Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:55

Саясат

К.Ташиев тирешүү үчүн УККны айыптады

23-октябрда кечке жуук “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүндө жаңжал орун алып, асманга бир нече ирет ок атылды.

Камчыбек Ташиев
Текст көлөмү - +
Ташиевдин сакчыларына 15 чакты адам кол салып качып кетүүгө үлгүргөн, бирок окуя болгон жерде алардын үч тапанчасы жана кызматтык күбөлүгү калган. Партия лидери муну саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырып, чагымчыл аракет үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди айыптоодо. Бийлик өкүлдөрү окуяны териштирүү ошол замат башталганын, азырынча баа берүү эрте экенин айтышууда.

Окуя кандайча болду?

Күбөлөр белгисиз эки киши эртеден бери Камчыбек Ташиевдин үйүнүн айланасында акмалап жүргөнүн айтышат. Ташиевдин сакчылары алардын эмне кылып жүргөнүнө кызыкканда экөөнүн бирөө качып кеткен. Көп өтпөй 15 чакты бала топтолуп келип, эч кандай түшүндүрмө бербестен Ташиевдин сакчылары менен мушташа кеткен. Асманга бир нече ирет ок атылган. “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев муну кол салуу аракети деп баалап, саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды:

- Биринчиден, бул менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу деп айтып жатам. Экинчиден, алар мени уурдап кетүүнү же атып салууну көздөштү окшойт. Мен жакты каратып эки-үч жолу ок атышты. Кудай бар экен, ок тийген жок. Башыма тапанча менен урду эле колуму тосо калып, мына көрүп турасыз, колум жарылып калды.

Окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн белгисиз адамдарга тиешелүү 3 тапанча, бир нече ок дары жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери майор Марат Садиевдин атына жазылган бир кызматтык күбөлүк табылган. Жаңжал орун алган жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери келип, дароо териштирүү иштерин баштады.

К.Дүйшөбаевдин кызматтан кетиши талап кылынды

Көп өтпөй Камчыбек Ташиевдин үйүнө ондогон партиялаштары чогулуп, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы окуя үчүн биринчи кезекте УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди айыптап, аталган кызмат буга чейин да анын артынан аңдып жүргөнүн, түрдүүчө каралоолорду уюштуруп келгенин айтты. Ташиевди коштоп жүргөн “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Кеңешбек Дүйшөбаевди бүгүндөн калбай кызматтан кетиши керектигин билдирди:

- “Ата Журтка” чагымчыл иш уюштурулду. Муну мен ачык айтам. УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев сөзсүз кызматынан кетиши керек, же болбосо кызмат ордунан убактылуу четтетилиши зарыл.

УКМК: “Бул – Ташиевдин популисттик кадамы!”

Президенттик администрация башчысы Эмилбек Каптагаев окуяны прокуратура кызматкерлери териштире баштаганын, азырынча кимдир бирөөгө күнөөнү оодара салуу туура эмес экендигин “Азаттыкка” билдирди. Каптагаев окуяга байланыштуу бүгүн тиешелүү кызматтар билдирүү жасарын белгиледи:

- Бул иш боюнча азыр прокуратура иштеп жатат. Бул окуя толук териштирилет. Бул жерде саясат көп болушу мүмкүн.

Администрация башчысы Эмилбек Каптагаев президент Роза Отунбаева бардык күч кызматтарына Камчыбек Ташиевдин үйүндө орун алган окуяны териштирүүнү тапшырганын кошумчалады.
Эмилбек Каптагаев

Ал эми УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Камчыбек Ташиевдин дооматын жалган жалаа катара баалап, аны окуяны ошол замат саясатташтырып, “популисттик мүнөзүн көрсөтүүдө” деп айыптады. Дүйшөбаев Ташиевдин үйү жайгашкан райондо УКМК кызматкерлери чын эле болгонун тастыктап, бирок алар баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүү максатында барышканын, Ташиевге байланыштуу окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Кечки саат тогузда Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп жаткан чакта, имараттын сыртында 700гө чукул чымыр денелүү жигиттер топтолуп, алар Ташиев чыгып сүйлөгөндөн кийин гана тарап кетишти. “Ата Журттун” лидери эч кандай митингдерди өткөрүүгө, элди көтөрүүгө ниети жок экенин “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Ушул эле айда “Ата Журт” партиясынын Бишкектеги кеңсесине да кол салынган. Шайлоо алдында 7-апрелде Ак үйдүн алдында окко учкандардын жакындары партиянын кеңсесине кирип келип, партиянын үгүт баракчаларын өрттөшкөн. Алар буга себеп интернетте пайда болгон тасма болгонун билдиришкен.

Тасмада Камчыбек Ташиевге окшош адам өлкө түштүгүндөгү кайсы бир жолугушууда мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөгөнү көрсөтүлгөн. Ташиев болсо дал ошол тасмага да, үйүндө орун алган жаңжалга да УКМК жетекчисинин тиешеси бардыгын айтты. Кеңешбек Дүйшөбаев болсо күнөөлүүлөр табылса Камчыбек Ташиев негизсиз койгон дооматтары үчүн кечирим сурашы керектигин билдирүүдө.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.11.2010 16:44
Ата-Журт Элин тебелеп отуп кетти, мыйзам бузуу жол менен, булар маданият эмне экенин белбейт, СНБнын кызматкерлерине кол салып анан бет тырмалык кылып жатканын уялбай.
Келесоо кишиге деле тушунуктуу ордок каяктан учуп атканын жана бул кимдин сценарийи
экенин.
А Феликс Кулов бул не законник мыйзамда жок нерселерди кылыш керек мунун милдети, же болбосо соо адам ушундай суйлойбу парламентке отпой калган партияларды да киргизиш керек дейт,
Анда эмне эл ишенич корсотпогон 29 партия бут келсинби, бул незаконник эмне деп суйлоп атканын озу да тушунбойт
Же мыйзамда парламенттик шайлоого катышкан баардык партиялар кириш керек деп жазылып турабы. Эми ушуну деле депутат кылып шайлап алдык, элге убал деле жок.

кимден: Куутай
27.10.2010 00:10
Президенттиң баш болуп. партияңар төш болуп баардыгыңар бийликтен жоголсонор,кыргыз жеринин сообуна калат эленер.
Силер эч качан ондой албасынар Кыргызстанды, 20-жылдан бери бийлике,мансапка,байлыка тойбос болдунар, Кыргыз элин акыры сазга тыктынар, каргыш урсун силерди. Элибиз мусапырчылыктын акырына келди, мындан өткөн эл, мамлекет алдында, кылмыш барбы. Акыл эсиңерди алдырып койгонсуңар эчак эле. Кыргыз мамлекеттине башкарууга билимдуу. дуйнолук денгелде ой жугурткон жаңы агым келиш керек. Парламенттке, 50- райондон элдин арасынан, 50-депутат дайындалып келсе, Кыргызстан ошондо тынчыйт Нукура кыргыз келмейин тынчыбассыңар.

кимден: Талас каяктан: Патриот
26.10.2010 17:06
Садыр Жапаров жана К.Ташиев бек турунуздар сиздерди буйруса колдойбуз.Биз за Ата журт..

кимден: Асан каяктан: Кочкор
26.10.2010 16:31
"Ата-Журт" учун Кочкор эли турат, алга-силерди эл колдойт!

кимден: Тынчтык каяктан: Балыкчы
26.10.2010 16:22
Ата Журтту эл колдойт.

кимден: Azamat каяктан: Talas
26.10.2010 15:50
Ф.Кулов туура айтат Дюшебаев тез арада кызматтан кетиш керек. "Ата-Журт партиясын эл колдогон, ээ жараткан мындай К.Ташиев сымал эл адамдарын кыргыз эли учун кырсыктан сактай кор, суранабыз, тилейбиз!

кимден: Медиа каяктан: Ош
26.10.2010 14:17
Ар-Намыс партыясынын торогасы Кулов туура айтып жатат кошуламын ГНСБ торогасын кызматтан чектетиш керек

кимден: Медиа каяктан: Ош
26.10.2010 14:15
Урматту ГСНБ торогасы жана кызмат керлери кандай иш жасайын дегениерди билбедимго бирок ГСНБ деген бул кандай жумуш болбосун эч кандай сачсат же карапайым кал билбеши керек. Кантип бул кызматта анан жумуш кылып жатасынар тушунбодум

кимден: Кайратбек
26.10.2010 13:37
ушулардын шоусунан киши тажап бутту. Ызы чуу кылган бир 100 дой эле эски кишилер. Кыргыздар акча чогултуп ушул жуз кишиге бир пансионат салып , ошол жака кетирбейлиби? Откондо бир жаш жигит ушундай идея айтты эле. Буларын (опозициясы дагы, про позициясы дагы) жалан жеп конгондор, ошол жем акырга эптеп жетиш керек кайра. Шоргелдей эл добушун акчага сатып анысын 20 кундон бери жеп бутуп эми кайра булардын оозун карап отурат. 20 кундон бери бир дагы "болочок жепутат" - мен эл кыйналып жатканда, кызматтык машина, уйдон, жана башка компенсациядан баш тартам" деп айткан жок!!! Баары бей-бечара болуп калышат (а бирок партия тизмесин карап коргулочу?). Эгер бир жылда бир депутат, айлыктан башка чыгымдан баш тартса, Оштогу 120 кыргызга жок дегенде бирден "времянка" салынып калат эле.

кимден: Кайратбек
26.10.2010 13:23
УКМК ге тезинен таза чекисти алып келиш керек жана УКМК тикелей Президентке баш ийип, разведка жана контрразведка менен чек-ара маселелери жана террористер менен гана курошуш керек. Экономикалык, саясий куугунтуктоо менен иштебеш керек!!! Союз убагында эл КГБда ким иштеерин дагы билчу эмес. Азыр болсо буларын менттерден айырмасы жок, удостоверение короуп алып бизнести "кошмаритэткенден" башканы билбей калды. 50% кобуроогу бул кызматка "случайный" келген адамдар. Калган 50% ти гана чыныгы чекистер. Буларга ким гана кирген жок? таможнядан, МВДдан, жада калса мугалимдер дагы иштешпедиби. Эл ишенген тазараак орган ушулар эле калды, 50% тин жогото электе УКМКга чекистердин башына бийлигин орнотуш керек.
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине