Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:56

Эл үнү / Коом

Жалал-Абадда жай турмуш жүрө баштады

Бүгүн Жалал-Абадда турмуш мурдагы калыбына түшө баштады. Көчөлөрдө коомдук автоунаа менен жүргөн адамдар көбөйдү. Ашканалар жабык турганы менен борбордук базар ачылды.

Жалал-Аббадгы элдештирүү жыйыны, 17-июнь
x
Жалал-Аббадгы элдештирүү жыйыны, 17-июнь
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Облус аймагында турмуш мурдагы нугуна түшүүдө дегенге негиз бар. Өз ара сүйлөшүүлөрдөн кийин буга дейре жабык турган Жалал-Абад – Сузак жолу ачылды. Сузакта жергиликтүү тургундар өкмөттүк күчтөргө кошулуп коомдук тартипти сакташууда. Райондун Таш- Булак айылында элдешүү түлөөсү өттү. Жалал-Абадда кыймыл көбөйүп көчөлөр жандуу. Ар түрдүү улуттун өкүлдөрү базар – көчөлөрдө өз турмушу менен алек. Ош-Бишкек унаа жолу да ачык, ал комендантка баш ийген өкмөттүк аскерлердин көзөмөлүндө.

Ал арада Жалал-Абад шаар башчысы менен шаар прокурору маалымат жыйынын уюштурду. Анда калаанын азыркы абалы, кайрымдуулук жардамын бөлүштүрүү, качкындар маселеси жана апрель, май, июнь окуяларына тиешелүү кылмыш иштери тууралу сөз жүрдү. Шаар башчы Максат Жээнбеков бүгүн кооптонууга негиз жок экендигин ырастады. Анын билдиришинче, коопсуздукту тартип сакчылары, элдик кошуундан сырткары 1200 аскер камсыз кылууда.

Калабалуу окуялардан кийин Жалал-Абадга келген 36 тонна ун, 4 тоннадан ашык макарон, май-чай азыктары биринчи иретте үйү өрттөнгөндөр менен кароосуз адамдарга, согуш жана эмгек ардагерлерине, ооруканаларга таркатылууда. Чек арага жакын Сузак районунун Бек-Абад, Эркин жана Балта-Казы айылдарына болжолдуу түрдө 13300дөй топтолду деген качкын шаардыктар үйлөрүнө кайтууда.

Ушу тапта өткөн аптадагы баш аламандыкта өрттөлгөн турак-жай, мекеме-ишканалардын саны такталууда:

- 117 үй күйгөн. Тилекке каршы көп өзбек туугандар сыртка чыгып кеткенине байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын алдында отурушат, так аныктай албай атабыз үй кимге тиешелүү экенин. Ошондуктан мен суранат эле, ошол адамдар кайра келсе бизге, прокуратурага, өрт өчүрүүчүлөргө кайрылса болот. Кимдин үйү экенин аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн, комиссиянын негизинде материалдык, финансалык жардамдар болот эле.

Суроо-жооптордун басымдуу бөлүгү облустагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К. Батыровдун айланасында жүрдү. Кадыржан Батыровдун каякта экендиги тууралуу суроолорго анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, өзү кармалбагандыгына байланыштуу айыбы сырттан угузулганы, сот тарабынан камакка алуу жөнүндө санкция берилгени, бирок азырынча кармала электиги, изделип жаткандыгы боюнча жооптор болду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.06.2010 13:21
Ооба силер тез эле кармайсынар. Бакиевтерди кармагандай эле

кимден: Нупгул каяктан: Москва
19.06.2010 12:50
Ушунча болду эми мындан быягы тынч болсо экен Батыровду кармамайынча эл тынчыбайт ал жазасын алыш керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.06.2010 10:39
Кадыржан Батыровдун элди болуп жарууга жасаган аракети жашыруун болгон жок.Ал киши оз жазасын алмайынча олкодо тынчтык болбойт.

кимден: Данбагар каяктан: Москва
19.06.2010 03:45
Элимдин эртеңине күйүп жаным,
Көзүмө элестеди аптоо- жалын.
Катылган,

каргыш тийгир жанкечтилер,
Кулпурган,
кана менин ыйык шаарым?!...

Байгамбарыбыздын таман изи калган ,табыты жаткан ыйык жерден, сан мин деген пенделер ооруусуна шыпаа табышып, өмүр өтөөлгөсүн улаган.,Бала баатыр Курманбек (Закир_Курманбек Бакиев эмес);кош анда жарадар болуп эс-учун жоготуп ,тан таштаганда акыл -куч жыйнап,обдулуп:
Бул эмнеси,
Каным катып алым жок,
Кайда кеткен
топураган коп калмак
Эмнегедир,
жору-кузгун айланат,
Тарпын жеп,
жигиттеримдин тойсо керек!
Жок , жок андай эмес,
Оо асмандагы желеленген каркыра,
Сен жөнүндө баян кылып Айганыш,
Ыйык сүйүү икасын көп айткан!.....деген икая-баянындай
Сүйүүдөн ,кайра жаралалы!.
Шейит кеткендердин жайы жаннетте болсун!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу