Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:55

Эл үнү / Коом

Б. Фаттахов: Элдин тилеги - ынтымак

Ош облусунун комендантынын орун басары Бахтияр Фаттахов “Азаттыктын” түз обосунда аймактагы соңку кырдаал боюнча суроолорго жооп берди.

Ошто качкындарды артка кайтаруу иштери уланууда.
x
Ошто качкындарды артка кайтаруу иштери уланууда.
Текст көлөмү - +
- Ошто түн тынч өттүбү, дегеле облуста кырдаал кандай учурда?

- Биринчиден, Кудай деш керек. Бүгүнкү күнү эл тынч эле уктап атат. шаардын бардык бурчунда болуп, элдин көйгөйлөрүн угуп, аны чечүүгө аракеттерди көрүп атабыз. Билесиңер, Оштун чек арадагы Сүрөө-Таш деген айылында болуп, ошол жакка качып барган элди үйүңөргө кайткыла деп жатабыз. Аларга шаарда турмуш калыбына түшүп калганын, коргой турган постторубуз бар экенин айттык. Мамлекеттик комиссия ишин баштады жабыр тарткан, күйгөн үйлөр боюнча, ошондуктан үйүңөргө келгиле дедик. Комиссиянын жумушу бүтүшү менен кышка чейин там салып, жакшы долбоор менен атадан балага, баладан небереге кала тургандай үй салалы деп айтып атабыз. Эки улуттун аксакалдары, Иляз Жусубалиев баш болгон ардагерлер кеңешинин төрагасын алып, Бөрүбай Жураев баштаган өзбек аксакалдарын алып мечиттерге барып атабыз, намаздан кийин элди Кудайдын үйүндө ынтымакка чакырып атабыз. Эл да тез арада ынтымак болушун тилеп жатат.

- Айрым маалымат каражаттарында этникалык өзбек туугандарга күч структуралары тарабынан кысымдар көрсөтүлгөнү айтылууда. Ушунун чоо-жайына токтоло кетсеңиз, чынында ошондой болуп атабы?

-Мындай фактылар кагаз жүзүндө дагы, сөз менен да, телефон аркылуу да түшүп атат. Квраталдарда тазалоо иштери жүрүп атканда күч органдары уставдын чегинен чыгып атат деген кайрылуулар болуп атат. Биз генерал Молдошев мырза менен бардык жерге барып, аскерлерге кайрылып атабыз, мындай кылбагыла деп. Эл угуп турса, андай иш болсо кагаз жүзүндө жазып бергиле деп атабыз. Кагаздар түшүп атат, аны тийиштүү органдарга берип атабыз. Азыр коопсуздук кызматы деген иштеп атат, алар кыдырып атышат. Мен бизди угуп аткан аскерлерге да кайрылып кетем, бүгүн элге этияттап мамиле кылалы. Ошого биз талап коюп чакырып атабыз. Анан элге да айтабыз, алардын дагы өзүнүн талабы, тартиби бар. Ошого мыйзам чегинде талап кылган документти көрсөтүп, эгер мыйзам бузуулар болсо бизге жеткирсин, ага тиешелүү чарасын көрөбүз.

- Рахмат маегиңизге, тынччылык болсун!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу