Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:40

Эл үнү

Ош: сыртка агылган жаштар

Акыркы бир айда эле Ош облусунан миңдеген жаштар чет өлкөгө чыгып кетишти. Көпчүлүгү жумуш издеп кетип жатканын айтса, кээ бирлери Оштогу абалдан кооптонуп, сыртка чыгып кетүүгө аргасыз экендиктерин билдиришүүдө.

x
Текст көлөмү - +
Бийлик өкүлдөрү болсо жаштарды кармап калуунун түркүн жолдорун ойлонуштурууда.

Аскар
мектепти быйыл аяктады. Ал учурда учактардын билет бааларын сураштырып жүрөт. Ал апасына жардам бериш үчүн чет жакка чыгып, акча таап келүүгө аргасыз экенин айтат:

- Мурда базарда апама жардам берчүмүн. Тополоңдон кийин соодабыз такыр токтоп калды. Эми ошол соодабызды кайрадан тикелеш үчүн Орусияга кеткени жатам. Азыр эми Кыргызстанда жумуш жок, тиричилик кылыш керек, жан багыш керек.

Ошондой эле ал жакында паспорту колуна тиери менен Орусияга токтоосуз билет сатып аларын кошумчалады.

Акыркы бир айдын ичинде Аскарга окшоп чет өлкөгө чыгып кетүүнү каалаган жаштардын саны Ошто миндеп саналат. Бир эле «Кыргыз Тур» авикомпаниясынын өзүнөн эле бир айдын ичинде 12 миң адам учуп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү жаштар экендигин аталган авиакомпаниянын өкүлү Амина Улмасова билдирди:

- Азыр көбү Москвага кетип жатышат. Ал жакка азыр билет арзандады. 15 300 сом болуп калды. Анан Красноярск, Новосибирскке, Санк-Петергбургга кеткендер көп. Бизде самолет күнүнө эки ирет учат. Бир айдын ичинде Орусияга кеткендердин саны 12 миңден ашты. Сыртка чыгып кетип жаткандардын арасында бардык эле курактагылар бар, бирок айрыкча 17-18 жаштагылар. Бизден учкандардын көпчүлүгү жаштар болууда.

Ал эми жаштардын массалык түрдө сыртка чыгып кетүүсүн токтотуу боюнча бийлик кандай чараларды көрүүдө деген суроо менен вице-премьер министр Өктөмхан Абдуллаевага кайрылганыбызда, ал буларга токтолду:

- Жаштардын сыртка чыгып кетүүсүн токтотуу үчүн бир топ иштерди жасап жатабыз. Ал үчүн биринчи иретте аймакты стабилдештирүүгө көп көңүл буруудабыз. Анан жакында жумуш орундарын калыбына келтиребиз.

Ошондой эле вице-премьер министр жакында Ош шаарында кабат үйлөрдүн курулушу башталса, жаштардын бир топ катмары жумуш менен камсыз болот деп белгиледи.

Жергиликтүү серепчи Расул Авазбек уулу дегеле сырткы миграцияны азайтуу үчүн бийлик тарап өлкөдө коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, жаштарга ар кандай жеңилдиктерди түзүп берүүнүн үстүндө иштеши керек деп эсептейт:

- Сыртка, колунан иш келген, каруусунда күчү барлар чыгып кетет. Демек сырткы миграциядан мамлекет интеллектуалдык да, физикалык да жумушчу күчүн жоготот. Жаштарды алып калыш үчүн биринчиден жумуш орундарын түзүү керек. Экинчиден, ар кандай жеңилдиктерди берүү керек. Анткени кетип жаткан жаштардын үй курууга мүмкүнчүлүгү жок, үйлөнүүгө шарты жок. Анан эң ириде коррупцияны жоготуу деген маанилүү стратегиялык пландарды ишке ашырыш керек. Болбосо кетип жаткандардын көпчүлүгү Орусиянын, Казакстандын жарандыгын алышууда. Бул биздин өлкөнүн келечеги үчүн өтө коркунучтуу.

