Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

"Сенин да бачагың чыгат, бириңди-бириң кырып салгыла"


Үсөн Сыдыков, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын төрагасы.
Үсөн Сыдыков, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын төрагасы.

УТРК жана башка телеканалдар бүгүн "Жаңы Кыргызстан" партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун үнү делген телефон сүйлөшүүлөрүн эфирге чыгарды. Анда облустук акимчиликтерди ээлеп алуу, кайсы жерге кимди дайындоо тууралуу сөздөр болгон.

Төмөндө ошол сүйлөшүүлөрдүн кагазга түшүрүлгөн вариантын жарыялайбыз. (Сүйлөшүүлөр эч өзгөртүүсүз, кандай сүйлөнсө ошондой берилди.)

Үсөн Сыдыковдун «Ак жол» партиясынын депутаттары менен сүйлөшүүсү

-Алло, Исхак Апсаматович интервью бергени кетти, жанагыны айттым.

Ү.Сыдыков: - Ооба, баары качып кетти деп айтсын деп айттыңбы? Биз бүгүн парламент легитимдүү, булардын роспуск жасаганы туура эмес деп айтсын деп.

-Ооба, азыр кетти интервью бергени. Азыр түзүп атабыз бул жерде. Курмановду күтүп атабыз бул жерде.
Ү.Сыдыков: - Курмановду эмнеге күтөсүңөр?

- Ошол киши келсин дешти го. До конца ушул жерде болгула, анан барабыз дейт.

Ү.Сыдыков: - Болду, ошондой. Курмановго чалгыла да, Исхакка токтогула.

- Да, да ошондой.

Ү.Сыдыков: - Исхакты коюп туруп, иштей бергиле. Бардыбы, кичине тыйын берип ийдим эле кичине чай-пай ичип тургула деп.

-Ким?

Ү.Сыдыков: - (күлүп) Мен Шералыга, чай-пай кылып берип тур балдарга, баарына, депутаттарга деп.

-Ооба, обед кылып атабыз. Аны айтып коеюн анда сизди бериптир деп. Рахмат.

Ү.Сыдыков:- Болуптур жакшы.

-Алло. Бүгүн да чогулдук. Азыр таркадык. Биринчи күнү саат онго чогула турган болдук.

Ү.Сыдыков: -Туура.

-Буюрса, баягы план боюнча эле кетип атат. План боюнча бүгүн да келбеген кишилер келди. Келбегендердин списогун кимди-ким качан алып келет, ошолорду да топтоп койдук. Буюрса бүгүн 40 киши чогулду.

Ү.Сыдыков: -Вот, хорошо. Кыркыңар бирден алып келсеңер сексен болот.

-Келе тургандарга да мен звонить этип чыктым, дагы 7 киши келе турган болду. Ошондо буюрса кворум болуп калат.

Ү.Сыдыков: - Болду, кворум болсо болду. Дагы 5 баланы кошуп туруп 54-55 кылып өткөрө бергиле. Будущий депутат деп киргизип кол койдуруп койгула, болду.

-Ооба, болуптур, Аман болуңуз. Анан мен суббота күнү аларды дагы бир сыйра кыдыра турган болдум, в понедельник чтобы саат 10го без опоздания келсин деп.

Ү.Сыдыков: -Молодец, туура кыласыңар, Айнура.

-Болуптур.


Ү.Сыдыков Жалал-Абаддагы өзүнүн кол алдындагы кишилер менен сүйлөшүүсү

-Мен Абдыганы, аке. Мен азыр Абдразак, Бекназар үчөөбүз сүйлөшүп атабыз бул жерде. Кечээки балдарыбызды, 50дөй балабыз бар эле кечээ, баардыгы аякта-бияктабыз деп топтоло албай атабыз. Бишкектен азыр спортсмен балдар келип атат, чыгышты жолго. Ошону азыр күтө турган болуп атабыз, аке биз.

Ү.Сыдыков: - Хорошо. Мындай кылгыла да, Бектур менен сүйлөшкүлө, сени калтырабыз де. Давай жаныңа биринчи орунбасар кылып бирөөнү коелу де. Анан кийин райондорго мына-мынобу деп көрсөтүп туруп алып барып коюш керек, өзү бирге барып.

-Макул.

Ү.Сыдыков: - Андайга болбосо Бектурду айтыш керек, анда аке капа болбоңуз, анда сизге башка жумуш беребиз облустан, тогузунчу класс билимиңиз бар экен деп кой.

-Макул аке.

Ү.Сыдыков: - (күлүп) Тамаша айтып атам. Анан балдар топтолсо балким… Эми бүгүн болбой калды го силердики.

- Ооба, бүгүн болбой калды, аке.

Ү.Сыдыков: -Алар эми укса керек, уктуңарбы, Баткен, Ошту көтөрдүк?

-Оштон Камал мага звонок кылды.

Ү.Сыдыков:
-Атаңоозурайын, келесоо…

- Сиз менен байланыша албай атам дейт.

Ү.Сыдыков: -Эмне дейт!?

-Шеф менен байланыша албай атам дейт, сиз менен. Адамдарды даярдап койдум дейт.

Ү.Сыдыков: -Мага чыкса айткын, сен эми көп сүйлөйбөй албайсыңбы ала турган болсоң, колуңан келсе…

-Болуптур аке.

Ү.Сыдыков: - Давайте, сүйлөгөнүңөр көп да.

Ү.Сыдыков Баткен облусунун губернатору ким болоорун чечип аткандагысы

-Ассалому алейкум, Үсөн Сыдыкович.

Ү.Сыдыков: - Саламат.

-Жакшысызбы, кандайсыздар?

Ү.Сыдыков: - Кудайга шүгүр.

-Мен эле Абай... тынчыңызды алып.

Ү.Сыдыков: - Аа, Абай жакшысыңбы?

- Оштон кабарды уктуңуз да, Мамасадык боюнча?

Ү.Сыдыков: - Ооба.

- Анан Баткен эмне кылалы деп штабга утур чалып атышат.

Ү.Сыдыков: -Эми колунан келбесе бок жебей жөн отурушсунчу, айтып кой ошондой деп.

- Не дергайтесь деп коелубу пока?

Ү.Сыдыков: - Жок, колуңардан келбесе, улам ар кимге звонить этпей отурушсун деп айтты деп кой, эмне ага барып бирөө өткөрүп бермек беле. Колунан келгендер алып отурат. Мага звонить этет, башкага звонить этет…

- Камалдинди коелубу деп атышат.

Ү. Сыдыков: -Камалдинди койсо, тогузунчу класс билими бар, ошол башкаралабы? Айткулду жибердик го. Жогорку маалыматтуу, Лейлектин баласы ошол.

- Айткулбу?

Ү.Сыдыков: -Ооба.

-Жалал-Абад боюнча эмне дейлик?

Ү.Сыдыков: -Жалал-Абад боюнча азырынча Бектур менен сүйлөшүп турушсун. Азыр мына ошол отурат. Силер аралашпагыла, команда бербегиле, жөн отур. Колунан келсе кылсын, колунан келбесе жерге кирсин ал. Тигини кой, муну кой дебей, кимисин койсо койсун, көрөбүз анан.

- Хорошо, понял.

Ү.Сыдыков: -Камалдинди мен айткам, ал дагы кыжыйып бир акмактай бала. Архивди эптей албайт дагы бир катындан жеңилип жүрөт, эми барып губернатор болом дейт. Аны түшүндүрүп эле кой да, губернатор деген оңой эмес, алдап эле болуп кетпейт, кичине билимдүү, кичине бирөө менен сүйлөшүп…

- Болду түшүндүм. Айбалаевдин атын айтып атат, алар кандай?

Ү.Сыдыков: - Айбалаев болбойт эч качан.

-Короче, тынчып жөн отуруп тургула деп туралы ээ?

Ү.Сыдыков: -Жок, тынч эмес, не надо. Өздөрүнө айткам мен, жана мага чыккан, айткының, сага эмне деди деп.

- Айткул деп да?

Ү.Сыдыков: -Айткулду мен атайын жибергем, ал кайда экен?

-Утуру звонтеткенден токтоп тургула деп турабыз. Мен, мисалы, сизден команда алмайынча эч нерсе дей албайм да.

Ү.Сыдыков: -Сен оногу Айткулду чыксын дегин телефонго.

-Макул, хорошо.

Үсөн Сыдыковдун Бектур Асановду көндүрүү аракети

Ү.Сыдыков: -Бектур, саломалейкум.

-Саломалейкум Үсөн аке, кандайсыз?

Ү.Сыдыков: -Кандайсың?

-Жакшы, түзүк.

Ү.Сыдыков: -Ден соолуктар?

-Жакшы, жакшы.

Ү.Сыдыков: -Эмне болуп атасыңар, тынччылыкпы?

-Билбейм, сизди билет дейт го. Ошто баары командующий Үсөн аке деп атат.

Ү.Сыдыков: -Мен Бишкектемин.

-Мага, Бакыт досум чалды, Бектур биз тарапка өт, Ошту багынтып берсең, Бишкекти басабыз, бачагын чыгарабыз деп.

Ү.Сыдыков: - Жок, жок. Сага аксакал айтпадыбы?

-Жок, аксакал эч нерсе айткан жок.

Ү.Сыдыков: -Аксакалга Бишкектен туруп звонтеткем. Бектурга айткын, беспокоить этпесин, тынч отура берсин деп.

- Жок, мени тынч отура бер деп туруп, менин досум Бакыт айтып атпайбы, бийликти алып коебуз, сен иште каласың, сен биз жакка өт деп. Мен айттым, болбойт, мен өтө албайм, бийликти алалбайсыңар дедим. Азыр эми түштүктө Бакиевдер үчүн бир да киши чыкпайт. Мен алар менен сүйлөшпөйм, жаңы бийлик мененмин, эч бир жакка өтпөйм. Мага андай бийликтин кереги жок. Мен азыр 500 автоматчанды эл ичинен даярдап күтүп турам. Акмат келип алып тийбесин, атып таштайм бардыгын.

Ү.Сыдыков: - Акмат келалбайт сага.

-Ким келсе да атып таштайм баарын.

Ү.Сыдыков: -Эч ким келбейт сага. Сен нервничать этпей отур жөн.

-Жок, бачагын чыгарам.

Ү.Сыдыков: - Бачак сеники да чыгат. Бириңди бириң кырып салгыла.

-Чыкса чыгат да, өлсөк өлөбүз да, эмне кылабыз, башты сайдыкпы? Мен жаңы бийлик менен гана болом. Үсөн ака мени ойлобогула биз жакка оойт деп. Мен жаңы бийлик менен болом, только жаңы бийлик үчүн турам.

Ү.Сыдыков: -Боло бер, боло бер, үке. Сени менен эч ким болуп аткан жок.

-Мен бирөөнү сатып кетпейм.

Ү.Сыдыков: -Болуптур, хорошо.

-Мен бирөөнү сатып кетпейм.

Ү.Сыдыков: -Сатпайбыз эч кимибиз.

-Мен эки фронтко ойнобойм, давайте. Мен айткам ошону.

Ү.Сыдыков: -Сен эми мындай, ачууң келбей, ачууга алдырбай, үндөбөстөн отур. Аксакал эртең менен айткан, пусть не переживает, аны аяка-бияка өт дебейт эч ким деп. Силерди аяка-бияка өт деп айтпайт. Иштегиле.

-Хорошо, менин позициям ошондой. Азыр Азим байке менен сүйлөштүм, Исмаил акелер Ошко учуп келатышат.

Ү.Сыдыков
: -Мейли, мейли.

-Мен силер менен эмесмин, ошону түшүнүп коюңуз.

Ү.Сыдыков:- Болду анда, түшүндүм мен. Жакшы.

-Жакшы.

Белгисиз адам менен сүйлөшүү

-Алло.

Ү.Сыдыков: -Сен берки экөөң отуруп калдыңар, Исмаил, Чотоновдор учуп келатыптыр. Силерди алып барып камап салып жүрбөсүн дагы.

-Билем.

Ү.Сыдыков: -Уктуңарбы?

-Ооба.

Ү.Сыдыков: -Эми экөөң сүйлөшкүлө, экөөң бирик эми.

-Ооба.

Ү.Сыдыков: -Бектур болсо асманда учуп жүрөт.

-Болуптур.

Ү.Сыдыков:
-Кимдериң бар, курал-жарак деген барбы?

-Табат да бул отурган балдар.

Ү.Сыдыков:-
Отурган балдар тапса тапсын. Исмаил менен Чотонов келсе айткыла, биз эч нерсе дегенибиз жок, биздин да акыбыз бар бийлегени. Мына силердин айтканыңарды кылабыз, биз бийликчилер менен талашканыбыз жок, шаарды оңдоп, ырастайбыз биз деп. Канча балаң бар эми сенин?

-Азыр бул жерде 2-3 миңдей бар.

Ү.Сыдыков: -2-3 миңдей?

-Ооба.

Ү.Сыдыков: Анда келсе Исмаил менен Чотоновду экөөнү тең заложникке алып отур. Давай.

-Макул. Ооба.


Исхак Масалиев менен сүйлөшүү


Ү.Сыдыков: -Исхак, эмне деп сүйлөшкөнсүңөр? Булар али эми бир сааттан кийин түшө турган болуп атат.

-Эл тарап бүттү го?

Ү.Сыдыков: -Эл тарады деп балдар звонтетип атат. Ошого айтып атам да, кандай сүйлөштүңөр эле.

-Мен сүйлөшкөн жокмун. Биздин митингге тиешебиз жок. Алар өздөрү уюшту го.

Ү.Сыдыков: -Жок, ошол, ооба-ооба. Тиги үкөлөр ошентип иттик кылыптыр да, бүгүн келебиз деди беле?

-Саат беште келебиз деген.

Ү.Сыдыков:- Беште.

-Ооба.

Ү.Сыдыков: -Анда сен туруп турчу, биздин балдар турат экен, туруп турушсунчу, көрөлү.

-Бирок Алмаз да элди топтоп, аяка-биякка салпаңдап жүрөт го мени жамандап, кыжылдап.

Ү.Сыдыков: -Атамбаевби?

-Ооба, “Форумдун” жанында элди топтоп алып, автоматчиктер баш болуп келатат.

Ү.Сыдыков:- Келатат?

-Шаарда кетип баратат да, кайда кетип баратат мен билбейм. Азыр балдарды жөнөттүм билейинчи.

Ү.Сыдыков: -Билчи, билчи.


12-майдагы сүйлөшүү

-Оногулар эмнеге таратып ийди площаддагы элди?

Ү.Сыдыков: -Менби?

-Площаддагы, Бишкектегини?

Ү.Сыдыков: -Түлеевдер кечигип атпайбы, анын адамдары кетип калбадыбы. Аны таратпасак, Атамбаевдер келатыптыр, вспышка болгону турат. Эртең тогузда басат.

-Биздики деле добро берди. Жөн эле берем дейт.

Ү.Сыдыков: -Хорошо, сен деле эртең мененки тогузга.

-Хорошо.

Ү.Сыдыков: -Эми айт, эми ит болду бул. Майли, давай, эртең мененки тогузга топто, болуптур.


Исхак Масалиев менен 12-майдагы сүйлөшүү

Ү.Сыдыков: -Да.

-Байке мен эле. Значить, там бир топ «Золотой дракондун» жанына барып, ошону талкалайбыз деп атат.

Ү.Сыдыков: - «Золотой Дракондубу»? Кимдер?

-Ошол, Алмаздын балдары.

Ү.Сыдыков: -Да.

-Ошол Алмаз аябай мени шыбаптыр, Исхакты тиги жактан бошоткондо кореецтер бошотту деп.

