Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:50

Саясат

Ош: Отунбаевага талаптар, калыпка түшпөгөн кырдаал

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын Ошко жасаган сапары кырдаалды басаңдата алган жок. Тескерисинче, топтолгон эл Отунбаевага бир катар талаптарды коюп, баш-аламандыка чекит кое албаган убактылуу өкмөттү катуу сынга алды.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Ошко келди, 18-июнь
x
Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Ошко келди, 18-июнь
Текст көлөмү - +
Учурда Ошто жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев соңку кырдаал тууралуу кеп салып берди.

-Чындыгында Ош калкы өткөөл мезгилдин президентинин сапарынан көп нерсе үмүт кылышкан болчу. Шаар активдери менен жолугушуудан сырткары, облакимчиликтин алдында жүздөгөн адамдар анын сыртка чыгышын талап кылышты. Эки жолугушууда тең Отунбаева, жалпы эле убактылуу өкмөт катуу сындалды. Топтолгондор Отунбаевадан конкреттүү эч нерсе уга алышпаганын айтышты. Алар бийлике орчундуу үч талап коюшту. Биринчиси, дайынсыз жоголгондорду табууну, өлгөндөрдүн сөөгүн алып чыгууну. Экинчиден, арасында кыргыздар жашаган өзбек маалелериндеги тосмолорду ачууну, үчүнчүдөн өзбек айылдарындагы курал-жарактарды жыйноо керектигин айтышты.

- Роза Отунбаева бул талаптарга жеринде жооп бердиби?

- Ооба. Бул талаптар алдыңкы эки күндө аткарылат деп ишендирди ал. Бирок Отунбаеванын айткандарына элдин көпчүлүгуү ишеним артпай, нааразы пикирлерди билдиришип, ар кандай ачуу сөздөрдү айтышты. Коомдук ишмерлер, карапайым элдин өкүлдөрү "убактылуу өкмөттүн кандай программасы бар, эми кандай кадамдарды жасайсыңар? Эмне үчүн ушул окуянын алдын ала албадыңар" деп сындашты. Жаалданган элден Отунбаеваны жан сакчылары имаратка карай алып кирип кетишти. Ошондон көп өтпөй эле ал борборго учуп кеткени маалым болду.

- Жанар, чын эле убактылуу өкмөткө сен жүргөн аймакта нааразылык күчпү?

-Ооба. Убактылуу өкмөттүн Ош, Жалал-Абад аймактарында кадыры анчалык жоктугу байкалууда, тактап айтканда көпчүлүк элдин колдоосуна ээ эмес деп айтсак болот. Аны Роза Отунбаева өзү деле бүгүнкү сапарынан кийин сезсе керек. Өзгөчө жаңы өкмөттөгү кадр саясатына нааразылар көп. Мисалы, Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев булардын баарын Ошто жакшы кабыл алышпайт. Ошол эле убакта Бакиевдерди да колдошпойт. Өзгөчө сонку окуялар бул нааразылыкты андан бетер күчөткөндөй.

- Ошто кыргыз-өзбек улутундагылар аралаш жашаган аймактарда элдешүүлөр болуп, жолдор ачылууда деген маалыматтар тарады эле?

- Айрым айылдарда, кичи райондордо жарашуулар болгон. Бирок бул жалпы кырдаалды турукташтыра алган жок. Нариман, Шейит-Дөбө сыяктуу маалелерде абал дале болсо оор. Ал жакта бир топ кыргыздар барымтада экени айтылууда. Алардын дал ушул барымтага алуу аракеттери кырдаалды ансайын курчутуп жатат. Кечээ облустук балдар ооруканасынан да кыргыз улутундагы дарыгер Касымжусуп Акматовду өзбек айылына уурдап кеткени бүгүн шаарда кызуу талаш-тартыш жаратты. Өзбек коомчулугу жашаган айылдардын кире беришинде кыйылган бактар, өрттөлгөн автоунаалар менен тосулган жолдор дале ачыла элек.

-Демек, бир канча күн өтсө деле кырдаал басаңдабай жаткан турбайбы?

