Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:58

Саясат

Эми уруулардын курултайы өтөт

“Кыргыз эл биримдиги” деп аталган коомдук уюм 12-июнь күнү оң канат, сол канат жана ичкилик урууларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда уруулардын курултайын өткөрүшөөрүн жарыялашты.

x
Текст көлөмү - +
 Уюмдун лидерлери билдиргендей, курултайда жаңы бийликке бир катар сунуштар берилип, талаптар коюлат. 
 
“Уруулар курултайына макулсуңбу, Убактылуу өкмөт?”


“Кыргыз эл биримдиги” коомдук уюму 12-июнда өтчү иш-чарасын “Улуттук улуу курултай” деп атады. Бул курултайга оң канат, сол канат, ичкилик урууларынан тышкары мигранттар, элчиликтин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана башка улуттун өкүлдөрү катышат.

Алмамбет Матубраимов
Аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, коомдук ишмер Алмамбет Матубраимовдун айтымында, курултайда азыркы саясий оор абалдан чыгуунун жолдору талкууга алынат:

- Улуу курултайга ар бир канаттан үч жүздөн киши кошулат. Жаштарга жүз орун берилет. Эл аралык ассамблеянын эки жүз өкүлү катышат. Он тогуз элчини жана Убактылуу өкмөттү чакырабыз. Кыйынчылыкта жөлөк болуп, кемчиликтерди ачык айтып, бир пикирге келишебиз деп ойлойм.

Матубраимовдун айтымында, 1150 өкүл катышкан курултайда кыргыз тарыхы, баш мыйзам долбоору сыяктуу жети маселе талкууланып, Убактылуу өкмөткө кайрылуулар кабыл алынат. "Эң негизги маселе - Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда улуттук кызыкчылык камтылбай калганын дал ошол курултайда көтөрүп чыгабыз" дейт “Кыргыз Эл Биримдиги” уюмунун мүчөсү Дастан Сарыгулов:

-Бул баш мыйзам кыргыз элине жазылдыбы же башка элге жазылдыбы - окуп алып айтуу кыйын. Кыргызстан элинин жетимиш пайызын кыргыз эли түзгөн соң, кыргыздын кулк мүнөзүнө, тарыхына төп келген Баш мыйзам гана кыргыздын муктаждыгына жооп берет.

От менен ойногондор кимдер?

Улут кызыкчылыгы деген ураанды көтөргөн бул уюм 19-май күнү сол канаттын курултайын өткөрдү. Алдыда оң канат менен ичкилик урууларынын курултайын өткөрүүгө камынышууда. Жаш саясат таануучу Чыңгыз Амантур уулу, белгилүү бир саясий кызыкчылыкты көздөп курултайга жамынган саясий топтун элди уруу-урууга бөлүп жатышы абдан опурталдуу көрүнүш деп баалайт.

-Булар ар бир урууну өзүнчө эл катары карап жатышат. Бул абдан опурталдуу нерсе, түздөн-түз бөлүнүп жарылууга алып барат. Мурда аймактык бөлүнүп жарылуу бар болчу, түндүк-түштүк деген. Жердешчилик оорусу бар болчу, район-район болуп. Ага кошумча эми уруу-уруу деп бөлүнсөк, үч кабат бөлүнүү пайда болот. Бул деген от менен ойногонго барабар.


Бирок “Кыргыз Эл Биримдиги” уюму сын-пикирлер менен макул эмес. "Кандай гана сындар айтылбасын, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн мүдөөбүздөн кайра тартпайбыз", дейт Дастан Сарыгулов. Ал эми коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов "керек болсо, бийликтин үч бутагын да дал ушул Улуттук улуу курултай көзөмөлдөп турушу керек деген сунушту киригизип жатабыз" дейт. 

Кайра эле курулай кыйкырыкпы?

Деген менен Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү уруучулдукту күчөткөн бул курултай калың элдин катмарынан колдоо таппайт деген пикирде. Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эркин Алымбеков:
Эркин Алымбеков


- Элдин атынан деп 200-300 кишини топтоп алып кыйкырган дүжүр курултайлардын баарын көрдүк. “Кыргыз Эл Биримдиги” уюму курултайда көтөргөн маселесин парламентте көтөрсүн, эгерде 55 пайызды утуп, 65 орунду алса, парламентте кыйкырсын. Кээ бирлеринин артында кимдин кулагы көрүнүп, кимдин куйругу чыгып, стабилдүүлүктү бузуп, Баш мыйзамды кабыл алдырбай, тополоңдун арты менен Бакиевди алып келип отургузалы деген максаты болсо аны кыргыз эли колдобойт.

Ошентип Убактылуу өкмөт өкүлдөрү, өзгөчө жаңы баш мыйзамдын авторлору уруучулука бөлүнүп иш-чара өткөрүп жүргөн күчтөрдү андан көрө парламенттик шайлоого аттанып, болгон суроо-талаптарын парламент трибунасында көтөрүп чыгууга үндөп жатышат.

Дастан Сарыгулов
Элди, чын эле саясатчылар бөлөбү?


Соңку убакта ансыз да түндүк-түштүк, жердешчилик маселеси курчуп турган чакта, эми элди ачык эле уруу-урууга бөлүп, өз ара курултайларды өткөрүү аракети өлкөнүн биримдигине доо кетирет деген кооптонуулар көп айтылууда. Мындай кырдаалда белгилүү коомдук ишмерлер элди биримдикке чакыруунун ордуна, өздөрү демилге көтөрүп, урууларды сүрүштүрүп башташы, ич ара бөлүнүүгө карапайым эл эмес, саясатчылар түрткү болоорун далилдеп койду дешет серепчилер. Буга чейин түндүк-түштүк, жердешчилик, уруучулука бөлүнүү тенденциясы азыркындай ачык түрдө эмес, тымызын жүрүп келчү.

Апрель ыңкылабынан кийин, айрым интернет сайттар Убактылуу өкмөттө отургандардын кимиси түндүктөн, кимиси түштүктөн деген иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгы жарыяланды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: eldar каяктан: tr
26.06.2010 02:33
Uluttar aralik sigush buttu emi uruular kaldibi...

кимден: Кадыр каяктан: Бишкек
21.06.2010 13:02
Эй Кыргызым ойгон ! Кыргыздын асманын чан басып , Кыргызды кыргызмын деп калпагын баса кийген кыргыз сындуу адамдар тубуно жеткени калганына абдан окунуп , эмне кылаарды билбей канырык тутоп , кимден жардам сураарынды билбей , жашоого -эмнеликтен кучсуз жаралганына жан кейип отурган чак !!! Азыр Кыргызмын деген ,кыргыз жери-эли учун жанын берген адам , жалпы эле туруктуу -бутун олкодо жашайын деген жарандык коом жалпы кечиктирилгис салымдарыбызды кошбосок эртен кеч болуп калат ! Азыркы саясатчылар ушунчалык коздорун май басканбы же болбосо атайын эле Кыргызга , Кыргыз малекетинин бутундугуно болгон кандайдыр бир тушунуксуз кучтордун катардагы жоокерлериби деген ой аргасыздан келет экен. Болбосо ушул тополонду 1 ай мурда Ошко барган сапарымда ошол эле СНБ жана укук коргоо органдарынын катарындакы жолдошторум какшап аткан создорун угуп , УО бир чараларды коруп жатса керек деп озумду озум соороттум эле. Болоор иш болду , анан эле Оруссиядан аскер сурап чон чыккынчылык ойду айтканын угуп булардын козун май басбай эле атайын Кыргыз мамлекетуулугно каршы акциянын катышуучулары экен деген оюм бекемделди. Кудайым менин оюмду туура чыгара корбо деп Кудайдан жалбаарып сурануу менен жалпы Кыргызды жанан кыргыз жарандарын жалпы , жапа тырмак аракет кылып , салымдарыбызды кошуп аракет кылууга чакырып кетээр элем!!! Айланайын Кыргыздын Аксакалдары кайдасынар же Кыргызда бузукудан башка эч нерсе билбеген Манкурт - Дежур чалдардан башка Аксакалдарыбыз калган эмесби , же булар да Кыргыз деп , Кыргыздын калпагын кийип алган кыргыз сымал Аксакалдырбы ??? Абыке-Кобоштун заманы келдиби , козунорду ачкыла алардын артынан Семетей келген !!!

кимден: Nur
01.06.2010 22:37
Чынгыз Амантур агай "Бул от менен ойногонго барабар.Бул абдан опурталдуу нерсе,туздон туз болунуп жарылууга алып барат" деп айтканына мен толугу менен кошулам.
Коомдун атын бакыйта "Кыргыз эл биримдиги" деп атап коюшуп,ал эми манызы болсо тегерден тескери кайра элди жиликтеп он-сол,ичкилик-тышкылык деп болгону кандай? Деги бул кишилер оздору эмнени каалап жатышат,кандай кылып элди бириктирет билишет болду бекен?
Булар ачыктан-ачык элди бычыратып болуп жатканы корунуп турбайбы.
Мен озум деле тарыхка кызыгам,урууларга,уруктарга болуноорун билем.Бирок бул нерсени тарых,илим,билим катары эле карасак туура болмок.
Мисалы учун Кыргызстанда баардык эле уруулар кучтуу же сан жагынан басымдуу эмес да.Баягы эле сенден мен жакшы,менден сен жакшы деген атандашуу башталат.
Ушул коомдун программасы менен кантип таанышса болот болду экен? Балким жакыныраак билсек,бири-бирибизди толук тушунот белек.


кимден: Kirgiz jigit каяктан: Turkiya
01.06.2010 22:37
KIrgizstanda jawagan kalktar kirgiz4a suylowu kerek jana kirgiz dep esepteliwi kerek baaribizdin ukugubuz birdey boluwu kerek.Traybolizm e4 ka4an jakwilik alip kelbeyt teskerisin4e bolungondu boru jeyt. Uruuluk birikme,kurultay koygoylordu 4e4ip kete alsa anda jakwi a 4e4e albay bir uruu menen bir uruu tirewip ketse anda stabilduuluk buzulat. Bil birikmen soguw u4urunda kana ar kim oz oorduna turuu jana askerin jaygawtiruu jaginan jakwi bol4u otkon kilimdarda. A tirewuu birin biri kiruu jagi menen orustarga baw iyip kalganibizdi, Jenilip kalganibizdi,orustardin genotsit kiluuusuna turtku bolgon,Kirgizdardin az jerden jok boluusuna alip kelgen jana azirki talaptarga joop bere albagan eskirgen jana kirgiz elinin jok boluusuna alip kele turgan birikme desem janiliwpaymin.
Taarihti okup bilip sabak aliwibiz kerek. A egerde sabak ala albasak anda otkondo jasalgan janiliwtiktaribizdi kaytadan kaytalagan bolobuz.

кимден: кубаныч каяктан: москва(ноокат)
01.06.2010 21:31
Убакыт өткөн сайын,инсан каарычылыкты мойунга алып,кабырга карай жакындай баштайт, демек өткөн кеткен күнөөлөрү үчүн "тообо"келтирип ЖАРАТКАНдан кечирим сурайт.А булар болсо,бийлик үчүн кандай гана жолдорго барбайт.Керек болсо кыргызмын деп өздөрү айткан кыргыз элин бөлүп жарат.Уруу-урууга бөлүнүүнү колдогон,уюштурган адамдарды билбеймин "кимдердин"катарына кошуш керек.Казак менен өзбектер жериңди басып алса,бул мансапкорлор элиңди бөлүп жарса,кыргызыма "кыргызстаныма" эмне доо кеткенби.

кимден: рустам каяктан: россия
01.06.2010 19:34
Боло турган улуу курултайга ар бир уруудан окулдор шайланган жана алар элдин катмарынан элдин озу тандап алган.Боло турган улуу курултай бул элдин эн башкы тортунчу тепкичи(кичине уруу,чонураак Уруу,сол канат ,он канат, ичкилик,акыркысы улуу курултай).Бул байыркыдан келаткан нактай демократиялык система бир да олкодо мындай чындыкта,нагыз элдик тамырланган система жок.Уруу уруу кошулуп отуруп жалпы кыргыз эли болуп биригет.Дал ушул системада кыргыз элинин эбегейсиз кучу жатат.Дал ушул системадан КПСС да корккон,кыргыз элинин душмандарынын баары корккон. Кичинеден булак,булак болуп биригип отуруп чон дайрага айлангандай кыргыз эли уруу,урууга биригип отруп бекмделген,кыргыз элин тузулот.Эмне учун миндеген жылдар бою эч ким кыргызды туп тамырынан бери жулуп алалган эмес.Себеби бир тьамыры жулунса да калган тамырлары кайра чырмашып асуп турган.Эгерде бир уруу менен бир уруу келише албаса курултай оной эле келиштирип коет.Ошон учун бул улуу биригуудон баары коркушат.Себеби улуу курултай баарын ордуна коюп коет.Эч ким мамлекетти талап тоной албайт.Курултайдын алдвнда баары бирдей жооп беришет.Ошон учун азыркы политикадардын баары каркуп атышат.Эч нерсени катып кое алышпайт.Курултай-нагыз эл бийлиги!

кимден: Тимурлан каяктан: Анкара
01.06.2010 19:19
Баарыныздарга саламым менен. Мен уруулар курултайына тарых билим адамы катары туздон туз каршымын. Биз Кыргыз ели ескиден урууларга айрылып журуп чон кыйынчылыкты жашады. Ескиден Кыргыз ели урууларга болунуп бир бирин олтурду анан тышкы басып алуучу кучтордун бутун жалашты. Бул тарых билиминдеки чын окуйа.
Бул жолду ачкандар билгиси жок билимсиз адамдар. Бул жол Кыргыз елин бузуу жана болуу жолу. Билгилуу жана елин жерин суйгон адамдар атынан бул жолго каршыбыз.



Ң

кимден: Элен каяктан: Жалал-Абад
01.06.2010 18:49
Кыргызды кандай жол менен жок кылгылары келип жаткан адамдар, ар кандай нерселерди ойлоп таба берет экен.Же болбосо бул бирөөлөрдүн заказы.Аларды аткаруучулардын тизмесин көрүп алгыла.

кимден: Kyrgyzstan каяктан: Kyrgyzstan
01.06.2010 18:29
Kantip ushundai dengeeldegi adamdar ushundai maseleni kotorup chygyshty? AKSAKALDAR, bugunku kun 21-kylym. Koigula, suranych!

кимден: asan каяктан: osh
01.06.2010 18:16
Алманбет, дастан силер элди болбогууло он ,солго,ичкилике алакандай кыргызды бириктирбей силер болуп жараып жатасынар орустарды озбектерди башка улуттун окулдорун кайда алып барасынар.силерге эмне жетпей жатат кыргызстанга кызмат кылам десенер бийлиги жок эле иштеп берсенер эл силерге баа берет. Жок жерден дагы бир нерсени чыгара турган болуп жатасынар 1500 киши эмне бардык 5 млн элдин атынан кантип суйлойт силер дагы бакиевдин курулайын откоро каласынарбы. Азыркы убактылуу окмотто ото кемчиликтер коп башка бийлик жок аларды колдоп тез арада шайлоо откоруп элдин кызыкчылыгын бийик койуш керек озунордон кызыкчылыгардан. Жээ силер кайра баксты алып келебиз деген ойунар болсо аны дагы айткыла ачык мындай болбойт бул деген артка кеттуу бул фиодализмге баруу жолу акылынарга келгиле эмне деген жорук эшикте 21 кылым дастан ,алманбет жана уюштуруучулар эсенер барда этенинерди жапкыла кыргыздарды болбогуло.акаев тундуктун картасын ойносо бакиев ичкиликтин картасын ойноду.силер болсо элди болуп жатасынар болугонду бору жейт токтоткула. Кыргыз эли сак болгула!!!!!!!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)