Ү.Сыдыков: -Сен эми бүгүн башка жерге жаткының.

-Канал жокпу балдарда?

Ү.Сыдыков:
-Немелерди жөнөтүп ийем, эртең ондордо чогулабыз деп, парламентти.

-Жок, аны тараттык, бир жерде жатып тургула деп баарына.

Ү.Сыдыков: -Бир жерде жатып турушсун, ооба.

-Беркилерден кабар жокпу?

Ү.Сыдыков:
-Беркилерден 15 мүнөттө түшөт да. Сүйлөшөбүз, сен алыс кепте. Бул жерге келесиң балким, баягы үйгө.

-Мейли байланышабыз.

Мамашарип деген менен сүйлөшүү

-Үсөн аке, мен Мамашарип.

Ү.Сыдыков: -Мамашарип мындай, азыр Керимге айтып атабыз, Исмаил Исаков менен Азимбекти тапкыла ошол жакта болсо, экөөнү жакшылап кулагына шыбырап туруп заложник болдуңар деп отуругузуп койгула. Түшүндүңөрбү?

-Мен түшүндүм. Бул жакта бийлик обладминистрацияга Мамасадыкты отуругузуп коюшту.

Ү.Сыдыков:
-Эмне кылып кирет?

-Талкалап кирип элдер, мурункуну кайра отургузуп коюшту.

Ү.Сыдыков: -Эми силер отурсаңар отургузат да. Ничего. Отургузуп койгон болсо тим койгула. Тим койгула дагы, анан айткыла, муну жасайсың деп, жасабайсыңбы тигиндей, болбойбу анда колунан жетелеп чыгарып койгула, же адамдар барбы?

-Жок. Трибунага алып чыгышты Сооронду, азыр ызы-чуу болуп атышат. Ичинде дагы ызы-чуу.

Ү.Сыдыков:
-Аа, анда мындай, аралашпай тургула да, анан кийин тууралайбыз аны. Беркилерди кармагыла.

-Болуптур.

Ү.Сыдыков:
-Силер аралашпай тургула, берки экөөнү кармагыла, Баткенден келет экен, беркиниси кайда экен таап сүйлөш. Болбосо телефондон айткыла келгиле деп. Керекпи Текебаевди айткыла кел деп, болду деп. Чотоновду дагы, бардыгын кармап отургуз төртөөнү тең. Все. Давай. Мен да бүгүн барам түндөп.

Белгисиз адам менен сүйлөшүү

-Үсөн аке.

Ү.Сыдыков: -Уктуңбу Ошту?

-Ооба, уктум. Сизге звонок кылайын десем, булар кылбай тур дешти. Ошону менен отуруп калдым.

Ү.Сыдыков: -Шаар да, облус да алынды. Сен мындай кыл, Бектурга барып атасына айткын, ачык айт, сен каласың. Биздин предложение да, текелердин койгондорунун баарын биз алып коебуз, сен эми кыймылдабай отуруп бер. Түшүндүңбү?

-Түшүндүм, аке.

Ү.Сыдыков: -Мени айтты дебе, айт, ушундай чечим кылдык биз жалалабаддыктар деп. Аны кармайбыз деп.

-Айттым кайнатасын звонтет деп.

Ү.Сыдыков:- Бүгүн колуңан келсе, айдап чыгып ал өзүң.

-Болуптур аке.

Ү.Сыдыков: -Ошол жерге 1-2 балдарыңды мылтык-сынтык менен коюп кой эшиктин алдына. Ноокенди бирөө алсын, ким бар? Сүйлөшкүң. Сузактын баласына айт.

-Анан Үсөн аке, Камал звонок кылып атат, эмне кылайын ала берейинби деп атат.

Ү.Сыдыков: -Алаберсин, айттым.

-Болуптур аке.

Ү.Сыдыков: -Ал эртең менен таркатып ийдим деп атпайбы. Колунан келсе осечка кылбай алсын, баарын айдап чык.

-Болуптур аке, түшүндүм баарын.

Ү.Сыдыков: -Давай.

XS
SM
MD
LG