- Кырдаал оор. Эл ичинде түрдүүчө ушак-айың. Элде маалымат каражаттарына ишеним жок, баары ушак менен гана жашап калган. Элди араласаң, эртең мындай болот, бул жерде уруш болот, бул айылда мынча адам барымтада жатат деген сөздөрдү угасың. Бирок алардын баарын бийлик өкүлдөрү чагымчы деп атап жатышат. Менин байкашымча, жоголгон кыргыздар табылбаса, барымтадагылар кайтарылып берилбесе кырдаал тынчышы кыйын.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Патриот каяктан: Бишкек
22.06.2010 05:50
Убактылуу окмот да келээри менен армияны кыскартуудан башташты, ушул бийлике келгендерге тан калам реформа деп эле армияны кыскартып анан чиновниктер кыскарды деп жарыя кылышат. Мына эмнеге алып келеээрин эми тушундубу же тушунбодубу билбейм. Орустарга жалдырап жатышат коргоп бергиле деп бул деген саткынчылык деп эсептейм. Убагында АКШ жардам берели антитеррордук борбор ачып армиянарды чындагыла десе ушу биринчи Отунбаева депутат болуп туруп каршы чыккан. Эми уялбай орустарга кайра кайра жалдырап жатат.

кимден: Жаш
19.06.2010 13:03
Роза Откнбаеваны кантип колдойт эл? Ал киши орустарды киргизем деп Путинге Медведевге жалдырап кыргызды уйат кылса! Дагы токтобой орус аскерлери келет деп айтса,намызыбыз кайда! Кыргызды басынтып орустарга тебелетмей болду! УО айрыкча Отунбаеваны сырткы иштерге кийригиштирбеш керек! Биринчиден алардын укугу жок,экинчиден алар стабилдилюкту сактап,шайлого чейин этектерин жаап геосаясий шуркуя ойунуна жол бербеш керек!Булар минтип озун билип отугун торго илсе арты жаман болот.Булардын оз жеке ойу менен, кыргыз элинен сурабай оз билгенин жасабаш керек. Биз УО колдойбуз бирок бир гана стабилдулукту сактап шайлолорго чейин башка укугу жок булардын жана шайлого барат турган эр кулдар кызматын ташташ керек.Ага чейин отургула убактылуу. Орустарды киргизсенер биз жаштар аларды жана силерди колдон кармап орусиягарга жетелеп чыгарып жиберебиз!

кимден: Аксыкент каяктан: Бишкек
19.06.2010 10:56
Р.Отумбаева оор кырдаалдан кийин биринчи жолу Ошко барды. Элдин аз да болсо созун угуп, чындык кандай экенин баамдаса керек. СМИде
туштуктогу болгон чындыкты бурмалап, озгортуп, олгон адам санын эч качан чын айтылбайт. Ошонун баарын оз кулагын менен угуп, коруп УО тун кылган ишине эч ким ишенбей калды. УО дага да болсо бийлик кумары тутуп, референдум менен алек. Озун КРдин ТУУСУ сезген А. Атамбаев эмне эле чээнинен чыкпай оз шкурасын сактайт.Эркек болсо, КР учун чындап куйсо, БТРдин алдына отуруп 1чи бармак.Анын ким экени баарына маалым. Эч ким эч качан аны колдобойт.

кимден: Ратмир каяктан: Кыргызстан, Ош
19.06.2010 09:28
Жанарбек иним рахмат, Оштогу кырдаал боюнча эн жеткиликтуу жана туура маалымат бергенсин. Кырдаалдын оордугун Ошто жашаган ар бир кыргыз жарааны журогу менен туюп жатат. Озбектер менен жарашуу маселелери журуп жатканы менен озбектер кайра эле жанжаалдарды кучотуудо. Ошондуктан кыргыздар да курал жарактарды тапшырбай жатышат го дейм. Создун ачыгы, Ошто абалды турукташтырган кыргыз эли озу болду, дагы да кен пейил кыргыз эли айколдук жасашты. Ал эми Убактылуу Окмот стабилдуулукту орнотту деген эч чындыкка окшобойт.

кимден: Kriminal каяктан: Osh
19.06.2010 03:47
Janar Akaev Sen Rozany jana Ubaktyluu okmotty Oshtuktar koldoboi turganyn tuura berdin birok bakievdi koldoboit degenin tuura emes, oshol jerde Rozanyn kozuncho Bakiev dep kyikyryp da jiberishtigo, Senden suranam Obektivno ber maalymatty.! Osh Bakievdi Kytot.!