Аймактагы миграция жана ишке орноштуруу комитетинин маалыматына таянсак, кетип жаткан жаштардын дээрлик жарымын өзбек улутундагылар түзөт. Бирок өзбек жаштары сырт жакка чыгып кетүүнүн себептерин аймактагы абалдын кооптуулугу менен түшүндүрүшүүдө. Орусиянын Санкт-Петербург шаарына Оштон барган өзбек улутундагы жаран кетип жатканда алардан акча талап кылуулар болуп, ар түрдүү коркутууларга дуушар болушканын “Азаттыкка” айтып берди.

- Биз Оштогу үйүбүздөн кечке маал чыгып аэропортту карай багыт алдык. Коменданттык саат башталгыча эптеп аэропорттун короосуна кирип алдык. Менин жанымда досум да бар эле. Ичкериге киргенибизде өзбек жаштарынын баарынын документтерин жарандык формачан кишилер сурап алышты. Андан кийин алар бизден акча талап кыла башташты.

Деген менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай иштер болбогондугун, бирок тополоңду иликтөө иштеринин алкагында сыртка чыгып жаткан ар бир жаран улутуна карабай текшерилип жатканын билдиришүүдө. Ал эмес аппараттык жыйында Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов чет өлкөгө кетип жаткан жарандардын манжа белгилерин алып калуу боюнча да демилге көтөрүп чыкты.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мекенсуйор каяктан: Курсак тойгон жерден
01.08.2010 19:27
Айтып жатышат; "сыртка чыгып кетип жаткандардын жарымын озбек улутундагылар тузот" -деп, ошонун негизинде айтса болот да, алардын башаламан учурда качып жаткандыгын... Мелис Мырзакматов айткандай "бармак изин" алып текшерчу болсо алардын копчулугунун бармак издери аткыч куралдарда калган бармак издери менен дал келерине чон ыктымалдуулук бар...
Анан , биздин картан саясатчыларга "жооп беруу керек", алардын акырын физкультура менен алектенип, эртели кеч гезит карап, кок чай ичип отурчу убагы келди, анткени болуп жарып жаткандардын баары ошолор, жаштар менен алар тил табыша албай жатышат...алар бийликтин даамын татып калган ач карышкырдай болуп калышкан....жанылануу керек...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.07.2010 20:39
Кылмышкерлер качып кетишпесин. Мелис Мырзакматов айткандай манжа белгилерин алып калгыла.Документтерди жакшылап текшергиле.

кимден: Улан каяктан: Нарын
30.07.2010 18:50
Бийликке келгендер онолбой калды го,дагы эле баягылар,дагы эле жеп жутаарлар.Деги Кыргызстанда элим жерим деп иштеп бере турган адам бар болду бекен."Белгисиз маршрут" деген кинофильмдегидей Умуттун артынан журо берип отуп кетебизби,качан олкобуз онолуп,жумуш иштеп акча таап уй булобузду багабыз.Ушинтип эле чет мамлекетке жумуш издеп,жер кезип,ал жакта кыйналып журо беребизби.Амангельди Муралиев,Эмил Каптагаев дегендерден башка иш билгилерибиз жокпу,булар деле убагында кыйратып иштегенин коргон эмесмин.Негедир жаны бийликтен умутум бар эле,ал дагы сууй баштады.

кимден: Бактыгул
30.07.2010 17:02
Ар бир 5 жыл сайын эле тополон боло берсе Кыргызстанда ким калгысы келсин.Саясатчылар чынын айтканда элдин канын ичип бутушту.Эл да тынч,стабилдуу,онуккон мамлекетте жашагысы келет.Тилекке каршы,бийлик башындагылар элди эч качан ойлошпойт эртерээк чонтокту толтуруп качканды адатка айландырып алышты.Биздин мамлекетте конституция эмес "закон джунгли" иштейт. Ким жырткыч болсо алсызынын астындагы нанын да тартып алат.Ото окунучтуу,кайда бара жатабыз эч белгисиз.Бул тунгуюктан качан чыгабыз,бир кудай билбесе эч ким да билбесе керек.

кимден: Бекболот каяктан: Кербен
30.07.2010 15:57
Оштун мэри азамат экен!Туура демилге которуптур.Мумкун сыртка чыгып кетип аткандардын арасында кылмышкер бардыр.Тилекке каршы копчулу чыгып кетишти да.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу