Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Жер басып алуу: мукураткан муктаждыкпы же өрчүгөн өнөкөтпү?


Бишкектин четиндеги жерди ээлеп алуу аракети, 2010-жылдын 19-апрели.
Бишкектин четиндеги жерди ээлеп алуу аракети, 2010-жылдын 19-апрели.

Кыргызстан жер басып алуулардын үчүнчү толкунун баштан кечирүүдө.

Анын негизги себептери турак-жай муктаждыгына байланыштырылганы менен кийинки мезгилде өнөкөткө айлангандыгы айтылууда

Жер басып алуунун башаты

Кыргызстанда алгачкы жер басып алуулар 1989-90-жылдары катталган. Бишкекте ондогон жылдар бою менчик турак-жайы жок, батирлерде жашаган кыргыз жаштары бийликке жер берүү талабын коюшкан. Бирок мындай өтүнүчтөрү орундалбагандан соң алар баш калаанын айланасындагы айдоо аянттарын басып ала башташкан. Ошондон кийин гана басылып алынган жер участоктору мыйзамдаштырылып, шаардын айланасында жаңы конуштар пайда болгон.

Ошол учурдагы үй куруучулардын “Ашар” кыймылынын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев башында жер басып отурукташуу зарыл муктаждыктан улам болсо, кийинчерээк ал өнөкөткө айланып кеткенин белгиледи:
Жыпар Жекшеев, КДК төрагасы. (1990-жылдардагы сүрөт.)

- Ал убакта чындап эле оор социалдык абал чечилбей келген. Кыргыз жаштары заводдордо жана фабрикаларда канча жылдап иштешсе дагы үй берилбей келген. Анан биз ошонун баарын тең ирээттеп, уюштуруп, жер бөлдүртүп мыйзамдаштырып бергенбиз. Бирок азыркы учурда жер тилкесин алууга болгон көйгөй кадимки өнөкөткө айланып бара жатат. Бирөөлөр чындап эле жерге муктаж болсо, кээ бирөөлөр аны басып алып, кайра үчүнчүлөрүнө сатып ишкердикке айландыра башташкан.

Элдик толкундоолордон кийинки эки толкун

Жапырт түрдө жер басып алуулар 2005-жылкы элдик толкундоолордон кийин кайрадан күчөгөн. Бишкектин айланасынан жана Чүй облусунун аймагынан жер басып алуу аракеттеринин натыйжасында гектарлаган айдоо аянттарында таза суусу, электр кубаты жана жолу жок жер тамдар орун алды.

Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов мындай көрүнүштөрдүн орун алышына бийликтин жоопкерчиликсиздиги себеп болуп жатат деп эсептейт:
2005-жылдагы толкундоолор. Бишкек, 4-апрель.

- Мунун бардыгы турак-жайга болгон ашынган муктаждыктан улам келип чыгып жатат. Бийликтин турак-жай саясаты жок. Бийлик өкүмдарлары жыйырма жылдан бери жеке кызыкчылыгын ойлоп, байып, сайрап жатышат. Президенттер, министрлер, губернаторлор, акимдер мыйзамды сыйлабаса, каалагандай калчап жатышса, отуз-кырк гектарлап жерди ээлеп олтурушса... Ошону көргөн карапайым адамдар чыдап жүрө беришмек беле. Алар дагы жер басат да анан.

Жер басып алуулардын үчүнчү толкуну быйыл 7-апрелде кандуу жол менен бийлик алмашкандан кийин да кайталанды. Жер басып алуучулардын айрымдары отурукташып калышса, көпчүлүгү милициянын күчү менен таратылган. Талдоочулар жер басып алуулардын кайталанышына өлкөдө ички миграциянын күч алышы себеп экендигин белгилешет. Жумуш издеп жан багуу аргасы менен Бишкекти жана Ошту көздөп агылган айыл жаштары көбүнчө шаарларда отурукташып калууну көздөшөт.

Ошто жер талап кылып чыккандар, 7-ноябрь.
Он сегиз жылдан бери жер алууга кезекке туруп, ала албай келген Ош шаарынын тургуну Асылкан Апиева бийликтин кайдыгерлиги аларды жер басып алууга мажбурлаганын кошумчалады:

- Биздин көпчүлүгүбүз жатаканада жашайбыз. Айрымдары батирде турушат. Алдыбыздын алты-жетиден, артыбыздын үчтөн-төрттөн бала-чакабыз бар. Канча жылдан бери кысылып жашайбыз. Бийлик органдарына жер бергиле деп бара берип таманыбыз тешилди. Алар акчасы бар адамдарга гана берет турбайбы. Айлабыз кеткенде минтип үй салганга жер басып алдык. Бийликтегилер өздөрү деле жерди, байлыкты-бийликти басып алып жатышпайбы. Биз алардыкындай гектарлаган жерлерди ээлеш эмес, 6 сотых жер эле сураганбыз.

Кооптуу коңгуроо

Аталган жер аянттарынын көпчүлүгү бирөөнүн жеке менчиги же мамлекеттик жер фондунун эсебинде болгон. Көпчүлүк учурларда басылып алынган жер аянттары бирөөлөрдүн менчик үлүшү болуп калганда чыр-чатак орун алган учурлар кездешет.
Изатилла Рахматуллаев

Оштук укук коргоочу Изатилла Рахматтуллаев мындай мыйзамсыздыктардын кайталанышы жер үлүштөрүнүн ээлери менен жер басып алуучулардын ортосундагы чырдашууга алып келиши мүмкүн деп кооптонот:

- Бизде эл мыйзамды сыйлабайт. Мыйзам өзү да иштебейт. Аны көзөмөлдөй турган бийлик органдары өздөрү уктап жатышат. Өткөндө Бишкекте басып алышса, эми Ошто кайталанып жатат. Ал жердин ээлери дагы карапайым дыйкандар. Ошол жер үлүштөрүнүн эсебинен бала-чака багып жүрүшкөн кишилер. Эми алардын жерлерин басып алышса эмне болушат, кайда барышат?

Буга чейин жер басып алуу аракеттери боюнча тиешелүү адамдар кармалышканы менен аларды жоопкерчиликке тарткан учурлар өтө эле аз. Ички иштер органдары бул социалдык көйгөйгө айлангандыктан жазалоо усулдары жардам бербей калгандыгын моюндашууда.

XS
SM
MD
LG