREEDOM HOUSE eto sozdannoe okrujeniem byvshego pr. USA Busha (po togdashnei vvedennoi ixnei politike) - eto spesialnaya organizasiya istochnik postoyannoi distabilizisii. Posmotrite dok.film fransuskix jurnalistov na facebooke.
revolution.com
Vsex etix pravozashitnikov nujno gnat s Kyrgyzsatana. Ya nikoga ne ponimala chyi prava oni zashishayut, v zatishye kogda narod mychaetsya v ushemlenii prav v obydennoi jizni ix teleskopom ne syshesh. Kak tolko gromkie sobytiya oni tut kak tut, svemy ne myslimymi sposobami zashishayut imenno svoi prava kak niznayu kto (kak budto oni i est narod)prochtite statyi na saite 24.kg. Neponyatnye ludi, s neponyatnymi interesami
vechnye protivniki vsex vlastei. etot vidio rolik daet otvet na eti voprosy
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу